СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№751 24-30-март, 2017-ж.

ММА

ОШ ШААРЫНДА ММА БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУ ӨТӨТ



Ушул жылдын май айында Ош шаарында ММА боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Бул мелдешке өлкөнүн мыкты спортчулары катышары күтүлүүдө. Ал үчүн Бишкек шаарында ММА боюнча өлкө биринчилиги өтүп, чемпиондор аныкталды. 8 салмак категориясында жалпы 250дөн ашык спортчу күч сынашты. Анда Азат Анарбай уулу (56 килограмм), Рыскулбек Ибраимов (61 килограмм), Нурсултан Рахманберди уулу (65 килограмм), Данияр Көлбаев (70 килограмм), Төлөгөн Рахманберди уулу (77 килограмм), Олжобай Кудайберди уулу (84 килограмм), Осман Абдулазизов (93 килограмм) жана Максат Мусабаев (94 килограммдан жогору) жеңүүчү аталышты.

ВОЛЕЙБОЛ

УЛУТТУК КУРАМА КОМАНДА АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУНДА



Кыргыз волейболчулары Мальдив аралдарында 22-мартта старт алган волейбол боюнча Азия чемпиондугуна катышууда. Аталган мелдешке «Борбордук зона» чөлкөмүнө кирген командалар катышып, Кыргыз өлкөсү менен кошо Непал, Мальдив аралдары жана Түркмөнстандын волейболчулары күч сынашат. Андрей Анкудинов жетектеген улуттук курамга 12 спортчу чакырылган. Алгачкы беттеште үй ээлери менен кез келип, 3:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Футзал

«EREM» – ЧЕМПИОН!



Футзал боюнча өлкө биринчилиги – Суперлиганын алтын медалдарын Оштун «EREM» командасы багынтты. 20-март күнү Бишкек шаарында Ысык-Көлдүн «Мурас» командасы менен «EREM» чечүүчү беттеште кез келди. Эки жеңишке чейин оюндун алгачкы беттеши Ош шаарында өткөн. Анда «EREM» «Мурасты» 7:4 эсебинде жеңип алган. Экинчи оюн Бишкекте өтүп, Оштун командасы 3:1 эсебинде утуп алды. Жыйынтыгында Суперлиганын жеңүүчүсү аталды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
29.03.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо