ЫРЧЫЛАР МЕНЕН КЛИПМЕЙКЕРЛЕРДЕ ИДЕЯ ТҮГӨНДҮБҮ?

№751 24-30-март, 2017-ж.

Заманбап фотоаппараттын чыгышы кыргыз ырчыларына чоң табылга болду. Ошондуктан азыр клиптер байма-бай тартылып, сапаты да жакшырууда. Бирок биздин өлкөдө жакшы, кызыктуу жерлер азбы же клипмейкерлер менен ырчылар изденгиси келбейби, айтор, акыркы кезде окшош декорацияда, окшош фондо тартылган клиптер көбөйдү. Алардын айрымдарын санай кетели.

АК, САРЫ, ЖАШЫЛ, КӨК, КЛИПТЕРДЕ ТҮТҮН КӨП...


Түстүү түтүндөр, кара фондогу тоголок сары жарыктар азыр ар бир клипти каптап бараткандай таасир калтырат. Алсак, ар кандай түстөгү түтүндөр Нурлан Насиптин "Достор", Бураштын "Мысли о тебе", жаш ырчы Мыктыбек Нурланбековдун "Аруузат" аттуу клиптеринде абаны ыштайт. Ал эми кара фондогу сары түстөгү жарыктар Анжеликанын "Жүрөгүмдөн", Мирбек Атабековдун "Энекем", Адилет Азимовдун "Сүйүү күчү" сыяктуу клиптерине көрк берген.

ТОПУРАК "ТРЕНДИ"

Топурак карьерине Нурмат Садыров алгачкылардан болуп клип тарткан. Андан бери бир нече жылдыздар ал жакка барып клип тарттырып, чаң жутуп келишти.


Кийинки кездерде клипмейкерлер арасында топурак "тренди" башталды. Топурак казылып алынчу карьер, кооз кийинген ырчы, артында кызыл топурактуу жар... Мындай кадрларды сиз деле көп клиптен байкасаңыз керек. Алардын айрымдарын санай кетсек: Чолпонай жана Аско "Чыгыш жомогу", Бурул Арунова "Бактым менин", "Чоро" тобу жана Айбек Бакытбеков "Балалыкты эңсөө", Нурмат Садыров "Сага байланам", Айя Садырова менен Хасан Хамдиев "Моё сердце" аттуу клиптеринде топурактуу жардын жанында ырдашат.

ПАВИЛЬОНГО АЙЛАНГАН ОКУУ ЖАЙЛАР

Омар менен Дайыр Исмадияровдун клиптеринде айрым эпизоддор коёндой окшош. Эки клипте тең топ кыздардын коридордо басып келе жатканын, жигиттердин спорт залда баскетбол ойноп жатканын көрүүгө болот.


Акыркы күндөрү клиптердин көпчүлүгүндө Бишкек шаарындагы 2 окуу жайдын имараттарынын ичи, спорт залы жана тепкичи "жылдыз" болуп жатат. Тагыраак айтканда, Борбордук Азиядагы Америка университети жана Кыргыз-Түрк "Манас" университети клипмейкерлердин павильонуна айланды. Алсак, БААУда Омардын "Сен", Дайыр Исмадияровдун "Аста-аста" жана башка бир топ ырчылардын клиптери тартылган. Ал эми Кыргыз-Түрк "Манас" университетин Дайыр Исмадияровдун "Досторум", "Сен сүйсөң болбойбу?", Нурлан Насиптин "Карындаш", Нурмат Садыров жана Баястандын "Табышмак сулуу" жана башка жаш ырчылардын клиптеринен көрө аласыз.

КЫРГЫЗ КАНЬОНУ КЛИПТЕРДИН КӨРКҮН АЧУУДА



Соңку жылдары ырчылардын клиптери кыргыз каньонунда көп тартылып, баары жомоктогудай болуп кетти. Башкача айтканда, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылында Жомок деп аталган сай бар. Ал сайда кадимки каньондорго окшогон кырка аскалар айлананы көрккө бөлөп, туристтерди өзүнө тартат. Мындан тышкары клиптерге өзгөчө кооздук тартуулайт. Мисалы, Айар "Көл үстүндө", Гүлбү Ороскул кызы "Ортомчу бизге Ысык-Көл", Айжамал Кабылова "Биймерген", Гүлжигит Сатыбеков "Сагынам" сыяктуу клиптерин так ошол жерден тартышкан. Бул аскаларды башка да бир топ ырчылардын клиптеринен байкоого болот.

ИНСТАГРАМ ЭМЕС, КИТЕПКАНАНЫ ТАНДАГАН ЫРЧЫЛАР

Гүлжигит Сатыбековдун клибиндеги кыз колундагы мамалагын унутуп кеткен окшобойбу... Анткени ал мамалакты Гүлсүн Бостонкулованын да клибинен байкоого болот.


Кыргыз ырчылары чынында Инстаграмда көп отурушкандары менен, клиптеринде китепканада көп отурушат. Же чындап эле интернеттен тажашып, китеп окууга өтө дилгирленип башташканбы? Дегеним, соңку клиптерде китепкана же китепканага окшош декорация жасалган студиянын ичинен тартылган клиптер көп. Алсак, Гүлжигит Сатыбековдун "А балким", Гүлсүн Бостонкулованын "Сенин махабатың", Асел Касымованын "Жалгызым", Анжеликанын "Балалыгым", Омардын "Бирге бололу", Даниелдин "Когда я стану ближе" сыяктуу клиптеринен китептерди көрө аласыз.

Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
27.03.2017. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Идея эле эмес ырлары дагы тугонуп бара жатат окшойт азыркы ырчылардын, кечээ Самара Каримова менен Нурлан Насип дуэт ырдап чыккан берилип угуп жаткам жакшы ыр экен, эртеси эле казак ыры экенин билип жатпайымбы ТВдан, эми бул ырчылар жаны ыр алып чыкса биринчи кайсы тилде экенин издейм, анан ырчыларга кенешим бироонун эмгеги менен озунорду корсотпой эле койгулачы!
27.03.2017. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Топурак казган карьер жонундо эшегине жараша тушагы дейт да, албетте Кумтор уруксат бербейт клип тартканга.
27.03.2017. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Клип тартканыда, кино тартканы да, эч бир идеясы жок ойлонбой тартып калышты, Ойлонууга убакыт жетип келди
27.03.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кенеш тобунун клиптери киного айланып кетет!! Жонокой окуяны да жакшы кылып тартса болот ошону окшоштура алышпайт биздин ырчылар!! Озбек туугандардан уйронгуло кантип тартканды
27.03.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulan2601,Ошондо Кенеш тобу, жакшы тартабы же, тескерисинчеби?
27.03.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Самара качан озу ыр жаратчу эле, ырларынын баары элдики,
27.03.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
mahabat.,кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтируүгө тыюу салынган. Эскертүү!
27.03.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азыркы ырлардын копчулугу ОДНОРАЗОВЫЙ! Эки жолу уккандан кийин, уккун келбей калат. Бар эле унутуп баласын!
Илгерки ырлардай эмес, илгерки ырлар азыркыга чейин кучун, авторитеттин жоготпой келет!
27.03.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Самар Каримова өзүнчө Акмөөр болом деп атат окшойт анда өзү изденсин элдин ырларын эле ХХХ ырдабай
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-03-27 14:00:48
27.03.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Benazir08, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
28.03.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Benazir08,Акмоор болбосо дагы чыныгы сулуулугу бар.Эски ырларлы дагы ырдап чыгып коргуло озунор дагы.
27.03.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Топуракты илгери Айжамал баштаса керек эле.))
27.03.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
sabyr86,туура эн сонун клип болгон.Чолдо тарткандай болуп )))
27.03.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мен коп эле ырларды такыр укпайм Сатыбековдун ырларын суйом гооо
27.03.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Айпери садыкова беле кара арык кыз ошо да куу болсом деп чан жутуп ырдаган клиби бар. Брак тигилген , утуктолбогон кызыл койнок менен тартылган.. Дагы Воронцовкадан тарттым дегени бар.э
27.03.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
erkekizmin,Айперинин ал клиби апакай акку эмес башка ыры тартылган.Кызыл койногу сонун эле болуп турат.Озунордун оюнар брак окшойт,же ал кыздын душманысынар.Айпериден коркосунбу?Коркпосон бетине айт,жок дегенде инстаграмына кирип жаз,озундун атын менен.Негизи ушинтип бироону келген катындардын жеке жашоосу жок.
28.03.2017. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
morelubvi, вау вау айпери окшойсун. Анын озуно деле айтып коем. Бул жакта окшош клиптер боюнча соз болуп атат.ошого ар ким оз оюн айтккнга укугу бар. Эми кийиминди утуктоп кийип каласын деп ойлойм. А жеке жашоо зынккабатыр болбо))#теке , теке катуу тийсе сорри
27.03.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
erkekizmin,бироону басынткысы келген катындардын жеке жашоосу жоктор
28.03.2017. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
morelubvi,супер инфо жазып атат го бетине айтпай эле буну гезит дейт чырагым))демек гезит коркуп калган болобу.? Ойлонуп анан жазыш керек. Болгону ал кыздын воронцовкадан тарттым деп кудундап жургонун коруп ээ тобо ошону айтпай эле койбоптур дегем эле. Оюлган топурактын жанына барып ырдаш кулкуну келтирет го чырагым ))
28.03.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
erkekizmin,бул жерде суперинфо айпери жонундо жазбаптыр го.Бирок ырчыларда куноо жок,клипти алар тартпайт.Ушул окшош кадрларды тарткан клипмейкерлер уялып калаар ))) .
28.03.2017. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Салам
28.03.2017. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы жакшы аракет кыла беришсин
28.03.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Клипттери тег эле окшошбойт кебир ырчылардын
28.03.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар супер инфо. Ушул окшош клиптер жонундо коптон бери ойлоп жургом. Оригиналдуу клип кутобуз, ырчылаар....
28.03.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дагы он жылдан кийинки ырлар моондой:дөңгө чыктым дөңдөн түштүм. Бир байпак бүтүн бири жыртык
29.03.2017. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперчилер Айпери Кубик кызы жонундо жазыныздарчы.Ажырашып кеткени чынбы жалганбы?
29.03.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jesika, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
29.03.2017. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эшегине жараша тушагы.
29.03.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клип мейкерлерге идеяны ырчылар айтса болот. Негизи ырчы чечет кандай тартуу керек экенин. Экоондо да жаны идеялар болуусу керек. Мага Айпери Кубик кызынын клиптери жагат. Ал чындап жаны идеялардын устундо иштейт. Айперинин эчкимиси болбойм, даже фаны да эмесмин, просто жаны идеяларды изденуусу жагат
30.03.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар жанагы жаны чыккан суйомун сенидеген клибин Алексей Воробьевдун Сумасшедшая деген клибин туураган турбайбы.
31.03.2017. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
комментттер укмушго.. жакшы сортировка кылып коюшуптур окшоштор деп.. дагы бир идеасы бар мейманканада тарткан.. бала менен кыз жашап калат анан эле урушуп кетет себепсиз.. Омардын клиби чын эле орустардын клибине окшоп калыптыр.. бирок ошол орустардын клиби более сонун чыккан..
31.03.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дагы бир идеа калып калыптыр "мейманкана " бапры эле кыз жигитти жашатып коет
31.03.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте,клиптин баарын бир клипмейкер тартып жатса окшош болот да:)
01.04.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарыле тойдо журсо изденуунун кереги барбы женил акча .
02.04.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирин бири дуурап жатышат
13.03.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан киного тартылбай эле жонеле ырдай берчи сураныч,актердук чеберчилик нөл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо