Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

№750 17-23-март, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Бийлиги күч экен булардын, апийим менен кармалса да чыгарып кетишсе. Азыр катуу издешет, бирок убакыт өткөн сайын токтошот. Бир туугандары Максаттын өзүнөн деле көрүп калышы мүмкүн. 1 айга Ысык-Көлгө кетип калдым. Эл азыраак деп Караколго барып, шаардын четинен бир бөлмөнү ижарага алып жашадым. 1 ай дегенде кайра шаарга келдим, бул жолу Ошко, Самат досума бардым, баарын түшүндүрүп айтып бердим. Эскирээк БМВсы бар экен, Мерстин мотору коюлуптур. Айнектеринин баары, алдыңкы эки эшиги ок өтпөс болуп жасалыптыр, ошол машинасын мага берди, документтери да жок эле, бир адамга жаздыртып койду. Ошентип кайра Бишкекке кеттим, Кудай жазалабаса, милиция жазалабаса, мен жазалайм сени дедим. Үнү чыкпас тапанча таап берди, 4 ок салгыч кутусу менен. Эми аны өлтүрөм деген оюм жок, андай ой түшүмө да кирбейт. Бирок кантип жазалайм деп ойлонгон да жокмун, ошол маал келгенде шартка карап көрө жатарбыз. Тапанчаны өзүмдү коргоо үчүн алдым, булар бай адамдар эле, көпчүлүгү күч органдарында, чоң кызматтарда иштешчү. Курал сөзсүз болот да буларда. Бронежилет алдым да, баарын бекиткенге машинанын ар кайсы жагынан жашыруун жерлерди жасатып, ошол жакка бекитип койдум.
Андан соң дачага келип жашап калдым. Сыртка түнкүсүн гана чыгам. Айылга барып Максатты аңдый баштадым. Мурункудай эле жүрөт, эч нерседен коркпой. Үчүнчү күн дегенде айылда бирөө үйлөнүү той кылып, ал жакка Максатты сөзсүз чакырышат да. Аны издебей эле той болгон үйгө барып жогорураак өтүп машинаны токтотуп коюп, той болгон үй айылдын четинде эле, жолдун берки бети талаа болчу, ошол жакка басып бардым. Жүгөрү эгилген экен, арасына кирип бекинип отурдум, колумда тапанча. Максат тойдо экен, ортого түшүп алып бийлеп жатат, аябай эле кызуу. Ошо бийлеп жаткан жеринен эле атып салгым келет, тамеки чегип өзүмдү алаксытып отура бердим. Саат 11лерде кетейин дедиби, эшикке чыкты, артынан тойдун ээси кошо чыкты узатып. Экөө бир аз сүйлөшүп калышты. Алардын сүйлөгөндөрү обочороок жерде жаткан мага даана угулуп жатты. Тойдун ээси 60тардагы адам эле:
– Максат балам, мени ук, муну техника дейт, айдабай эле кой. Балдар жеткирип койсун,- деп кетмекчи болгон тигини көндүрө албай аракет кылып жатты, колунда түйүнчөк, тойдон устукан, майда-чүйдө салып берген окшойт.
– Ээ, бу кандай, өзүңүз деле түшүнбөйсүзбү. Балдарыңыз узатып барса мага «мешайт» этип койбойбу, мени азыр тээтиги талдын түбүндө бир периште күтүп турат, ха-ха-ха. Күйөөсү бүгүн келбейт экен,- деп аксакалды далыга чапкылап, андан ары сөзүн улантты:
– Рахмат, тойго чакырганыңызга. Мен барып устуканымды жеп келейин, арак салдыңызбы?- деп машинасын көздөй басты. Аксакал да артынан түйүнчөгүн кармап ээрчип басып:
– Эки шише арак, бир коньяк салып койдум,- деп бөйпөңдөйт.
Мен да машинама барып, от алдырып даяр турдум. Максат машинасы менен жаныман өтүп кетти да, көчөнүн бүтө беришинде чоң тал бар эле, ошол жерге барып токтоп, бир аз турду да, күтүп турганы отурду окшойт, жүрүп кетти. Талаага кетишти, бул жакты жакшы билем, түшүндүм каякка барышарын. Чоң суу өткөн, берки жээги жар бүт эле. Катарынан өскөн 10дон ашык дарак бар, ошол дарактарга барат. Айыл бүткөн жерден бир чакырымдай алыстыкта. 10 мүнөттөй турдум, артынан эч ким барган жок.
«Эми шашпа, сени бүгүн мен соттойм» деп сүйлөнүп артынан бардым. Айылдан чыгып, 200 метрдей жүргөндөн кийин машинаны жүгөрүлөрдүн арасына бекитип коюп жөө жөнөдүм. Дарактардын арасына жетип карасам тиги экөө отурат, каткырып күлүп, ырдап. Саат 11 жарым болуп калыптыр. Тезирээк бир нерсе кылбасам Максатты бирөө-жарым издеп келип калышы мүмкүн эле. Дарактардын түбүндө отурушкан, жакын барсам деле байкашкан жок. Бир маалда Максат туруп жарды көздөй басты, жар 10 метрдей жерден башталат эле. Келин да туруп, машинага отуруп музыкасын чукулап бир ыр издеп жатты окшойт. Дарактардын арасынан Максат кеткен жак көрүнбөйт эле, чуркап Максаттын артынан бардым. Максат жарга 1-2 метрдей жетпей заара ушатып жаткан экен, шыбыртты уктубу, артына бурулуп мени көрүп, ай жарык эле, тааныды, көздөрү алайып эки жагын каранып калды:
– Сүйлө, Максат бий, эмне унчукпай калдың?!- үнүм каардуу чыкты. Мага эмне болгон, ушуну менен экинчи жолу үнүм ушинтип чыгып жатат. Ичиме ушунчалык кек толуп калганбы? Үнүмдөн эле менин жакшылык менен келбегенимди сезди окшойт, чөгөлөй калып:
– Кечир, Каке, кечире көр, иттик менден кетти...- деп бутумду кучактайм дедиби, жакындай баштаганда болгон күчүм менен бетке тептим. Мастыгынанбы же башын ала качам дедиби, артка чалкалай коём деп өзүн токтото албай жарга түшүп кетти...

(Уландысы кийинки санда)

 

Кайрат Какеев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Башка сандарда:
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 737-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 738-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 739-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 740-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 741-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 742-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 743-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 744-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 745-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 746-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 747-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 748-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 749-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 751-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 752-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 753-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 754-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 755-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 756-сан
Комментарийлер(15)
20.03.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менго биринчи
20.03.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен биринчи
20.03.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми кайра эле бир жума
20.03.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вай журогуум дагы 1 жума
20.03.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат олсо аялы менен жарашат экенда
20.03.2017. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иии мына эми кызыктуу болуп баштады,кичине кообуроок болсо мынданда жакшы болмок
adiletik түзөттү 2017-03-20 23:51:12
21.03.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Качан бутот бул кино
22.03.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото аздан жазып жатасынар да ...
22.03.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат олду банктан алган акчасыда калган жок эми аялын кечирет окшойт
22.03.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каап эми окуп баштаганда бүтүп калганы жаман да.
22.03.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча ааааааааз
22.03.2017. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер кж мезгилден артта калдыныз деп коет экен даа
23.03.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Качан бутот эми бул жомок
24.03.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге жаны саны чыга элек
24.03.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orozgul21, саламатсызбы? Гезиттин жаңы саны порталга дүйшөмбү күндөрү чыгат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо