Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУЛУУЛУККА 1 АЙДА КАНЧА КАРАЖАТ КОРОТОСУЗ?

№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.

Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин депутаты: "МАШЫГУУЛАРДЫ ИНТЕРНЕТТЕН ҮЙРӨНҮП АЛГАМ"

– Макияжды өзүмө өзүм жасагандыктан, акча кетпейт. Корея, Япония жана Европадан чыгарылган косметикаларды колдоном. Кыш мезгилинде 1-2 айда бир жолу аппараттык косметологияга барып турам. Негизинен үй шартында жасалчу табигый маскаларды колдоном. Алардын зыяны жок жана таасири жакшы. Сулуулук салонуна маникюр, педикюр жана чач жасатуу үчүн бир айда болжол менен 3-4 ирет барам. Анда да тойлорго, жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышарда гана барам. Кээде үйдөн кыздарым жасап беришет. Чач жасалга 800 сом, ал эми маникюр 400-450, педикюр 500 сом болот. Спорт менен машыгуу үчүн атайын залдарга барбайм. Интернеттен йога менен машыгууну үйрөнүп алгам. Күнүгө эртең менен 1 саат, эгер убактым чукул болсо 30 мүнөт көнүгүү жасайм. Аялзаты жашына карабай спорт менен алектенсе ден соолугу чың болуп, жаш курагынан жашыраак көрүнөт. Негизинен эле адам көп кыймылдоо менен оорулардын алдын алат. Кыскасы, келбетиме кам көрүү үчүн айына 3800 сом, кээде андан көбүрөөк акча жумшайм.

Рахат Божокоева, актриса жана телеалпаруучу: "СУЛУУЛУК ҮЧҮН КӨП КАРАЖАТ ЖУМШАБАЙМ"


– Боёнууга көп акча сарптабайм. Анткени сулуулук салондору менен келишимдик негизде иштешем. Тырмагыма шеллак жасатуу да келишимдин ичинде, муну 1 айда бир жолу жасатам. Жасалма кирпик коштурбайм. Чачыма өзгөчө көңүл буруп, маскаларды колдоном жана аларды сатып алам. Баасы 650 сом, эки жума колдонгонго жетет. Жылына 2 ирет косметологиялык процедурага барып турам. Күнүмдүк жашоодо макияжсыз эле жүрөм. Азыркы тапта фитнес менен алектенейин деп 3000 сомго абонемент алдым.

Алиша Диа, актриса жана фотомодель: "КЕЛБЕТИМЕ КАНЧА КАРАЖАТ КОРОТОРУМДУ БИЛБЕЙМ"

– Тасмаларга тартылганыма, иш-чараларга барганыма жараша сулуулук салонунан макияжды да, чач жасалганы да 1200 сомдон жасатам. Күнүмдүк жашоодо өзүм эле сапаттуу косметикалар менен боёном. Маникюр дизайнына жараша 850-900 сомго турат. Айына бир ирет жасатып турам. Дайыма жасалма кирпик менен жүрбөйм, бирок ишиме байланыштуу жасатканда 1500 сомго түшөт. Эгерде бетимдин териси кургап баратса, сөзсүз косметологиялык процедураларга барам. Ага 2500 сом коротом. Ал эми фитнес менен 16 жашымдан бери алектенем. Азыр деле машыгууларды калтырбайм жана айына 2500 сом жумшайм.
Спорт менен машыгып, сергек жашоону карманган адамдарды жогору баалайм. Өзүм да тамактануу рационумда этти аз, витаминдерге жана минералдарга бай мөмө-жемиштерди көп колдоном. Өзүмө кам көрүү үчүн кеткен жалпы сумманы айта албайм, анткени бул суроо-талабыма жараша бирде азайып, бирде көбөйүп турат.

Айдана Дека, ырчы: "МЕН СУЛУУЛУК ҮЧҮН АКЧА АЯБАЙМ"


– Сырткы келбетиме кам көрүүдө эч качан акча аябайм. Бирок косметикалык каражаттарды чени менен колдонуп, керектүүсүн гана алам. Буга чейин макияжды өзүм жасачумун, ал эми чач жасалгамды курбу кызым жасап берчү. 3 клибимде тең салонго барбай өзүм эле боёнуп, акча сарптаган эмесмин. Акыркы убакта сулуулук салонуна барып, визажисттердин кызматынан колдонуу талабы жаралды. Анткени алардын тажрыйбасы бар жана кайсы учурда кандай макияж жасоо керектигин жакшы билишет. Ошол себептен эл алдына чыкчу иш-чараларга, концерттерге барарда визажисттерге кайрылып калдым.
Ар бир макияжым 1500 сомдон, чач жасалгам 1000 сомдон жогору болот. Ошондо сулуулук салонуна 2500-3000 сом акча коротом. Кирпик да жасатам, бирок салонду жарнамалап бергендигим үчүн мага бекер. Косметикалык каражаттарды саткан дүкөндөрдүн товарларын Инстаграм аркылуу жарнамалап берсең, белек кылышат. Мындай сунуштар көп болот, бирок сөзсүз ал каражатты колдонуп көрүп, жакшы болсо гана макул болом. Кыскасы, боёнуучу каражаттарды айрым учурда гана сатып алам. Эң көп каражатты чачыма коротом. Чачка арналган маска, бальзам, шампундар 2-3 ай колдонууга жетет. Ал каражатты 5000 сомго алам. Шеллакты дизайнына жараша 500-600 сомго жасатам. Фитнеске барбайм, кызыгуум деле жок. Өзүмдүн жеке бий студиям бар, ал жакта хореограф катары кыздарга бийлөөнү үйрөтөм. Бирок өзүм өздөштүрө элек ар кайсы стилдеги бийлерди үйрөнүү үчүн бий курсуна барам. Ал үчүн бир айга 1500 сом төлөйм.
Жалпысынан бир айда өзүмө кам көрүш үчүн 6000-7000 сом акча жумшайм. 10 000 сом короткон учурларым аябай сейрек болот.

Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(38)
01.03.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биз кыргыздар бойонбосок деле суулубуз. Аллахым берген нур чырайыбыздан ажыратпасын.
01.03.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албина туура айтасын
01.03.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рашка красавица! Айданага соз жок))
01.03.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айдана озу макияж кылганына жетпейт.Озу деле озуно жарашыктуу макияж жасай алат.Дайыма сулуу болуп журо бер Айдана)Ийгилик
01.03.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен 10 сомдук кир самын эле колдоном
01.03.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
ozgeldi,10сомго самын жок азыр замандаш, болсо каерде сатат көөөпле алып коеюнчу.
02.03.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ozgeldi,10 сомго келбейт кир самын
03.03.2017. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ozgeldi,кир самын 10сом эмес 25сом
04.03.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ozgeldi,10 сомго самын келет беле кызык азыр туалет 10 сом болуп атканда
01.03.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Буларды ким алсада банкрот болот экенда.
01.03.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Охоо Мавлянова эн тура жооп бериптир ашырып ташырбай
01.03.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ар дайым сулуу болуп журо бергиле.
01.03.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алиша диага окшоп канча коротконуну айтпай эле койбойсунбу
01.03.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мен шампунум түгөнүп калып үч ай болду шампуньга жетпей жүрөм самын менен жууп чачымды.
01.03.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айдана сулуулугуна эле 6000-7000 коротсо, кийим, бирдик, интернет, баскан-турганына ж.б. дагы бир топ каражат кетсе, ошондо айына жакшы акча табат экен да... Киреше булагы жакшы окшойт, бирок сарамжалдуу болгону туура го дейм.
02.03.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Мен айына бир тыйын кетирбейм чачымы жууп эле жолук салып алам тырмагым осуп калса алып койом ошентсе деле озумо суулу коруном бир жака чыгарда туш коем пудра менен ошо биздин жашоооо..
02.03.2017. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен да коротпойм деле косметика алсам бир жыл иштетем жумушума деле боенбой бара берем
02.03.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Зубная паста 120р,зубная щетка100р Шампунь 230р, самын 80р. Ошондо бир айга 530 жетет екен
02.03.2017. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен Чистая линия менен жууп эле олбой элемин
03.03.2017. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Magusiчистая линия жакшы шампунь, куйоом крапивасын ал дей берип барыбыз ошо шампуньге кочуп кеттик
03.03.2017. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менда жаныма кара калем пудра духи алып жүрөм. мен бир жылда 1500 коротом духи бир жылга жетет орифлеймдин духилерин колдоном кара калем 20сом пудра 400 сом жол кире 80 сом
03.03.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
негизинен косметиканын копчулугу химикат денеге терс таасирин тийгизип бырыш,жана башка нерселер болот да косметикага дайым муктаж болуп калат.
Аялдар куйоосу учун гана сулууланышы керек
03.03.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен сулуулука 1 тыйын кетирбейт экем да э))бир жыл мурун дордойдон 90 сомго крем алдым эле ошону бир жумада бир суйкоп коюп журо берем.жайкысын солнце защитный боооолду.анткени башкаларына (тушь,тень ж.б)аллергиям бар ((
03.03.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ущинтип жазып чыгышты не кереги бар эле, ушуларга тенелемин деп канчалаган карапайым калк кыйналып жатат, бироосунун ата энесинин чонтегине зыян келтат кызы учун , бироосун куйоосуго чонтегин зыян аялы учун , ушинун айынан уруш талаш болот канчалаган , бироон айтасын колундан келсе кыл деп бирок бул жакшылыка алып келбейт аягы
03.03.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошончо акча кетирип сулууланат экенсинер, ошол акчанарды актайсынарбы анан.
03.03.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз балларыбыз мн окшош детский самын мн бетибизди жуйбуз аны бир почкасы 80 сом скидка болгондо алып алгам шампунь 176 сом анымда бир литр крем колдонобуз джонсонс бейбиникин 360 сом балдар мн колдонсокда бир жылга жетет орто эсеп мн 3 айга 516 сом коротот экенбииииз
03.03.2017. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Канчалаган адамдар айына 10 мин сом эмес,бир сындырым нанга жетпей журот, канчалары оору мн алышып, акчанын айынан бул дуйно мн кош айтышып кетишти.А буларга сулуулукка айына 10 мин кетет экен. Сулуулуктун деле баркы кетти. Баары жасалма. Суктанбайсын деле сулуу экен иий деп. Эмнеси болсо да, ошол кетирген акчаларынардын жок дегенде 1000 сомун кудай учун жетим, жесирлерге берип койсонор сооп аласынар. Аллахым адамдын сулуулугуна карабайт, журогуно жана кылган сооп иштерине карайт.
04.03.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
табият сулуулугундан калба!
04.03.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин помадалан аллергиям барда
05.03.2017. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулуулукка коп акча коротсо.....аябай страшная неме го? Ысырап! Кийин тез бырыш тушот! Жигиттерди да аяйлы (вышла жена из душа, муж не узнал)болбой! Табыгый сулуулукту ...табигый нерселер мененле кармаса болот! Маникюр... Педикюр макул. А жасалма кирпик....татуаж каш...не кереги бар бунун?! Кээбир кыздарды карап туруп...ушу эркек болуп торолбогонумо суйуном.
05.03.2017. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калдыр шалдыр шампунь эле колдонгула!
05.03.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдонуш керек, бирок чеги менен..... Сууктан. ысыктан сактанып атайын жакшы крем алыш керек, духи, тушь, крем, шамалга пудра колдонсо жакшы, лактын да өзүнө жарашыктуусун алыш керек го дейм.
Негизи колдон келсе өзүнө кам көрүп жүргөн жакшы.
05.03.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жолдошум Россиядан Летуаль дын косметикаларын (тушь, духи, крем, тень, карандаш, лак, пудра.....ж.б алып келип берген, баары соонун, колдонуп жүрөм.........
08.03.2017. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
DNurgiza, Этуаль десениз
05.03.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи аял заты 30дан өткөндөн кийин боенуп өзүн карап чаптанса болот.Ага чейин жаштардын кожасы свежий болот ар нерсени бир коюп кожабызды булгайбыз.Эми боенуш керек албетте чеги менен бетке өтө этияттык менен мамиле жасаш керек.Кытайдын буюмдарын колдонушат көпчүлүгү арзан деп,андан көрө табигый нерселерден маскаларды жасап деле сулуулугубузга кам көрсөк болот.Ал эми таптакыр эле салонго барбай акча коротпой коюуу эмес албетте анча-мынчада сулууланганы салондорго барып өзүбүздү караш керек.
06.03.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдана дека супер
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо