Баястан, рэп ырчысы: "ТЕКЕ" ДЕГЕН ЫР ТЕКЕБАЕВГЕ АРНАЛГАН ЭМЕС"

№751 24-30-март, 2017-ж.

–Баястан, Бегиш экөөңөрдүн "Теке" деген ырыңар жаштар арасында популярдуу болуп жаткан учуру. Алгач бул ырыңарга түшүндүрмө берип кетпейсиңби?
– "Теке" деген сөз – бул биздин сленг. Америкада рэп ырчылардын өзүлөрүнүн сленгдери бар. Биз дагы өзүбүздүн сленгдерди өнүктүрүшүбүз керек. Теке – эң жакшы, эң сонун дегенди билдирет. Ошондуктан эл жаман кабыл албайт деп ойлодум. Арасында "Эмне эле "текеленип" жатасыңар? Жаныбарларды жөн эле койбойсуңарбы!" дегендер болду. Америка, Орусиядагы рэп ырчылары чыгармаларына жаныбарларды колдонушат. Desiigner деген америкалык рэп ырчы бар. Ал "Панда" деген ыр чыгарып, ошону менен популярдуу болду. Мен аларды деле туураган жокмун. Кичинекей кезимде бул сөздү көп колдонгондуктан, аталган ырды жараттым. Эмнеге текени алдык? Теке деген тоонун үстүндө жашап, эң жакшы чөптөрдү жейт, ошондуктан баары "теке" болсун дедик.

– SUPER.KG порталынын айрым колдонуучулары "сонун болуптур" дешсе, кээ бири негативдүү билдирүүлөрдү калтырып жатышат...
– Бизде "Snovadvoe" юмордук долбоорунун жигиттери менен ушул ырга карата видео тартканбыз. Ошондон кийин сайттардын бири "Өмүрбек Текебаев камалып жатса мазактап, муну менен өзүлөрүн пиарлап жатышат" деп жазышыптыр. Аны угуп жаман болуп кеттим. Биз атайын бир адамга арнап жазган эмеспиз. Текебаев байкебизге мунун эч кандай тиешеси жок. "Текени" Текебаевди камай электе эле жазгам. Ошондуктан жаман көрбөгүлө.

– "Биз клиптерибизди өтө заманбап кылбайбыз. Ал менталитетке туура келиши керек" дедиң эле. Акыркы "Теке" деген клибиңде кыздын бийлегени да катуу талкууга алынды. Өзүңө деле айтып жатышса керек?
– Ооба, көп эле айтышты. Атам дагы "жөн эле койсоң болмок" деди. Бул болгону тверк деген бий түрү катары эле кетет. Андыктан жаман ой болбош керек. Бирөөнүн "пятая точкасын" көрсөтөйүн деген оюм жок болчу. Уялчаак балдарбыз да, кыз бийлеп жатканда аябай уялдык. Ал бийлеп бүткүчө көзүбүздү жаап турдук (күлүп).

– "Бизди да тойго чакыра баштады" дедиң эле, көбүнчө кайсы ырды көп сурашат?
– "Эне тил", "Айтчы" деген ырларыбызды суранышат. "Теке" деген ырды бир эле жолу ырдап көргөм, жаштар жакшы кабыл алышты.

– Киреше алып келген негизги булагыңар кайсы?
– Каражатты клуб, концерттерден ырдап табабыз. Тойлорго күнүгө чыгабыз деп айта албайм, той бизнесинде эмеспиз. Акчанын артынан жүрө берсең инсан катары жоголуп кетесиң. Акчага көңүл бурбай, алдыга умтулуш керек. Рэп көтөрүлсө киреше да көп болмок.

– Дарегиңе айтылган сындар өсүүгө жардам береби?
– Кичинемден чыгармачылыкка аралашып, агам менен клиптерди көп тарткандыктан сын-пикирге бышкам. Азыр сындар мага өсүүгө деле түрткү болбойт. Кээ бирөө "жаман ойлорду жазып жатышат, мен кантип жакшы болом?" деп кыжалат болушат. Мен андайларга көңүл бурбайм, күлүп эле коём.

– Башка жанрда ырдап чыгууну каалабайсыңбы?
– Чынын айтсам, вокалдан сабак алгым келет. Тилекке каршы, убактым тар. Бирок попса жанры мага жакпайт. Мен Мирбек Атабеков, Омар агалардай укмуш ырдай албайм деңизчи. Бирок кээ бир "ча-ча, па-ча" деген ырчыларга караганда үнүм жакшы деп эсептейм (күлүп).

– Бир ырчыны жек көрүп, чыгармачылыгын жактырбаган мыйзам-ченемдүү эле көрүнүш. Сага жакпаган ырчылар барбы?
– Биздин эстрадада 2-3 адам бар. Алардын ким экенин айтпай эле коёюн. Аларды адам катары жаман көрбөйм, болгону чыгармалары жакпайт. Алардын чыгармалары, менин оюмча, кыргыз шоу-бизнесине жарабайт. Анткени кыргыз шоу-бизнеси алдыга жылыш керек. Кээ бир ырчылар ошондой ыры менен артка тартышат. Үнү жок, ырынын маанисине көңүл бурушпайт.

– "Заманбап" деген альбомуңда 3 рэп ырчыларынын чыгармалары камтылган. Бегиш, Баястан жана Каспер. Каспер эмнеге көп чыкпайт?
– Бегиш экөөбүз кыргыз шоу дүйнөсүнө рэп эмне экенин түшүндүрүп жатабыз. Биз эмне үчүн ырчылар менен көп дуэт жаздырабыз? Себеби кечке эле рэп окуй берсең эл тажап кетет. Ошондуктан попса менен кошкондо жакшы экен деп көнө башташат. Менин оюмча, биздин эл ага көндү. Рэптин багыттары көп. Каспер андеграунд рэптин дүйнөсүндө. Анын сахнада 2 лакап аты бар. Балташ деген ат менен кыргызча, Каспер деген ысымы менен орусча ырдайт. Көбүнчө орусча ырдап, кыргызча ырларды жаратпайт. Ошондуктан Кыргызстанда көп элге таанылган жок деп ойлойм. Казакстандык Скриптонит, Jah Khalib деген рэп ырчылары КМШ өлкөлөрүнө ыр жазып жатышат. Каспер дагы "ошолордой болгум келип жатат, орусча жазсам көп адамдар угат экен" деп ойлонот. Ошентип өзүнүн убактысын күтүп жүрөт. Биз болсо патриотпуз да, өзүбүздүн элге жазып жатабыз.

– Чыгармачылыкка аралашканыңа канча жыл болду?
– 2008-жылы биринчи жолу "Сага" деген ырга клип тартып чыккам. Ал клипти көргөндө азыр күлкүм келет, башка деңгээл экен. Ага салыштырсам, азыр өсүптүрмүн. Баары өзүңдөн көз каранды. Сапаттуу жасасаң баары жакшы болот. Бир жылдын ичинде көтөрүлүп кетесиң.

– Чыгармаларыңарды 5 жаштагы балдар жаттап алып угушат. Силерди кумир тутуп, шакирт болууну каалагандар барбы?
"Мени шакирт кылып алыңызчы" дегендер аябай көп. Тилекке каршы, аларга жол көрсөтүп, таптаганга убактыбыз жок. Көбүнчө балдар таарынып калышат. Кудай буюрса, убакыт кенен болуп, өзүбүз мындан да жакшы деңгээлге жетип алалы, анан жардам беребиз. Имангазы аттуу 1-класста окуган таланттуу бала бар. Ошону өзүбүзгө алалы деп жүрөбүз. Ал биздин ырларыбыздын баарын жатка билген азамат бала.

– Буюрса, келечекте дарыгер кесибин аркалайсың. Окууңду качан бүтөсүң?
– Врачтар өмүр бою окушат экен. Мен да жашоомду медицинага арнайм. Анткени бул адамдын ден соолугуна жооп берген кесип. Акча берип бүтүрө албайсың. 1 жарым жыл мурун "Заманбап" деген концерт бергенде жетишпей калып, 1 жыл академиялык тыныгуу алгам. Азыр 4-курста окуп жатам.

– Жоопкерчиликтүү кесип деп калдың. Өмүрүңдү медицинага арнасаң, чыгармачылыкка убакыт табылабы?
– Чыгармачылык менин жүрөгүмдө, аны жан дүйнөм самап турат. Аны менен өзүмдү эркин, бактылуу сезем. Медицина болсо бул менин кесибим. "Ийгиликтүү адам бош жүрбөгөн адам" дегендей, бардык жумуштарды график менен жасайм, баарына жетишсе болот.

– Көпчүлүк мырзалар "үйлөнгөндөн кийин эркиндигим чектелип калат" деп үйлөнүшпөйт. Сен кандай ойдосуң?
– Биздин менталитет рамка коюп коёт, ошондон чыгыш керек. Бири-бириңди түшүнүш керек. Ошондой болгондо эркиндик болот го. Бирок көбү "үйлөнгөндөн кийин түшүнөсүң" деп айтышат. Чын эле үйлөнгөндөн кийин көрөбүз го. Буюрса, максимум 2-3 жылдан кийин мен дагы элден калбай үйлөнөм.

– Маегиңе рахмат, тилегиңе жет!

"Имангазы аттуу 1-класста окуган таланттуу баланы өзүбүзгө алалы деп жүрөбүз".


Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(42)
27.03.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында Текеси маанисиз ыр вообще жакпайт, кыздын бийлегенин элге боло берет дегенго сыягы!
27.03.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ча ча деп Данияр Эрматовду айткандайго. Бийлейли ча ча деген ыры бар элего Даниярдын
28.03.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aruujaz, Ооба)))
28.03.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aruujaz, "chacha pacha" degen soz bul maanisiz degendi bildiret. Bul bala cha cha degen jok go ozunor ele sozdu burup alyp anan aga dagy biroosu "ooba" dep koshula kalaganyn toboo...
27.03.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Той бизнес эмесбиз дейтко жигит
теке меке э досум карачы деп отурсан сени ким чакырат тойго эч ким чакырбайт ошого той бизнес эмессин
27.03.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйгузосун да куйгузосун теке пеке деп уят
27.03.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Реп вообще укпайм бир жолу уккам менин кочомон отсон от бирок мага корунбо деген ырды хаха
27.03.2017. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кээ бир ырчыларга караганда соонун ырдашат.мага жагат
27.03.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх адамдар не болуп баратасынар.ырларынын маанисин тушунуп уксанар.тушундуруп айтып жатсада тушунбойсунер.
27.03.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздарга эч ким жктпейт куууук куууук. Кыргыздарга эч ким жетпейт деп ырдаганы кулкуну келт рет мейли жаш да башка улуттар укса кулот го. Ар ким оз улутун ошентип ойлойт да. Ошентсе да минтпей эле койсо болмок.
27.03.2017. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол ча ча деп ырдаган Данияр Эрматовтун ыры сенин ТЕКЕ ырынан 100% сонун Баястан жерге тушчу кичине, асманда жургондой болбой)
28.03.2017. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озун Теке!!! Теке деген сонун дегенди тушундурот деп коюптур. Атан как гана чкусу
28.03.2017. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озун теке!!!
28.03.2017. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир наскийим бутун бир наскийим жыртык. Донго чыктым дондон туштум деген репти уктунар беле
28.03.2017. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Beka.kaba,
дааа)))) азыр ырдын баары эле ошондой болуп калды.
чет элдик дүйнөнү багынткан жылдыздардын интервьюсын көрсөн философ болбой эле, жомокторду айтпай эле, мактанып жактанбай эле сүйлөшөт. а биздикилер оууууу........ өздөрүн асманда да эмес, асмандын ары жагында жүргөндөй сезишет ай.....
Afina түзөттү 2017-03-28 01:26:18
28.03.2017. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ча-ча деген ыр дебеди, чача пача деп эптеп септеп ырдагандарды айтты. Бираз түшүнүп окусаңар. Жок жерден эле Даниярды кымчый бербей...
28.03.2017. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Плинтусту тазалап коюшса болмок сүрөткө түшөөрдөн мурун!
28.03.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уялганы жакшы экен. Ошол бийди элге көргөзгөндөн уялыш керек го дейм.
28.03.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар,Имангазы дагы коп талантуу жаштарга комок корсото бергиле,сахнага чыгарууга,туура ырдоого жол уйроткуло
28.03.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akuna.matata, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
28.03.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реп бул батыштын жанры бизде онуго елек онукпосо да жакшы кыргыздын менталитетине туура келбейт
28.03.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакпайт и все.
28.03.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментариилер ха ха гоо
28.03.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Репти силер укпасанар,суйбосонор жакшы коруп уккандар бар.Эптеп эле бироону шыбай бербей унчукпай отуп кете бергиле. Дагы жок жерден Дания экоону уруштуруп салгыла
29.03.2017. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
uialchaak baldarbyz biilep butkoncho kozubuzdu jaap turduk. anan dele ech kim jokto telefondon korup dele alabyz deppi
29.03.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теке тоодо журот дебей,теке оорубайт бир гана котур болот дебептир
29.03.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Теке деген сөз мыкты дегенди эми угушум. Эртең ушуларды окуган жаш балдарга кандайсың десең "бул жагы Теккее" десе таң калбай эле турган болуп калыптыр.
30.03.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми суйуу пуйуу жонундо ырдап тажашты да ырчылар дагы бироо эчки деп ырдаса тан калбайм бегиш айткандай жаныбардын атын атап ырдаса жаманбы ыр калбай калса ырдашатда
30.03.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул репердин ырларын укпагам.Эми клибин коройунчу "теке"би же жокпу)
31.03.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КЫРГЫЗДАР калп эле беш секундук кыздын бийлегенин коруп алып ар кандай келжирек созунорду койгулачы, Керек болсо жашоонордо андан жаман нерселерди кыласынар. Биз алдыга карай умтулушубуз керке. Рамкадан чыгалычы.

02.04.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теке деген ыры мага жаккан эмес жакбайт ошо кантип ыр болсун.. Андай ырдан кунуно 1ди жазсан болот
03.04.2017. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2-3 ырчы жакпайт дейт. Сен озун кимге жагасын? Ырларындын мааниси жок рептин баркын кетирип атасын.
14.04.2017. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билбейм булардын ыры мага аябай жагат...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо