Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кырсыктан уулун жоготкон ата: "БАЛАМ ЭС АЛЫП КЕЛЕЙИН ДЕГЕН БОЮНЧА ТҮБӨЛҮК УЙКУГА КЕТЕ БЕРДИ"

№749 10-16-март, 2017-ж.

"ЖАРЫШЫП КЕЛЕ ЖАТКАН УНААНЫН БИРИ БИЗДИ СҮЗДҮ"

2016-жылдын 12-июлунда Каракол-Балыкчы трассасында жол кырсыгы катталып, анда жаш өмүрлөр кыйылган. Ошол кырсыкта унаанын ичинде Айсана Асанбаева да болгон. Айсана айым окуяны мындайча эскерет:
– Былтыр 12-июлда түшкө маал 5 жаштагы баламды алып Балыкчы шаарына такси менен жолго чыкканбыз. Ауди үлгүсүндөгү жеңил машинага отурган элек. Тамчы айылына жеткенде жол кырсыгына учурадык. Унаанын ичинде эки кичинекей бала, калгандары чоңураактар эле. Бизди сүзгөн унаанын так маңдайыбыздан чыкканын көргөн элем, азыркыга чейин коркуу сезими менен жашайм. Көрсө, тиги унаанын айдоочусу туугандары менен көлгө эс алабыз деп жарышып келе жатышыптыр. Келе жаткан жолдо оюлуп калган жери бар экен. Жарышкандардын алдыдагысы өтүп кетет, артындагысы ашып кеткен машинага жетишем деген ойдо чыга калып, ушундай окуя болуп жатат.
Ошол кырсыктан 21 жаштагы жигит, 23 жаштагы кош бойлуу келин, 2 жарым жаштагы бала кайтыш болду. Ал эми баламдын баш сөөгү, менин жамбашым сынып, ушул убакка чейин ооруканадан башыбыз чыкпай келет. Чынында берки унаадагылар аман-эсен, эч нерсе болушпаптыр. Уулумдун башынын оң жагына доо кетип, сүйлөгөнүн дегеле түшүнбөйбүз. Башында таптакыр кыймыл-аракети жок болчу, азыр кичине басып жүрөт. Өзүм балдакты таштап өз алдымча басканыма аз эле болду. Тун уулум 1-класста окуйт, экинчи балам беште, ал эми кырсыкка учураган кезде 3 айлык боюмда бар эле. Ал чарчап калды. Райондук сот эки тарапты тең күнөөлүү деп тапкан. Бирок Мерседес астыбыздан чыга калып, кырсыкка учуратып жатпайбы. Каза болгондордун жакындары менен бирге Жогорку сотко чейин кайрылдык. Алардан «каралып жатат» дегенден башка жооп уга алган жокпуз.

Тургунбек Асыранкулов бул кырсыкта уулунан айрылган:
– Каза болгондордун ичинде менин эң кичүү 21 жаштагы уулум бар болчу. Өзү Агрардык университетти аяктап, дипломун колуна алгандан кийин «ата, эс алып келейин, кийин кол бошобой калат» деген эле. Ошону менен бир жолу эс алып түбөлүк уйкуга кете берди. Ал күнү мага бирөөлөр чалып, «ушундай кырсык болуптур» дешти. Баламды "Тез жардам" алып кетти экен десем, уулум эчак жан бериптир.
Сүзгөн унаанын ээлери сот менен сүйлөшүп, ишти өз пайдасына чечтирип алышты. Бул жерде адилетсиздик болуп жатпайбы! Биз сыздап кала бердик. Азыр ошол унаанын айдоочусун көргөндө канга кан кылып жибергим келет. Апасы мени карап ыйлайт, мен аны карап ыйлайм, баары бир унута албайт экенсиң да. Ичибизден сыздап отурсак, бир басып келип ал-абалыбызды сурап койгонго жарабады. Жакындарын жоготкондор жер карап, тирүүлөрү болсо жол карап отурушат.

Бул кырсыктагы экинчи унаанын ээлерине байланышканыбызда унаанын айдоочусунун апасы Сабыркүл Онорбекова мындай дейт:
– Күнөө Ауди үлгүсүндөгү унаа тарапта. Анткени ал машина менин уулум бара жаткан жолго кирип кетип, токтото албай калып эки унаа сүзүшкөн. Балам айдап бара жаткан унаада теңтуш баласы үй-бүлөсү менен болгон. Биз тосмо арыз жазып, "силер өзүңөрдүн унааңарга жооп бергиле, биз өзүбүздүкүнө жооп берели" деп сүйлөшкөнбүз. Ага карабай жабырлануучулардын ар бирине 10 миң сомдон берген элек. Аудинин ээси жүргүнчүлөрдүн чыгымдарын өзү көтөрмөк, дарылачусун дарылап дегендей. Ал эми каза болгондордун жакындарынын бирине уй, экинчисине жылкы алып барганбыз. Аудини айдап бара жаткан жигиттин атасы тосмо арыз жазганча биз ошол жакта эле жүрдүк.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(13)
14.03.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу болсун
14.03.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кырсык каш менен кабактын ортосунда!Айдоочулар адырандабай адамча эле айдашса...Тиги жаш кыйылган кырчын омурлор убал эле болду го!Боюнда бар келинчи?Туууй атанкору...
14.03.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошол 10.000 сомунңурады ороп туруп ХХХ алгыла. Бул жакта адам өлүп жатса бир уй бир жылкы дейт. Аллах жазаңарды берсин
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-03-15 10:26:24
14.03.2017. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба Кудай сактасын ар бир пендесин,бул дуйнодо эч качан адилеттик орун албай калдыго,мейли каза болгондордун туугандарына сабыр айтам,ал эми кунолуулор бул дуйнодо кутулганы мене тиги дуйнодо кутула албай калдыго,Кудайым буйурса созсуз жазаларын алат тиги дуйнодо,Аллахым озу жазасын берет.
15.03.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
жаштар жарышканды токтотсонор боло.атаны баладан баланы енеден ажыратып атасынар.
15.03.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Правиланы бузуп атса баласы 10,мин беретда сотун акчасында айтыш керек эле канча бенгенин....
15.03.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Опконду колуна кармабай акырын эле айда, сага унаа менен жарышкыдай жолдо сенден болок эч ким жокбу, ушул обгонго чыккандар куноосуз адамдардын омурун алды
15.03.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсык каш менен кабактын ортосунда, Бизди Аллах жараткан Аллах кана жаныбызды алат. Баары кудайдан окунуп кайгыруунун кажети жок андан коро эки тарап тен сабырдуу болуп жаткандарды кыйнабай жаткандарга куран окуп, ал эми аман калгандардын денсоолугун тилегиле омурун тиелгиле. Аллах ар бир пендесинин жанын алаарда жон албайт бир нерсеге себепкер кылып алат баарыбыздын тагдырыбызды бири-бирибизге байлап койгон, эчкимибиз айта албайбыз кимибиздин жаныбызды Аллах кантип алаарын тообо кылып калалы
16.03.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
yrysbek,бул айтканыныз туура,бирок жол кырсыгы боюнча биздин мамлекет алдынкы орундарда турат экен.
17.03.2017. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаман эле болуптур да....
17.03.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тосмо арыз жазганча ошол жакта журдук дейт
17.03.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсык дейт бирок сак болуш керек..сактансан сактайм дейт..мерседес эле куноолу го менимче жмнеге акча мал берет эле болбосо???
19.05.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун аллахым бейиштен орун берсин куноолулор оз жазасын алсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо