ЖАЗГЫ МЕНЮ. ШПИНАТ

№752 31-март-6-апрель, 2017-ж

Жазында организм көптөгөн витаминдерге муктаж болот. Алардын ордун толтурууга шпинат да көмөктөшөт. Кыргызстанда өтө деле популярдуу болбогон бул көк чөптөн француздар түрдүү даамдарды жасап, сүйүп жешет. Көрсө, анын пайдалуулугу жогору тура.

Шпинат
– бийиктиги 25-50 сантиметрге чейин өскөн бир жылдык чөп. Аталган чөптү кулинарияда колдонуу максатында алгач персиялыктар өстүрүшкөн. Перс тилинен которгондо "жашыл кол" дегенди түшүндүрөт. Кийин бул өлкөдөн Кытайга тараган. Бүгүнкү күндө да шпинат өстүрүү боюнча Кытай алдыңкы орунда турат.

ШПИНАТ ЭМНЕГЕ ДАБА?

  • Шпинаттын курамынан В1, В2, D, С, Р, РР, К витаминдерин, микроэлементтерди, органикалык кычкылдарды, белок жана каротинди табууга болот. Курамындагы белоктун өлчөмү жагынан буурчак менен төө буурчактан кийинки орунда турат.
  • 100 грамм шпинаттын энергетикалык баалуулугу 23 килокалория. Аз калориялуу азык болгондуктан диета кармоодо, салмак таштоодо колдонууга болот.
  • Фолий кычкылына жана Е витаминине бай болгондуктан эрте бырыш түшүүдөн сактайт жана кош бойлуу кезде түйүлдүктүн жакшы өөрчүшүнө таасир берип, бойдон түшүүнүн алдын алат.
  • Курамындагы кальций сөөктөрдүн жана тиштердин бекем болушун шарттаса, хлорофилл менен темир кандын сапатын жакшыртып, анемияга каршы тура алат.
  • Шпинаттын курамында йод, сапонин заты көп болгондуктан иммунитетти бекемдеп, организмде зат алмашууну жакшыртып, онкологиялык оорулардын алдын алат. Мындан сырткары кандагы канттын өлчөмүн түшүрүүдө эң мыкты жардамчы болуп саналат.

ЭСКЕРТҮҮ!
Шпинаттын курамында ат кулак кычкылы (щавелевая кислота) көп болгондуктан көп жеген учурда организмде таштарды пайда кылуусу мүмкүн. Мындан сырткары кызыл жүгүрүк, бөйрөк оорулары менен ооругандарга көп жегенге болбойт.

ШПИНАТ МАФФИНИ



Керектелүүчү азыктар:

Шпинат
– 100 грамм
Ун – 180 грамм
Жумуртка – 2 даана
Көбүрткүч – 1 чай кашык
Картошка – 150 грамм
Сыр – 30 грамм
Сүт – 1 стакан
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Татымына жараша туз, кара мурч

35 мүнөт 12 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Шпинатты жууп, кайнак сууга 10 секундга малып алып, кайра муздак сууга салабыз. Эми анын суусун сарыктырып, тагыраагы, сыгып алып, майда туурайбыз.
2. Картошка менен сырды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Унга көбүрткүч, шпинат, сыр, картошканы жана татымына жараша туз, кара мурч кошуп аралаштырабыз.
4. Мунун үстүнө сүт, өсүмдүк майы жана жумуртканын аралашмасын куюп, жакшылап аралаштырабыз.
5. Даяр болгон аралашманы кекстин калыбына куюп, 180 градуста иштеп турган электр мешине салып бышырып алабыз.

ШПИНАТ СОУСУ



Керектелүүчү азыктар:

Шпинат – 1 боо
Көк болгар калемпири – 1 даана
Сарымсак – 3-4 тишче
Зайтун майы – 4 аш кашык
Татымына жараша туз, кара мурч

20 мүнөт 4 порция

Даярдоо ыкмасы:

1. Болгар калемпири менен сарымсакты майда туурап, зайтун майына 2-3 мүнөт кууруп аласыз.
2. Буга таза жуулган шпинатты, татымына жараша туз, мурч салып, отту өчүрүп, казандын капкагын жаап демдеп коёбуз.
3. Муздагандан кийин блендерге салып майдалап койсок, соусубуз даяр болот. Бул соус эт, макарон азыктарына жана жашылча салаттарына мыкты кошулма боло алат.

ШПИНАТ САЛАТЫ



Керектелүүчү азыктар:

Шпинат – 1 боо
Зайтун майы – 2-3 аш кашык
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Күрүч уксусу – 1 аш кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Шампиньон (маринаддалган) – 100 грамм
Пармезан сыры – 1 аш кашык
Татымына жараша туз, кара мурч

10 мүнөт 2 порция

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач соус даярдайбыз. Ал үчүн зайтун майына уксусту, кумшекерди, лимон ширесин, кара мурчту кошуп аралаштырабыз.
2. Шпинатты жууп, кол менен үзүп-үзүп идишке салабыз.
3. Мунун үстүнө ичке-ичке тууралган козу карынды салып, соусту куябыз.
4. Даяр болгон салаттын үстүнө пармезан сырынан себелеп, дасторконго коёбуз. Табитиңизге жараша бул салатка грек жаңгагын, сууга бышырылган тоок этин, жумуртка, төө буурчак, өндүрүлгөн маш, куурулган сосиска, колбаса кошсоңуз да болот.

ШПИНАТ ОМЛЕТИ



Керектелүүчү азыктар:

Шпинат
– 1 боо
Жумуртка – 3 даана
Сыр – 100 грамм
Болгар калемпири – 1 даана
Сарымсак – 2 тишче
Быштак – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч

15 мүнөт 3 порция

Даярдоо ыкмасы:

1. Шпинат, сарымсак, болгар калемпирди жууп-тазалап, майда туурайбыз. Буга быштакты аралаштырабыз.
2. Жумуртканы чагып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп аябай аралаштырабыз. Татымына жараша туз, мурч кошобуз.
3. Көмөч казанга майдан куюп, ысыган кезде жумуртка менен сырдын аралашмасын куймактай кылып тегиз куябыз. Отту жайлатып, куймагыбыздын жарымына шпинат, сарымсак, болгар калемпиринин аралашмасын салып, экинчи тарабы менен жабабыз. Отту өчүрүп, 2 мүнөт көмөч казандын капкагын жаап демдеп коёбуз. Омлетибиз даяр!

Шпинатты муздаткычта 8 күнгө чейин сактоого болот. Андан кийин ал витаминдерин жогото баштайт. Ал эми кышкыга сактоо үчүн тоголоктоп тоңдуруп коюу керек.

Дамира Арстанова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(23)
03.04.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага салаты жакты.
03.04.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен жеп жатам түрдүү даамдарды жасап, ичти жакшы жумшартат экен.
03.04.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай пайдалуу
03.04.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде оскон кадимки ат кулакпы ошондо?Ошол бизде осконун жесе болобу?Быжырап кооп чыгыптыр ар жерге.
03.04.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
-Sumitra-,ат кулак башка шпинат башка осумдук
05.04.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
-Sumitra-,ошо аткулактын бир түрү. Кыргызча которсо болмок. Бизде смалак дешсе кк точно кыргызча аталышы кандай билбейм
03.04.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Э биз жакта бака жалбырак дейт жалпызга аралаштырып самса кылып жейт элек
03.04.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
asel02,бака жалбырак эмес, ал башка. Шпинатты өстүрүшөт экен атайы.
04.04.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tynara81,бакчада оскону да бар,жапайысы б.а.озу эле оскону да бар.Мисалы мята дейбиз бирок жалбыз да мятанын жапайысы,ошол сыяктуу бул да,болгону эт камыр жеп эле чопторду жакшы талдай албай калганбыз.
03.04.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эт менен куурудган шпинат салаты сонун болот
04.04.2017. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шпинатты жумуртка менен куурса да соонун болот гүрүч менен да куурулат
04.04.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
смалак деген кок чоп барго ошого окшошго
04.04.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ,гречка жонундо маалымат жазгылачы,суранам
04.04.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aizena, сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
04.04.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шпинатты озбектер смалак дешет
04.04.2017. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде деле сымалак дейт,биздин кошуна чон энебиз бар эле айылда Алайда,танга маал огороддун чекелеринен этегине сымалак терип келдим деп чогултуп келчу.Бирок жапайы сымалак жалбырагы бираз ачакай жана сабы узун болот.
04.04.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гречканы турктор кара буудай дейт экен,бизде эмне дейт...?
07.04.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elif,турктор рус пиринжи т.а. орус куручу дешет
04.04.2017. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоптор ден соолукка абдан пайдалуу жана синимдуу болот,айрыкча арзан да тушот.Мисалы коп эле жээле турган чоптор бар болгону же билбейбиз,же уйронгон эмесбиз.
Менин атам багбан болгону учун аябай чоп-чарга жакын эле,ошого биз чоп жеп чонойдук:),жаз келээри менен жаны чыккан чопторду терип келип оромо,манты,пирог,пирожки жасачуубуз.
Беде,чалкан,сымалак,ат кулак,жалбыз,чырыш(алма орук как салганда жалбыздын устундо жакшы как болот чирип куурабай) ж.б.
05.04.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ач кулактан тынч кулак жебей эле койдум ай биринчи жолу корушум бизгеэт камыр болсо болду
05.04.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазда чыккан чүкүрү бар го терир келип жейбиз го? Ошонун жаңы жерден жулуп ортосундагы ак бп агып калган сүтүн көзгө тамчылатып коюш керек ар жазда. Көздүн көрүүсү эч качан начарлабайт. Бул факт дагы. Таятам жылда жазда тамчылатып жүргүлө деп айтып калчу таятамын көзү курч боюнча кетти. Илгерки абышка чалдар до сих пор гезит окушат го. Азыр андай чалдар деле калбады окшойт...
07.04.2017. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жама жайладынызго. Аз казанга рахмат деп коюн
07.04.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалбыз деген да пайдалуу чоп бар. Негизи эле жаз келди, жашылча жемиштерди кооооп коп жениздер, ден-соолукка пайдалуу. Беш бармакты жебениздер эң зыяндуу тамактардын бири
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо