3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

№752 31-март-6-апрель, 2017-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– Университеттин алдында бокс секциясы бар. Сенин дээриңде бар окшойт. Мен барып жатканыма эки жума болду. Кел сен дагы, чогуу барып турабыз.
– Ойлонуп көрөйүн. Бирок ага акча керек да, ээ?
– Студенттерге айына 500 эле сомдон. Жумасына эки жолу машыгуулар өтөт.
– Ойлонуп көрүш керек экен.
"Дээриңде бар экен..." Мындай сөздөрдү бир жолу уккан. Ооба, Шерзаттын эсине Рустам агайы келди. Биринчи жолу муштумун колдонуп жибергенде аягы эмне болуп кеткенин эстеди. Бирок лузер деген аттан арылуу үчүн алдында экөө эмес, бешөө болсо да кирип бармакмын деп ойлоп койду. Акыркы жолу качан мээлей кийгени эсте жок. Бир чети көп убакыттан бери бокс дегенди унуткан Шерзат кызыга түштү. Машыгууну баштасамбы деп ойлонуп калды...

ххх

Медина да ал видеону көрдү. Анын курбулары менен урушкан эки жигит эмне үчүн асылганын түшүнбөйт. Ортого түшө калган бала ким болду экен деп кызыгат. Сураштырып издеп, ыраазычылык билдирип койсо ашыктык болбойт. Күндө эле аны жигит сактап кала бербейт да. Үч кыз тең бул балага кызыгып жатышты.
– Ким болду экен?
– Карачы, ортого ушул эле бала түшүп сактаптыр бизди..
– Калгандарын кара, бизди сабап жатышса деле ордунан козголбой тура беришмек окшойт.
– Булар 1-курстун балдары экен. Чет тил факультетинде окуйт деп уктум. Бүгүн сабактан кийин жароокер студентти издеп көрөлү,- деген курбу кыздар сабакка кирип кетишти. Ал видеону үчөө тең телефондоруна сактап алышкан.
Сабактардын жүгүртмөсү аркылуу чет тил факультетиндегилер окуган аудиторияны бат эле табышты.
– Шерзатка уруксат болду бекен?
Аудиториядан чыккан студент алдында турган үч кызды көрдү. Сулуулугу биринен бири өтөт. Бир саамга өзүн жогото түшкөн Шерзат дагы эмне болуп кетти деп ойлоп жиберди. Бул дагы кимдин тамашасы болду экен деп ойлогуча, кыздар сөз баштады.
– Салам, биздин куткаруучу...
– Салам...- мукактана түшкөн Шерзат эми түшүндү. Булар үч күн мурунку окуядагы кыздар экен.
– Абдан жароокер экенсиң. Сен болбосоң, бизди эмне кылышмак билбейм. Менин атым Медина. Бул Асел, Аида, менин курбуларым.
– Шерзат.
– Сени ошол күндөн бери издедик. Коркконубуздан рахмат деп да айтпай калыптырбыз.
– Эч нерсе эмес.
Сабактан кийин чогуу тамактаналы деп сүйлөшүштү. Шерзат эч тартынбай, ишенимдүү отурду. Үч кыз тең шайыр, алар менен ар бир адам бат эле тил табышып кете тургандай экен. Нарындан келгендигин, чет тил факультетине кантип тапшырып калгандыгынан тарта айтып берди. "Окуу боюнча кандай жардам керек болсо, тартынбай кайрылып тур" деген Мединанын сөзү Шерзатка жакты. "Дагы жолукканга мүмкүнчүлүк болот го" деп ичинен кубанып койду.
– Кап, 1-курстун эле студенти экен да, болбосо...
– Болбосо эмне, кайырмакка илмек белең?
Аида менен Асел бир сыйра күлүп алышты.
– Дагы бир-эки жылдан кийин мунун жөнөкөйлүгүнөн эч нерсе таппай каласыңар. Андыктан азыртадан эле "чаап" алгыла,- деп Медина сөзгө аралашты. Өзү болсо "чын эле жигиттин өзүнө тартып алчу бир нерсеси бар экен" деп ойлоп койду.
– Сенде Жек бар. Шерзатты бизге эле калтыр,- деген кыздар ого бетер күлүп калышты.

ххх

Айдар менен Жек белгиленген убакытта жолугушту. Аларга кезектеги жумуш тапшырылган. Бүгүн алар бул ишти аткарганга даяр. Экөө тең өз унааларын токтотуп, жөө келишти. Жаңы ачылган кафенин кожоюну бул аймактын "ээсине" моюн сунбай коюптур. Аны коркутуп-үркүтүп коюу керек эле. Эки дос үчүн бул кадимки жумуштай эле болуп калган. Негизги жумуштан кийин ушундай "өзгөчө" тапшырмаларды аткарып каражат табышат. Антпесе айлык менен шаарда жашоого мүмкүн эмес. Муну Айдар менен Жек жакшы түшүнүшөт. Мындай иштерге 3-курс кезинен тарта аралашып башташкан.
Жек мындай тапшырмаларды аткарууга чыгарда өзүнө бул акыркысы деп сөз берет, бирок акча баары бир керектигин билет. Анан кайра эле жаңы тапшырмага даяр болуп чыга келет.
Кафенин жанына эки жигит жакындап келди. Жаңы эле кеч кирип келе жаткан. Кафенин ичиндеги музыка сыртка чейин угулуп, кардарлар кирип жатышты. Тамекисин күйгүзүп, Айдар сөз баштады:
– Ачылганына бир ай болуп калды. Кафенин ээси биздин "шефке" баш ийбей жатыптыр.
– Демек, өз башына көйгөй үйүп жатат. Биринчи жөн гана түшүндүрүп койбойлубу. Балким, оюн өзгөртөт.
– Кайдан? Биз эмес, бизден кыйындар менен тил табыша албай коюптур. Ошон үчүн бизди жиберди. Билесиң да, Жек, бул биздин биринчи тапшырмабыз эмес. Баарын тыкан жана бат аткарабыз.
– Түнгө чейин күтөбүз анда.
Экөө түнкү экилерге чейин кафенин жанында болушту. Ар тараптан өткөн, кафенин ичине кирген адамдарды байкап турушту.
– Жарайт. Мээлей менен бет капты унутпа...

(Уландысы кийинки санда)

Алибек Алиев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 747-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 748-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 749-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 750-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 751-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 753-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 754-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 755-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 756-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 757-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 758-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 759-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 760-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 761-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 762-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 763-сан
Комментарийлер(9)
03.04.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Деп эки дос машинадан тушуп кафенин ээсине жакындай келгенде,шерзет чыга калып экоон мундун жара сокту"деп уланта бербейлиби
03.04.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
анан мурдун жара согуп, эки жагын караса дагы кыздар толтура прям баары суйуп калышты деепппи
03.04.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
))) ушул жерден улантып бутуруп салгылачы кутуп журо бербейли ар аптада.
03.04.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
дал ошол кафеде Медина курбулары жана Шерзат тамактанып отурушкан. жектин кылган ишин коруп медина андан биротоло алыстады деппи))))
04.04.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
originalkgz96,+5555 АЗАматсынар!!!)))
03.04.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
анан Шерзат Жек менен мушташып, учунчу раундта накаут кетти Жек. Шерзат менен Медина бактылуу болуп жашап калышты. Хеппи энд. Эми жаны сериал кутобуз.)))
04.04.2017. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой боорум. кулоберип жатып калдым. коментарийлери кызыктуу экен баарынан
04.04.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентип шерзат жекти рингге чакырды ошол жактан 3-раунд башталды бир аздан кийин медина кирип келди
04.04.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-04 12:18:25
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо