№750 17-23-март, 2017-ж.
Пенсия (латын сөзүнөн «pensio» – «төлөм») – жашоонун негизги каражат булагы катары мамлекет же башка субъект тарабынан эмгекке жарамсыз жарандарга өмүр бою берилүүчү төлөм. Кыргызстанда пенсия кантип эсептелинет жана эмнелер эске алынат? Суроолорго Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымат кызматы жооп берет.
ПЕНСИЯНЫН ТҮРЛӨРҮ
ПЕНСИЯНЫ ЭСЕПТӨӨДӨ ЭМНЕЛЕР ЭСКЕ АЛЫНАТ?
ИШТЕБЕГЕН ЭНЕЛЕР
Балдарды багуу мезгили жалпы камсыздандыруу стажына кирет. Бирок сиз төрөгөн эне катары пенсияга чыксаңыз, стажыңыз аз болсо, анда аз өлчөмдө чектелет. Эгерде сиз иштей албай турган абалда болсоңуз, анда Социалдык өнүктүрүү министрлигинен социалдык жөлөк пул чектелет. Пенсиялык фонддон алган пенсия жылына көбөйсө, Социалдык өнүктүрүү министрлигинен төлөнгөн социалдык пенсия республикалык бюджеттен көз каранды.
МИГРАНТТАР
Сыртта иштеп жүргөндөрдүн пенсиясынын өлчөмү иш стажына, иштеген мезгилинде төккөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө жараша болот. Алар эки жол менен пенсиясынын өлчөмүн көбөйтө алышат.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду эмгек мигранттарынын саны көбүрөөк топтолгон мамлекеттер менен пенсиялык социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Мисалы, Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында, ошондой эле Түркия Республикасынын өкмөтү менен түзүлгөн келишимде тең укуктуулук принциби каралган. Башкача айтканда, аталган мамлекеттерде эмгектенген жарандарыбыз социалдык камсыздоо жаатында ошол мамлекеттердин жарандарындай эле укуктарга ээ болушат.
Ошондой эле аталган келишимдердин долбоорлорунда пенсияларды экспорттоо мүмкүнчүлүгү каралган. Башкача айтканда, жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттерде мыйзамдуу иштеген жана иштеген мезгилинде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандарыбыз ишмердиги аяктагандан кийин пенсиялык эсептеринде топтолгон суммаларды пенсия түрүндө экспорттоо тууралуу билдире алышат.
Мындан сырткары мигранттар пенсия топтоо үчүн паспортундагы 14 сандан турган жеке номерге (ПИН) айлыгынан же тапкан каражатынан которсо болот. Кыргызстандагы орточо айлыктын 8 пайызын, тактап айтканда, 13 483 сомдун 1079 сомун которот. Которгон каражат түштүбү, аны текшерип туруу керек. Которуудан тартып эмгек стажы жүрөт.
ДЫЙКАН, ФЕРМЕРЛЕР
Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү жер үлүшүнүн аянтына жана түрүнө жараша камсыздандыруу төгүмдөрүнүн базалык ставкалары боюнча эсептелинип төлөнөт.
ЭМГЕК СТАЖЫ ЖОК, КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨЛӨМДӨРҮН ТӨЛӨБӨГӨНДӨР
Эмгек стажы жок жарандар пенсия ала алышпайт, андай жарандарыбыз Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан курагы боюнча жөлөк пул ала алышат.
МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС ПЕНСИЯЛЫК ФОНД ДЕГЕН ЭМНЕ?
"Кыргызстан" мамлекеттик эмес пенсиялык фонду өлкөбүздө 1994-жылдан бери иш жүргүзүп келе жатат. Аталган фонддун башкы директору Кадырбек Ракымбековичтин айтымында, бүгүнкү күндө бул фонддон 1634 адам пенсия алат. Фонддун эсебине түшкөн каражат Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын текшерүүсүнөн өтүп турат.
Жарандар аталган фонд менен келишим түзүп, эсеп ачып, ага ар ай сайын акча которуу менен пенсия топтой алышат. Минималдык сумма – 500 сом. Мында пенсия топтоонун 3 түрү бар.
1. Ыктыярдуу топтоо системи.
2. "Мурас" балдар пенсиясы. Балаңызга арнап ай сайын белгиленген сумманы салып турсаңыз, келишимде белгиленген мөөнөттөн кийин балаңыз өз пенсиясын ала берет.
3. Пенсиялык камсыздоо полиси.
Келишимдин мөөнөтү 10-25 жыл. Мөөнөт аяктаган соң узартууга болот.
Эгер бул фонддо жеке эсебиңизди ачып, ага белгиленген каражатты ай сайын салып турсаңыз, 10 жылдан кийин жашыңызга карабай пенсия ала баштайсыз. Мисалы, ай сайын 500 сомдон салсаңыз, 10 жылдан кийин ай сайын 2000 сомдун тегерегинде пенсия алып турасыз. Эгер келишим түзгөн жаран кокустан каза тапса, анын пенсиясы жакындарына берилет.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |