Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"МЕН ЖОК БОЛУП БАРАТАМ"

№751 24-30-март, 2017-ж.

– Мен 3 эркек баладан кийин ата-энемдин, айрыкча апамдын Кудайдан тиленип алган кызымын. Кубанган апам сүйүктүү кызым болсун деп атымды Сүйүмкан койгон экен. Үйдөгүлөрдүн караганы, эркелеткени эле менмин. Кием дегенимди кийип, ичем дегенимди ичип чоңойдум. Кооз көйнөк кийип, кооз куурчак ойногон күндөр артта калып, бой жеттим. Мектепте окуп жүргөндө эле сүйүүсүн арнаган жигиттер көп эле. 11-классты аяктап, студент болгон жылдары кымбат белек берген, үйдүн алдына кучак толо розаларды таштап кеткен жигиттер абдан көбөйдү. Жуучулардын аягы үзүлбөйт.
Бир күнү апам өзү менен бирге иштеген эженин баласы менен таанышып көрүүнү сунуштады. Тиги жигит да апасынан кайра-кайра айттырып жанымды койбойт. "Мен айылдык жигиттерге тийбейм, шаардык жигитке турмушка чыгам" деп койдум. Андан кийин атамдын карындашы кайнисин сунуштап, канча жолу кулагымдын кужурун алып жүрдү. "Сүйүмкан, уксаң, ал шаарда өскөн жигит. Америкада окуп келди. Ата-энеси да маданияттуу, заманбап үй-бүлө. Шаардын так ортосунда 3 бөлмөлүү батири, шаардын четинде чоң особнягы бар. Эч кыйналбайсың, жалгыз эрке келин болосуң, каалаганыңды алып берет",- деп мени ынандырганга аракет кылды. Акылым менен кеңешсем макул болгудаймын. Бирок кеч болуп калган эле. Анткени мен андан да бай жигитке өзүмдү арнап койгом.
Эсен бир көргөндө эле жүрөгүмдү ээлеп алган болчу. Бир ирет түнкү клубда курбу кыздарым менен эс алып отурсак кучак толо роза сунуп, колума бриллиант шакек такканында өзүмдү коёрго жер таппай калдым. Балким, жүрөгүм сүйүп калды деп актанып жаткандырмын, чындыгында таанышканыбызга аз убакыт өтпөй кымбат белек бергенине азгырылсам керек. Ошол күнү Эсен менен кантип мейманканага барганымды билбейм. Эртең менен ойгонсом жигиттин кучагында жатыпмын. Ошондо өзүмдү аябай жийиркеничтүү, тарбиясыз кыз сездим. Ишенесизби, уятымдан ата-энемдин көзүн карай албайм. Бирок бул жашоого деле көндүм. Апамдар "жаш да, кыздар менен ойноп, эс алып жүрсө керек" деп кабатырланбай калышты. А мен Эсен менен кадимкидей эле жашап алдым. Бир күнү жүрөгүм айланып, кускум келгенинен шекшип тест салсам эки сызыкча чыкты. Дароо Эсенге сүйүнчүлөп "баш кошолу, атам мени бирөөгө берем деп жатат" десем, "ошол бирөөңө кете бер, мен баш кошо албайм" деп койду. Айла жок, курсактагы баламды врачтын кеңеши менен алдырып салганга аргасыз болдум. Эми бүттү деп Эсенден кол үзгөнгө аракет кылып алыстап баштадым.
Ошондой депрессияда жүргөн күндөрдүн биринде атам "айылдын беделдүү кишиси кызыңды бер деп айттырып жатат, ага жок десем болбойт. Кызың баласы менен бир сүйлөшүп көрсүн" деп апама айтып жатканын угуп калдым. Ошол күнү эле туугандар чогулуп маселени кабыргасынан коюп, "ошого турмушка чыгасың, ушинтип жүрө бересиңби, жаштыгың өтүп бара жатат. Карачы, кандай татына кыз элең, соолуп баратасың" деп башташты. Менин ичимдеги арманымды алар кайдан билсин. Бизде түштүк жакта кыз болбой чыгуу өтө уят нерсе. Анымды ойлогондо ааламга батпай кеттим. Себеби атамды эл алдында шылдың кылып, ага рахмат эмес, наалат айттырып, кашык менен чогулткан аброюн чөмүч менен чачкандай болмокмун. "Токтоткула, менин жигитим бар, андан башка эч кимге чыкпайм" деп алардын оозун жаптым. Ошол күндөн тартып Эсендин артынан түшүп, эптеп ага турмушка чыгуунун жолун издедим. Ал да мага көнүп алган окшойт, мени жакшы кабыл алды, акыры үйлөнүүгө да макул болду. Мурун Эсендин баңгизатын чегип койгонун билчүмүн. Бирок анысына деле кайыл элем.
Ошентип экөөбүз жакындарга жар салып, үйлөнүү той өткөрүп баш коштук. Удаасынан 2 кыздуу болдук. Атасы баңгизатын колдонсо да, Кудайга шүгүр, кыздарымдын ден соолугу чың эле болду. "Үйрөнгөн адат калабы?" дегендей, акыркы кезде жолдошум баягысына такыр эле берилип кетти. Ансыз жашай албайт, кайненем менен кайнатам да дарылатып жатып бул жоругун калтыра албай койду. Алар да өз баласынан тажап үйгө камап, жанына мени киригизип коё турган болду. Доза жетишпей калганда көзүнө мен да көрүнбөйм, жиндиден айырмасы жок, айбанга айланып калат.
Мындай жашоодон тажадым. Акыркы күндөрү арыктап, ачуулуу да болуп баратам. Муну туугандарыма же досторума айта албайм. Атам менен апам билсе кандай абалда калат, билбейм. Менин туугандарымдын арасында болгон той-топурга баары күйөөлөрү менен жетелешип барышат, мен жалгыз барам жесир аялдай болуп. "Эсен кана?" дегендерге жумушун шылтоолоп, командировкага кеткенин айтып кутулам. Бул турмушум үчүн эч кимди күнөөлөй албайм, анткени мындай жашоону өзүм тандап алгам. Бир кезде бардык адамдардын көңүл борборунда болуп келген бир үйдүн эркеси Сүйүмкан Күйүмканга айланып, жок болуп баратат...

Сүйүмкан


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(44)
27.03.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
"Индюк "сабыр,сабыр,сабыр"деп атып шорпого тушуп калыптыр"...Сабыр деп олтура бербей аракет кылып дарылатуу керек!Дагы кучтуу врач,спецтерге кайрылыш керек.Изденуу керек!
27.03.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ekaterinburg,дарылоо натыйжасыз, бангизаттан баш тарттуруу мумкун эмес.
28.03.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
seven7,мумкун албетте,умутсуз шайтан деп коюшат,умутту узбош кк
27.03.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
назаралиевтин наркологический центрне алпаргыла ошо жакшы дарылачу беле. менин оюмча энеден жашырган болбойт го
27.03.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тандаган тазга жолугат. Туура озун кунолуусун эми сабыр жана ыйман м-н жаша.
27.03.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Копчулук кыздар бай ону тусуно карап турмушка чыккысы келет.Ыйман адеп адамгерчик ж.б дегендерин 2 оруунго койушат бардык кыздар эмес бирок
27.03.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байлыка кызыккан кызларга сабак
27.03.2017. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башында иш айныптыр да, жоголуп баратсан сапарын байсалдуу болсун!
27.03.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жамандыктын артынан жакшылык келет дейтго,жакшылыктан умут узбонуз.Бирдемке кылып дааватка чыгаруу керек мумкун онолуп кетеер.
27.03.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ай ай 5-муноттук
кумар деп акырет жашооно доо кетиресин дааа.адам баласы
28.03.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Fidel, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
28.03.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Я в н о калпты айтыптыр да
28.03.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тундук тарапта кыз чыкпай калса да боло береби?тушунуксуз!!!
28.03.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
baltabaev,тундуктун жигиттерине деле кыз чыкпаса жагымсыз. Эркекти намыс олтурот
28.03.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Башка тушкон балее , ооздон чыккан созго жараша болот! Иттин кейпин кийип калбайын деп,итти кемсинткенден Да корком.
28.03.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Келесоолук эби менен болот да ээ.....
28.03.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен да бир чыгарма жазып.берсемби мындан жакшыраак кылып..бул жомок эле не маанайыңарды түшүрүп жатасыңар
28.03.2017. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Расс болот сага куйуп жок болсон экен
29.03.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш тушконду коз корот Эми намаз окуп кудайдан тиле Куйоон да намаз окусун
29.03.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыдап койсоң өтүп кетет баары
29.03.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байлык убактылуу эле нерсе, а бакыт табуу кыйын
29.03.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа Эмне дээринди да билбейсин
30.03.2017. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurlan9117, акылдуу болбочу!
30.03.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бардык куноо озундо турбайбы. Ошентип жаман жерлерге барбаганында эн сонун жигитке турмушка чыгып бактылуу болмоксун. Эмне дейбиз дагы да кеч эмес бактылуу болунуз!
30.03.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондой болот тандап тандап тазга жолугупсун да
30.03.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми ар бир адам оз жашоосун озу чечет эмеспи айтатко озун бышырган тамакты айланып да ургулуп да озун жейсин деп ошол кымбат балуу белектерге азгырылбай оз башын менен и эркин менен иш кылсан боло мен суйдум куйдум деп баарын арнап койбой биринчи арноодон мурун ойлонуу керек мени алабы и кийин мен менен жашайбы эгер албаса кайда барам ата-энеме эмне деген адам болом кантип бул дуйнодо жашайм деп кедей же айылдык болсо да сени деп сенин кадырына жетип сыйылаганга тийсен ошол ошол бакыт эмеспи!!!
30.03.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх жашоо жашоо байлык учун эмнелерге гана барбайбыз озун тандаган жол
30.03.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байлык бийлик бир тыйын,бакыт табуу эң кыйын.
31.03.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас болуптур куйумкан
31.03.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кыйынчылыкты Аллах бербейт, аны озубуз жаратабыз.
Эч нерсе жазаасыз калбайт, чыныгы жашоодо жазасын алгандан коро, торт кундук жашоодо жазасын алганын жакшы болуптур. Тооба кыл, намазга жыгыл!
01.04.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озун курс алып журуп акыры ошого душар болдуда
03.04.2017. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйүмкан чыгармачылыгыңа ийгилик!!!
Түшүнүп жатам байлыкка кызыккан кыздарга каршы ойлонуп табылган аңгеме. Сизден жакшы жазуучу чыга тургандай.)))
26.06.2018. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен муну мурда эле окуугам. Туштук жакта уят дейт, анда эмнеге туштуктун кыздары чет мамлекеттерде коп айтылат. Бузулгандын баары эле туштук болуп чыга келет го.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо