Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"СУПЕР-ИНФО", СЕН МАГА БАКЫТ ТАРТУУЛАДЫҢ"

№749 10-16-март, 2017-ж.

"Супер-Инфо" үчүн бүгүнкү каарманыбыз гезит чыккан сандан тарта окуп келген чоң күйөрман. Рубрика төрүнө чакырылган кезектеги коногубуз "бир күнү минтип маек берип каларым оюма да келген эмес" деп сөзүн баштады.

"ЖАҢЫ САН КЕЛЧҮ КҮНДҮ КҮТҮҮ АЗАП БОЛЧУ"

– Мактанычтай туюлбасын, бирок мен "Супер-Инфону" "Супер-Инфо" боло электе окуп баштагам. Азыр гезит кандай кызыктуу болсо, "Супер сканворд" деле ошондой кызыктуу чыкчу. Сканворддорун толтурам деп такай сатып алар элем. Көп өтпөй арасына чакан макалалар, анекдоттор кошулуп, кийин "Супер-Инфо" чыга баштады. Шартка байланыштуу 2006-жылы Жалал-Абаддан Бишкекке келип жүрүп калдым. Ар жума күнү эртең менен нанга кошо 7-8 сомго "Супер-Инфо" сатып алчумун. Аябай көнүп калганым айылга кайра кеткенде билинбедиби. Жалал-Абадга гезит ишемби күнү гана жетип, бир күндү күтүү мен үчүн ошол кезде азап болчу. Ошол 24 сааттын кадырына кийин Москвадан жеттим (күлүп).

"КҮРҮЧ, КУРУТ, АНАН "СУПЕР-ИНФОНУ" ЖӨНӨТКҮЛӨ..."

– 2007-жылы көптөгөн мекендештеримдин жолу менен Москвага келип, иштеп калдым. Келген күндөн тартып ата-энемди, туулган жеримди сагынып, куса болуп, үйдү эстегенде "Супер-Инфону" да сөзсүз эстечүмүн. Айылда калган апам менен сүйлөшкөндө "жума сайын гезиттин жаңы санын сатып алууну унутпаңыз, ирети менен сактаңыз, мен барганда окуйм" деп дайындай берер элем. Бирөө-жарым Москвага келе турган болсо апам "эмне салып жиберейин?" деп сураганда мен жазбай дайыма "күрүч, курут, анан сиз топтоп койгон "Супер-Инфону" деп айтчумун. Өзүм бирөөнүн аманатын бир да жолу алып келе элек жаным ошол кезде көтөрүнө келген адамды жаман көрөт деп деле ойлобоптурмун. Апамдын баштыгы колума тийген күнү эч кимге карматпай гезиттин ар бир барагын жыттап, түн бир оокумга чейин окуп чыкчумун. Өзгөлөрдү билбейм, бирок мен сөөмөйүмдү улам тилиме тийгизип, анан кагазды барактап окуганды бөтөнчө жактырам. Айтып жеткире албайм, башкача сезимдер... Окуп бүткөндөн кийин апама ыраазы болуп, ичим жылычу. Себеби, ар бир санын үзбөй сатып алып, аларды иретине жараша калың жип менен тигип чыгып, мага папканы ар ким аркылуу жөнөтчү. Кийинчерээк поездде проводник болуп иштегендер гезит сатышарын угуп, Казанский вокзалына каттап жүрдүм.

"ГЕЗИТ МЕНИ ИНТЕРНЕТКЕ ЭЭРЧИТИП КЕЛДИ"

– Ошентип жогорудагыдай кыйынчылыктарга карабай, гезитти колго кармап окуп жүргөн күндөрдүн биринде кокусунан эле "ой, "Супер-Инфону" интернет аркылуу деле окусаң болот" дегенди угуп калдым (каткырып). Ооба, азыр күлкүлүү, бирок мен ал жылдары интернет менен ишим жок болчу да. Ошол сөздү угарым менен топтоп жүргөн акчам бар эле, үстүнө дагы кошуп, 2009-жылы компьютерлүү болдум. Же аны колдонгонду билбейм, же кантип окуу керектигин түшүнсөмчү. Бирок сүйүнүчүмдө чек жок! Интернетке туташтырып беришти, Google’ду ачып, биринчи терген тамгаларым "Супер-Инфо" болгон. Анан сайт ачылды. Сайттан болсо гезитти таап алдым. Эми менден өткөн бактылуу адам жок!

"САЙТКА КАТТАЛГАНДА КЫЙКЫРЫП ЖИБЕРГЕМ"

– Кезек сайттын адамы болууга жетип, ага эле бир топ убактым кетти. Каттоодон өтүү мен үчүн татаал болгон, атүгүл "катталдыңыз" деген жазуу чыкканда кубанганымдан кыйкырып жиберип, уктап жаткан инилеримди ойготуп алганым эсимде. Ал эми "Суперстан" форумуна билдирүү жазгандар мага башка планетанын адамдарындай эле сезилчү. Адегенде жөн гана окуп коюп, кийин ачылган темалардын талкуусуна кызуу катышып, форумга кирбей калсам мага бир нерсе жетишпей жаткандай туюлчу. "Суперстанда" реал жана вирт дүйнө деген сөздөр бар, чыныгы жана виртуалдуу дегендей эле. Вирттеги тааныштар менен реалда да көрүшкүң келет.
2011-жылы "Суперстандын" Москвадагы форумчулары жолугушуу уюштурушуп, мен аябай баргым келсе да тартынып бара албай койдум. Жолугушуудан кийинки жыйынтыкты көрүп, барбаганыма өкүнүп калгам. Кезектеги жолугушуу ошол эле жылы Жаңы жылга карата уюштурулуп, ал күндү чыдамсыздык менен күтүп кечеге бардым. Вирттеги тааныштар реалда да сонун адамдар экенине ынанып, сөздөрүбүз түгөнбөй, араң коштошконбуз. Москвадагы форумчулардын эң улуусу Arstan акем, бир канча жолу жолугушууларды уюштуруп, көп форумчулардын башын бириктиргени үчүн сыйлап турабыз. Анын убактысы болбой калганда Barika, timurkg деген форумчулар менен мен да уюштуруу иштерин жасап жүрдүм. Азыр да ошол күндөрдүн ар бирин сагынам, жылмаюу менен эстейм.

"СҮЙҮКТҮҮ ГЕЗИТИМ СҮЙҮҮНҮН ЖАРАЛЫШЫНА СЕБЕПКЕР"

– Өзүм тууралуу айтсам, аты-жөнүм Айгүл Бекназар. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузактын Барпы айылында төрөлгөм. Форумга barpynynkyzy деп катталганым ошондон. Азыр Москвада дистрибьютордук фирмалардын биринде оператормун. Койгон максаттарымдын өтөсүнө чыккан жана ал үчүн көп аракет жумшаган адаммын.
Бойдок деген статусумдан жакында эле ажырадым. Сүйүктүү гезитимдин супер форумунан өз бактымды таптым. Мен ушунча жылдан бери форумда жүрүп, таанышып-табышып-кол кармашкан форумчуларды көрүп жүрчүмүн. Бирок мен да алардын катарына кошулуп каларым жомоктой сезилер эле. Жолдошум менен адегенде дос катары баарлашып, кийин сезимдер пайда болду. Ал мени жигиттик чечкиндүүлүгү менен багынтып алды. Сиздер келечекке чоң үмүт менен караган дагы бир бактылуу үй-бүлөнүн жаралуусуна себепкер болдуңуздар. Рахмат!
Атына заты жарашкан "Супер-Инфо", сени 15 жылдан бери сүйүп окуп келем. Окурмандарыңдын саны көбөйө берсин. Биз сени менен эч качан артта калбайбыз.

"Суперстандын" Москвадагы форумчулары аябай ынтымактуубуз, айрымдары реалдагы достордон артык жакын болуп калышкан".



Эльвира Караева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(65)
15.03.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу бол Барпынын кызы!
15.03.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым эки дуйно бактылуулугун силерге насип этсин!
15.03.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу болгула!
15.03.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Руслан Айгул, бактылуу болгула, кармашкан колунар бекем болсун, коооптогон уул-кыздардын бактылуу ата-энеси болгула! Куш боонор бек болсун! Эмки жылы учообуз болдук деп, суйунчулоп интервью беришини кутобуз.
15.03.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Солнышка кандай
15.03.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула.
15.03.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула эки жаш!
15.03.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
15.03.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаркын жашоо каалайм
16.03.2017. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгул эже, эки дуйно бактылуулук насип кылсын. Кармашкан колунуздар туболуктуу болсун.
16.03.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Руслан дос аяш менен түбөлүкө бактылуу болгула кармашкан колуңар эч үзүлбөсүн.
16.03.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ммм
16.03.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр жакшы баарын интернеттен окуп аласын бакыт каалайбыз
16.03.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аааии сонун го бакыт калаайм
16.03.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуздар. Ар дайым жакшылыктардын устундо журо бериниздер
16.03.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки дуйно бактылуу болгула.....
16.03.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ Апам тамак же десе болбой, супер инфо окуп алып жеймин, силер тамактана бергиле деп коюп коп уруш уккам.Бирок окунбойм. Мен гезит аркылуу маалыматтуу гана эмес,билимдуу да боло алгам. Азыр пайдасы тийип атат. РАХМАТ Супер инфо!
16.03.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу болуңуз
Жердеш экенбиз
16.03.2017. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айгуль досум бактылуу бол,ак жоолук кут болсун кабарлашсан жок болуп кеттинго
16.03.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бактылуу болунуздар менда ушул сайт мн ооруганыма 8 жыл болуптур канча жолу катталып тел жоготуп кайра катталып эле кундор билинбей отуп жатат сериалдардын жаны санын кутуп эле кун санай берем бирок форумга киришти ойлонуп корбогон экем Супер-Инфо форумга кантип катталса болот ??
17.03.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Asya_92, саламатсызбы? Сиз форумга катталгансыз. Төмөнкү шилтеме менен Суперстан форумуна кирип билдирүү калтыра аласыз: https://www.super.kg/superstan/
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-03-17 15:41:33
17.03.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу болгула.Окул апа
17.03.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен Ысык- колдонмун. форумчулар колдо да чогуласынарбы? форумга кирип корбоптурмун. кантип кирем?
17.03.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
love_you, саламатсызбы? Төмөнкү шилтеме менен кирип билдирүү калтырсаңыз болот: https://www.super.kg/superstan/
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-03-17 15:41:56
17.03.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оаа чогулабыз деп коп эле окуп калам анан озун умтулбасан эчким кел дебейт окшойт
17.03.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу болгула, бул нерсеге себепчи болгон Супер-Инфо сага рахмат!
18.03.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен да жолуккум келди)))
18.03.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу бол Жаным!
18.03.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Baktyluu bolunuzdar!
18.03.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бактылуу болунуздар
21.07.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атандын кору мен кандай кана болбойт элем СУПЕР ИНФО учун, )))))
26.07.2017. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алтындай болгон Айгульчик & Руслан тилектер эч качан кеч болбойт, ашык болбойт. Кааларым чыныгы суйуу, бакыт, денсоолук, жараткан силерге коп-коп наристелерди тартуу кылсын!!! Ар дайым жузунордон кулку кетпесин, коронордон конок кетпесин, башынарга бакытын кушу консун, уйунордо бала базар болгула!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо