Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Аяна Касымова: "БААРЫН БЕТКЕ АЙТКАН АДАММЫН"

№748 3-9-март, 2017-ж.

– Аяна, кандайсың, окууларың жакшыбы?
– Жакшы, рахмат. "Ататүрк-Ала-Тоо" университетинин эл аралык мамилелер факультетинин 1-курсунда окуп жатам. Окуум жалаң англис тилинде. Бир семестрди соңуна чыгардым, биздин окуу жайда акча менен бүтүрүү деген жок. Ошондуктан студент өз күчүнө гана ишенет. 1-семестрде экономика сабагынан өтпөй калып, кайра тапшырууга туура келди.

– Америкадан музыкалык билим алсам деген кыялың бар эле, ал күчүндө элеби?
– Күчүндө эле. Азыркы окуумдан академиялык өргүү алып, кийинки жылы Америкадан билим алуу пландарым бар. Учурда бир компания менен иштешип жатам, алар мага ылайыктуу окуу жайды издештирүүдө. Ал жактын деңгээлиндеги музыканттар менен аралашып, тажрыйбасынан өзүмө сиңирип, жок дегенде 1 жыл окуп келсем деген тилегим ишке ашабы, ашпайбы, аны убакыт көрсөтөт. Анткени биз караштырып жаткан колледждердин баасы туура келеби, келбейби, азырынча билине элек.

– Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
– Окуудан чыгып алып концерттерге барам. Эгер бош убактым болуп калса уктайм. Бирок фитнеске, бассейнге барып турам. Алар мага кадимкидей энергия берет. Анан кээде велосипед тебем. Велосипед тепкенди бала кезимден жакшы көрөм. Эсимде, 1-велосипедди 9 жашымда сатып беришкен. Ал сынып калгыча тепкем. Азыркы тээп жүргөнүмдү 3 жыл мурун туулган күнүмдө белек кылышкан.

– Велосипед тепкенди билген адам машина айдоону оңой өздөштүрүп кетет дешет, айдаганды тез эле үйрөнүп кетиптирсиң да...
– Ооба, тез үйрөндүм. Машинаны ата-энем Жаңы жылга белек кылышкан. Маршруттук таксиде эле жүрчүмүн, бирок өтө ыңгайсыздык жаратты. Анткени менин окуу жайым Тунгучта. Ал жакка мен жашаган жерден болгону 1 маршруттук такси каттайт. Кээде сабактан чыгып бир жакка барып келе калыш керек болот, ошондо кыйналат экем. Айдоочулук күбөлүк алууга келгенде апам "сатып албайсың, кадимкидей окуйсуң, дагы бирдеменин ичинен чыксаң эмне болот?" деп жатып окутту. Менин багыма жакшы инструктор туш болуптур. Эртең менен үйдөн мени алып кетип, ары-бери айдатып үйрөтөт да, кайра үйгө жеткирип коёт.

– Азыр кандай айдап калдың?
– Эртең менен үйдөн чыгып бара жатканда апам менен атам "кызым, жол эрежесин бузба, эч нерсеге алаксыба, шашпай айда" деп какшап кетиришет. Алар эреже бузуп, айып төлөөдөн мурун менин коопсуздугумдан коркушат. Эми үйрөнө баштаганда жаңы сатып алган машинаны беришкен эмес. Үй-бүлөгө тиешелүү эскирээк машинабыз бар, ошону айдатышкан. Андан кийин өзүмдүн машинама отургам. Анда деле атам жаныма отуруп окуу жайга чогуу барабыз, кайра айдап келерде да атам көзөмөлдөп келчү. Качан жакшы айдап калганда гана атам трассага жалгыз коё берди. Бирок ата-энемди унаама салгым келбейт. "Мындай айда, тиякты карабайсыңбы" дей беришет. Аны айтпаса деле көрүп жатам да, алар анткен сайын нерв болом, андан көрө салбай эле койгонум жакшы.

– Ата-энеңдин кандай кызысың? Эркеби, ызакорбу, каяша айтканбы дегендей...
– Эрке, ызакор эмесмин, каяша деле айтпайм. Мен чынчыл кызмын, алдабайм. Алдасам бат эле билип коюшат. Бирөөгө кек сактабайм. Мага жаман комментарий жазып же мен жөнүндө туура эмес сүйлөгөн адам кайра мага жакшы сүйлөсө сүйлөшө берем. Менде апамдын да, атамдын да мүнөзү бар. Апам баарына жетишкен, оокатка тың аял. Атамдын болсо өзүнүн дүйнөсү бар. Түнкү 2-3төргө чейин музыка жазып отура берет.

– "Бой көтөргөн кыз" деп калгандарын угам, кээ бир учурда гана ошондойсуңбу же дайымабы?
– Баарына күлүп-жайнай берген адам эмесмин. Жакпаса жакпайт, жакса жагат деп бетке айткандарданмын. Эгер адам жакпаса, мен ага күлбөйм, сүйлөбөйм, мен ага, ал мага тийишпей өз иштерибиз менен алек болгонду туура деп эсептейм. Ошондо ал киши экөөбүздүн ортобузда эч кандай маселе жаралбайт. Ичинде кири жок, таза адамдарга жакынмын.

– Апаң менеджериң эмеспи, ырчылыгыңа байланыштуу иштерде дайыма чогуу жүрөбү?
– Түшүнбөстүк болуп кетеби же мага орой мамиле кылып коюшабы деп чочулайт окшойт, апам дайыма жанымда жүрөт. Заманбап ойлонгон, идеяга бай, креативдүү, мен үчүн жакшы долбоорлорду иштеп чыккан жаш адам болсо деп башка менеджер караштырып жатабыз.

– Инстаграмдагы түз эфирден бир жигит менен түштөнүп жатканыңды көрдүм, ал жакын досуң окшойт...
– Негизи досторум анча көп эмес, ашып кетсе 2-3 жакын досум бар. Бири эжем, ал Швецияда жашайт. Университеттеги эң жакын досум сиз айтып жаткан Карим, экөөбүз бир тайпада окуйбуз.

– Жигиттер менен жакшы тил табышасыңбы же кыздар мененби?
– Жашоодо аялзаты мырзалар менен, мырзалар айымдар менен жакшы тил табышат го. Ошонун сыңары мен дагы жигиттер менен бат тил табышып кетем. Кыздарда бири-бирин сынамай, сенден мен өйдөмүн дегендик, көрө албастык сыяктуу пенделик иш-аракеттер жолугат, ал эми жигиттерде бул нерсе капарга ала турган деле нерсе эмес. Аларга баары бир.

– Мырзалардын майрамында атаң менен иниңе эмне белек кылдың?
– Атама "Сабырдын түбү сары алтын" деген кыргыздын сонун макалы жазылган футболка белек кылдым. Бул макалды да бекеринен тандаган жокмун. Атам өтө токтоо, сабырдуу, ак көңүл киши. Ошондуктан "ушундай жакшы адамсыз, сиз мен үчүн алтынсыз" деген оюмду билгизгим келди. Иниме да ушундай эле жазуусу бар футболка белек кылдым.

– Рахмат маегиңе.

"Келбетимди бир калыпта алып жүрүү үчүн фитнес менен машыгам".


"Үй-бүлөдө ата-энемдин улуу кызымын. Атам продюсерим болсо, апам менеджерим".


Сүйүн Кулматова
Пери Сабинова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(53)
08.03.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жакшы ырдайт, бул жерде Айыманын эмне тиешеси бар соз Аяна жонундо болуп жатса:(,,,,Аяна алга ырларын жагат, жаш болсон да аракетчил, тырышчаак,эмгекчил кызсын
08.03.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик.
08.03.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ээ койгулачы мурду ХХХ ырдап атканда да ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-03-09 10:07:32
08.03.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Guji,ооба сен ага караганда жакшы ырдайсын
13.03.2017. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Zazharka,Мен ага караганда түзүк ырдаймын билип сүйлөгүн
09.03.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Guji, кимдир-бирөөнүн мазактаган билдирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
09.03.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
admin_superstan,Оа эскертүү алыпмын бирок мага + көп басылыптыр бул дегени мен туура айтканым бул мазактоо эмес болгонун болгондой кылып эле айтуу.
08.03.2017. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Суротко кырынча туруп жамбашын,кокурогун көргөзбөй эле туз туруп тушсо болмок, бир бутун көтөрүп албаптыр жакшы.
08.03.2017. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ой кудай не мынча олуп баратасынарбы жамандабайынча, силерди жаздырып суйлотуп эле койсо колунардан б.кта келбейт... Жамандагандан башка!
08.03.2017. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
аянанын мурдунун тешиктериле бир укмуштай
09.03.2017. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Gulkin,мурдунун тешигин озу жасаппы не!? Кызыксынгоо Аллах кандай жаратса ошондой болот да.
09.03.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
KAPAGAT, мен озу жазап алдыдеген жокмун болгон турган келбетин айтып жатам анын эмнеси бар экен? мен шылдындап же кемсинтип аткан жерим жок!!!
Gulkin түзөттү 2017-03-09 23:26:25
08.03.2017. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргызда ушундай тың, максатка умтулган эмгекчил жаштар көп болгондо гана биздин Кыргызстан өнүгөт, өсөт. Аянанын ата-энесиндей балдарын алга сүрөгөн мекендештерибиз көбөйсүн. Ичип, чегип түнкү клубда жүргөн максатсыз жаштар азайсын. Качанга чейин эле Кыргызстан эң жакыр 50 өлкөнүн арасында жүрөт? Мекендештер, салыштыргыла: ВВП-ички дүң өнүм бир адамга Кыргызстанда-3467$,Өзбекстанда-6400$,Түркмөнстанда-17,400$ жана Казакстанда-25,670$. Ич күйдүлүктү коюп, өз жаштарыбызды колдойлу. Патриот.
09.03.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жагар жакпасын билбейм...бирок "Чагылганды"
"..баш катабыз бир ТҮРМӨНҮН ичинееее"-дейтко
Тообо! Жаздырып жатканда өзүгоо мейли калган жанындагылар деле байкабаса өлгөн экен, баамыңар , паам-парасатыңар менен силердин..
jemile түзөттү 2017-03-09 00:09:17
09.03.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Куртканын кыргызчасы "Күрмө" экенин мейли билбесин, бирок "Түрмө" деген сөздү билсе керек ээ?
09.03.2017. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ Бул кыздан башкасы жок беле..... Негизи коро албастыкта эмес ушул кыз тег эле жакпайт кобунчо мактанат
09.03.2017. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кээ бироолор жазыптыр силерди сынатып эле койсо деп.Ырчылар эл уксун деп ырдап,элге таанылып жатышат да.Анан эл сындайт да.Ошол элдин сынынан отуп анан жакшы ырчы болот.Элдин сынын угуп кемчиликтерин ондойт.Копчулук сын айтыптырбы демек,копчулукко жакпайт кемчиликтерин ондоого аракет кылсын.
09.03.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jarookerjan, Мага жакпайт деп сынаш керепи ошондо? Мурдунун тешиктерине, суротко кандай тушконуно асылып?
09.03.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аябай эле бой которгон кыз,кичине жонокойуроок болсо!
09.03.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Велосипет тебип фигуран бир кызыктай болуп калыптыр
09.03.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баш катабыз бир турмонун ичине
09.03.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сынагандар кыйын болсоңор чет элге чыгып Кыргызстандын атын чыгарып келгилечи.колуңардан б.к келбейт анан тигиндей мындай дейсиңер. уят уят...
09.03.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sveta23,Кыргызстандын атын соссуз кыйын болуп чыгарыш керек бекен алды аркан карап суйло да.... Кыйындар айтпай мактанбай койрондонбой эле Кыргызстандын атын чыгарышат
09.03.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ураматтуу супер инфо? Качан жана кайсы санында Бактыгүл Бадыева чыгат интервьюсу мн? Сураныч анык жооп бериңиздерчи?
09.03.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыманын пиарщиктери жакшы иштейт экен. Аяна жонундо соз болгон жерде бир экоо Айыманы мактап коюшат, элдер да ошолорго ишенип алышып кошулуп кетишет. Муну пиар ход деп коет
14.03.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tram-lam,мен да акыркы кундору абдан тан калып атам.Аяна жаны чыгып дунгуроп атканда башкасы кайда эле.Баары суктанып,сыймыктанып,мактап жактап эле атты элего.Эми не болду.? Жата калып жамандап киришчу болду го! Лично мага жагат кээ бир *атактуу*ырчыларга караганда уну бар!Аяна,талантын ташкындай берсин!Бироолор жата калып туз жаласын!
roksalana түзөттү 2017-03-14 01:15:32
09.03.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Таланттуу татынакай кыз! Стилинди ондош керек го! мисалы:Бийик така айрык шымдар ! жана жылдыз оорусу жугуп баратканго деп ойдо калдым.Ак терек кок теректе да кийгун Койногун такыр жарашпайт экен, жаш татынакой кызсын!
09.03.2017. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vau
10.03.2017. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм дааа баарынар акылдуусунар
10.03.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушу кыз бирди торогондон кийин ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-03-10 10:15:58
10.03.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ronaldo.99, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
10.03.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Куудалдардын видеолорун корбой эле,суперге кирип коммент окусан кобуроок кулосун да
11.03.2017. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фигура аялдардыкындайго... Эч жакпайт ушул кыз.
11.03.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коменттер боорду эзетго чиркин Супер кудуулдар топтолуп алышканго !!!!
11.03.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
99 бу бул? чон корунот екен!
12.03.2017. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
башка газетага озумо жаны жылга Машина белек кылдым деп жазган 4,5 эле ыр ырдап машина алат,ал Эми 20-30 жылдап мектепте мугалим болуп иштегендер жебей ичпей эле албаса ала албаса керек
12.03.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ай ушу сен аман эсен оорубай сыркабай, ХХХ,ХХХ уншуп ырдабай эле аман болчу алтыным...жонокой болчу жон эле суранам...
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-03-13 10:10:22
14.03.2017. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катуу ырдайсынго сен ээ сoзуно караганда?
roksalana түзөттү 2017-03-14 01:14:37
13.03.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дайым жыртык журтук кийинип журот. Эмнеси жакшы? Кий кыргыздын оймо чиймеси тартылган койнокторун. Шоокулосун тумактарын кийип ырда. Ошол кийимдер менен кобуроок жагат белен дейм да.Апталган чапталган бир балекет койнокту кийгиче.
13.03.2017. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечке эле ушу кызды чыгара берет экенсиздер да!
14.03.2017. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата-энемди салгым келбейт дегени эмнеси? алар деле жаман болсун дебейт да
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо