Темир Назаров, ырчы: "ДАЛЕ ҮМҮТ КЫЛЫП ТУРМУШКА ЧЫГА ЭЛЕК КҮЙӨРМАНДАРЫМ БАР"

№749 10-16-март, 2017-ж.

– Ош жергесинде жашап, чыгармачылыгыңызды ошол жакта улантып жатасыз. Бойдок кезиңизде Бишкекте жүрүп таанылдыңыз. Сизге кайсы шаарда иштеген жеңил?
– Бишкек борбор болгондуктан, чыгармачылыкты улантуу жеңил. Себеби радио, телевидение, жакшы музыканттар бул жакта. Жашаганга келгенде Ош шаары өзүнүн арзандыгы менен бааланат. Ош Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш болгондуктан, көп делегация келет. Ошондой иш-чараларга бизге окшогон бычакка сап ырчылар турса жакшы да.

– Чыгармачылык үчүн Бишкекте иштөө жеңил болсо, борбор калаадан үй алдыңыз беле?
"Үй алып койгондо эмне кылам, ким жашайт?" дечүмүн. Алгандан кийин ээси өзү эле чыгат экен. Кыйналган үй-бүлөлөр болот да. Бир бала жардам сурап келгенде "макул, мен бир айда 2-3 жолу келем. Концерттен түнкү саат 2-3тө келсем, келинчегиң былтыйбай эшикти ачып берсе болду" деп жашатып койгом.

– "Туулган жер" деген ырыңыз менен атактуу болдуңуз. Аз убакытта эл оозуна алынып кетем деп ойлодуңуз беле?
– Бул ыр түштүк жергесинде 2004-жылы белгилүү болгон, бир гана борборду багынта элек болчу. 2005-жылы Канат байке менен таанышып, бул жакка "Бишкек мага багынып береби, менин ырым ушул жакка өтөбү?" деген ой менен келгем. 1 жыл өткөндөн кийин афишалардан сүрөтүмдү көрүп, тынбай газета-журналдарга чыгып калганда, демек, багынтса болот экен деп дем-күч алгам. Ошол сезимдерди элестетсем, бир жагынан жакшы күндөр өтүптүр, бир жагынан өтө кыйналгам. Себеби чачым күнүгө лак, бетим 5 катмар грим. Эсимде, 1 жылдан кийин чачым түшө баштаган. Бир күндө 3 облусту кыдырып ырдаган күндөр болгон. Азыр "эмнеге жоголуп кеттиң?" деп сурашат. Ошол мезгилде 10 жылдык энергияны мен бир жарым жылда иштетип койгом. Эч нерсе кылбай эле коёюнчу, жөн эле жашайынчы деп үй-бүлөлүк ынтымакты, тынч уяны каалап калганым ошондон.

– Акыркы клиптен көргөндөн бир топ арыктап калыптырсыз...
– Жакында Спорт Ордосунда болгон концертке катыштым. Ошол концерттен элдин сагынганын байкадым, сагынтып чыккан да өзүнчө фишка. Кээ бир ырчылар Инстаграмдан күйөрман топтоп алса, кээ бири бат-баттан концерт коюп тажатып алышты. Биздин мезгилде социалдык тармактар жок эле, сүрөткө да түшпөйт болчубуз. Ыйлаган күйөрмандардын көңүлүн карап эле сүрөткө түшүп койбосок. Бул нерсе да өзүнүн таасирин берет. Кол жеткис болсо кызыктуураак болосуң. Жылдыз деген ыры, клиби менен белгилүү болуп, жеке жашоосу жабык болуш керек деген ойдомун. Ошондуктан жашап жаткан жеримди, жеген ашымды көрсөткүм келбейт.
Акыркы клибимде 93 килограмм болчумун. Семирип, орустар айтмакчы, "качок" болуп кеткем. Бир жылы Гүлнур Сатылганова, Каныкей, Атай Өмүрзаков болуп Москвадагы Лужники стадионунда концерт бергенбиз. Кафеге кирип баратканда Гүлнур эжени алдыга өткөрсөм бир жигит "Гүлнурдун жан сакчысы өзүнчө эле "качокмун" дейт го" деп мени тааныбай өзүнчө сүйлөнүп өтүп кетти. Жанындагы бала "жиндисиңби, бул Темир Назаров да" десе, келип кечирим сураган. Ошондо арыкташ керек деген ой келди. Андан бери 2 жыл өттү. Жаңы жылда жашоомду жаңы барактан башташ үчүн өзүмдү колума алдым. Январдан баштап белок диетасына отурдум, жумасына 3 жолу спорт залга, 3 жолу бийге барам. Ошентип 2 айдын ичинде 11 килограмм арыктадым. Адамдын эрки күчтүү болсо, баары колунан келет экен. Дагы 3-4 килограмм таштап, жаңы форма менен чыгам. Мурункудай секирип бийлебесем да, ордумда туруп ырдабайм (күлүп).

– Микрофонду ыргытып ырдачу элеңиз. Бир жолу микрофонуңуз колуңуздан түшүп кетип ыңгайсыз абалга кириптер болгонуңуз эсимде...
– Мен жашоомдо бир жолу микрофонду колумдан түшүрүп алгам. Ал концерт Спорт Ордосунда болгон. Ошол күнү чыйрыгып ооруп жаткам. Төшөктө жатсам Канат байкеге Динара Эсенгулова чалды "концерт болуп жатат, балаң келип ырдап берсин" деп. Трубканы коюп, Канат байке "Темир, эми айла жок, мунун да учурунда жардамы тийген. Ооруп жатсаң да 4 мүнөт чыдап кой" деди. Арга жок ооруп жатсам да жасанып алып Спорт Ордосуна бардым. Фонограмма менен ырдап жаттым. Мен микрофонду кармаганда салмагын билем, ыргытсам канчада түшөрүн. Элге аркамды салып басып баратканда өзүмдү жаман сезе баштадым. "Азыр акыркы кайырма калды, ырдап койсом кетем" дедим да, бурулуп кайырмага 3 секунд калганда микрофонду ыргытсам, ошол маалда өйдөдө турган прожектор көзүмө чагылып, ориентирди жоготуп алдым. Микрофон колумдан тайып түшкөндө эле кайырма башталды. Микрофон жерде жатат, анысы аз келгенсип алайын деп эңкейсем тайып кетип дагы ары жакка учуп кетти. Жашоомдо биринчи жолу нес болуп, эмне кылышымды билбей калдым. Акырында "агайын-туугандар, чыгармачылык ушунусу менен кызык тура. Бүгүнкү концерт "Темир Назаровдун колунан микрофон түшүп кетти" деп эсте калат, сиздерден кечирим сурайм" деп элди күлдүрүп чыгып кеттим. Сахнанын артына келип алып аябай калтырагам. Балалык баёо сезимим менен катуу стресс болгом. 1 ай микрофон кармагандан, ыргыткандан коркуп жүрүп өзүмө келгем. Ошол учур бир жагынан карьерама так калтырса, бир жагынан дүң дедирген эле.

– Сизди унута элек күйөрман кыздар азыр да барбы?
– Турмушка чыгып, 2 балалуу болуп калган күйөрман кыздар бар. Бир жолу Орусияга барып калсам, чоң эле киши "менин үйүмө конок болуп кетпесең болбойт, аялым сени жакшы көрөт" деп келиптир. Бул мен үчүн таң калычтуу нерсе, себеби менин аялым башканы жакшы көрсө катуу тиймек. "Байке, жөн эле койбойсузбу" десем, "жок, ал кечинде менден суранган, жүрү" деп алып барып, тамагын берип, аялын чакырып "бул деген сени жаштыгында сүйгөн да" деп жатпайбы. Аялы кызарып "сиз ырдап жаткан мезгилде 9-класс болчумун. Саман ташып жаткан кезде сиздин үнүңүз радиодон жаңырса, трактордун прицебинен секирип түшүп тырмоокту кармап алып ырдачубуз" дейт. Досторумдун айтымында, Таш-Көмүрдө банкта иштеген бир кыз бар экен, турмушка чыга элек. "Жетекчи болуп калса да сени күтөт, үмүт кылат, кабинетине сенин сүрөтүңдү илип алган" дешет. Барып калсам жолугуп, "рахмат албетте, бирок турмушка чыгыш керек" деп айтып келбесемби (күлүп).

– Рахмат маегиңизге. Чыгармачылыгыңыз өркүндөй берсин.

"Жакында концертте ырдап жатып, алдыңкы катарда отурган эжелердин "Темир арыктап калыптыр, 2005-жылдагы Темир болуп калыптыр" деп сүйлөшкөнүн уктум".


Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
star@super.kg


"Микрофон кармай албай стресс болуп жүргөм" дейт Темир Назаров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(49)
Медиа-портал
14.03.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маек жакшы болуптур
14.03.2017. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ото эле идеальный адамдын образын корсотуп коюптур го, бирок Сюита айымды каякка катаар экен. Бали, аялы Мунарага чыдап жашаган....
SUPER.KG видео
14.03.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тарыхта калгандай Манас беле? Манас тарыхта калган, кичине опкону женилдетип жазсаныз болбойбу))кулкуну келтирбей. Манас ким темир ким?
14.03.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм бычакка сап ырчы дейт го
14.03.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эсимде, мурун "Хит-Парадтан" Темир Назаровдун "Туулган жер" деген ыры тушчу эмес)).

***
Адамдарга эч нерсе жакпайт озу, "бычакка сап ырчы" имиш деп. Мага жагат, мыкты ырчы, жонокой, уй-булоосун 1-орунга койгон.
15.03.2017. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы
15.03.2017. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой койчу темир баатыр ким эле кутуп журсун сизди. Эбак уйлонсонуз. Ээк койчу эээ нерв кылбай анан коро жакшв ырларды жазыныз . Орус кыздарды кучактабай кыргыз кыздарды тартсаныз килибинизге(клип)
15.03.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ит уро берет кербен журо берет, окуучу кезимде бир конкурста туулган жерди, темир ырдагандай секирип аябай дуурап ырдаганым учун биринчи орунду алгам так что ийгилик
15.03.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ тобоо кандай адамсыздар?качан бироону мактап жактап калдынар эле?жакпаса эле кемчилдигин жок жерден бар кылып.уят э ,колдоштун ордуна каяктагы создорду суйлойсунор,Оа Темир аке убагында Ошту жарган ,жакшы эмеспи уй-булосун биринчи орунга койгону)))оозум бар деп эле суйлой бербегилечи сындатканга эле койсо силерди хммм
15.03.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштерине ийгилик
15.03.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Убагында аябай популярдуу болуп канчалаган кыздар куйоорман болуп журушкон чынында. Бирок Темир бой которбогон,жонокой жигит экенин бир жолу аэропортто суйлошуп калып байкагам. Уну жакшы аябай. Клиптери да жакшы. Бирок Любимая деген клибинде орус кыз менен кучакташып,жытташып жатпай эле койбоптур. Аялы жанжалды салгандыр. Чыгармачылык деп эле кыз-келиндерди кучактап жатып калыш керекпи? Клиптин сценарийи начар. Аялынан интервью качан аласынар? Уй-булоосу менен бир суротун койуп койбопсунар да.
15.03.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган жер деген ырын билет экем..ийгилик көрө албагандар туз жалагыла!!!
15.03.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир Назаров менин байкеме окшош. Байкемди коргондой болом. Байкем болсо отуп кеткен Бир канча жыл мурун((((
Медиа-портал
15.03.2017. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бычака сап болгон ырчылар деп куйгузот да, сен Замирге жеткичен анча бар.
15.03.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркек анча мынчаны айтпай эле койсо..темирди чыккандан бери эле коруп келип атабыз андай деле куйорманы жок болуш керек.аман эле бол темиш
16.03.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мактанганский болгон го
16.03.2017. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бычакка сап,качок,жетекчи болсо дагы куйоого тийбей мени кутот жб деген сымаал создору жакпады
16.03.2017. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ырчыга эмне болгон мактанып болбой калыптыр го дале мени куткон куйормандарым бар деп любимая деген клипинде тим эле Европаны туурап алыптыр го кызды кучактап жыттап бул корунуш бизге жат
16.03.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Газета жакшы сатылуу учун Темирдин созун башкача кылып тема коюп коюшуптур го)
16.03.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ассаламу алайкум Темир кандай. Ошто МЧСтин жанындагы Халкожа мечитине намазга келип турчу элен келбей калдын го. Кочмондор оюнуна чейин коруп калчумун андан кийин корунбой кеттин.
kechirmeni түзөттү 2017-03-16 15:04:09
16.03.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чач тууралуу жакшы пайдалуу маалымат айтыптыр. Бир убакта мен да чачты гелдеп кээде лактап да коер элем. Озгочо кокулду бир жакка тарап. Кийин карасам ошол буруп тараган жер жыдып суюлуп калыптыр.алды дагы жогор тарапка караганда суюк. Анан коп тушо турган болду чач. Ошондон кийин такыр колдонбойм. Составтврында ненин кошулмасы бар бир кудай билбесе
16.03.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ой кудааай асмандан алып жерге чабатко, кичине ары жак бери жактыда карап суйлосо болмок, олгон экен эми балалуу болсода суйуп, каарысада кутуп, уятда кыздардан отуп кетиптирго мактанып!!!!
17.03.2017. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин маалда деп куйдуротго бул, бул Темилинин маалы кайсы эле озу, даже анча мынчасы тааныбаса керек, мен деле микрофон колунан ыргып кеткенден кийин эле тааныгам!
17.03.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көп макианып коюпсуң братан
17.03.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун озу мактайт да эл мактабаса...бычакка сап ушул ырчы болсо...
17.03.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулкун келет да, суйлогон созун угуп
17.03.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ой бул эчак унутулган ырчы го, озун дале ошол 10 жыл мурунку эйфория менен алып журот ко дагы эле, болду эми кичине деминди бас)). Бугун популярдуу ырчы да мынча озун сезгенин корбопмун.
18.03.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыраак мактанса.
18.03.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой мактанбай эле болгонун болгондой айтыптырго. Ушунусу менен кызыкда жашырып кылыктангандан коро.
Медиа-портал
04.05.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Келинчегин былтыйбай " деп койгону жакты )))...... Темир мырзаны баарыбыз эле суйдукко .... азыр деле суйом депчи))) омур бою куйорманымын ))) респект
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо