3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

№751 24-30-март, 2017-ж.

(Башталышы өткөн ­сандарда)

Мектепте басмырланганы аз келгенсип, эми бул жакта да башталды. Сыртынан кебелбегени менен, ичинен абдан капа. Тайпасында бат эле "лузер" атка конду. "Эмнеге бул жакка тапшырып алдым?" деп кээде нааразы болуп кетет. Сабактарда тырышып жооп берейин дейт. Бирок орусчаны жакшы билбегендиктен жооп бере албай такалып калат. Уялчаак мүнөзү тайпасындагылар менен ынак болушуна тоскоол болгонсуйт.
Шерзат жатаканага келгенде гана жаны тынч алат. Бул жакта өзүнө окшогон, көпчүлүгү айылдан келген студенттер экенин байкады.
– Орус тилинде жооп бере албай жатсаң, кыргызча эле айта бер да. Унчукпай турсаң, сени билбейт экен деп ойлоп жатышат. Тырышып жооп бере бер.
– Айылдан келип алып, кантип чет тил факультетине тапшырып алдың экен...
– Биринчи сессиядан эле кайра айылды көздөй жөнөп калба. Оку, тырыш.
Жатакананын 12-бөлмөсүндө ушундай сөздөр айтылып жатты. Шерзат бул күнү да маанайы жок келди. Бөлмөдөгү курсташтары анын абалын түшүнгөндөй болушат. Окуунун башталганына бир ай өтө элек болсо да, университетке барууга көңүлү чаппай каларын ойлогон эмес.

ххх

– Жардамга-аа!
Мындай үндү сабактан эми гана чыгып келе жаткан студенттердин көпчүлүгү угушту. Жолдун ары жагында үч кызды эки бою узун адам урушуп жаткан экен. Кыздар студенттер окшойт, ал эми тиги экөө чоочун сымал. Кимиси эмнени талашып жатканын аңдап болбойт. Бир учурда чыр ырбап кеткендей болду, жигиттин бирөөсү кызга колун көтөрүп жиберди. Ушул учурда кыздар ар кимден жардам сурап киришти. Мындай учурда чыныгы жигиттер, эркектер кайда деген ойлор келип кетет. Жабалактап чыккан 1-курстун студенттеринин арасынан эч кимиси даап бара албайт. Кээ бирлери эч нерсе көрбөгөндөй эле өтүп кетип жатышты.
Чет тил тайпасындагылар аудиториядан эми араң чыгышкан. Кыздардын жардамга чакырып жатканын эми гана угушту. Ал жерге 4-5 бала жетип барды. Жеткени менен эч кимиси ортого түшүп арачалаганга эрки жетпей турушту. Бир-экөөсү гана "токтоткула" деп тим болушту. Ыйлап жаткан кызды дагы чабайын деген жигитти көргөндө алардын арасында турган студент эми жөн тура алган жок. Колун көтөрүп келе жаткан жигиттен бир колу менен коргонуп, экинчиси менен жаак талаштыра согуп калды. Мындайды тиги күтпөгөндүктөн дендароо боло түштү. Ал эле эмес, ошол жерде тургандардын баары дендароо. Бою орто студент өзүнөн эки эсе келген жигиттер менен алышып жатса... Экинчиси сөгүнгөн боюнча балага тап бергенде буйтаганга үлгүрдү. Анын артына өтүп, бери карайын деп жатканда бетке согуп калды. Муштум даана мурун жакка тийиптир, жер дароо канга боёлду. Ошондо гана калган студенттер жабалактап бөлүштүрүп калышты. Эки жигит ары жактагы унаасын көздөй кеткиче шашышты.
Кыздардын ыйы басылып, бул балдарга ыраазы. Үч кызды тең ортого түшүп, аларды бир балээден куткарып калган студент кызыктырды. Анын жүзүн эч кимиси даана деле байкаган жок. Ызы-чуудан улам кимиси ким экени деле көрүнгөн жок. Бирок бул окуя жароокер студенттин аброюн көтөргөндөй болду.

ххх

215-аудиторияда орус тил сабагы. Көпчүлүк студенттер үчүн кадимки сабак болсо, Шерзат үчүн бул эң татаал сынак. Окутуучу Елена Александровна бүгүн ар бир студентке өзүн тааныштыруучу дил баян жазгыла деген тапшырма берди. Бирок тайпада андан кызыктуу талкуу жүрүп жатты.
– Бул биздин луз... Шерзат турбайбы.
– Ооба, мына, жанындагы балдар биздин тайпадагылар. Чын эле Шерзат окшойт.
Тайпадагы кыздар телефондогу видеону кызыгуу менен көрүп жатышты. Университеттин алдындагы мушташ тууралуу видео студенттер арасында тарап кеткен. Атүгүл "коркпос студент" деген аталыш менен интернетке да жайылды.
Чындыгында ошол күндөн тарта Шерзаттын баркы өстү. Өзгөчө тайпадагы балдардын арасында.
– Жакшы мушташат экенсиң. Айылдын атаманы болгон окшойсуң.
– Эр жүрөк жигит турбайсыңбы, Шерзат. Болгону, жанагы кыздар менен таанышып калбайт белең...
– Ооба, биз абалды түшүнгүчө кирип бардың го. Бүт университет ошол видеону талкуулап бүтө албай жатышат.
Шерзатты эми тайпада эч ким лузер дей албайт. Унчукпай жүргөнү менен намыскөй жигит экендигин эми көрүштү. Шерзат айланасындагылардын мамилеси бат эле өзгөрүп кеткенине таң калып жатты. Ал жердеги ызы-чууга кирип барбаса, тиги балдар кыздарды эмне кылмак, ким билсин...
Көңүл чордонунда башкы каарман болгонуна өзүн оңтойсуз сезип жаткан Шерзат тапшырманы аткарууга киришти. Орусчаны мыкты билбесе да, сөздөн сөз издеп жазганын улантты. "Я из села Ак-Булун Нарынской области. Отец работает в селе ветеринаром. После окончания школы отец привёл в город. Так и поступил в университет. Впервые увидел Бишкек. Тут всё красиво..." "Бул жерин мындай кылып жаз" деп жанында отурган тайпалашы Нурдин жардам берип жатты...

(Уландысы кийинки санда)

Алибек Алиев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Башка сандарда:
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 747-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 748-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 749-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 750-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 752-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 753-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 754-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 755-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 756-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 757-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 758-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 759-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 760-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 761-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 762-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 763-сан
Комментарийлер(11)
27.03.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыктуу боло баштады))
27.03.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түзүүүк
27.03.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми учунчу раунддагы нокаутка жеткиче дагы кооооп бар окшойт
27.03.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жерине келиптирго
27.03.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теке теке...Кызыктуу экен.
29.03.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ararat...,эми кыска эле Теке Теке деп калат окшойбуз,чиркин
27.03.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшыы
28.03.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oo kyzyktyryp koidugo
28.03.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эски санын кайдан табам
29.03.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vip.aidan96, саламатсызбы? Төмөнкү шилтеме менен кирип көрүңүз: https://www.super.kg/article/show/39739
30.03.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээ мынча аз, кызыгып окуп киргенделе уландысы кийинки санда деп калдыго(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо