DЕJА VU

№751 24-30-март, 2017-ж.

– Кызык, мага бул окуя мурун болгондой туюлуп жатат.
– Бул дежа вю да...
Ар бир адамда өмүрүндө жок дегенде бир жолу ушундай туюм болсо керек. Бул нерсе "дежа вю эффектиси" деп аталат. Жер жүзүндөгү окумуштуулардын бири дагы дежа вю боюнча так түшүндүрмө берише элек. А бирок бул тууралуу божомолдор толтура.

ЭСКЕ ТҮШКӨНДҮН БААРЫ ЭЛЕ ДЕЖА ВЮ ЭМЕС...

Дежа векю
– мурун башымдан өткөн.
Дежа епруве – мурун мындай сезим болгон.
Дежа антандю – мурун уккам.
Дежа пензе – мурун да ушинтип ойлонгом.
Дежа сю – мурун эле билгем.
Дежа воулю – мурун каалагам.
Дежа раконте – мурун айткам.
Дежа фаит – мурун жасагам.

МЭЭНИН ИШТЕШИНДЕГИ КАТАЧЫЛЫК ДЕЖА ВЮНУ ПАЙДА КЫЛАТ


"Dеjа vu" француз тилинен которгондо "мурун көргөм" дегенди түшүндүрөт. Адамдын учурда болуп жаткан окуяны мурун болгон сыяктуу кабыл алгандагы психикалык абалы. Алгачкы жолу бул терминди франциялык Эмил Буарак 1917-жылы жарык көргөн "Психика илимдеринин келечеги" аттуу китебин жазууда колдонгон.
Дежа вю абалы мурун окуган китепти кайра окуган сыяктуу же көргөн тасманы кайталап көрүп жаткандай. Бул абалга кабылган адам тасма же китептин аягы кандай окуя менен жыйынтыкталарын эстей албайт. Болгону андагы кайсы бир окуянын жүрүшүндө өзүнө тааныш сөздөрдү, учурларды кездештире берет. Бул эффектиден алынган таасирленүү адамдын эсинде көп жылдар бою сакталышы мүмкүн. Бирок дежа вю абалында капысынан эске түшкөн учурду мурун качан, кайсы жерде башынан өткөргөндүгүн эстей албайт. Дежа вю дереализация (кабыл алуунун бузулушу) менен коштолот. Анда адам учурдагы нерсени мурун болгондой (дежа вю абалы) кабыл алып же, тескерисинче, күндө көргөн нерсесин алгачкы жолу (жаме вю – мурун көрбөгөм) көрүп жаткандай болушу мүмкүн.
Неврологдордун айтымында, дежа вю эффектиси мээнин гиппокамп бөлүгүнүн туура эмес иш алып баргандыгынан улам пайда болушу мүмкүн. Аталган мээнин бөлүгү маалыматтарды ирети менен сактоого жооп берет. Эгер ал кайсы бир себептен улам иштөө иретин бузса, анда биз болуп жаткан жаңы окуяны эски окуядай кабыл алышыбыз мүмкүн. Бул акыбалга катуу стресс, мээнин чарчашы же магниттик бороон себепкер болушу ыктымал.

ЖАН ДҮЙНӨНҮН САЯКАТЫ...

Эзотериктер дежа вю эффектисинин жаралышын реинкарнацияга (кайра жаралуу) байланыштуу деп түшүндүрүшөт. Алардын айтымында, ар бир адамдын жан дүйнөсү учурдагы түспөлүндө жаралуудан мурун бир нече жолу башка денеде жашоо кечирген. Демек, дежа вю – бул адамдын жан дүйнөсүнүн мурунку жашоосундагы окуя же абалдардын капысынан эске түшүшү. Бирок бул божомол туура эмес болушу мүмкүн деген ойлор көп. Себеби адам кээде жаңы үлгүдөгү смартфонду же жаңы курулган имаратты көрүп деле буга чейин аны көргөндөй болушу ыктымал.

ӨҢҮБҮЗДӨГҮ ТҮШ

Дежа вю тууралуу божомолдордун көп болушунун себеби, атайын (жасалма жол менен) бул абалга кабылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан аны толугу менен изилдеп чыгуу кыйынга турат.
Психологдор дежа вюнун жаралышын адамдардын түш көрүүсү менен байланыштуу дешет. Психоаналитик, психиатрлардын айтымында, биз түшүбүздө күнүмдүк турмушубузга байланыштуу миңдеген окуяларды көрөбүз. Чыныгы жашоодо кээ бир окуялар түшүбүздөгү окуяга окшошуп кетет, ошондо бул нерсе мурун болгондой туюлат. Бул божомол башкаларга караганда чындыкка эң жакыны. Себеби дежа вю абалына ден соолугу чың адамдар деле кабылышат.
Психикалык жактан жабыр тарткан адамдардын дежа вю абалына кабылышы кээ бир учурда биз ойлогондой оңой өтүп кетпейт. Дени сак адамдардын дежа вю абалы бир нече секундга гана созулса, оорулуулардыкы бир нече мүнөт, кээде сааттарга созула берет. Дежа вю эффектиси оорулуунун аң-сезиминде бир окуя көп күндөн бери кайталанып жаткандагыдай сезим жаратышы мүмкүн. Айрым учурларда галлюцинация менен да коштолот. Мындай абалда психикалык жактан жабыр тарткан адамдар аябай кыйналышат дешет психиатрлар.

КЫЗЫК ЭКЕН...

• Ырчы Мадонна алгачкы жолу Пекиндеги кытай императорунун хан сарайын кыдырып жүргөндө "мага бул хан сарайдагы ар бир бурч тааныш" деген. Мындан улам ырчы мурунку жашоосунда акыркы Маньчжур императорунун кызматчысы болгонун эстегенин айткан.
• "Тилимдин учунда эле турат, бирок айта албай жатам" деген абал таанышпы? Ал дежа вю сыяктуу эле нерсе – пресквю деп аталат.
• Улуу ойчул, жазуучу Лев
Толстой бир жолу аттан кулап түшөт. Ошондо жерден туруп жатып ал капыстан мындан 200 жыл мурун дагы дал ушинтип аттан кулаганын, бирок анда такыр башка түспөлдөгү адам болгонун эстегенин айткан.
• Орусиялык кинорежиссёр Леонид Гайдайдын "Приключения Шурика. Наваждение" тасмасында дежа вю эффектисин мыкты ачып берген кадрларды учуратууга болот.

Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
27.03.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кызык. deja vu абалы менде да бар болчу, мисалы:тааныбаган адамдар тааныштай,омуру корбогон жерлер уже коргондой,башымдан бир окуя болуп атса акыры кандай болорун билип койчумун.Мурунку жашоомдо болгон корунуштор го деп ойлоп койчумун
27.03.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менде да болуп турат
27.03.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кобундо эле кездешет мындай учур
27.03.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде да коп болот.Бироого суйлоп жатып ошол созду ,мурун дагы ошол эле учурда айткандай ,же Имараттан чыгып кирип жатканда ошол жерден мурун да чыгып кирип жургондой сезим калтырат.Даны толтура ар кандайлар болот....Тан калам десем бул корунущ коп адамда болот экен.
27.03.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо..Менде да болот кээде.Бакшы болуп баратамбы деп коем,тан калып.Корсо кобундо эле болот турбайбы)))
27.03.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ал жөн гана түштөгү нерсени өңдө жоолуктуруу. Дежа вю пежавю эмес эле. Окумуштуулар башка нерсени изилдешсин толковыйраак))
27.03.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мадонна менен Лев Толстой калп эле айтып койгондой го
27.03.2017. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мындай учурлар менде да коп болуп турат.
Уктап жатып суйлонгон эмнеден улам болот, кантип бул адаттан арылуу керектиги боюнча макала жазсаныздар жакшы болот эле,бул сунушту кайсы жакка жазаарымды билбей койдум, кечирим сурайм, алдын ала рахмат!
28.03.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aika374, саламатсызбы? Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, сунушуңузга рахмат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-03-28 10:23:34
28.03.2017. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жанылык болду мага...
28.03.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Лев толстой менен мадонна окшоштуруп калп айтса болмок
28.03.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер онундогу нерселер тушундо болсо анда тушундо асманда учуп жургонун корсо кандай болот.
29.03.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Любовь как дежа вю
29.03.2017. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мендеда ар дайым ошондой сезим ошондо мурда жашап отконбүзбү
29.03.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирде мен жайлоого баргам..Тоодо ат минип жүрүп, туман каптап кетти..ошондо тоодон аша бергенде бир айыл көргөм,иттердин үргөнү даана угулду..Бул жактада айыл бар турбайбы деп, кийин баарына ошол айыл тууралуу айтсам ал жакта айыл жок деп эч ким ишенбей койду.Кийин барсам чын эле айыл жок экен.Балким мага көзүмө көрүндүбү, же элестетип кеттимби? айтор ошол эффектке азырга чейин түшүнбөй келем
29.03.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде да болуп турат,мурда тушумдо корсом керек эле деп калам
29.03.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде да мындай учур болот.кайра кайталангансып качан болду эле ,азыр ушундай болот деп ойлоном.мурун тушунбойт элем.айтса ушундай болоору далилденген тура
29.03.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ушул макаланы мурда башка жерден окугандай болотам
30.03.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсызбы админ? туш жоору керек болуп жатат, чыгарбайсыздарбы?
30.03.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
scorp, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
30.03.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага кээбир адамдар тааныш боло берет
31.03.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кураанда ушул жонундо жазылды болду бекен? Эгер оор келбесе билип бере аласыздарбы Супер?
31.03.2017. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде да кээбир окуялар,кыймылдар,сүйлөшүүлөр мурда болгондой боло берет кээде. Бирок эстей албайм. Таба албай,ойлонуп,кыйналып кетем.
02.04.2017. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ushul makalany 6 ai murun okugandai bolup jatam
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо