Сайкал Садыбакасова, ырчы: «МАГА СҮЙҮҮСҮН АРНАГАН ЖИГИТ БАР. АЛ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЧӨЙРӨДӨН ЭМЕС"

№750 17-23-март, 2017-ж.

– Сайкал, жакында сулуулук салонун ачып, иштетип жатасың. Өзүң дагы кардарларды тейлеп сулуулап турат экенсиң...
– Салон ачам деген жакшы ниеттер бар болчу, бирок ушунча бат болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Арзуубек деген дизайнер экөөбүз жарымын ателье, жарымын салон кылып ачтык. 7 жылдан бери өзүмдү, кыздарды боёп келсем, жакында макияж кылуунун окуусун бүтүрүп сертификат алдым. Эми мен өзүмдү кесипкөй визажистмин деп айта алам. Апам "ырчылыктан эмнеге визажистке өтүп кеттиң? Башкаларды боёгонуң уят эмеспи. Ырчыдай болуп кардар тейлебей эле койбойсуңбу" деген оюн айтты. Чыгармачылык менен ишкерликти чогуу алып кеткен оорчулук жараткан жок. Мен күнүгө салондон чыкпай кардарларды боёп отурган жокмун. Мага жазылган адамдарды гана кабыл алам. Башында кардарлар агылып келбейт, от алгыча 1 жыл убакыт керектелет. Жакшы иштеп өзүбүздү көрсөтүшүбүз зарыл.

– Сенин боёгонуң кыздардын купулуна толуп жатабы?
– Ар кандай болот экен. Кээ бири "бул жери мындай болуп калыптыр, окшошпой калды" десе, көбү кайра чалып ыраазычылыгын билдиришет. Бул чөйрөгө биринчи жолу аралашып жатам да. Чыгармачылыктан жаман сөздөрдү уксам "сүйлөй берет да" деп кол шилтеп коймокмун. Бирок кардар эмне десе ошону кылып калат экенсиң. Кантсе да жакшы нерсени жаман деген адамдарга таң калдым. Ошондуктан баарына аралашпайын деп башка адамды
администратор кылгам.

– "Кыз-Бурак" тобунан кетип, жеке ырчылык менен алек болууну чечтиң. Ошондо кыздар тез алмашып, долбоор өзүн актабай калганынан өз ишин убактылуу токтоттубу?
– Жок. Мурунку курамды таркатып, кайра кастинг өткөрүп 150 кыздын арасынан 4 кызды тандап алдык. Азыр кыздар вокалдан сабак алып, бийлегенди үйрөнүп жатышат. Мурдагы ырларды ырдабайт, жаңы ырлар менен чыгышат. Алар 1999-2001-жылкы жашы жете элек кыздар болгондуктан, келишимге ата-энелери кол коюшту. Апам менен сүйлөшүп, чечишип алып кыздарын тапшырышты. Өспүрүм курактагы кичинекей кыздар болгондуктанбы, баарын бат эле сиңирип алган, аракетчил кыздар экен. Кыздардын жүзүн таанытуу үчүн фотосессия кылууга даярданып жатабыз. Буюрса, кийинки айда жаңы ыр менен чыга башташат. Мен ал жакта ырдабай калсам дагы аткаруучу директор болом, чыгармачылыгын өзүм көзөмөлдөйм.

– Секелек кыздар болсо, кийинүү стили да заманбап болобу?
– Биз "Кыз-Бурактын" өзүнүн стилин, имиджин жоготпошубуз керек. Алар кыргыз кыздарына үлгү болуп, кыргыз деген духту берип турушу шарт. Заманбап болот, бирок өтө кыска кийишпейт. Эң башкысы кыздар жандуу ырдашат.

– "Кыз-Бурак" тобун алып кетүү оор болуп калган учур болду беле?
– Апам ар кандай кырдаалга туш болот. Топ акча таппай калганда да апам демөөрчү катары аябай көп суммадагы каражат сарптайт. Ошондо апама "көп акча кетирип жатасыз" десем, "топ – менин жаным, жашоом" дейт. Топто башкы жүз мен болуп, кыздар келип-кете берип башкача болуп калды. Бардык жакта эле Сайкалдын үнү болуп кетти. Апам туура багыт берип, жеке ырчы катары эле өз жолум менен кетишим керек болду.

– Эми жеке ырчы катары чыксаң, элди таң калтыруу үчүн ачык кийинип чыгууга даярсыңбы?
– Мурда ырчылар кийинүү стили менен күйөрман чогултса, азыр эл үнүнө баа берет. Мен сахнада берилип ырдап жан дүйнөмдү жылаңачтоого даярмын, бирок денемди көрсөтүп чечинбейм.

– Кыйын учурда ишиңди улантуу үчүн эмнеден мотивация аласың?
– Мотивацияны апам берет. Ал менин намысыма тийип, "мына, сен отурасың, бул жакта мындай болуп жатса сен отура бер ошентип" деп койсо эле болду, өзүмдү колго алам. Анан эл кол чапса, жакшы сөз айтса стимул берет. Адам өзүн кыйын сезсе өсүү болбойт. Жумушумдан ырахат алып иштейм. Ырдаган, кыздарга үйрөткөн, алардын ийгилигин көрүп сүйүнгөн өзүнчө эле "кайф". Менде деле өзүмө тийиштүү кыйынчылыктар, ичимден сызып арман кылган нерселерим бар. Бирок мен аны сыртка чыгарып бөлүшкүм келбейт. Андай учурда ырдайм, обон чыгарам, ыр жазам.

– Жеке жашооңдо баары жакшы экенин социалдык тармактагы баракчаңа "Мен сени сүйөм" деп жазганыңдан билсек болот...
– "Кимге турмушка чыгып, кандай жашайт болду экен?" деп тоюмду күткөндөр көп. Алар деле менин бактылуу болушумду каалап, "качан турмушка чыгасың?" деп сурашат. Жеке жашоомдо баары жайында. Сөз айтып сүйүүсүн арнаган жигит бар. Ал чыгармачыл чөйрөдөн эмес.

– Мамилени тойго жеткирүү үчүн канча убакыт сүйлөшүш керек деген ойдосуң?
– Аны менен өмүр бою жашап, балдарыңдын атасы боло турган соң 1-2 жыл сүйлөшүш керек. Кимге тием, ким менен жашайм, бул суроону Кудай бешенеме жазып чечип койгон. Буга тием, мындай жашайм деп оозумду чоюп айта албайм. Азыр сүйүүсүн арнап жаткан жигит менен жолубуз бирби, жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Мен Кудай буюрган адамды бактылуу кыла алам.

– Мамиледе эмнеге жол бербейсиң?
– Ишсиз жүргөн адамды жаман көрөм. Эркек киши үйдө да, сыртта да иштеп, колунан бир нерсе келиши керек. Адамга бир нерсе десең "кембагал болсо, колунда жок болсо ошо да" дешет. Андай эмес, адамдын колунан баары келет. Колунда жок болсо өздөрүнөн көрсүн. 5 сом тапса да иштеген адам деп билем. Ушуну көпчүлүк учурда түшүндүрө албай калам. Айтсаң эле "кедейди тоготпойт" дешет. Андай жигит менен мамиле куруунун кереги барбы? Официант болуп иштесе күнүгө 1000 сом табат да. Мен кийин, балким, иштебей калам. Төрөп үйдө отуруп калганда ал "памперс" алып келе албаса, андай адамга тийип алып эмне кылам? Бай эмес, башы иштеген адамга тийиш керек деп эсептейм.

– Сүйгөнүнө жетпей калып арман кылган кайгылуу ырларың бар. Армандуу сүйүүгө туш болгон күйөрмандарыңа кандай кеңеш берет элең? – Биз миллион жолу ыйласак да, жетпей калып өлөм десек да, Кудай ар бир адамга өз бактысын буюруп койгон. Бакыт берсе бат эле. Бүгүн ыйлап жаткан кыз эртең эле башкага турмушка чыгып, очор-бачар болуп анысын унутуп калат. Ошон үчүн нерв коротуп кайгыргандын эмне кереги бар?

– Ишиңе ийгилик. Маегиңе рахмат!

"Сертификат алып, кесипкөй визажист болдум".


"Апам туура багыт берип, жеке ырчы катары эле өз жолум менен кетүүгө туура келди".


Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Жигиттерди чангандык эмес, татыктуусун издеп жатам" дейт Сайкал Садыбакасова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(76)
22.03.2017. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козду мончок жерде калбайт!Нике кайып буйрусун!
22.03.2017. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
беш жыл болду, чыкчы эми ушуга турмушка,
22.03.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
моя любимая певица )))успехов во всём
22.03.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Кыргызстан плюс деген топ болчу мурда, жетекчиси Насридин Жуманов беле, ошол жигиттен интерьвю алып бергилечи, эмнеге ырдабай калган.
22.03.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janyll, саламатсызбы? Өтүнүчүңүз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
22.03.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал азаматсын!Гулшайыр эжеден алган тарбиян менен ,коколоп уч,зымыра,бийиктиктерди багынт.Мумкунчулук берилдиби токтоп калба.Сенде баары бар,сулуулук,акча,жондом ,талант,поддержка,потенциал айтор баары.Андыктан бир гана ийгиликтерди жарат.Кыргыз маданий чойросундо жок жанычылдыкты кутуп келем.Бирок негедир сен да агым менен эле агып бара жаткандайсын.Жаны тобуна ,жеке жашооно ийгиликтерди каалайм...
Медиа-портал
22.03.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун маек болуптур.Максат сен азамат жигитсин, интервьюларын дайым кызыктуу жана табышмактуу.Ушу сага кандай кыздар жагат болду экен.Орусча айтканда далекий жигит!
22.03.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Энесин коруп кызын ал, - деген соз эн туура айтылган да. Гулшайыр эженин абдан сыйлайм. Сайкал сага ийгилик!
22.03.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нурлан Насип менен ырдаган дуетиңиздеги образыңыз абдан жагат. Жашоодо да ошондой жөнөкөй болуң. Негизгиси бактылуу болуң.
22.03.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
briliant87, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
22.03.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал сулуу. акылдуу.бактылуу бол.

22.03.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол
22.03.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал сонун кыз озгочо обону жагат!
22.03.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кыз))))))
23.03.2017. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы жакшы орундуу суйлоптур
23.03.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Обу жок блин деп сүйлөптүр го. Болгонун болгондой сүйлөшпөйт булар сахнада бир адам жашоодо башка адам,көчөдө дагы башка ооо буларда беи кеңири. Кантсе да ар бир пенде бактылуулукту эңсейт жана ошого укуктуу. Бактылуу бол сүйкүмдүү жар,мээримдүү эне бол
03.04.2017. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Benazir08, Артисттерда. "Вы в Эфире! Дубль12/4" дегенде, бизге Суперчилер корсотуп койгондой ))) бат эле озгорушот ))) Ошондуктанда Артисттер, Актерлор Ислам дининеда туура келбейт.
tina76.65 түзөттү 2017-04-03 05:16:12
23.03.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга ийгилик
23.03.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал ичинде кири жок,жакшы кыз молодец ийгилик сага
23.03.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вишневый сезондогу Аяз жонундо жазсанар жакшы болмок.бирок менин сунушумду кабыл албайсынарда
23.03.2017. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага буйруган жигитти Бактылуу крыла алам дептир азамат! Сайкалдын колунан келет. Бактылуу бол!
23.03.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайф дейтго а
24.03.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага уну абдан жагат.Ийгилик!
25.03.2017. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Срок отуп кетет.Эртерээк эрге тийип ордунду тап Сайкал.А так унуно соз жок чындыгында таланттуусун.
25.03.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал Дуйшон Торокуловдун с(Душка) суйлошкон кызы беле
25.03.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонун кызсын
25.03.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик сага
25.03.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур. "Бай эмес,башы иштеген адамга тийиш керек"-дегени жакты,кошулам.
Ишине ийгилик,өзүнө бактылуулук каалайм! жакшы кыз.
26.03.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал бактылуу бол жана ишинизге ийгилик!!!
26.03.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Умница
03.04.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ritulek, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-03 09:37:55
SUPER.KG видео
20.05.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец соонун маек...эркелегени да жарашып
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо