Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"ЖОЛДОШУМДАН БИР ЖАКШЫ СӨЗ УКПАДЫМ"

№752 31-март-6-апрель, 2017-ж

"Мен быйыл 50 жашка чыгам. Жолдошум менен бирге түтүн булатып жашаганыма 27 жыл болду. Жарым кылымдык өмүрүмдүн көбүн кубануудан дагы, кайгыруу, ыза, ый ээледи" деп башталат каармандын каты. Аты-жөнүн толук атагысы келбеген эже нечен жылдан бери сактап келген ымандай сырын ачты:

– Мен өзүм эңсеген жогорку окуу жайга тапшырып, аны ийгиликтүү аяктадым. Жашоодо жалаң гана жакшы нерселер болот деп нааразы болбой жашагым келет дечи, бирок жашоо баары бир биз ойлогондой болбойт тура. Алгач көргөнүмдө кара тору, узун бойлуу, ашыкча сүйлөбөгөн, кийген аскердик формасы өзүнө куп жарашкан, бир караганда сүйкүмдүү көрүнгөн жигит алдымда турду. 1970-жылдары Штирлиц тууралуу кинолор абдан популярдуу болуп, мен аларды сүйүп көрөр элем. Алдымдагы жигитти дал ошол тасмалардагы каарманга окшоштуруп жибердим. Кызыгы, бул шыңга бойлуу жигитке жолуга электе менин сүйлөшкөн жигитим бар эле. Бирок нике кайыппы, же тагдырдын жазганыбы, таанышканыбыздан бир ай өтпөй экөөбүз баш кошуп алдык.
Жолдошум үйдүн жалгыз эрке баласы экен. Айчүрөктөй төрт тарабы төп келишкен сулуу кызды алат дешкенби, айтор, босогону аттаган кезден тарта кайын журтум мени өгөйсүнтүп, сын көз караш менен карап, өз баласына мени тең көрбөй жатышты. "Оокат кылып, тыңдыгымды көрсөтсөм, балким, кайненеме жагып калармын" деген тилек менен чуркап үй жумуштарын кылчумун. "Чарчадым, чаалыктым" дебей, кайнежемдин кайненемдерге таштап кеткен эки баласын да карашчумун. "Чекилик иш кылбасам акыры ушулардан бир жакшы сөз угармын" деп жүрдүм. Турмушка чыга элек кезимде ата-энем мага "Жакшы сөзгө ээ болсоң, көпкө калат. Жаман сөзгө ээ болсоң, ал өчпөй калат" деп кулагыма кумдай куюшкан.
Келгениме 3-4 ай боло электе азаптуу күндөр башталды. Сыртынан оор басырыктуу көрүнгөн жолдошумдун да "өнөрү" чыгып, мага кол көтөрө баштады. Бир күнү болбогон нерсе үчүн мени чаап жиберди, ызаланып ыйлап жатканда кошуна аял кирип калып, жолдошума "эмне болуп кетти?" десе, каратып туруп "иштеген жеринен чоңу урушуп коюптур" деп жалган айтты. Аялды таптакыр баалабаган, сүйлөсө ороңдоп, башка адамдарды киши катары көрбөгөн, өзүн тим эле айга-күнгө теңеген адам экенин байкап жаттым. Мыйзамдуу аялы болсом дагы мени жубайы катары эмес, кир жуугуч, тамак жасагыч, күң катары көргөнүнө тим эле ичим өрттөнүп кетет. Мен ага жакшы да, жаман да айтып түшүндүрүп көрдүм, болбоду. Качан болсо жумурткадан кыр издеп, күн алыс ичип келип жүрөгүмө бычактай тийген сөздөрүн айтат. Ошондо мен бир бурчта корголоп корккон чычкан кейиптенип отурчумун. Балким, менин жооштугумбу, же турмуш ушундай болуш керек деген сезимби, же бир кездеги ата-энем кулагыма куюп койгон "жаман кыз күйөөдөн чыгат" деген сөздүн таасириби, басып кетүүгө чама-чаркым жетпеди.
Ортодон үч уулду удаа төрөп бердим. Балалуу болгондон кийин балдар үчүн деп биротоло байланып калдым.
Жолдошум мага майрам күндөрү да бир жакшы сөзүн арнабады, тескерисинче, ар дайым мени шылдыңдап, төркүнүмдүн терс жактарын кайра-кайра айтып турат. Балким, иштебей үйдө отурганыма жини келип турабы деп, материалдык жактан көз каранды болбогонго аракет кылып иштей баштадым.
Ушунча жыл чогуу түтүн булатсак да, тамагын катып жегенин койбойт. Тапкан-ташыганын катып коюп, өзүнчө бөлүнүп ичип-жейт. Мени өз атымдан чакырбай "макоо, эшек" деп атап, өзүн эр сезип келет. Азыр жашым элүүгө таяп калды. Ойлоп көрсөм, ушул. Жакында сиздердин гезиттен белгилүү артисттердин өз жубайларына болгон ыраазычылыктарын окуп, ушунчалык жанга баткан жашоодо жашап жүргөнүмө нааразы болуп кеттим. Күйөөмө айткым келет: Сен ар дайым жанымда болгон жоксуң, башыма оор сыноо түшүп, жан дүйнөм эңшерилип турганда жылуу сөзүң менен дем берген жоксуң. Экөөбүз үй-бүлө кургандан бери жашоого болгон ишеничимдин таш-талканын чыгардың. Бул жашоодо адамдын жасаган жакшылыгын билип, ага ыраазычылык айтуу эң жакшы нерсе. Сенде ушул сапат болсо гана, атаганат... Ошентсе да ушунча жылдан бери мен сени акылына келет го деп күтүп жашап келем.

Гүлбарчын


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(45)
03.04.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+55
Отузда онолбогон жигит эми элууго келгенде жыргатмак беле.
03.04.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Эх,байкуш аял заты.Кайсы жерде болсо да,азап коргон аял болот экен да.
Жакшы кунду уулдарыныздан,неберелеринизден корунуз эже.Балпайган байбиче болунуз.
03.04.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Апа кайрат кылыныз Кудайым оор сыноо бериптир бул жалган жашоодо, балким чыныгы жашоодо бактылуу болосуз.
03.04.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+103
Европада ажырашуу коп дейбиз,себеби аларда аялдар оз укуктарын билишет,коргошот. Жолдошу басынтса уруш талашы жок ажырашып кетишет. А бизде байкуш аялдар басынтмак тугул токмок жесе да балдары учун баарына чыдап жашашат,урмак тугул олтуруп салгыча. Европадан аял алып ушундай мамиле кылсанар бетинерге тукуруп басып кетмек. Кыргыз аялдардын баркына жетпеген эркектер акмаксынар!(албеттеэркектердин баары эмес,бирок 80% ушундай)
03.04.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aruuke9292,
++
Минус басылып кетти
04.04.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
aruuke9292,эч болбосо 50% дечи...80% ото эле коп берип коюпсун эжекеси.
04.04.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
aruuke9292,Ой карындаш 80% эркектер кунолу болушса 10% аялдар себебчи болову калганадычы жаманбы жакшыбы ата энелерибизда кунолу болуп калышат билип билбей аз учурда бирок анан измена байлык ж.б га 10% десек Эркектер эле кунолу болуп калдыго почти. озу негизи эки жакта кунолу кобурак может эркектер сенин фантазиян ото элекен бирок
03.04.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ушундай аялзаатына "данк"! Же Кудайдан бул эркектер учун берилген бакытпы? Же эркек бул бакытты барктабай жатабы?
Кандай болсо да! Бироого биинбеген бакыт. Бакыт издееп келгенге азап. Балдарыныздан бакыт корунуз.
03.04.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+47
Куйоосу кочодо корунгон кыз м.н ойноп журсо кечирип жашаган -аял, куйоосу уй булосун бакпай ичип журсо тытынып иштеп балдарына кошуп куйоосун баккан аял, эгерде куйоосу оорукчан,майып болуп калса да таштап кетпей караган аял. А эгер аялдын ордунда куйоосу болсо булардын бирин да кылмак эмес. Ошондуктан эркектер чычалабагыла бул бугунку кундун ачуу чындыгы!
03.04.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
aruuke9292, туура айтасыз эркектер бири да чыдамак эмес. Аялдын жанын жараткан темирден жараткандай.
08.04.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aruuke9292, маладесссс
06.08.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aruuke9292,туптуура жаздын,эркектердин 80-90% аялынын баркына жетпейт, эптеп бала-чакасын багалбай жатып ойнош ойнойт, корондойт, кол которушот.Оздорун тим эле Кудайдын орун басары сезгендеричи. Эркек болуп эмнелерине эрендешет,ХХХ?Жашында кутуруп-кутуруп,аялынын конулуно тийип алап,карыганда мышык болуп отуруп калышат,байкуш бир бечара болуп,Жашында эмнелерди корсоткондорун дароо оздору унутуп коюшат,аялдын журогундо ал туболук калат.
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-06 19:40:29
06.08.2018. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl10, этика нормаларын туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынган.
03.04.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайгырбаныз уулдарыныздан корунуз эми сыйды, буйруса жакшы кундорунуз бар сизге аталган!
03.04.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Тамагын бекитип жегени эмнеси экен. Адамдын кадырын билбейт тура.
03.04.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уулдарыныздын урматын корунуз,сизге куйумдуу уулдардан болушсун Инша Аллах
03.04.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
oidon 4ygaryp ele jazyp koiuptur
03.04.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Адам бардык жашоону ОЗУ тандап алат. Баарына ОЗУ куноолуу. Дуйно коз карашыныз начар ошол учун ушундай болду. Каяктагы жапайы " кыргыздын" сасыган стереотиптери менен жашайсынар. Дуйно коз караш озгорсо гана характер озгорот,Характер озгоргондо гана ТАГДЫР озгорот. Ар бир кадамды ойлонуп ташташ керекго. Суйуу суйуу деп "галдирай" бербей
04.04.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
milana0230, озун галдирабачы
04.04.2017. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
milana0230,Жашоого көз карашың миң жолу өзгөрсө да тагдырыңды өзгөртүп болбойт.Ал нерсени Аллах сен энеңдин курсагында кезиңде эле жазып койгон.Тамакты бекитип жегенине ишенбедим,бирок жакшы сөзүн аяган эркектер бар.
08.04.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
milana0230,сүйлөйт десе сүйлөй берет экенбиз да тобо...
03.04.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
мен да учурда ушунтай ахбалдамын.эмне кылышымды билбейм.кой жашап кетейн балдар кыйналат деген сайын озун хан сезет
04.04.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aliadeli, baldarini ozun dele bagip alasin ozuno ishensen, tur da basip ket anday erkek aribayt arisa da jaribayt!
05.04.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aliadeli,Эркектердин кеебиркилери жакшылыкты тушунбойт,котормолоп,билсенда,сурап койоюн деп,мына кандай болотле?деп, айткан нерсесин,иии ушундай беле деп,суйунтуп койоюн десен,бир жолу жиндиге чыгарып алат эч нерсени билбейсин галдир деп.ушунтип эле аялдар озубуздун баркыбызды кетирип алаткенбиз,бир нерсени туура эмес кылып койсо,конулуно тийбесин деп,ии мындай болуп туратда деп койосун,а озун бир нерсени туура эмес кылып койсон олдун,эч нерсени билбейсин,сага уйрото берип,озумо калбады деп.
05.04.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
isnur93,кошулам сизге
03.04.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунду колго ал,эркекке жакшы суйлоп,мээримдуу болсон ,ал эч качан сенден,балдарындан алыс кетпейт,Гулзатка куйоосу 16-числодо гул алып келет экен силер да бизге деген туура эмес, романтик болуш коп эле адамдардын колунан келбейт,маселен озун эле романтика болуп,куйоон келгенде концерке бара тургандай тосуп ал,жашоону аял заты ондой алат,куч кубатты сага берсин,жакшы балдарына тарбия бер.
03.04.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх аял заты сиздерге таазим!!
03.04.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ar bir adamdyn jashoosu ozunun kolunda. Baktıluu,jıluu soz ugam deseniz sizdi sıylagan adamga turmushka chıgam deseniz ajırashkanız tuura.Barkındı bilbegen adam memen jashoo ozundun barkından, baktından alıstoo degen. 50 jashta kartaydım debeniz. Kim bilet kelechekte jakshı kundor 1, 5, 10...jılga sozulat...Joldoshunuz ata enesinen karangı, ayalzatın sıyloo sabagın albaganı korunup turat. Uuldarınızga SİZ tuura tarbiya beriniz. En negizgizsi ozunuzdu sıylanız. Oz ukugunuzdu korgonuz.
03.04.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдуулук
03.04.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркектерге кандай аял болгондо жагат алардан отуп жогору болгон озунун билгенин бербеген аял болсо ошондо кысып жашайт пас келген сайын оздорунон кетет куйоонуз картайганда ооруп азап тартканда анан жакшы создорду айтан б кеч болуп калган болот
03.04.2017. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чубак ажы айткандай бир аз чыдап койуңуз.Аз калыптыр:):)
04.04.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samina007,аз калыптырды кошпой койсон болмок экен
03.04.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарыныз бактынызга бар болсун
03.04.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неге менин жашоом ушундай? дейт элем бар экен да эх эркектер кана биздин бир толгобузду тартып корсо..
03.04.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эмнегедир ишенгим келбей турат, чын эле бир эже келди бекен. Ким билет, супердин жазуучулары олтуруп алып ойлоп таап койгондой эле "ощущение" жаратты. Маалымыттар жок ушундай жолго да барышы мүмкүн...
09.04.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A_l_i_b_e_k,ишенгин келбесе жашоодо мындайлар жуздоп саналат
03.04.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым сизге берет.балдарыныз уйлонуп неберелуу болосуз,мунун баары артта калат,баарынан катып жегени жаман экен
04.04.2017. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз кулагы менен суйот деген ушул,Жигиттер жубайынардан жакшы соз аябагыла жакшы соз жан эргитет жакшы суйлоп койсонор эле болду аялзаты алданат сага болгон суйуусу артат жакшы соз угуп жашаган сайын озун бактылуу сезет,мин акча таап келип герсейип согуп же корс суйлоп турсанар жашоонунда кызыгы кетип калат.Турмушта эн негизгиси мамиленин бекемдиги Жана бири.бирине болгон сылык мамиле.
04.04.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
anday erkekterdi moynun tolgop turup uydon aydap chigish kerek itke okshotup, ayaldan aylangirlar.
04.04.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суйуусуз жашоо ушундай болот, эгерде 1 ай эмес 7-8 ай суйлошуп турмуш курганызда сиз кыйналып жеткенде андай болбосо керек эле деп ойлойм. Анан жигитинизди таштап тийип кетипсизда
04.04.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a.d.i.l.e.t, булда тагдырда эми тигил суйлошкон жигитине тийгенде ал бундан откон начар адам болсо анан дагы окунуп журмок ушул азыркы адамга тийбей деп может тагдыр деген ушундай болоттур
04.04.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айымдар конулу жумшак,мээримдуу ары назик да кучтуу да жан. жашоодо туйшугу чон. Эркектер ошол назик айымдарды кордогондун ордуна коргоп,ыйлаткандын ордуна кубантып жакшы создорун аябай арнап турушса аялга андан артык бакыт барбы. Жанында сени тушунгон сага куйгон эркек болсо аял гулдойт корктонот айланасындагыларга кубаныч мээрим гана тартуулайт да. Эх аттин бирок канча деген аялзаты бактысыз, башкаларга коргозбой коз жаш тогуп жашап келишет.
04.04.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Andai erkekterge soz jok uirongon adat olgondo kalat. Erkektin uwundai ekenin bilgrnden kiyin balanyn sany koboio elekte ajyrawyw kerek. Emne kylat bul az kunduk jawoodo kor bolup otup
04.04.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх, омурунуз окутто откон тура... Бир келген жашоодо кор болуп, жашоонун жакшы жактарын сезбей, корбой кыйналып жашоо зарыл беле... Суйуунуз балчыкта тебеленип-тепселип, баркталбай бир тушкон жалбырактай соолуп, саргайып куурап кала бериптир да... Башына тушунбогон азыр тушунот дейсизби? Колунда бар алтындын баркын билбеген акмак экен жолдошунуз.
04.04.2017. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркек эмес экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо