Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АДАМ ӨЗҮН КЕЧИРБЕСЕ, БАКТЫЛУУ БОЛО АЛБАЙТ!

№749 10-16-март, 2017-ж.

Көптөгөн адамдар бактысыз, анткени алар өздөрүн да, башкаларды да кечирбей жашашат. Кечире албастык, ичтеги таарыныч алдыга жылууга мүмкүндүк бербөөчү оор жүк. Андыктан адам эмне үчүн жана кантип кечире билүүсү керектигин психолог Самат Аалканов баяндап берет.

ӨЗҮҢДҮ КЕЧИРЕ АЛБОО – БУЛ ӨЗҮҢДҮ ЖОК КЫЛУУЧУ ПРОГРАММА

Идишке таза суу куярдан мурун анын ичиндегисин төгүп, жууп, анан таза суу куюу керек, туурабы? Эгер кир идишке таза суу куйсаң анда суу эмне болот? Киргил тартып калат. Эгер идиште суу толо болсо, анда ага суу куя албайсың. Биздин жан дүйнөбүз да идиш сыңары, андыктан аны убак-убагы менен жууп-тазалап, кайрадан таза суу толтуруп туруубуз керек.
Жан дүйнө идишибиз таза болуусу үчүн жогоруда айткандай канчалык оор болбосун өзүбүздү буга чейинки кетирген катачылыктарыбыз, күнөөлөрүбүз үчүн кечирүүбүз кажет. Өзүн кечире албоо – бул өзүңдү жана жан дүйнөңдү бузуучу негативдүү мамилени өзүңө калыптандыруу. Өзүңдү жок кылуучу программа. Кээ бирлер суицидге барып жатканы да ошондон. Эгер адам өзүн кечире албаса, ал күнөөсүн ката катары кабылдагысы келбегендиги. Анда өзүн күнөөдөн тазалай да, катасын акыр аягына чейин оңдой да албайт. Эгер ката катары кабыл алса, анда аны оңдоого, кайра кайталабоого болот.

ООРУ ЖАРАЛАТ

Күнөө сезимди сезе билип, андан кутулбаса, оорулар жараларын окумуштуулар аныкташкан. Мисалы, ичтеги таарыныч, уяты уктатпоочулук, өзүн күнөөлүү сезүүдөн рак жаралат дешет.

ӨЗҮН КЕЧИРҮҮ ЖОЛУ

Өзүн кечирүү жаатындагы жөнөкөй ыкмаларды сунуштайбыз. Бул үчүн ээн бөлмөдө ыңгайлуу отуруп ишке киришиңиз. Ээн, жашыл токой арасында отурам деп элестетсеңиз андан сонун!

1-кадам: КҮНӨӨНҮ КАБЫЛ АЛУУ

Кетирген катаңызды, күнөөңүздү эстеп, "ооба, менин баланча окуяда, иште өзүмдүн алдымда же баланчанын алдында күнөөм бар, аны моюндайм" деп так айтуу, аны чын жүрөктөн кабылдоо керек.

2-кадам: КҮНӨӨ КЕТИРҮҮГӨ ЖОЛ БЕРГЕН ФАКТОРДУ, ЖАГДАЙДЫ ТАЛДОО

Биздин жашоого көз карашыбыз, тарбиябыз бала чактан баштап түптөлөт. Андыктан ката кетирип, күнөө кылууңузга кандай факторлор жана кандай жагдайлар жол бергенин талдап чыгыңыз:

  • Мүмкүн ата-энеңиз сиз үчүн баарын чечип, өз алдынча чечим чыгарганга көндүргөн эмес.
  • Өтө тарбиялуу болуп чоңоюп, ак-каранын тирешине даяр эместигиңиз.
  • Жагдайга жараша арты кандай болорун аңдап билбей ачууга алдырып ийгенсиз.
  • Кеңеш айтчу адамыңыз жаныңызда болбогон.
  • Шашылыштан туура эмес чечим чыгаргансыз жана башка.

Демек, ката кетирген кезде сизге башкача чечим чыгарганга мүмкүн эмес эле. Азыр ушул кезде ошондой ката кетирет белеңиз? Албетте, жок деп айтасыз. Демек, өзүңүздү кечиргенге негиз бар.

3-кадам: КҮНӨӨ СЕЗИМИ ЖАРАТКАН ТОСКООЛДУКТАР

  • Эми "өзүмдөгү күнөө сезими мага кандай тоскоолдук, маселелерди жаратып жатат?" деп талдаңыз. Мисалы:
  • Канча аракеттенбейин ийгиликке жетпейм.
  • Күнөөмдөн улам өзүмдү төмөн сезип, өзүмдү сыйлабай, элден качып баштадым. Өзүмө болгон ишеничим жоголду.
  • Кийинки кезде мени башкалар башкарып, мен үчүн чечим чыгара турган болушту.
  • Менде жакшы мамилеге, жакшы жашоого татыктуу эмесмин дегендей көз караш жаралды.
  • Өзүмдү ичтен жеп, кемире берем. Ичимдеги уятым менен чатакташа берип, ачуулуу болуп калдым. Мендеги негативдүү энергияны үй-бүлөмө, чөйрөмө чачып жатам.

4-кадам: КҮНӨӨ СЕЗИМДИ ДЕНЕ МЕНЕН СЕЗЕ БИЛҮҮ

Бардык адамдар күнөө сезимин денесинин кайсы бир бөлүгү менен сезет. Алар: башыбыз, жүрөгүбүз, ичибиз.

Ичибиз менен сезсек, анда качандыр бир кезде бизде жашоого, өлүмгө коркунуч болгон. Мисалы, бирөө "мен жакшы аракет кылбай (апасы же дагы башка жакыны) каза болуп калды" десе, дагы бирөө "автокырсыкта жанымдагылар кайтыш болуп, мен эле тирүү калдым" деп өзүн күнөөлөйт.

Жүрөгүбүз менен сезсек, анда эмоционалдык жаракаттар (уялуу, коркуу, нес абал). Мисалы, бирөөнүн акчасын же буюмун уурдап жатып корккон. Ошондон бери ошого уялып, мен жаманмын деп өзүн күнөөлөп келет.

Башыбыз менен сезсек, анда адеп-ахлактык жактан кетирген күнөө. Буларды кылуу, а буларды кылбоо керек деген чектөө, тыюуларга каршы иш жасасак, анда өзүбүздү күнөөлүү сезебиз.

Эми сиз күнөө сезимиңизди кайсы жериңиз менен сезгениңизди баамдаңыз жана жыйынтык чыгарыңыз.

5-кадам: КҮНӨӨҢҮЗДҮ ЫРГЫТЫҢЫЗ

Эми күнөө сезиминен кутулуучу учур келди. Бул үчүн ичиңизден күнөөңүздү оюңуз менен сыртка алып чыгып сүйлөшүңүз. "Сенин болгонуң үчүн рахмат, сенин артың менен жашоодон сабак алдым жана кайталабоого тырышам" деп оюңузда баштык же таштанды салчу урнаны элестетиңиз да, ага күнөөңүздү салып, оозун бекем жаап, көз көрбөгөн алыска ыргытыңыз. Жеңилдей түштүңүзбү? Эми кимдин алдында күнөөлүү сезсеңиз, анын элесинен кечирим сураңыз. Мындан анын жүзү оңоло, ал тургай жаркый түшкөнүн элестетиңиз да, аны узатып коюңуз. Анын карааны көрүнбөй калганда кезек "эми өзүмдү өзгөртүүм, жакшы жашашым керек. Өткөн ката, күнөөлөрүм үчүн өзүмдү кечирдим" дегенге келет. Дагы жеңилдей түштүңүзбү? Эми оюңуз менен ачык, таза, алтын сымал жаркыраган нурду куюлтуп, ошого чөмүлүп, өзүңүздү тазалаңыз! Андан жаңы, таза энергия алып жатканыңызды сезиңиз. Жан дүйнөңүз жаркый түштүбү? Сиз тазаландыңыз!

Эскертүү: Эгер сизде күнөөлөрүңүз көп жана оор болуп, жогорудагы ыкма жардам бербей жатса, психотерапевтке кайрылууңуз кажет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(26)
14.03.2017. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы кенеш экен. Педагогика илими боюнча да маалымат бергилечи админ? Педагогдор мн кенешип тарьия,сурдо пелагогика дегендерден
14.03.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Benazir08, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
14.03.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пайдалуу кенеш.Рахмат.
14.03.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн сонун кенештер экен, рахмат!
14.03.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыыыы сездим!
14.03.2017. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Түшүнбөй калдым окшойт
15.03.2017. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бироолорду жек коруудон,конул калуудан кантип кутулса болот экен ошол тууралуу да жазгылачы,сураныч...
15.03.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lady_91, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
15.03.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун кенеш экен.
15.03.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пайдасы тийчуудой экен.
15.03.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы кенеш экен
16.03.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
намаз окучу тошно женилдейсин гарантия берем
16.03.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озумду кечирдим.
16.03.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озумду кечире албайм.Негедир.Мен кылган куноолор башкаларга салыштырмалуу ото эле кичине.Бирок озунду ото эле сын коз менен караган да жаман экен.Акыркы убакта мени туугандардын ушагыф жадатты."Тууган душманга айланып бара жатат"деген чын экен.Аларга да алардын созуно маани бербей жашаганга аябай аракет кылам.
16.03.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дарыларда убактынча,сени ошондой абалдан чыгып кетуу учун колдонулат. Эгерде кайра колдонсон дарыга коз каранды болосун. Алкоголдук ичимдиктерда ошондой.. НАМАЗ оку АЛЛА дан сура ...эки дуйно бактылуу болосун! Жалган дуйнодо жана акыретте..КЕПИЛДИК 100%!!!
17.03.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам эмнеге алдайт? Кайра алдаган адамга кантип ишенуу керек?! Ошону да жазып коё аласыздарбы.
17.03.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
peri0308, саламатсызбы? Өтүнүчүңүз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
17.03.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Сенин болгонуң үчүн рахмат, сенин артың менен жашоодон сабак алдым жана кайталабоого тырышам"

Ушу создор жакты
17.03.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айтыш оной, аткарыш кыйын болуп атпайбы? Эми эле озунду алаксытып, унута, и кечире баштасан, жакшы жашоого умтулсан!!!!!!!!! Кайра эле, ошол нерсе, пайда боло берсе, эмне кылыш керек? Иногда жашоо ушунчалык кыйын жашагын да келбей кетет!!! Бир проблема бутсо, экинчиси пайда болот
19.03.2017. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыңарбы супер инфо? Күлчоро Аскаровдун эки жүрөк бир сүйүү китебинин толук басмасы силерде барбы?
19.03.2017. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыңарбы
05.04.2017. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дуйнодогу эн жакшы адам ал Аллах тааладан кечирим сураган адам.
02.08.2017. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айттасыз
02.08.2017. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламтсыздарбы?мен стрестен чыгалбай жатам ой жана ой болуп,кыйналып кеттим соз башынан болсун.жашым 22де 8ай мурун турмушка чыктым.ортобузда келиштиктер болуп,1 айда эле ажырым жолго туштук,озумду канча алаксытпайын..стрестен чыгалбай унутчаак болуп баратам ушуларды унутсам экен деп..кудайдан гана тилек кылып жатам...
Janus995 түзөттү 2017-08-02 05:17:06
02.08.2017. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх
12.12.2018. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Психологдон жардам сураш учун кайсы жакка кайрылса болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо