«Заман» тобу: «СҮЙҮҮНҮ УБАКТЫЛУУ ЖЫЙЫШТЫРЫП КОЙГОНБУЗ»

№749 10-16-март, 2017-ж.

Белгилүү продюсер Канат Култаев жалаң жигиттерден турган "Заман" деген топ түзгөн. Бул топтун жигиттери менен биз алгачкы жолу маектештик.

– Балдар, кандайсыңар? Баарыңарды бириктирген "Заман" тобунун түзүлгөнүнө канча болду? Атыңар эмне үчүн "Заман"?
Токтогул:
– Алгач топтун аты "Мурас" эле. Солисттери ич ара келишпей тарап кетишти. Балким, атыбызды көтөрө албадыкпы деп да ойлойбуз. Топто Калыйнур экөөбүз эле калган болчубуз. Канат байке кастинг өткөрүп, калган жигиттерди чогултуп, топту "Заман" деп атады. Топтун аталышы заман менен бирге канатташ болуп, азыркы замандын жаштарына ылайыктуу ырдап, аларга үлгү болуу дегенди түшүндүрөт.
Кубаныч: –Топтун түзүлгөнүнө 5-майда 1 жыл болот. Ушул күнү расмий келишим түзүп иштеп баштаганбыз.
Аслан: – Биздин башыбызды бириктирген Инстаграмга алкыш айтабыз. Анткени кастинг болорун биз ушул баракчадан окуп, анан келгенбиз.

– Иштеп жатканыңарга 1 жыл болуп калыптыр, хит ырлар качан жаралат?
Баяман:
– Учурда окууларыбызды да убактылуу токтото туруп, чыгармачылыкка басым жасап жатабыз. Ырчылык оңой деп ойлочу элем, көрсө, түйшүгү оор турбайбы.
Калыйнур: – Ал аралыкта 3 ыр жаздырдык. "Карындаш" деген ырыбызга клип тарттырдык. Бул ырдын автору Баяман. Клипке ырчы Айымжан Айылчиеваны тарттык. Эмнеге Айымжанды деп таң калгандар болсо керек. Жөн гана бул ырчы бизге жагат жана да карындаш дегенге ылайыктуу кыз.
Кубаныч: – Мисалы, мен келгенде вокал жагынан жакшы эмес элем. Азыр жакшы ырдап калдым. Адам тажрыйба менен өсөт эмеспи.

– Башка топтордон айырмаланган өзгөчөлүктөрүңөр барбы?
Токтогул:
– Ооба, бар. Мисалы, Калыйнур кичинекей бала экенине карабай тойдо тамададан микрофон талашып чоңойгон. Тилеги ырчы болуу болгондуктан жадакалса окуу жайга тапшырып, бир кесиптин ээси болом деп ойлонбоптур. Ал эми топтун өзгөчөлүгү катары ырдап эле тим болбой, бийлегенибизди айтсак болот. Бий, ыр, рэп, анан бешөөбүздүн кебетебиз, үнүбүздүн тембри, табитибиз беш башка. Мунун баары бириккенде эч кимге окшобогон топ пайда болду.
Калыйнур: – Мен Баяман тууралуу айтсам, ал мектепте гитара ойноп көптөгөн кыздардын жүрөгүн багындырган. Азыр деле эргүүсү келсе түнкү саат 3тө туруп алып ыр, обон жаратат.
Баяман: – Биздин Асланда тартынуу деген жок. "Аслан" десең эле рэп айтып кирет. Келечекте музыкалык билим алсак, билимибизди жогорулатсак деген максатыбыз бар.
Аслан: – Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков, Батырхан Шукеновду кумир туткан Кубаныч ырчы болом дегенде ак эткенден так этип турат. Негизинен баарыбыз чыгармачылыкты сүйгөн, баалаган жигиттербиз. Биз башка топтордон ар тараптуу болуп, заманбап, батыш стилинде ырдаганыбыз менен айырмаланабыз.
Кубаныч: – Майкл Жексонду кумир туткан Токтогул өзү нарындык. Апасы Токтогулга конокко барса жан талашып "Токтогул атадай ырчы болуп калсам" деп ырымдап төрөлүп алган да. Ыр эле эмес, бийге да жакын. Бизге келгенге чейин музыканы катуу коюп бийлеп кошуналарын тажатчу экен. Бизге бий үйрөтүп, ар бир кыймылыбызды көзөмөлдөп турат.

– Жакшы экен. 5 жигит бир үйдө жашаса абдан эле кызыктуу болсо керек. Кимиңер тамак жасап, кимиңер үй жыйнайсыңар?
Аслан:
– Ким үй жыйнайт деген суроого жооп бере кетсем. Биз күн тартибин түзүп койгонбуз. Кезек менен тамак жасап, идиш жууйбуз. Ал эми үйдү чогуу жыйнайбыз. Мен апамдын жалгыз баласы болгондуктан бул жакта жашай турганымды билгенде бир аз кыйылып жатып макулдугун берди. Бир жумада бир жолу апама барып турам.
Токтогул: – Башында биз особнякта жашачубуз. Короого чыгып Аслан экөөбүз жаа жасап, анан эшикти аткылап ойноп жаңы эшикти тешкилеп салып, продюсерибизден тил укканбыз. Топтун кичүүсү, анан эң көп сүйлөгөнү Аслан. Кечке сүйлөп бизди күлдүрөт да, кечинде чарчап көзүн ачкан боюнча уктап калат. Башка ырчылар чыгармачылыгына алгач акча жумшайт эмеспи. Биз 1 сом коротпостон ырчы болуп жатабыз. Жашаган жерибиз, кийим-кечебиз, тамак-ашыбыз, ырларыбыз, айтор, бардык тараптан бизди продюсерибиз камсыздайт. Канат байке менен иштешүү сыймык жана биз эмгекти актайбыз деп сөз беребиз. Бир ачуу чындыкты айта кетейин, биз туура эмес иш кылсак продюсерибиз штраф менен жазалайт.
Баяман: – 5 жылга келишим түзгөнбүз. Келишимде кыздар менен сүйлөшпөш керек деген пункт бар. Анткени кыз убакытты, оюңду, жүрөгүңдү ээлеп алат эмеспи. Ошондуктан биз убактылуу сүйүүнү да жыйыштырып салганбыз. Азырынча чыгармачылыкты сүйүп туралы.
Калыйнур: – Бош убактыбызда китеп окуп, интеллектуалдык оюндарды ойноп аң-сезимибизди өстүрөбүз. Шоу-бизнесте дагы башты иштетиш керек. Продюсерибиз келип текшерип, тапшырмаларды берип кетет. Менеджерибиз азык-түлүктөрүбүздү жеткирип берип турат.
Кубаныч: – Бизде баары кызыктуу, спорт залга барып машыгабыз. Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков бизге конокко келип кызыктуу маек куруп, тажрыйбалары менен бөлүшүп турушат. Сезон сайын каникул бергенде Көлгө ата-энеме барып сагынычымды таратып келем.

– Канча киши болсо, ошончо ой болот да, араңарда талашуу-тартышууу болобу? Өзүңөр тууралуу кандай сын-пикирлерди угасыңар?
Баяман:
– Ооба, талаш-тартыштар болуп турат. Баарыбыз идеяларыбызды айтабыз, акыркы чечимди Канат байке чыгарат.
Токтогул:
– Мен старостамын, менин жумушум бир аз жоопкерчиликтүү, жигиттер менен продюсердин ортосунда көпүрөмүн десем болот. Сын-пикирлерди угуп, кемчиликтерди оңдогонго даярбыз. Көбүнчө бизди корей жигиттерин туурайсыңар деп сындашат. Биз аларды туурабайбыз жана аларга тиешебиз жок. Кийинүү стилибизди жүдөгөн тооктой деп айтышат экен. Эми "табит менен талашпа" деген сөз бар эмеспи.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Заман" тобу: "Канат Култаевдин жини келсе, бизди жазалайт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(34)
14.03.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
кыйраткан деле топ эмес..
14.03.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жакпайт.
14.03.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Супер.Дори дегенби?Клиптерге тартылып жургон бала жонундо маалымат берип интервью алгыла
14.03.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Булар мынча жаш?
14.03.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Канат Култаевдин энергиясы тугонуп калган го...."балдары"дароо эле дун деп чыкчу эле....что-то мага да жакпады кебетелери(стили"
14.03.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эгер вокал кучтуу болсо жон эле звезда болушмак, азыр еще интернеттин заманы баардык мумкунчулук бар в полне ) мага да анча жакпады... Аа кстати форумчулар, суперстандыктарга салам мен жаны катталгам, тушуно албай эле журом эмне кайда)))
14.03.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Асланы озуну звезда сезип алган го.тим эле стиль менен айыйрмаланабыз деп ХХХ экен
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-03-15 17:08:38
15.03.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ronaldo.99, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз.
14.03.2017. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик балдар. Аракет кылгыла. Жашсынар баары алдыда. Айтмакчы элдин баарына жага бербейсинер, жогорудагы билдируулорго капа болбогула. Коч бара бара тузолот. Жон гана ийгилик каалайм.
Медиа-портал
15.03.2017. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Солдон онго эн биринчи бала тимеле татынакай экен. Коздору кулумсуроп бир жакшына. Жонокой корунот. Азаматсынар алга!
15.03.2017. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чын эле Дори деген бала жонундо маалымат берип отсонор сураныч
15.03.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ronaldo.99, Mahabat97, саламатсыздарбы? Сунушуңуздарга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
15.03.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
admin_superstan, Нурзададан да интервью алсаныздар. Аны да жакындан таанысак жакшы болмокпу
15.03.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Tatyna.,ал ким? Продюсери Култаевби? Неге анда чыгарбайт???
15.03.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Tatyna., саламатсыздарбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарланды.
Медиа-портал
15.03.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул балдар негедир жагымы жок,кыймыл аракеттери ,бийлери ,турган турпаты менен жакпады.Ырлары супсак,кийимдерин айтпай эле коеюн.Тез арада ырдоо стилдерин озгортпосо болбойт.Элге алынмак турсун ,элди жадатып аласынар...Силер MBANDдей болсонор болот.аракет менен...
15.03.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
же ун жок, же стиль жок, же артистичность жок! Эптемей эле болуптур. Клипи да кыйрабаптыр. Айыманы калп эле пиарга тарткан го. Негизи Канат мырзанын иши журушпой жаткандай. Инстаграммдан Нурзада деген ырчы кыздын продюсери экенин билгем, ал кыз жакшынакай экен косметикасыз эле. Клибин таппадым. Даниель мн ырдаганын коргом. Жагымдуу анан жылдыздуу экен. Бул балдардан копту умуттонуп кереги жок. Жогорудагы комменттерди окуп оз оюмду жазып коюуну чечтим.
15.03.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш балдар го. Интервью да ошого жараша болуптур.
15.03.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болбойт ко булар
Медиа-портал
15.03.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канат Култаевдин жини келсе бизди жазалайт дейт да. Ал озун ким деп сезип алган, продюсер болсо эле кудай сезип алганбы эмне)))ошондойунан учурунда Темир Назаров мн келишпесе керек, Атабеков мн да мушташып кетчу дегенди да ушул суперден окуганым бар эле. Эми булар канча чыдайт экен, же кийинкиси ким болот дегендейчи))))))))))))))
16.03.2017. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калыйнур эн эле жылдыздуусу,мага ошол жагат,а так ырларын укпайм,бирок бийлегендери сонун,катып эле тура беришпей жакшы бийлешет,стили современный эле го,мое личное мнение)))
16.03.2017. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Популярность "суф" дегенде эле келбейт го,искренне желаю,кыргыздын корунуктуу,эл сыймыктанган топторунан,жигиттеринен болгула
16.03.2017. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага жакпады... Баяманы Туштук жергесинен болгонуна уялат окшойт сыр тутуп, калган балдар айтыптыр, уялбай эле жон эле айтып койсо болмок...
16.03.2017. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aisuluusha,мага да жакпады туулган жерин жашырып эмне пайда табат
16.03.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ayjan_90,Ошону мен да айттым.Бажырайтып айтып мактанбайбы.Тош кагып...Баланча жердин кулунумун деп...
16.03.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тообо кандай адам озунун туулган жерин жашырат. Мисалы мен Лейлектенмин. Орукзарлуу Лейлегимди сагындым.
16.03.2017. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мбэндке жетишинерге коооп бар али
17.03.2017. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары алдыда. Ийгилик. Бардык нерсе башталганда эле боло койбойт. Ошол у.н эмгек к.к. Канатынар кайрылбай оркундоп осо бергиле.
17.03.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таң гөрүү, бул балдарды 90-92 жылкы экен деп жүрсө жаш эле балдар турбайбы)
17.03.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коройлерди дуурабай озубуздун улуттук кийим менен чыкса сонун болмок
18.03.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баяманы жакпады,туулган жерин кантип сыр тутат ай,андан коро айтса боло сыймыктанып
19.03.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оозу бардын баары эле ырчы болуп кеттиго аттин
19.03.2017. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Калинур мектепте окуп жүргөндө аябай популярный болуп Орловкадан башка жерге да таанылган баары Калинур дешип анан мектепти бүткөндөн кийин баягы Калинур бой көтөрүп башкача болуп калыптыр
19.04.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ishenalieva,Калыйнур мурун кандай болсо,ошол бойдон эле....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо