ЖЫЛДЫЗДАР ГРИММСИЗ УЧУРДА

№223 9-15-февраль, 2007-ж.

Памела Андерсон
Дүйнө эркектеринин бүйүрүн кызытып келген 40 жаштагы голливуд жылдызы Памелага ашык болгондор арбын. Чоң көкүрөктүү актрисанын мүчөсү менен жүзүн теледен көргөндө чын эле суктанасың. Бирок, макияжы жок, жөнөкөй турмушта анын кадимки эле америкалык аялдардан айырмасы жок.

Жерри Халливелл
33 жаштагы Жерри грими жок коомчулукка такыр көрүнбөйт. Анткени, макияжы жок кезде Жеррини көпчүлүк тааныбай да калат. Ырчы бетине туура эмес кам көргөн­дөнбү, же картайып баратабы, айтор, акыркы учурда анын бети кургап, бырыш болуп кеткен.

Женнифер Лопес
37 жаштагы актриса Женниферди көпчүлүк бардык жагынан төп келген айым катары кабыл алып келишет. Бирок, Женнифердин чыныгы жүзү суктанаарлык деле эмес. Болгону, актриса боёнуунун ыкмаларын мыкты билгендиктен, сулуу көрүнүүгө жетишип келатат.

Лиза Кудроу
Жаштардын сүйүктүү “Друзья” телесериалынын каарманы 44 жаштагы Лизанын боёк колдонбогон учуру теледен көрүнгөндөн абдан айырмаланып турат. Лизаны сериалдан, анан турмуштан көрүп, экөө бир киши экенинен да күмөн санайсың.

Жулия Робертс
40 жаштагы Жулиянын ысымын укканда көпчү­лүктүн көз алдына чыныгы “красотка” тартыла түшөөрү талашсыз. Аткаруучулук чеберчилигинен тышкары, ажары менен күйөрмандарын арбап келген актрисанын табигый келбеттеги сүрөтүн көргөндөр мындай ойлорунан алыстай түшүшөөрү турган кеп.

Анжелина Жоли
Таланты, популярдуулугу менен дүйнөнү багындырып келген 32 жаштагы актриса Анжелинага сулуулукту табийгат төрөлгөндө кошо тартуулаган дешет. Бирок, актриса макияжсыз турганда тартылган фильмдериндегидей ажарлуу эмес экенин сүрөттөр далилдейт.

Кэмерон Диас
35 жаштагы Кэмерон бетиндеги безеткилерден көп жапа чегип келаткандыгын жашырбайт. Косметика колдонбогондо актрисанын бетиндеги безеткилердин тактары дапдаана көрүнүп турат. Ошондон улам ал съёмка алдында бир канча саат косметологдо отураары белгилүү. Макияж жасатып чыга келгенде, андан чырайлуу айым жок.

Алла Пугачёва
Эрке ырчы 21 жаштагы Глюкоза ашыкча косметика колдонгонду жактырбайт. Турмушка чыгып жатканда да Глюкоза жеңил макияжды тандаган. Учурда ырчы косметиканы болушунча аз колдонгонго аракеттенүүдө. Өзүнүн боёк колдонбогон жүзү жолдошуна абдан жагаарын ырчы айтып келет.

Алёна Апина
Алёнанын бетиндеги кемчиликтер сахнадан байкалбайт. Антсе да сахна адамы болуп, косметиканы ашыгыраак колдонгондонбу же 40 жашты аркалап калгандыктанбы, ырчынын грими жок жүргөн кезинде бетинен жана моюнунан бырыштарды даана байкоого болот.

Кристина Орбакайте
Сахнадагы Кристина менен кадимки жашоодогу Кристинанын ортосундагы айырма өтө деле чоң эмес. Анткени, Кристина 35 жашка чыкса да, апасынан айырмаланып, косметикага көп басым жасабайт. Сахнага чыгаарда жүзүнө ылайыктуу өңдөгү боёкторду гана колдонот.

Глюкоза
Эрке ырчы 21 жаштагы Глюкоза ашыкча косметика колдонгонду жактырбайт. Турмушка чыгып жатканда да Глюкоза жеңил макияжды тандаган. Учурда ырчы косметиканы болушунча аз колдонгонго аракеттенүүдө. Өзүнүн боёк колдонбогон жүзү жолдошуна абдан жагаарын ырчы айтып келет.

Жанна Фриске
Жанна көпчүлүк ырчылардай болуп чыныгы жүзүн элден жашырбайт. “Мен боёнбогон түрүм менен деле дүкөнгө барып тамак-аш сатып келем” дейт ырчы. Жанна косметика колдонгондон кийин бетин тазалап жууп, майлуу каймактан сүйкөп, маска жасап кам көрөт. Боёксуз деле жүзүнүн жагымдуу көрүнөөрүнө ишенген 33 жаштагы “Блестящие” тобунун экс-солисткасы Жанна бир журналга макияжы жок сүрөткө түшүп берүүгө макулдугун берген.

Наташа Королёва
34 жаштагы Наташа гримсиз чыныгы украина кызы болуп калат. Ырчы гримсиз турганда көзүнүн алды шишимик тартып көрүнөт. Ошондуктан, макияжсыз элге гана эмес, туугандарына да көрүнгүсү келбейт.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
10.07.2012. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха ха ха алла тайнеме окшоп калыптырго)))
18.11.2012. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Глюкозаныкы экоо тен бирдей эле озгоруу жок,калганы жонокой эле адамдар ,ошон учун айтат адамдын корку чупурок деп и боенуп алсан жарашыктуу кылып звезда болуп каласын.
02.07.2013. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантишет кебетелери кокуй
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо