ИЗДЕЙМ СЕНИ

№752 31-март-6-апрель, 2017-ж

"КЛАССТАШТАРЫМ МАХАБАТ МЕНЕН ГҮЛКАЙЫРДЫ ИЗДЕЙМ"

– Мен Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы мектепти 1997-жылы окуп бүткөн классташым Махабат Жумалиеваны жана Телегей Сулайманова эжейдин башталгыч классында окуп кеткен Гүлкайыр Касымбаеваны издейм. Гүлкайырдын апасы банк кызматкери болчу, аты Ырыскан болсо керек эле. Классташтар, эгер окуп калсаңар байланышка чыккыла. Мен Ак-Талаа районунун Баетов айылында жашайм.

Жаңыл, тел.: 0770 63 41 02


"НАГИМА КИЧИНЕБАТЫРОВА МЕНЕН ЖҮЗ КӨРҮШСӨМ ДЕЙМ"

– 1970-жылы Бишкектеги медициналык институттун стоматология факультетинде окуган алайлык Нагима Кичинебатырованы издеп келем. Мен анда Политехникалык институтта окуп, Нагима экөөбүз келечектеги максаттарды сүйлөшүп жүрүп, кандайдыр бир себептер менен жолугушпай калганбыз. Эми карылыкка баш байласак дагы аны менен тирүүлүктө жүз көрүшүп, сырдашып сүйлөшкүм келет. Эгер Нагиманы таанып-билгендер болсо мага байланышка чыгып коюшуңарды суранам.

Темирбек, тел.: 0772 42 24 47


"КУРБУМ ЧОЛПОНДУ ТАПКЫМ КЕЛЕТ"

– 1988-1993-жылдары Самарканд шаарында, кийин Бишкек шаарында бирге окуган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Аң-Өстөн айылында туулган курбум Жанышева Чолпон Кыдыргычевнаны издейм. Чолпон, окуп калсаң мени менен байланыш.

Айгүл, тел.: 0550 66 19 82


"НУРАЙ, ФАРИДА, КАЙДАСЫҢАР?"

– Мен 2010-жылы Бишкектин "Баят" базарынын жанындагы тигүү цехтеринин биринде чогуу иштеген Нурай, Фарида аттуу курбуларымды издейм. Алар Ош облусунун Ноокат районунан болушат. Нурай, Фариданы таанып билгендер болсо мага кабар берип коюңуздарды өтүнөм.

Жамиля, тел.: 0771 31 36 92


Сиз качандыр бир кездеги жакын ада­мы­ңыз­ды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же
koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 88-27-00


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
03.04.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош шаары ,Ак-Тиек кичи районундагы 21 кочодо жашап кеткен Токтогулдук Уулкан,куйоосу Ибрагимди издейбиз достор:жаркын,бактыгул
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо