Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТӨРӨТ УЧУРУНДА БАЛАСЫНЫН БАШЫ ЧЫГЫП КАЛГАН АЯЛДЫ ДАРЫГЕРЛЕР БАШКА ООРУКАНАГА ЖӨНӨТҮП ЖИБЕРИШКЕН

№749 10-16-март, 2017-ж.

Ушул жылдын 16-февраль күнү Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын Асел Сантасова аттуу тургуну ай-күнү жетип толготуп, Ананьево айылдык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барган. Дарыгерлер эне менен 4-5 саат алышып, төрөтө албаган соң баланын башы чыккан калыбында Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жөнөтүп жиберишкен. Эненин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгону менен, тилекке каршы, ымыркай чарчап калган.

"ТӨРТТҮ ТӨРӨГӨН, БЕШИНЧИСИН ОҢОЙ ЭЛЕ ТӨРӨЙТ ДЕШКЕН"

Окуяга баштан-аяк күбө болгон жабырлануучунун абысыны Асел Узбекова буларды айтып берди:
– 16-февраль күнү эртең мененки саат ондордо келиним Аселдин толгоосу башталып, саат 11де Ананьевонун төрөт үйүнө өзүм алып бардым. Доктурлар кабыл алып, бизди "эшикте күтө тургула" дешти. Келиним катуу кыйналды, кыйкырган үнү бизге чейин угулуп жатты. Биз барганда дарыгерлерге "бала чоң, балким, Чолпон-Атанын төрөт үйүнө алып барабыз" десек, "төрттү төрөгөн, бешинчисин оңой эле төрөйт" деп болбой коюшкан. 4 сааттан ашык убакыт өткөн соң чыдабай төрөт залына өзүм кирип бардым. Кирсем алар ымыркайдын башын вакуум менен сордурганы жатышыптыр, сордурганда наристе ошол жерден эле жан берди.
Аселди төрөт залынан жуурканга баласынын башы чыккан боюнча ороп, өзүнүн жолдошу, кайнагам болуп өзүбүздүн машинага көтөрүп келип салышты. Келиним ал учурда өзүн жоготуп, кайра эсине келип, аябай кыйналып жатты. Биз ошону менен Чолпон-Атанын төрөт үйүнө жөнөдүк. Жаныбызга 2 врачты салып кетирип жиберди да, акушер өзү калып калды.
Келиним өлүп калам деп ойлоду окшойт, "жеңе, балдарымды жакшы караңыз, кор кылбай багып алыңыз" деп айтып жатып эсин жоготуп койду. Чолпон-Атанын ооруканасындагы дарыгерлерге кабар жеткен окшойт, алар операция жасаганга даярданып турушуптур. Барарыбыз менен алып кирип кетишти. Дарыгерлер операцияда баланын башын өзүнчө кесип алып, анан денесин өзүнчө алышты.

"БАЛКАНАКТАЙ НАРИСТЕБИЗДИ ӨЛТҮРГӨН ВРАЧТАР КАТУУ ЖАЗА АЛЫШСЫН"

– Сыртта турсам, Ананьеводон биз менен келген врачтардын бири мени чакырып, "коробка таап кел, баланы ошого салабыз" деп кайра кирип кетти. Коробка таап келсем, ал мени ээрчитип алып ымыркайдын денесин ошол коробкага салып, кесилген башын үстүнө ыргытып койду. "Ушундай абалда бересиңерби?" десем, "Ананьеводон башы менен денесин тигип беребиз" деп басып кетти. Аны кармаган боюнча эмне кыларымды билбей туруп калдым. Айла жок, аны машинага салайын деп келе жатсам, врачтар баланын сөөгүн бизди уурдап алды деп издеп жүрүшүптүр. Аларга дарыгер мага карматып койгонун айтсам, "акмактар" деп баланын денесин алдырып, өздөрү башы менен денени тигип, анан бизге беришти.
Үйгө алып келип наристени кепиндеп жерге бердик. Келиним эртеси күнү араң эсине келди. Ага чейин жүрөгү сокпой, дем алдыруучу аппаратта жатты. Чолпон-Атадагы врачтар болгон күчүн жумшап жатышты. Келинимди аман алып калган врачтарга рахмат айтам, ал эми балканактай болгон наристебизди өлтүрүп, шалаакылык кылган врачтар катуу жаза алышсын дейм.

"БАЛДАРЫН КӨТӨРҮП ЖҮРГӨН ЭНЕЛЕРДИ КӨРҮП, ЧЫДАЙ АЛБАЙ ҮЙҮМӨ ЧЫГЫП КЕТТИМ"

Жабырлануучу Асел Сантасова эсинде калганын төмөнкүчө айтып берди:
– 4 балам бар, төрөлбөй жатып чарчап калганы бешинчиси болчу. Башка балдарыма караганда муну аябай чоң көтөрдүм. Врачтардын карамагында болуп, айткандарын кылып эле жаттым. Толготуп барганда дарыгерлерден "Чолпон-Атага жибергилечи" деп сурансам, башкы врач "жок, бул жактан эле өзүң төрөйсүң" дегенинен анын айтканына ишенгем. Баланын салмагы 5,5 килограмм, бою 60 сантиметр экен, кесарево кылса аман калат эле да. Өзүм кыйналып жатсам, баланын башын чыгарыш үчүн ичимди сыгышты, колдорун салып, вакуум менен сордуруп жатышты. "Баланын башы чыгып, денеси чыкпай жатат..." деп ызы-чуу түшүп жаткандарын билем, андан аркысында алым кетип, кыйналып эмне болуп жатканын деле эстей албай калдым. Эртеси гана эсиме келдим.
Кичүү балам аябай бөбөктүү болгусу келип жаткан, эми ага эмне деп жооп берем деген ой башымдан кетпей койду. Ооруканадан балдарын көтөрүп жүргөн энелерди көрүп, чыдай албай үйүмө чыгып кеттим. Эми абалым жакшы болуп калды, бирок кечкисин уктай албай, кан басымым көтөрүлүп жатат.
Асел Сантасованын жолдошу Майрамбек Ормонбеков Ананьево айылынын дарыгерлери андан кийин басып келип жубайынын абалын бир сурап койбогондугун, качан гана бул окуя интернетке тарап, журналисттер кабар ала баштаганда алар тызылдап үйгө чейин келип кечирим сурашып, бул иш жабык боюнча калышын суранып жатышкандыгын кошумчалады.

"70 ЖАШТАГЫ АКУШЕР-ГИНЕКОЛОГДОН БАШКА ВРАЧЫБЫЗ ЖОК"

Ананьево айылдык ооруканасынын башчысы Курманбек Усупов окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул иш атайын болгон жок. 70 жаштагы акушер-гинеколог төрөттү кабыл алыптыр. Ал баланын салмагы чоң экенин билгенден кийин тийиштүү чара көрүп, кесарево жолу менен төрөткөнгө жөнөтүшү керек эле. Тилекке каршы, ал анткен эмес. Ушул окуядан кийин акушер-гинеколог кызматтан алынды. Башка акушерибиз жок болгондуктан, бул акушерди биз кетирбей кармап жүргөнбүз.

"БУЛ БИРИНЧИ ОКУЯ ЭМЕС"

Ысык-Көл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев буларга токтолду:
– Бизге Асел Сантасова оор абалда келген. Ошол замат ага операция жасалды. Эгер 10 мүнөт эле кечигип келсе, өмүрүн сактай албай калмакпыз. Ананьево айылындагы ооруканада операция жасоого мүмкүнчүлүк да, аны жасай турган врач да жок. Бул биринчи эле окуя эмес. Буга чейин деле ал жактан канча оорулууларды ичтери ачылган бойдон, жаракаттарынын оордугуна карабай бизди көздөй айдап жиберишчү. Ананьевонун башкы дарыгери уюштуруу иштерин жүргүзүп, тийиштүү жерлерге кайрылбайбы?! Менин оюмча, башкы дарыгердин шалаакылыгы.
Ал эми кадр маселеси барып эле акчага такалат. Өкмөт айлык акыны айыл жергесинде көбөйтпөсө, абал ушул эле бойдон кала берет. Бул окуя боюнча өз оюмду билдиргеним үчүн жогору жактан эскертүүлөр келип, куугунтукка ала башташты.
Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бул окуя боюнча Ысык-Көл РИИБи Кылмыш жана жаза кодексинин 119-беренеси (медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(26)
14.03.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аягына чыксын 70 теги кемпирди жашына карабай камасын. Эмне деген шумдук бул?!
14.03.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул жерде баш даарыгердин акмакчылык,оз ишине кайдыгер карагандыгы.ушул окуяга тийиштуу баш даарыгерден баштап акушер баарын иштен алыш керек
14.03.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эне, бала ар дайым эсен болсунчу.
14.03.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул роддомдо иштегендер силерге Аллахым ынсап берсинчи. Таптакыр эле силерде бет калбай баратат го.
14.03.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мен да жакында кыйналып вакуум м.н төрөдүм, эң кыйын акушерин чакырышып, 15-20дайы жүгүрүп жүрүп аман эсен төрөтүп алды... Баламды карап башы жулунган наристени элестетип бакыргым эле келди...кудай аай, эч бир эненин башына салбасын!
14.03.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
негизи ушул тарап аман эле болсун. кайын синдимди да жакшы карабай коюшуп, тулуп болуп шишип кеткен. караколго озубуз алып келип жаткыргандын эртеси кесерово кылышты. мочасынан белок коп чыгып, куйоом мн кайын энеси"бир нерсе болсо дообуз жок" деп жазып беришкен. Ысык-Кол районуна нормальный текшеруу келип, эстерине келтирип коюшса....
14.03.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Журоктун ушун алган окуя экен врачтар кандай окуган адамдар? башы жулунган наристени колго карматып
14.03.2017. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудаай кичине башын кесип салгандан кийин тигип оз ордуна коюп анан карматбайбы баланы,негизи эле Кичик Алай айылында машина болушуда кыйын акушер эмес медсестра да жок ал жактын келиндери торош учун шаарга райондорго анча деле тушбойт улгайып калган кемпирлер эле ырымын кылып торотуп келишиптир ушул кунго чейин бирок мен ал айылдан Кудай эле сактасын жаман кабар уга элекмин,менин авсындарым кайнежелерим ошол жакта эле торогон экен,балдары бир жакшынакай чоноюп калган,ал даарыгердин шалаакылыгы
14.03.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ыйлагым келип кетти. Шалаакы врач жоопко тартылсын
14.03.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уф журогум канап кетти. Байкуш наристе.
15.03.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай ай озун сактай кор. 4 торойбу 10 ду торойбу. Ар бир торот кооптуу. Энеде куч жок же шейка матки толук ачылбаса жемкрупный плод болсо башындале кесер жасаш керек болчу. Бул жерде врачтардын конул кош мамилеси деп ойлойм.
15.03.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иииий неге окудум экен ыйлап жибердим, байкуш наристе иий журогум тилинип кетти
15.03.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Главврач,акушер жанагы коробкага салып анан башын озунчо берип койгон медсестра баары каттуу жазаланышсын.Жашына башкасына карабай.Башка врачтарга сабак болгудай жазалаш керек акмактарды.Мындай кайдыгер,жоопкерсиздик мамиле эч жакшылык алып келбейт.Биздин соттор да алчысун алып коеберишчи эле...!!!!!!!
15.03.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай кайдыгерлик канчага чейин уланат.Мени да тороттон кийин карабай коюшуп бир балекеттен аман калгам
15.03.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ошол жетимиш жашка чыккан врачты иштетпей эле койбойбу же озу билип деле пенсияга чыгып кетсе болотко.Бул жерде главарчтын эн чон катачылыгы жооп бериш керек адамдын тагдыры менен ойношкон турбайбы.Кайдыгер караса иштеп алып салыш керек.Озу кайсыл врачка барба созсуз акча берип жакшы караныз десен анан жакшы карайт болбосо карабайт.
15.03.2017. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
arimle90,азыр ооруканалар карылар уйуно окшоп кобу эле кемпир чал.жаш кадрларга орун жок россиялап журушот
15.03.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым баарыбызга ыйман бер!
15.03.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Врачтарга ынсап берсин. Аявай орой мамиле жасашат. Кичине кыйналып ыйласа эле, жатканды билесинер деп киришет.
15.03.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын ушундайда болобу. Озу бут торотканаларды жакшылап текшеришсе болот эле. Акушериби, медсестрасыбы жада калса уборщисаларынан бери лолудон айырмасы жок болуп калыптыр (баары эмесго).
15.03.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин сиңдим 5.7кг төрөлгөн. Оң колу сынып төрөлдү. Апам да аябай кыйналган. Бирок врачтар аябай жакшы карашкан. 5кол тең эмес да.
70жашта болсо деле кылган ишине жооп бериш керек да.
16.03.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ай иий кашмар 70 кемпир, больницанын башчысын кошуп камаш кк,адамдын жашоосу оюн го ага
16.03.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын. Больницаларды текшерууго алыш керек озу. Ак уй тияк биякка акча короткончо больницага керектуу нерселерди алса. Журогум ооруп кетти. Сабырдуу эже экен. Калган балдарыныздын омурун берсин.
17.03.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акушерлер озунчо курсовать этип калышат экен,менменсинип.
19.03.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым жазасын берсин.
20.03.2017. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наристени эстеп алып жүрөгүм ооруп кетти ((((
22.03.2017. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бишкектеда ном: 2 торотканадан миргул деген келин каза болгон соп сонун эле тороптур бирок карабай коюшкан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо