Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Фарида Өмүрзакова, фольклор ырчысы: "БИР АДАМДЫ СҮЙҮП ЖҮРӨМ, БУЮРСА, БЫЙЫЛ ТУРМУШКА ЧЫГАМ"

№751 24-30-март, 2017-ж.

"Француздар, испаниялыктар биздин күү-ыргактардын маанисин түшүнбөсө да, искусствону жогору баалашат. Бизде искусствону кадырлаган күйөрмандар саналуу гана. Бул элибиздин сабатсыздыгы эмес, турмуш шартынын оордугу, ашыкча маселелердин көптүгүнөн. Себеби концертке келсе деле терең ойго чөмүлүп, капалуу отурушат",- деген коногубуз фольклор ырчысы Фарида Өмүрзакова маек төрүбүздө.

"КОНЦЕРТ УУЛУМДУ ЭСКЕРҮҮГӨ АРНАЛАТ"

– 5-апрелде оркестрдин коштоосунда уулум Азамат Акматбековдун жаркын элесине арналган эскерүү концертин өткөрөйүн деп жатам. 2014-жылы балам ырчы болом деп чыгармачылыкка кадам таштаган. Анын репертуарында 5 ыры, 3 клиби бар болчу. Ошол жылдын май айында концерт өткөргөнбүз. Ошондон кийин элдин көзү тийдиби, сөзү тийдиби, бул жарык дүйнө менен коштошуп кете берди. Себебин түшүнбөйм, табышмак бойдон калды. Азамат тууралуу айтсам, жогорку билимдин ээси болчу. Үйлөнгөнүнө 2 ай эле болгон. Аркасында бир кызы калды. Неберем 2 жарым жашта. Азаматтын арбагы ыраазы болсун деп уулумдун төрөлүшүнөн чоңойгон кезине чейинки убагын сахналаштырып көрсөтүп берейин деп чечтим.

"ҮЧ БАГЫТТА МУЗЫКАЛЫК БИЛИМ АЛДЫМ"

– Балалыгым Жалал-Абад облусунун Октябрь айылында өттү. Музыкалык өнөр ата-энемден берилген. Атам комузда кол ойнотчу. Ал эми апам музыкалык билим алса үнү сопрано болмок. Ошондон улам үй-бүлөдөгү 9 бир туугандын бешөөсү комуз черткен, чыгармачыл адамдарбыз.
1985-жылы орто мектепти аяктап, музыкалык окуу жайда 4 жыл билим алдым. Мен анда комуздан сабак алайын деген тилек менен келсем, мени кыл кыякка бөлүп салышты. Анан "өмүрү көрбөгөн аспапта кантип кол ойнотом?" деп баш тартып кетип калгам. Ошентип сабакка бир ай барбай жүрдүм. Анан ойлонуп "айылга барсам баланчанын кызы окуй албай келиптир деп сөз кылышат" деп намыстанып, кайра сабакка бара баштадым. Агайлар дагы биздин кызыгуубузду арттыруу үчүн оркестрдин коштоосундагы концерттерге жиберип турушту. Биринчи көргөндө биздин деле колубуздан келет экен деп кызыгып калдым. Билим алуу эч качан кеч эмес деп, комуз боюнча жогорку билимди сырттан окусам, вокал боюнча билимди өзүмдүн уулумдун курагындагы кыздар-балдар менен тең тайлаша алдым.

"ЧЕТ ЭЛДИКТЕР КЫРГЫЗ ЫРГАКТАРЫН БААЛАШАТ"

– Жалал-Абад облусундагы Барпы Алыкулов атындагы Маданият техникумунда студенттерге кыл кыяктан сабак берип 13 жыл иштедим. Андан тышкары Т.Тыныбеков атындагы облустук филармонияда комуз чертип, кыл кыякта ойноп, ырдап өзүмдү бышырдым. Акырындан өсүү болуп Бишкекке көчүп келип, "Доор" ансамблине комузчу болуп ишке орношком. Ансамбль Францияга эки жолу, Испанияга бир жолу атайын чакыруу менен барып келди. Эмнегедир чет элдиктер кыргыз аспаптарын, ыргактарын аябай баалашат. Андан тышкары "Ак марал" ансамблинде 5 жыл иштеп, кийин К.Орозов атындагы оркестрге келип, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенем. 13 жылдан бери комуз чертип, кыякта кол ойнотуп нан табам. Ушул жылдары "Билим берүүнүн отличниги" болууга жетиштим. Бул да болсо менин 26 жылдык эмгегимдин үзүрү.

"КАНЧА ЫР АТКАРСАМ ДА ХИТ БОЛГОН ЖОК"

– Ырдап чыгуума биринчи аяштарымдын сөзү түрткү берди. "Сен деген музыкант болгондон кийин ырдаганды да билишиң керек. Кантип ырдаганды билбейсиң?",- деп намысыма тийип коюшкан. Экинчи нерсе, курбу кызым. Ал "вокалдан сабак алып койбойсуңбу" десе, "бул мага акыл үйрөтүп жатат" деп жаман көргөм. Бирок дос күйдүрүп айтат тура. Ошондо музыкант деген ар тараптуу болуп, ырдаганды да билиш керек турбайбы деп аракет кыла баштадым. Ырды атайын жаздырбайм. Аткаруучу катары эле композиторлор менен иштешем. Эң алгач "Энекем", "Балама" деген ырларды аткарып чыккам. Канча ырды аткарсам да хит болгон жок. Себеби элге клип дагы керек экен. Ушул нерсени эми билип, клип тарттырууну колго алдым.

"ӨМҮР БОЮ ТАЯК ЖЕГИМ КЕЛГЕН ЖОК"

– 1989-жылы музыкалык окуу жайды аяктагандан кийин айылга барып калдым. Ошол мезгилде район аралык жарыш өтүп жатыптыр. Сузак районунун атынан ал жарышка катыштым. Болочоктогу жолдошум менен мааракеден таанышып, 2 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, бат эле турмуш курдук. Үй-бүлө болгондон кийин ар кандай кырдаалдар болот экен. Жолдошум мени кызганып "сени тиги карап койду, эмнеге карады?" дей берди. Кайненем да "сен ушинтип ырдап-чордоп эле жүрө бересиңби?" деген сөздөрүн айтып жүрдү. Айылда бир айда бир ирет концерт өткөрүлүп турчу, ошол жакка барганга уруксат берчү эмес. Өзүм мектепте музыкадан балдарга сабак берем. Бир күнү көзүм көгөрөт, экинчи күнү да көгөрөт. Анан окуучуларымдын алдына көк ала болуп баргым келген жок. Өмүр бою таяк жегим келген жок. Келечегимди көрө албадым. Ошондон улам кайчы жолго түшүүгө туура келди.
Жолдошум менен ажырашканда балам курсагымда эле. Аман-эсен көз жарып, жалгыз бой эне болсом дагы татыктуу тарбия берип өстүрдүм. Ооба, Азаматты 5 жашына чейин апам менен атам алаканына салып карашты. Тоодой жардам берди. Андан кийин өзүмдүн колума алдым.Ушул күнгө чейин балам багат деп уулума таянчумун. Бирок арабыздан узап кеткенден кийин жашоомду башка нукка бурдум. Бир адамды сүйүп жүрөм, буюрса, быйыл турмушка чыгам. Ал жакшы күндөрдүн келишине саналуу күндөр калды. Азырынча ал жагы көшөгө артында сыр бойдон кала турсун.

"Балам багат деп уулума таянчумун".


Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


Фарида Өмүрзакова: "Өзүмдөн 10 жаш кичүү мырзалар сүйүүсүн арнашат"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(24)
27.03.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кызыл камчы.
27.03.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bond02,ким кызыл камчы оюнду аягына чейин жазсан болмок.
27.03.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aiba_00,кимди айтат ошентип аялды же эркекти?
28.03.2017. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
bond02,кол которгон эркектерди ошентип кызыл камчы деп коюшат ко
28.03.2017. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
naz2015,ошону билбегендер бар экен да.
27.03.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун жалан мен тааныбаган ырчыларго
27.03.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кудайым энени баласынан ажыратпасын.... неберениз омурлуу, бактылуу инсан болсун.. атасы корбой кеткен кооооп жакшылыктарын кудайым неберенизге берсин...
27.03.2017. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баланыздын калган омурун сизге берсин!Ар бир адам бактылуу болууга акысы бар.Сиз да бактылуу болунуз!Уулунуздун жаны Жаннатта болсун!Оомийин!
27.03.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Окуп алып аябай жашып кетиим айрыкча комуз мн созо баштаганда. Эми турмушка чыгып алың. Балаңыздын калган жашын сизге берсин. Уулуңуз аябай сүйкүмдүү жигит болгон экен көз эле тийиптир...
27.03.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Турмушка чыгып колдон келсе тороп алын.
Медиа-портал
27.03.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saya,
Эскертүү! Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
Медиа-портал
29.03.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аа байкушум жылдызы жанга жигит екен аллахым жайын жаннатан кылсын сизге сабырadmin_media,
27.03.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
фарида эжеке сабырдуу болунуз, кудайым сизге узун омур берип баланыздан калган неберениздин сый урматын корунуз, мен сизди эстегенде куу салып комуз чертип бизге сабак бергенинизди эстейм.№5 мектепте комуздан сабак берчуу элениз. Сиз менен сыймыктанам.Менин эжекем деп сыймыктануу менен айтам кай жерден корбойун. Сизге уй булолук бакыт, чыгармачылыкта ийгилик каалайм.
28.03.2017. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
кыргызча качан туура жазганды уйроносунор, тороп алын дебей.Тороп алыныз десенер. Озбек эмессинер го, акцентти ондогула туугандар.
31.03.2017. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Sezy,качан болсо эле катаны ондоп журо бересинер да тообо. Эмне диктант жазып жатты беле? Ар ким озунун денгээлине жараша жазат. Тушунуп окудунбу болду да. Кыйын боло бербей тема боюнча жазсанар . Ушул жерде деле кыйкылдашпай.
SUPER.KG видео
28.03.2017. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мынча сонун аялсыз. Коп билимдуу адам экенсиз кичуу менен да улуу менен да сиз деп суйлошунуз.
28.03.2017. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтайм. Бар болунуз
29.03.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жарнама укмуш го)))))))))))
30.03.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хит болбосо да,ырларыныз жүрөктү ээлейт. Сиздин үндөй үн бизде жок! Фарида эже баары сонун болот.
31.03.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baardyk adamdar baktyluu ele bolso eken
31.03.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдап-чордоп -- ырдап-чоордоп
31.03.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эже Азаматтын калган омурун сизге,неберенизге берсин.апамдан угуп аябай жаман болгом.озунузду колго алыныз.Кудайлаттын кыздары эч качан бош келишкен эмес.чыгармачылык ийгилик эже.
01.04.2017. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болгон секретинизди тогуп салыпсыз. Ийгилик каалайбыз каякта болбонуз
02.04.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суротто оттоле монтаждап салыптырго жаш коргозуп.а жашоодо чон эле корунот экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо