УЛАКЧЫ НИЯЗОВДОР: "КӨК БӨРҮ БИЗГЕ СЫЙ АЛЫП КЕЛДИ"

№751 24-30-март, 2017-ж.

"Аганы көрүп ини өсөт" деген сөздүн айкындыгын бир тууган Ниязовдор көргөзөт. Бири-биринен улак тартканды үйрөнгөн өзгөндүк Байыш, Кыяз жана Манас Ниязовдор учурда "Достук" командасынын алдыңкы оюнчулары болуп келишет.

АТ МАЙДАНГА ЭЛ БАТПАЙ...



Көк бөрү сүйүүчүлөр арасында "кыргыздын футболу да, хоккейи да көк бөрү" деген сөз айтылат. Бишкек шаарынын "Аккула" ат майданында "Нооруз-2017" республикалык мелдешинин финалдык оюнунда көрүүчүлөр батпай, сахнанын темирине чейин чыгып кетишти. Финалда Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы кызуу беттеш өткөрүштү. Бири-биринен кем калышпаган эки команда тең жеңилгиси келген жок. Кошумча берилген убакытта гана 8:7 эсебинде таластык команда жеңип, баш байгени утуп алды.

"БИР ТУУГАНДАРЫҢА КАРШЫ ОЙНОГОНДО АЛАРДЫ АЯЙСЫҢ"



Аты-жөнү
– Байыш Ниязов
Жашы – 33
Ойногон командасы – "Достук"
Уткан байгелери – 2016-жылы 7 унаа, 20 тай, 7 төө
Минген аты – Золотой

– Байыш мырза, улуусу катары көк бөрүнү Ниязовдордон сиз баштадыңыз беле?
– Негизинен улуулардан көк бөрүнү үйрөнүп келе жатабыз. Атам, таятам, таякелерим чоң улакчы болушкан. Жаныш деген агам да көк бөрү ойнойт. 3-класс кезимде мектепте сабак окуп жатсак терезеден атчандар улак оюнуна баратыптыр. Ушунчалык аттарды жакшы көргөндүктөн эшикке качып чыгып, атка учкашып кетип калгам. Суукта үшүп үйгө келсем, ата-энем сабактан качканымды билип калышыптыр. Көк бөрүгө кетип калганым үчүн таяк жеген элем.
16 жашымда алгачкы байгемди, унаа утуп, абдан кубангам. Чоң оюндарга 2005-жылдан бери аралашып жүрөм. Жалпы 5 командада оюн көргөздүм. 2012-жылдан бери "Достук" командасында ойноп келе жатам.

– Көк бөрүдө минген аргымактын мааниси чоң. Алар менен кантип тил табышасыз?
– Аргымактарды алмаштырып минүү мага көйгөй жаратпайт. "Достукта" ойногондон баштап эле Золотой деген атты минип келем. Көп жылдан бери көк бөрү ойноп жүргөндүктөн бардык атты бир көргөндө эле минип кете алам. Атты бир-эки чуркатып көрүп, тил табышып алса болот. Ал үчүн чоң тажрыйба керек. Бир оюндан экинчи оюнга чейин аларды атайын саяпкерлер багып беришет. Тамагына, салмагына алар кам көрүшөт. Биз негизги оюндарда аттарды туура пайдаланып ойноп берсек болду.

– Ага-инилер бири-бирине карама-каршы ойносо кызык болсо керек...
– Ооба, бири-бирибизге каршы ойногон учурларыбыз болгон. 2010-жылы мен "Бөрүлү" командасында, эки иним "Рассвет" командасында ойноп, финалда бири-бирибизге бет келип калганбыз. Албетте, бир туугандарың алдыңдан чыгып калса аяйсың. Бирок бул спорт. Ошондуктан карама-каршы командада ойноп калсак да, жакшы оюн көрсөткөнгө аракеттенебиз.

– Көп жылдан бери улак тартып эмнеге жетиштиңиз?
– Жалпы уткан байгелерибиз көп. Алсак, Ниязовдор уткан унаалардын саны 50дөн ашат. Бирок бир нече жылдан бери өлкө боюнча биринчи орунду камсыздай албай жатабыз. Тилегим өлкө биринчилигине жетишсек деген ой. Келечекте жаш улакчыларды тарбиялап, оюндарга алып чыксам деген ниетим бар.

"МИНГЕН АТЫМ МЕССИДЕЙ ШАМДАГАЙ"



Аты-жөнү
– Кыяз Ниязов
Жашы – 29
Ойногон командасы – "Достук"
Уткан байгелери – Жалпы 10 унаа, 20 тай
Минген аты – Месси

– Кыяз мырза, канча жашыңыздан тарта көк бөрүгө аралашып баштадыңыз?
– Агаларымды көрүп 7 жашымдан бери эле аттын үстүндө жүрөм. Оюндарга 21 жашымдан аралаштым. Жетишкендигибиз – оюндардын артынан элге таанылдык, кадыр-барк күттүк дегендей. Көк бөрүнүн артынан бизди сыйлап, кайсы жерге барбайлы бир тууган улакчылар деп тосуп алышат. Андай учурда бизге жагымдуу болот. 2-3 жыл мурда Байыш агам күчтүү ойносо, азыркы тапта инибиз Манас баарыбыздан өтүп кетти. Ал биз жетпеген сыйлыктарга, наамдарга татып, эл оозуна көп алынып жатат.

– Аргымагыңыздын аты Месси экен. Бул дагы жөн жерден эмес болуш керек?
– Ооба, 2014-жылы "Достук" командасына келгенимден бери Месси деген ат менен улак тартып жүрөм. Анын атын "Кабылан" командасында ойноп жүргөндө эле коюшкан экен. Чынында эле анын чуркаганы, кыска бурулуштар жана шамдагайлыгы футболчу Мессиникине аябай окшош.

"АГАЛАРЫМДЫ ЭЭРЧИП 100 ОТЖИМАНИЕ ЖАСАГАМ"



Аты-жөнү
– Манас Ниязов
Жашы – 24
Ойногон командасы – "Достук"
Уткан байгелери – Жалпы 20 унаа, 50 тай, 30 төө
Минген аты – Бойка

– Манас, көк бөрүгө качан аралашып калдың?
– Катыша баштаганыма 10 жылдан ашты. Бир туугандарымдын баары улак чапкандыктан, мен да алардын артынан ээрчип жүрүп бул чөйрөгө кызыгып калгам. Жаш кезимде байкелерим улакка кетип жатышса ыйлап, аларды ээрчийт элем. Бир жолу 2005-жылы Ысык-Көлдө оюн болуп, ага байкелерим барышмак. Мен да барайын десем "100 отжимание жасасаң алып барабыз" деп шарт койду. 100гө жеткире албай ыйлап жасап жатсам, апам агамды "алып барсаң кыйнабай эле алып бар да" деп урушуп, мени кошуп берген.

– Көп эле оюндарга катышып жүрөсүң. Алардын арасынан эсте калганы кайсы болду?
– Өзүм үчүн эң сыймыктуу, эсимде калган жеңишим 2016-жылы өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болду. Анда "Мыкты чабуулчу" аталып, 100 миң сом сыйлык алгам. Чындыгында улакчы болгонума ошондо өзгөчө сыймыктангам. Учурда Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга чейин барып, оюндарга катышып, сыйлыктарга ээ болуп жатабыз. Өлкөбүздүн атын көк бөрү менен болсо да таанытууну максат кылып келебиз.

– Сенин оюң боюнча, оюнда бир туугандардан кимиңер күчтүүсүңөр?
– "Достук" командасында мен жана 2 агам ойноп жүрөбүз. Арабыздан эң тажрыйбалуу, күчтүү жана оюндун тактикаларын жакшы билгени Байыш агам. Ал көптөн бери ойноп, учурда команданын башчысы. Жалгыз өзү эле командасын алдыга тартып чыгып кете алат. Эң улуу Жаныш агам азыр торпок тартышка катышып келет. Анын бизден өзгөчөлөнүп турганы ушунда.

Бектур Токтоноев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
27.03.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баракелде!!!
27.03.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсыздар. Ниязовтор сиздер менен сыймыктанабыз. Озгочо Манастын ойногону аябай жагат. Ийгилик сага мындан да чон ийгиликтерди багынтып журо беришине тилектешмин.
28.03.2017. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamatsynar silerdi kudai koldosun
28.03.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Манас сени менен Кыргызстан сыймыктанат !!!! ийгилик.
29.03.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Манас Ниязов чынында Кыргызстанда N:1 .Азаматсынар
30.03.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага бироосун бербейби))))))
30.03.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгон деген чон тамга мн жазылчы беле?же адашып атамбы?
30.03.2017. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulchana, туура Озгон чон тамга мн жазылат
31.03.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ulchana,ооба, Өзгөн шаары деген баш тамга менен жазылат, бирок өзгөндүк, кыргызстандык дегенде кичине тамга менен эле жазылат.
30.03.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда биринчи спорт кок бору ийгилик ниязовдорго
31.03.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маладес
31.03.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ат жалында ойногон чыныгы кыргыз мырзалары деп ушуларды айтсак болот! Ар дайым ийгилик коштосун биз силер менен сыймыктанабыз.
31.03.2017. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsynar uulakchylar
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо