Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Супер-Инфо" гезитин саткан ата: "КЭЭ БИРЛЕРИНЕ ГЕЗИТ ТАШТАБАЙ КАЛСАМ ТААРЫНЫП КАЛЫШАТ"

№752 31-март-6-апрель, 2017-ж

"Супер-Инфо" гезити жарык көргөндөн бери аны сатуу менен үй-бүлөсүн багып келген жарандарыбыз көп. Биз Кыргызстандын булуң-бурчунда "Супер-Инфо" гезитин сатып иштегендердин көбү менен байланышып, гезит сатуунун сырларын, түйшүктөрүн сурап көрдүк. Бардыгы "гезиттин өтүмдүүлүгү жакшы үчүн иштеп жүрөбүз" деген жылуу пикирлерин айтышты. Ошолордун арасынан Абдылда Осмонбеков жана Жыпара Тентимишова бизге гезит сатуудагы ар кандай окуяларды жана кызыктуу учурларды айтып беришти

"ДАЙЫМКЫ КАРДАРЛАРЫМА УБАГЫНДА ГЕЗИТ ЖЕТКИРҮҮ – ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК"

Абдылда Осмонбеков 76 жашта. Бул аксакал 8 жылдан бери "Супер-Инфо" гезитин сатып иштейт:
– Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы БооТерек айылында жашайм. "Супер-Инфо" гезити кызыктуу чыккандыктан окурмандары көп болуп, бат эле бул ишке аралашып кеттим. Мурун айылдагы дыйкан чарбада катардагы кызматкер элем. Пенсияга чыккандан кийин үйдө бош отуруп калгам. Бош жатпастан кыбырап гезит сатууну туура көрдүм. Жаңы иштеп баштаганда жети жүздөн ашык гезитти бир заматта сатып коёр элем. Эми болсо мага окшогон сатуучулардын саны көбөйүп, жумасына 300-400 гезиттин тегерегинде сатып жатам. Өзүм Бакай-Ата районунан Кара-Буура районуна чейин кыдырып сатам. Ушуга да шүгүр, ар ким өз мүмкүнчүлүгү жетишинче сатып оокат кылып жатышат. Жаздын келиши менен айдоо-себүү иштери башталып, гезит алчулар басаңдап жатат.
Гезит сатуудагы менин ыкмам – элге бул жумада кандай жаңылыктар чыкканын айтуу. Мисалы, "программа, жылдыз төлгө, саясат жана жакшы жаңылыктар чыгыптыр" деп айтып турам. Дайыма "Супер-Инфо" гезитин алган кардарларым көп, аларга убагында жеткирип берүү менин эң чоң жоопкерчилигим. Кээ бир кардарларым менден алыс жашагандыктан аларга такси менен жеткирип келем. Соодада достук жок дегендей, кардарлар менен соодалашабыз. Жума сайын гезит алып, акчасын эки-үч айда бир топтоп бергендери да бар. Жаш өткөн сайын унутчаак болуп калдым, кээде айрымдарына таштабай өтүп кетсем таарынып калышат. Алыскы жерге гезит сатып баратканда кызыктар көп болот, кээде машинанын дөңгөлөгү жарылып, жолдо калган күндөр да болот. Андай учурда жолду карай мени келет деп кардарларым бир нече саат күтүп калышат. Гезиттеги сериалдарды кубалап окуган адамдарды көп көрдүм. Таң калтырганы, гезитти алар замат сериалын дем тартпай окуп, анан ойлонуп отуруп калышат.

"ЖУМАСЫНА 3 МИҢ СОМДОЙ КИРЕШЕ ТҮШӨТ"

– Жеке өзүм "Супер-Инфонун" ар бир барагын шашпай барактап чыгам. Өткөнкү санында "Пенсия кантип эсептелет?" деген макаланы жакшы жаздыңар. Аны ар бир эле адам окуп, билип алды болуш керек. Себеби пенсия кантип эсептелерин, кантип чыгып келерин карапайым эл билбейт да. Мына, силердин башкалардан айырмаңар айттырбай элдин талабын билип, ийне-жибине чейин түшүнүктүү кылып жазганыңарда болуп жатпайбы. 8 жылдан бери "Супер-Инфону" сатып көп эле киреше таптым. Жумасына 2500-3000 сомдой киреше түшөт. Бул акчага керектүү буюмдарды, өзүмдүн кийим-кечемди алам.
Балдар болсо "үйдө эле отуруңуз" дешет, бирок жөн эле жата бергенге моюн жар бербейт. Мына, өткөн жумада соода жакшы болду. Бардыгын сатып бүтүп, кийинки санынан канча гезитке буйрутма берсем деп ойлонуп жатам. Ал эми "Супер-Инфонун" жалпы окурмандарына замандан артта калбаңыз дейт элем.

"СУПЕР-ИНФОДОН" БАШКА ГЕЗИТ САТПАЙМ"

Кочкор районунун тургуну Жыпара Тентимишова 3 жылдан бери гезит сатып иштейт:
– Ар жума жаңы чыккан "Супер-Инфо" гезитин бейшемби күнү түнкү саат 2лерде барып автобустан тосуп алам. Өзүмдүн унаам бар, аны айдап алам. Жума күнү таң атары менен соода кызыйт. Өзүм болсо көп жылдан бери Кочкор районунда соода кылам. 3 жыл мурун башка товарларыма кошуп 30-35тей гезит алып сатып көрдүм. Байкасам, өтүмү жакшы экен, кызыга баштадым. Гезиттен "атайын иштешүү үчүн чакырабыз" деген жарнаманы окуп, аларга байланыштым. Ошентип азыркы иштешип жүргөн "Супер-Инфонун" кызматкерлери менен таанышып, иштеше баштадым. Андан бери 3 жыл өттү, жакшы эле сатып келе жатам. Окурман катары да "Супер-Инфонун" ар бир чыгышын чыдамсыздык менен күтөм. Сканвордду толтурганга шашам. Аны бир жаңсыл кылып коюп анан тагдырларды окууга киришем.
Гезит сатуудан мага ар санында болжол менен 1700-1800 сомдой акча түшөт. Түшкөн акчанын ар эки жумасыныкын чогултуп козу же кой алам, ошентип жатып короомо көп мал топтой алдым. Албетте, бул жакшы жаңылыкты кайра "Супер-Инфонун" кызматкерлерине айтып жатканым кубанычтуу.
Башка сатуучулар сыяктуу эле менин да дайымкы кардарларым бар. Кошуналарым болсо алдын ала эле телефон чалышып, гезит келер замат айтып коюшумду эскертип турушат. Андайларга мен да биринчи кезекте алып коём. Негизи ишемби күнү кечке чейин гезитти сатып бүтүрүүгө аракет кылам. Өткөн жумада болсо алган гезиттерим тез түгөнүп, көп кардарларга жетпей калды. Эмки жума көбүрөөк алайын деп жатам. Азыр ойлосом, ушул убакка чейин "Супер-Инфодон" башка гезитти сатып көрбөптүрмүн. Гезитке терең ыраазычылык билдирем. Мен үчүн "Супер-Инфо" пайдалуу жана кызыктуу маалымат берген, маңдай тер, адал эмгек менен акча таптырган булак.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
03.04.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бекер айтттынарда эми силерге конкуренттер кобойот баары гезит сата баштайт супер инфого жакшы гезит коп сатылат 2500 3000ден таппай каласынар эми
03.04.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZHYRGAl1412,ошо мендагы ойлонуп калдым дебейинби.
03.04.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатуу баарынын колунан келе бербейт,ийгилик силерге коптогон кардарлар кобойо берсин
03.04.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сканворду бул жакка да чыгарсанар болбойбу админ мен дагы толтурганды аябай жакшы кором
04.04.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirgizstan, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
03.04.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы бекер жаткандарга жакшы кенеш...
04.04.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Свежий жаңылыетарды чыгарып турсаңар демекмин. Мен газетасын алсам эле жолдошум бул бир жума мурунку жаңылык, эмне, эми жетиптирби буларга деп күлөт? Аны биз окуп койгон болобуз. Сериалды вообще аз жазасыңар. Пайдалуу кеңеши жакшы. Мен супер Инфону 2006дылдан бери окуйм. Студент кезде ичпей- жебей, гезит алчумун.
05.04.2017. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сканворд бетини интернет сайтына да толтурууга ылайыктап чыгарышса жакшы болот эле.
05.04.2017. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызык, эмне ичпей-жебей алгыдай гезит баасы миңдеген сомду түзөбү? Антпей эле пирожкини тоё жеп калган акчага алчу элем десең кадыресе эле сөз болмок.
05.04.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolotbeck1983, radostmoya, саламатсыздарбы? Сунушуңуздарга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
03.06.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bolotbek1983,Эми ар кимдин студенттик кези ар кандай ототда. Биз тушко чейин суу ичип тушто эки пирожки жеп алчуубуз. Бирок аркасынан суу же чай ичпоочубуз. Пирожки нары кетип синип кетпесин, кекиртек моюнда турсун деп. Ошондой маалда эконом кылса кылгандыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо