ЖЕР КУЧАКТАП ЖАТКАНЫҢА ИШЕНБЕЙБИЗ, МИКАЭЛЬ!

№387 2-9 апрель, 2010-ж.

Кыргыз шоу-бизнеси орду толгус жоготууга учурады. Ырчы, телеалпаруучу жана шоумен Микаэлдин кырчындай жашы кыйылды. Маалыматтарга караганда, 31-март күнү кечки саат 18 менен 19дар чамасында белгисиз бирөөлөр кол салып, өзү жашаган үйдөн бычактап кетишкен. Микаэлдин денесине 22 жолу бычак сайылган. Аталган кылмышты изилдөө үчүн атайын оперативдүү топ түзүлдү.

ИШЕНГИБИЗ КЕЛГЕН ЖОК

Күбө адамдардын айтымына караганда, сөөк ырчынын өзүнүн үйүнөн табылганы менен, подъезддин баары кан болгон. Муну менен “Микаэль мыкаачылардын артынан кубалаганга аракет кылган” деген да маалыматтар таралууда.
Редакциябызга бул тууралуу маалымат түшкөндө “1-апрель – Күлкү күнүнө карата уюшулган тамаша го” деген ойдо ишенгибиз келген жок. Албетте, кантип ишенесиң, мындай жаман кабарга?!
“Супер-Инфо” гезитинин жамааты Микаэлдин ата-энесине, жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. Эскерте кетсек, Микаэль 1986-жылы 16-июлда Кант шаарында туулган.

ЖАКЫНДАРЫ, ДОСТОРУ ЭСКЕРИШЕТ

Көз көрсөтүп барганыбызда апасы көз жашын көлдөтүп акыркы жолу телефон менен сүйлөшкөнүн буркурап айтып жатты.
– Мен Микамды балдарымдан башкача баккам. Өзгөчөм эле. Кичинесинен эле өз алдынча эмгектенгенди сүйгөн аракетчил болчу. Эс тартканы биздин моюнубузга отурган жок. Бизди кыйнап бир жолу да бир сом сураган эмес. Эч кимдин көңүлүн калтырбаган, бала кыял эле. Өзгөчө мага жакын болчу. Экөөбүз эне-бала катары сүйлөшпөстөн, теңтуштардай сырдашчубуз. Үй-бүлө ортосунда кандайдыр бир түшүнбөөчүлүк болсо, Микам кабагым-кашым дебей күлүп-жайнап жайгарып, тамашалап жатып баарыбызды күлкүгө, шаңга бөлөп салчу. Бала кезинен эле алдыга умтулуп, балдардан башкача кийингенди жактырган балам бар эле. Тилегине жетпей ажалга моюн сунду, шордуу балам. Мага кечки саат алтыларда телефон чалган. “Азыр укол алам” деп айткан эле. Баламдын эне сүтү оозунан кетпей кете берди.
Ырчынын шоу-бизнестеги жакындары «АКИpress» агенттигине чогулушуп, Микаэлдин бул дүйнө менен коштошконуна ишенишпей, эскерип жатышты.

Ассоль Молдокматова, теледива:

– Микаэль жакында эле мага жолукканы кеңсеге келген экен. Бирок мен Москвада элем. Андан мурунку жолукканыбызда “Орусияга барып иштеп келсем кандай болот?” деп кеп-кеңеш сураган. Мен ага: “Сенде бардыгы: шык бар, талант бар. Барсаң бутуңа туруп кетесиң. Мен деле бир бутум Москвада, бир бутум биякта болуп иштеп жүрбөймүнбү”,- деген элем.

Айгүл Чалова, ырчы:

– Биздин көпчүлүк концерттерге Микаэль алып баруучу болчу. Ал менин эң жакын досум болуп калган. Аябай эрке эле. Мага кадимкидей эркелечү. Мен дагы, ал дагы куурдакты жакшы көрчүбүз. Ошондон улам ал мени “куурдашка” деп чакырчу.

Нурлан Мамакеев, продюсер:

– Микаэль менен чогуу иштешкен жылдары эч кандай маселе жараткан жок. Кыла турганды айттырбай өзү жасап турчу. Эч нерсени жашырбаган, бала кыял эле. Бир да жолу бирөөгө орой сөз айтканын укканым жок. Ар бир адамдын көңүлүн таап кете алчу. Адамдын көңүлүн калтырчу эмес. Мен Микаэлдин душманы жок деп ойлочумун. Киши колдуу болуп өлгөнүнө ишене албай турам.

Бакыт Байсариев, бийчи:

– Мен Микаэлди акыркы жолу бир кечеден көргөм. Анан 31инде мага капысынан милицияда иштеген бир таанышым чалып, “Бакыт, Микаэль досуң кайтыш болуп кетиптир” деп калды. Алгач мен ага ишенген жокмун. “Эртеңки тамаша күнүн эрте баштап алган го...” деген ой да келди. Бирок жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей сайгылашып кетти. Анан өз көзүм менен көрүүнү чечип, дарегин тактап барсам, чын эле досум дүйнө салыптыр. Окуя болгон жерге эч кимди киргизбей жатышыптыр. Мен таанышымдан суранып, үйүнө кирип болгон окуяны өз көзүм менен көрдүм. Үйүнүн босогосунда канга боёлуп жаткан экен. Микаэль абдан ак көңүл, кишинин көңүлүн калтырбаган жигит болчу. Мындай ишке кимдин колу барганын билбейм. Мен көргөн көзүмө дале ишенбей жатам.

Самат Дөөлөтбаков, ырчы:

– Мен Микаэлди 2001-жылдан бери билем. Аны менен белгилүү бир кафеде официант болуп иштеп жүргөн кезинде таанышкам. Ошондо эле өзүн алып жүрүүсүн, адамдарга кылган мамилесин көрүп, өсчү бала экенин билгем. Кыскасы, көз алдымда эле популярдуулукка жетишти. Акыркы жолу 24-мартта болуп өткөн борбордук аянттагы концертте көргөм. Тааныган адамдары менен да, тааныбаган адамдары менен да саламын үзбөгөн, кичи пейил жигит болчу. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жатып дүйнө салып кетиши абдан аянычтуу болду.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
05.04.2010. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул тууралуу теледен укканда ишенгим келген жок. Албетте оор жоготуу болду. Жеке уй-булсуно эле эмес, жалпы кыргыз жаштарына. Микальдин тагдыры менен Жолдубай Кайыпвдун тагдыры окшош эле болду го.
Жакшынын омуру кыска дегендей аз жашады. Коп из калдырды. Олбос очпос. Былтыр убактарда УТРКда стилдуу жигит "Стиль" аттуу жаштар арасындагы хит болгон берууну алып барганын кантип унутабыз.
Не дейбиз жалындап таланты ашып турган жылдызыбыз жалп деп очту да калды. Дагы коп жашаса кыр
05.04.2010. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх омурундун кыскалыгын карачы.Армансыз кете берди.Жаткан жерин жаннат,топурагын торко болсун.Ата-энесине сабыр кылыныздар демекчимин.
05.04.2010. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул жонундо 1 апрель куну уктум бирок бул тамаша деп ишенбедим эле кийин билсем чын эле экен Микаель жайын жаннаттан болсун , топурагын торку болсун. Дуйно ушундай да бугун болсок эртен жокпуз .
05.04.2010. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан окунучтуу, менин азыркыга чеин журогум ооруп жатат, мен Микаельдин кумири эмесмин, бирок абдан окунучтууу. Жапжаш бойдон кеттипсин жаткан жерин жайлуу болуп,бейиштен жай берсин. Эмне себептен мынчалык мыкачылык кылып кыйнашты, айбандар болушса керек.
05.04.2010. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин версиям Микаельди олтуруп туруп анан уйуно таштап кетишкен.
05.04.2010. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эли-журт, эмне болуп, кимге айланып баратабыз? Кечээ коргон адамынды, эртен короорун кумон болуп калдыго.......
05.04.2010. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кансулуу туура айтасын
06.04.2010. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzdar!Biz uwintip Kyrgyzdygybyzdy korsotup jatabyz da.emne dey alam emi,jurogum oorup ketti.uwun4alyk da bolobu?///
06.04.2010. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Микаель жаткан жерин жайлуу болуп жанын бейишке барсын.Ата-энеси кайрат кылгыла биз силер мененбиз.
06.04.2010. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzdarda koro albastyk, ichi tardyk ushundai azamattarybyzdan ajyrata bashtadyby emi? Arbagy Kyrgyz elin Koldosun....
06.04.2010. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр сайттан суротун коруп козумо жаш тегеренди. Ушундай жигитти кантип унутабыз. Эч кчан унутпйбыз.
Ата -энесине жакындарына терен кайгыруу менен жалпы кыргыз жаштарынын атынан конул айтабыз.
куноолууло созсуз жазасын алыш керек.
Микаель жаткан жерин жайлуу болсун. Биз сениэч качан унутпайбыз
06.04.2010. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozu Kirgiz salti tarihindan koralbas satkin elderden bolup kelgen... Ilgerten kirgizdar bir birini koralbay uybulosu menen soyup ketkender bolgon bir sotik jerdi dep. Bizdin kanibizda kalgan babalardan oshol nerse.... kaalabasakta dayima jadniy narod bolup kalabiz!!!! Mikael, janin jennette bolsun!!! Ata-Enendi kuday ozu koldosun!!! Kirgizchilik ekenda!!
06.04.2010. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uluu urmattuu,KubaBuba kantip oozun bardy senin KIRGIZDI satkyn dewke.Jaman adam bolot,birok,owol jamandyn ayinan butundoy uluttu satkyn degen senin akylynyn tayki ekeninen dele kumonum kalbady.Emnege bir jaman iw bolso ele,"KYRGYZ4YLYK" dep wyltap koyoberesiner.Mikaeldin emneden ulam olgonun dele tak jazbaptyr go.Balkim,biroo menen jeke problemasi bardir.Je woubiznesten biroo olturdu dep oyloysunbu?Sen 4ykkyn4ysyn.Senin uwul 4ykkyn4ylygyn u4un olturup koyso biroo,koralbastik bolboyt.
06.04.2010. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KubaBuba:
mendele sisge kowulu ketem......emi aivai jamandaivaim dechi bis kyrgyzdardu.....birok kora albagandar kop ele bolot.....
06.04.2010. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оор жоготуу. Ага багыштап куран окуп койсок, Мирланга чон жардам. Ар ким чын дилинен бир сура болсо да окуп багыштап коёлу, мусулман эмеспи...
06.04.2010. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен азыр деле ишеналвай турам..... Качан "тамаша" деп айтат деген умутумду узбой......(((((((((((((
07.04.2010. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип бир бирибизди талай берсек азаябыз. Итак 3 000 000 кыргызбыз, давайте бир бирибизди колдоп журолу! Себеби биз КЫРГЫЗДАР улуу улутбуз...
07.04.2010. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mikaeldin jatkan jeri jailyy,topyragy torko bolsyn! Jaratkan Kydai mikaa4ilardin jazasyn beret! Mikaeldin jakyn adamdari y4yn teren kaigiryy menen alista jyrgon kyioormandary konyl aitabiz! Biz dagy chin jyrokton kaigirip jatabiz :(
07.04.2010. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da ishengen jokmun ukkanimda kantip ele dep super infodon dalay izdep da kordum. Emi kabardi okup alip esim oop kaldi..:(
Jatkan jerin jayluu bolsun Mikael'..shorduu baarynan da uulun jogotkon enesine jaman boluptur..:(
07.04.2010. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KubaBuba sen ozun kyrgyz emes okshoisun suilogonuno karaganda. Kyrgyzdyn atyna jaman sozdordu suiloboi jur ekinchi! Kyrgyzstanda kyrgyzdar ele jashabait kop ulut jashait, Mumkun any bashka uluttun admdary olturgondur. Oshol olturgon adamdy da karmap sozsuz jazalash kerek! Allahym beishinen orun bersin,arty kaiyl bolsun.
07.04.2010. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1.Uiuno kirgen uurulardyn ustunon chygyp kaldy. 2.Suiuu kyzganuu da bolushu mumkun.
3.Ozu taanygan ele adam menen urushup kettip ushundaiga chein jetishi da mumkun.
4.Uiushulgan kylmysh toptun usloviyasyn atkarbai koidu.
5.Mumkun Manyak.Olumuno ushul nerseler sebep bolushu mumkun. Podezdegi kan kylmyshkerdin kany bolushu mumkun alysha ketiship mumkun aga da bychak saiyldy je bir jerin kesip aldy anan soilop chygyp ketti. Podezdegi kandy ekspertizadan teksherish kerek ele.
07.04.2010. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jerin jayluu, topuragyn torko bolsun!
07.04.2010. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Люди добрые и злые,да что это с вами!Вместо того чтоб соболезновать родным,и скорбить по Микеэлю,вы тут.....черт знает чем занимаетесь!
07.04.2010. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хотя Микаэля уже нет с нами,я знаю что он слышит нас. Мы все знаем что он был таланливым человеком.Нам будет не хватать его! Покойся с миром,мы тебя любим,скорбим,помним и никогда не забудем!
07.04.2010. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Микаэль жаткан жерин жайлуу,топурагын торко болсун.
07.04.2010. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ooba, men da Mirlandyn bizdi tashtap ketkenine ishengim kelbei jatat. Dobrdun uilongonu tamasha bolgondoi, bul da tamasha bolso kana!
08.04.2010. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Surotun korup alyp kozumon jash toktoboi jatat.....
08.04.2010. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Микаэль,жайын бейиште болсун!
10.04.2010. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
esh kimge jamanfigi jok bala ele

topuragin torko bolsun
11.04.2010. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dyino, Dyino, Dyino kai jaka baratat? 4yn ele Mikael' talanty a6kan jigit ele. Jaratkan Mikany jaanattan tossun. Mikaga arnap bygyn kuran okup koeyun.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо