Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жийдеш Идирисова: "КОШ БОЙЛУУ ЭКЕНИМДИ УККАНДА КАЙНЕНЕМ ЫЙЛАДЫ"

№752 31-март-6-апрель, 2017-ж

– Жийдеш, саламатсыңбы? Жаздын келиши менен жашооңдо чоң жаңылык болорун билдик, көрдүк дегендей. Куттуктайбыз! Улуу кызың Севара менен жакында жарыкка алып келчү наристеңдин ортосу 11 жаш болот экен...
– Рахмат. Жаңы үйлөнгөндө "кичине иштеп акча таап алалы, кой, бул жумушту бүтүрүп алалы" деп жүрдүк. Андан кийин атым элге таанылып калды, "дагы иштеп алалы" деп отуруп убакыт өтүп кетиптир.

– Кызың Севара да аябай күтүп жүрсө керек, укканда сүйүндүбү?
– Кызым "качан бөбөк алып келесиң?" дей берчү. Акыркы жолу мага "сен "брак" болушуң керек, ээ, ошон үчүн төрөбөй жатасың да" деп жатпайбы. Угуп алып боорум эзилгиче каткырып, "брак" болсом сени төрөмөк эмесмин да" дегем. Ал азыр укмуш сүйүнүп, күтүп жатат.

– Кайын журтуң кандай кабыл алды?
– Боюмда бар экенин башында өзүм билген эмесмин. Курбу кызым "сенин боюңда бар болуш керек" дей бергенинен текшерилсем, чын эле бар экен. Негизи кайненем менен курбулардай эле тамашалашып сүйлөшө берем. Кош бойлуу экенимди айтсам "сен тамашалап жатасың" деп ишенбейт. "Коюңузчу, ушундай сөз менен кантип тамашалайм?" деп жатып ишендирдим. Угуп алып сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберди.
Кайненем менен кайнатам сонун кишилер. Ашыкча сүйлөшпөйт, кийлигишпейт. Кесиби башка болгону менен, экөө тең чыгармачылыгымды колдошот. Кээде иштериме жетишпей жатканда атама айтып койсом, бат эле бүтүрүп коёт. Кайын сиңдим болсо азыр дүкөнгө кирип эле жаңы төрөлгөн баланын кийимин карап "алам" дей берет экен. Апам "коё тур, төрөлсүн" деп алдырбай жатыптыр.

– Эмнеге талгак болдуң?
– Бир нерсени жегим, ичким келип жолдошумду кыйнаган жокмун. Кафе, ресторандын тамагын жегим келбей калды. Чычкан, таракан аралап кеткенсип жийиркенмей адат таап алдым. Ошондуктан азыр үйдөн гана тамактанам.

– Кош бойлуу болгону өзүңдү эмнелерден чектедиң?
– Машина айдайын деп рулга отуруп көрдүм, бирок ар кандай кырдаалда нерв болот экем. Ошондуктан унаа башкарууну токтоттум. Андан башка нерсеге тыюу деле салган жокмун.

– Интернеттеги баракчаңа азыркы кезиңди сүрөткө тартып жүктөбөдүңбү, кош бойлуу экениңди интернеттен билген жакындарың да болдубу?
– Ооба, болду. Чындыгында, жарыялагым деле келген эмес. Кызым менен сейилдөөгө чыгып калганда мени сүрөткө тарткандарды байкап калгам. Алар менин сүрөтүмдү эмне кылышмак эле, интернетке илишсе керек деп ойлодум. Бирөө интернетке сүрөтүмдү илип, "Жийдеш Идирисова кош бойлуу" деп жазышын каалаган жокмун. Ошондуктан атайын өзүм фотосессия кылып, баракчама илдим.

– Эми сөздү чыгармачылыгыңа бурсак. Жакында эле чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Арасынан сени көрө алган жокпуз...
– Сенин эмгегиңди башка бирөө баалаган жакшы. Мен бирөөгө барып "менин эмгегимди баалап берчи" деп кантип айтам? Башкача айтканда, "мага ушул наамды бериңиз" деп өзүмдү өзүм көрсөтүүнү туура көргөн жокмун.

– Адам артта калган күндөрүнө саресеп салып, өзүнө-өзү баа бере да алышы керек эмеспи. Эмгегиңди өкмөт баалабаганына капа болгон жоксуңбу?
– Менин кабакта ырдап жүргөнүмдү эске албаганда, сахнага, эл алдына ырдап чыгып жатканыма 2-3 жыл болду. Канча бир жылдык эмгеги бар биздин улуу муундагы артисттерибиз деле эч кандай сыйлык албай келе жатышпайбы. Алардын жанында мен алышым керек эле дегеним уят го. Мага да өзүнүн учуру келет. Силердин сурооңордун төркүнүн да түшүнүп жатам. Сыйлык албаганым бир чети мага деле катуу тийиши мүмкүн. Анткени «Turkvizyon» сынагынын 2014-жылкы жеңүүчүсү казакстандык ырчы Жанар Дугалова болгондо президенти Нурсултан Назарбаев ага дароо Эл артисти наамын берген. Мен 2015-жылы 1-орунду алып келгенимде бийлик тараптан көңүл буруу деле болгон жок. Колдоп, мага назарын салган элим болду. Сынактын уюштуруучулары, башка элдин ырчылары менен сүйлөшүп калганда алар "сага мамлекет кандай сый көрсөттү?" деп сурашканда эмне айтарымды билбей калгам. "Элим таанып, жакшы көрүп калышты" дегенден башка эмне дейм? Чындыгында, элим гана колдоп алды.

– "Жолдошум болбосо, балким, мындай ийгиликке жетмек эмесмин" деп айтып каласың. Иш үстүндө уруш-талаш орун алган учур болобу?
– Кээде экөөбүздүн идеябыз бири-бирибизге жакпай, анын артынан урушуп, таарынышып кеткен учур көп эле болот. Мен муну кадыресе эле көрүнүш деп эсептейм. Менин айткандарымды жолдошум жактырбаса, эмнеге экенин майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп келип, анан жыйынтыгына токтолот. Көп учурда мен ага баш ийем. Анткени ал профессионалдуу музыкант. Туура эмес болсо мен ийгиликтерге жетишмек да, силерге азыр интервью бермек да эмесмин, туурабы (күлүп)? Эң башкысы, иштин айынан болгон уруш-талашты жеке мамилеге сүйрөп алып кетпейбиз. Жумуштан чыкканда таарынычтын баарын студияга кулпулап салып, анан үйгө жөнөйбүз.

– Телефон чалсак эле "көчүп жатам, оңдоп-түзөө иштери менен жүрөм" деп жаттың эле, жаңы конуштуу болдуңбу?
– Биз бир бөлмөлүү батирде жашачубуз. Силер "Жылдыздын үйүндө конокто" деген рубрикабызга чыгыңыз" дегениңерде "104-сериядагы бир бөлмөлүү батирде жашайм, үйүмдү чоңойтолу, анан чакырам" дечү элем (күлүп). Эки жылда топтогон акчабызга төрт бөлмөлүү батир алдык. Мурунку үйүбүздү сатып, анын акчасын жаңы батирибиздин оңдоп-түзөөсүнө жумшап жатабыз. Эми конокко чакырам силерди.

– Жакшы, жолдошуң корей улутунан эмеспи, алардын колунан жасалган тамакты сүйүүчүлөр да көп. Сен корей ашканасын өздөштүрө алдыңбы?
– Толугу менен баарын үйрөндүм деп айта албайм. Бирок үйдө көп желген тамактарды үйрөндүм. Кукси деген муздак тамагы бар. Ошону жакшы көрөм. Жай жакындап калды, эми ошол тамакты бат-баттан жасайм. Кыргыздын ашканасында эт анан камыр сөзсүз болуш керек го, корейдикинде чөп-чар, жашылча-жемиш көбүрөөк орун алат. Негизи мен тамак ылгабайм.

– Буюрса, аман-эсен көз жарып алсаң, бир аз тыныгуу жасайсыңбы?
– Май айында көз жарсам, жай башталары менен ишке киришем. Анткени «Turkvizyon» сынагы ушул жылдын сентябь айында Астана шаарында өтөт. Мурунку сынакта жеңүүчү болгондор конок катары чакырылат. Ошондуктан азыртадан кандай стилде, кайсы ырды ырдайм деп ойлонуп жатабыз.

– Продюсердик борбор ачканыңды билебиз...
– Ооба, ушул жылдын январь айынын аягында менин атымдагы продюсердик борбор ачканбыз. Бий, вокал жана музыкалык аспаптарда ойноо боюнча 3 багытта жаштарды тарбиялап жатабыз. Алгачкы окуучуларыбыз июнда окуусун аяктап, сертификат алып чыгышат.

– Рахмат маегиңе, аман-эсен көз жарып ал.

"Бир нерсеге талгак болуп жолдошумду кыйнаган жокмун".


"Кызым Нарында таенесинин колунда жүргөндө комуз ийримине барчу. Азыр жаныма алдым. Окуусун бир жолго салып алса, комузду чертүүнү үйрөнүүсүн улантат".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Жийдеш Идирисова: "Курсактагы балам менен сүйлөшөм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  23 
Комментарийлер(59)
Медиа-портал
03.04.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Абдан таланттуу айым, сыйлайм. Ийгилик,ден соолук, аман эсен коз жарып алыныз
03.04.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Корейдин кыздарын алсан корей болот баланар. Биздин Курманжан даткадай кыздарыбыз калбады
07.04.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Bolunbo.kyrgyz, Себеби Алымбек Даткадай эркектер дефицит болуп баратат.
03.04.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аман эсен коз жарып ал...
03.04.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
аябай ачык адам экен, мне понравилась
03.04.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Гени кучтуу экен кызы Корейс эмес кыргыз элего ону кантседа бактылуу бол!
03.04.2017. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аман эсен коз жарып ал!
03.04.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу бол. Ким менен жашаса озу билетда, кыргыз менен жашапле жыргап кетмек беле. Кореец мусулман эмесда болгону
08.04.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
KRASAVCHIK,соз ошо мусулман эсесте болуп атпайбы?
03.04.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик аман эсен коз жарып алсын бирок жолдошу корейс экенин билбейт экенмин.
03.04.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кайсы улутка тийсенер ошол мамлекетке кеткиле да Кыргызстанды тебелетпей.
03.04.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Баягы, баягы, баягы деп туруп алыптыргооо жанада аял заты учун мындай кааааткырып кулгон жарашпайт экенин эске алып койсонуз. Бактылуулукту жана эсен аман коз жарып алуунузду каалайм
03.04.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
казакстанда закон кабыл алат экен эми эгер казак жарандары башка олконун жаранына турмуш курса казак жараны болбой калат экен жана кайра казакстанга кирууго мумкун эмес экен. биздеда ушундай закон кабыл алынсын. деп требую
03.04.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
tyrgon, Ошону кош колдоп колдоймун
04.04.2017. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
tyrgon,Эн туура кылган Назарбаев,бизгеда керек ошол закон.
03.04.2017. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Молодец , Кыргызстандын атынан чыгып болокиэл болок жерге кыргыздын атын чыгарып журот . жогору жактагылар Бишкектен чыкпаган жети областы кыбырбаган кынылдагандары баалап фонограмма мн кыйкыргандарды сыйлап , Кайрат П дегендер аты аталбай калды
04.04.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ryskulova, ++ушундай наалыгандар кобойду, эптеп бир нерсе таап чыгышат да жанды кашайтып(
sabina5 түзөттү 2017-04-04 10:43:02
Медиа-портал
04.04.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы маек бериптир, болгонун болгондой, ачык!
Озу да сонун адам экени корунуп эле турат!
Бактыныз менен болушконузго рахмат,бизге да жуксун:-)) Аман эсен коз жарып алыныз!
Медиа-портал
04.04.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кош бойлуу айымга терс пикир жазгандар аман эле болгула, силерге соз жок, кудайга койдум((
04.04.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ошол эле кореецтер кыргызстанда эле жашап жатпайбы, башка улуттан алса деле, бизде толтура улуттар бар, аларды да чыгарып жибергиле анда, кореецке тийсе да кыргызча ырдап, биздин элдин атын чет жерде чыгарып журбойбу, ийгилик. аман эсен коз жпрып ал
04.04.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куттуктайм!
04.04.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жийдиш канчанчы жылгы болот
05.04.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Suluu8888,1985-жылкы.откон сандарында бар
05.04.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
FC.KERBEN, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
05.04.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жийдеш аман эсен көз жарып ал! Бактылуу эне бол! Ден соолукта бол!
06.04.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
уррааа мен супер инфого катталдыым
06.04.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул кызды тааныбайт экенмин
06.04.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур, аман эсен коз жарып алсын, бакыт ийгилик каалайм, кудайды оозунан тушурбогон жонокой адам экен
07.04.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырас кылат кореецке тийсе. Башкысы суйкумдуу жар бактылуу эне ийгиликтуу айым. Кыргызга тийип эле мнени кыйратмак эле. Мына бири 3 майыпты жетелеп маршрутка жууп журот уйу жок батирден батирме,бири 50го чыкса да бааланбай тепсенди болуп журот кыргызда мындай кордолгондор азап чеккен бактысыз аялдар толтура.Итке тиеби питке тиеби эн башкысы аялдык бакытты корсун ар бир аялзаты. Патриоты ...в . Аял башы мн кош бойлуу аялга негатив мамиле жасагандар соз жок .......синер силер. Аман эсен женилдеп ал
07.04.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тегинди сактаймын десен-уулунду тарбияла.
Улутунду сактаймын десен-кызынды тарбияла.
07.04.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жийдеш өтө таланттуу жана нукура кыргыздын сулуу, акылдуу жана ачык маанайлуу кызы. мен сени өллө жакшы көрөм.
08.04.2017. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жийдешти сыйлайм.туура суйлогон наам тууралуу.эстуу экен.аман эсен коз жарып ал.Сен сулуусун
08.04.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
азаматсын! кореецке тийип алыпсын
08.04.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы, Ийгилик каалайм!
10.04.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурунку интервюсун кантип окуса болот
10.04.2017. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мусулман болбосо никеси өтпөйт зынаа кылгандай болот ошол жагын ойлош керек. А зынаа кылгандар тозоко!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо