№748 3-9-март, 2017-ж.
1-март күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Калкагар айылындагы малга кутурган карышкыр кол салды. Натыйжада 40ка жакын мал-жандыкты жана 3 ит, 1 эшекти тиштеген. 35 кой-эчкисинен ажыраган айыл тургуну Жекшенбек Мамбеталиев үй-бүлөсүнүн негизги кирешесинен ажыраганын айтып кайгырууда. Кутурган карышкыр бул үй-бүлөнүн короосунан чыгып, башка тургундардын жандыктарына да кол салган. Кийинчерээк айыл тургундары карышкырды өлтүрүшкөн. Карышкыр тиштеген жандыктар ветеринардык текшерүүдөн өткөрүлүп, кутурма оорусу жуккандары эрежеге ылайык жок кылынды. Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |