Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫРЧЫЛАР «СУПЕР-ИНФОНУН» КӨЗ АЛДЫНДА...

№751 24-30-март, 2017-ж.

Алгачкы саны 2002-жылы 31-майда жарык көргөн “Супер-Инфо” гезити быйыл 15 жашта. Бул жылдар аралыгында гезит коомдогу ар түрдүү тармактын өкүлдөрү менен жемиштүү иштешип, жараткан ийгиликтерине чогуу күбө болуп келе жатат. Алардын арасында ырчылар да бар. Бир кезде сахнага жаңы кадам таштап, атактуулукту арзуу кылган ырчылар азыр кандай ийгиликтерге жетишти? "Супер-Инфонун" архивин барактап көрдүк.

«ЫРЛАРЫМДЫ ЭЛ УКСА ЭКЕН» ДЕП ТИЛЕГЕН БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА

Мындан 11 жыл мурун Бактыгүл айым «көп баланын бактылуу энеси, жолдошумдун сүйүктүү жары болсом, ырларымды эл укса экен» деп тилечү. Сулуулук борборун ачуу, дизайнер-модельер болуу кыялдары да бар экенин айтып «Супер-Инфого» маек курган эле. «Жаштын тилегин берет» дегендей, ырчынын бул тилектери толугу менен орундалды десек болот. Азыр ал 2 кыздын мээримдүү апасы, жолдошунун бактылуу жубайы болуу менен катар чыгармачылык менен ишкерлигин бирдей алып барып, жашоосу өзү айткандай кинодогудай кызыктуу.


                                                                                              2006-жыл, июль.

КМШны БАГЫНДЫРГАН АНАТОЛИЙ ЦОЙ

Учурда орусия-украиналык атактуу продюсер Константин Меладзенин «МBAND» тобунун солисти Анатолий Цойду биз Толик деп тааныйбыз. Чыгармачылык чыйыр жолу Кыргыз өлкөсүнөн башталган ырчы жигит «МКД» тобунун мүчөсү болуп турган маалда биздин гезиттин көп жолку каарманы болгон. Чыгармачылыктын казанында бул жактан эле бышса да, Толик мырзанын багы Орусияда ачылып отурат. Константин Меладзе аны жаркырап жол көрсөтүп туруучу маякка салыштырып, келечекте жаш аткаруучулар кумир туткан ырчыга айланарын билдирген. Ырчы маектеринин биринде: «Көп адам ийгилик жаратарыма ишенчү эмес. Бирок бул алардын тандоосу. Мага жакындарым ишенип, алдыга умтулууга түрткү болушту. Ошондуктан «сени өлтүрбөгөн нерсенин баары күчтүү кылат» деген сөзгө ишенем»,- деген.


                                                                                           2006-жыл, март.

«ЗАМАНЫБЫЗДЫН СУПЕР ЫРЧЫСЫ» МИРБЕК АТАБЕКОВ

Мирбек Атабековго «Сени гана» деген ыр шоу чөйрөгө жол ачкан ийгиликтүү билет болуп берген. Тубаса таланты, талыкпаган эмгеги, өз ишин мыкты билген продюсеринин аракети менен бир канча хит ырларды жаратып, аз убакыт ичинде кары-жаштын сүйүктүү ырчысына айланып, кыргыз шоу дүйнөсүндө жаңылык жараткан эле. Ырчынын «элиме кызмат кылып, ырчылык доорум узакка созулса экен» деген максаты ишке ашып келе жатат. «Супер-Инфонун» тандоосунда 3 ирет «Жылдын супер ырчы мырзасы» деп табылып, «Заманыбыздын супер ырчысы» наамына татыган Мирбек мырза учурда бир үй-бүлөнүн кожоюну, 1 уулдун атасы. 2 жыл мурун чыгармачылыктагы 10 жылдыгын белгиледи. 30 жашында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болду. Ырчы өз өлкөсүндө да, коңшулаш өлкөлөрдө да популярдуу боло алды.


                                                                                          2006-жыл, май.

«ГЛАМУРНЫЙ» ЫРЧЫ МИКАЭЛЬ

Репертуарындагы «Я теряю», «Люблю тебя я» деген ырлары жана өзгөчө стили, өң-түсү менен таанылган Микаэль кезинде кыздардын жүрөк оорусу эле. Чыгармаларын орус, англис тилинде аткарып, келишимдүү өң-келбети менен эл оозуна алына баштаганда гезиттин жүзү болууга жетишкен. Тилекке каршы, каарманыбыздын изги тилектери орундалбай калды. Модель, ырчы 2010-жылдын 31-март күнү киши колдуу болуп 24 жашында каза тапкан, аны өз үйүнөн бычактап кетишкен. Ырчы жигиттин жаркын элеси кесиптештеринин, күйөрмандарын эсинде дале сакталуу.


                                                                                            2006-жыл, октябрь.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(36)
27.03.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Микаэлдин арабызда жоктугу окундурот.Ошол мезгилде ушунча аракети бар эле.Коп,жакшы нерселерди умут кылсак болот эле...аттин окундурот.Бейишинди берсин ....
27.03.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бактыгул бадыева кантет тооба
27.03.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
NURDANCHIK,кантет эмей эле, бир жакшына болуп туратко.
27.03.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Микаэльди укпаптырмын, эмне болуп?качан?
27.03.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мирбек кантет кебетеси
27.03.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ээх! Ошондо супер инфо менен аябай ооругам.
28.03.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Lekarstvosvoegomuja,Айтпа! Мектептен пирожки жебей келип 7 сомго гезит алган кундор ай))
27.03.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарына ийгилик каалайм!Дагы коп-коп ийгиликтерге жете беришсин.Микаэльдин жаны Жаннаттан болсун!Толик чындыгында Орусияда "боп"кеткен.Ийгилик ага да.
27.03.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat., meni_kut, NURDANCHIK, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!

27.03.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошол Микаэлди олтургон жакын досу дешкен эле, ошол жазасын алганбы не болгон билбейсинерби супер инфо болсо маалымат берип койгулачы
27.03.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazikbaigazy, саламатсызбы? Суранычыңыз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
27.03.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Даа откон жаштыкты бир эстеп алдым. Дайыма супер инфону калтырбай окуганыма туура 15жылга чукулдап калыптыр. Микаель убагында жакшы чыккан аты. Угушумча ал кумса болгон деп. Кызганычтын айынан курман болгон деп жатышкан эле ошол убакыттарда.
27.03.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ady-88,Кумса деген эмне деген!
27.03.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alibay,кумса деген голубой деген
29.03.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asil-08,Кумса сумса эмес эле, Айпери Обозова жигитим эле деп чыккан го.
27.03.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ар бир санына эле Темир Назаров чыгып жылдызы укмуш жанган го ээ ,мен да ар бир санын калтырбай окуйт элем 8сомдун аябай кучу бар эле ал кезде
27.03.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
толик кыргызбы. мага аябай жагат супер анын интервьюсун кайдан тапсам болот.
27.03.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толик кыргызбы
27.03.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nuriza.kubatova,Толик кореец
27.03.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
микаэльдин клиптерин, ырларын кайдан тапса болот??
27.03.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love_you, саламатсызбы? Төмөнкү шилтеме менен кирип көрүңүз: https://www.super.kg/media/?search_term=микаэль&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
27.03.2017. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биролорго сынтакпай озунорду кузгудон карап алгылачы.
27.03.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен супер инфону окуп баштаган кезде окууну жаны буткон жаш кыз элем,азыр болсо уч баланын апасымын,ошондон бери бир дагы санын калтырбай окуйм,кайынжуртка барганда мага супер инфону окуш чон проблема болчу ал жерде сатчу эмес.азыр болсо жакшы интернет бар
27.03.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
rayana2015,мен дагы мектепти бүткөн маалым,тыйын чогултуп районго кеткен таксилерден берип акчасын ал да колуңа тийсе кана колмо кол болуп кетет .Окубасам наркомандарга окшоп туталанып калам,турмушка чыкканда бешенеме кайнатам да супер мн ооруйт экен тыйын топтоп кыйналбай калдым.
28.03.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Микаэль азыр да журогумдо жашайт. Коп нерсе жасачу жигит эле аттин озу менен кошо кетти
28.03.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал мезгилде мен да ар бмр санын калтырбай окучумун.Турмушка чыккандан кийинда гезит окуйм деп кайнатама да далай жолу жаман корунгом))
28.03.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактыгул бадыеваны супер инфо кайрадан чыгара баштаганбы?
29.03.2017. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Микаэлди коралбай эле олтуруп коюшкан.Ал коп кыздарга жагат эле.
29.03.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Super info Badyevany chakyrgylachy.Kachantam beri suranyp kele jatabyz.
29.03.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
advokat.nur, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
29.03.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Микаель чынында эле баарынан озгочо болуп чыккан.. жок болгону аябай окунучтуу ((
29.03.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх..супер инфо!!! Жаштык кезде үйдүн баарын Супер Инфо менен толтурганым эсимде..Бактыгул Бадыеванын сүрөтүн кыркып алып, жаткан бөлмөмдөгү дубалга жармаштырып чыкчымун...Ырчылар десе укмуштай көрчүбүз...азыр ырчылар эле көп, тааныбайсың
30.03.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Темир Назаров гезит бетинен тушпочу экен...
30.03.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бөлкө нан 10сом "Супер инфо"8 сом эле. Апам нан ал десе гезит алып уруш уккан күнүм болгон))))Супер инфо өтө кызыктуу.Бар болгула! Гезит чогултуп шоу чөйрөгө кызыкчумун.Эми Шоу чөйрө мага тааныш)
31.03.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кылымдарды каараткан супер инфо десе болчуудай екен. Азаматсынар супер!
03.04.2017. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оба, Микаэль Тимати менен мына дует жаздырам деп калганда каза болуп калды. Ким билет азыр кайсы бийиктике жетип бармак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо