ДҮЙНӨ ЖЫЛДЫЗДАРЫНДА ЭМНЕ КЕП?

№752 31-март-6-апрель, 2017-ж

ЖАННА ФРИСКЕНИН АТА-ЭНЕСИ КЫЗЫ ТУУРАЛУУ ТАСМА ТАРТАТ


Орусиялык ырчы Жанна Фрискенин ата-энеси кызы тууралуу документалдык тасма тартат. Бул жөнүндө орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Долбоордун демилгечиси ырчынын Германияда жашаган күйөрманы болгон. Ал тасманын сценарийин жазып берсе, телеканалдардын бири каражат бөлгөн. Ырчынын трагедиялуу тагдырын баяндаган биографиялык тасмада башкы каармандын ролун ким ойноору билине элек. Фрискенин ата-энеси сценарий боюнча оңдоолорду кошуп, учурда иштелип чыгууда. Фильмде ырчынын бүт жашоосу камтылат. Бирок тасмада ырчы айымдын жарандык жолдошу, телеалпаруучу Дмитрий Шепелев болбойт.
Эске салсак, Жанна Фриске 2015-жылы 41 жашында каза болгон. Андан бери ырчынын үй-бүлөсү менен Дмитрий Шепелевдин мамилелери оңоло элек. Жубайлардын Платон аттуу уулу таята-таенесин 1 жарым жылдан бери көрө элек.

"ЕВРОВИДЕНИЕ-2017" УКРАИНАДА ӨТПӨЙ КАЛЫШЫ МҮМКҮН


"Евровидение-2017" сынагына Орусиянын атынан ат салыша турган ырчы Юлия Самойлованы Украина өз аймагына киргизбей койгону үчүн сынактын уюштуруучулары аталган мамлекетке катаал санкция колдонушу мүмкүн.Тактап айтканда, Украинаны "Евровидение-2017" сынагын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Бул тууралуу Европалык берүүлөр биримдигинин (EBU) башчысы Ингрид Делтенре чет өлкөлүк басылмалардын бирине билдирген. Анын айтымында, сынак саясий максатта колдонулбашы керек жана сынактын тарыхында катышуучуну өлкөгө киргизбей коюу биринчи жолу катталып жатат.
Белгилей кетсек, Украинанын бийлик өкүлдөрү Юлия Самойлова Крымда ырдаганы үчүн өлкөгө киргизбей турганын билдирген. Учурда сынактын уюштуруучулары Украинанын президенти Пётр Порошенко жана премьер-министри Владимир Гройсман менен оптималдуу чечим чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

ЖОРЖ МАЙКЛ 3 АЙДАН КИЙИН ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ


Өткөн жылдын 25-декабрь күнү каза болгон легендарлуу ырчы Жорж Майкл 29-мартта гана жерге берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти. Айта кетсек, 3 ай бою артисттин өлүмүнүн себеби аныкталып келген. 7-мартта гана эксперттер ырчы жүрөгү жана боору ооруп каза болгонун аныкташкан. Жорж Майкл Улуу Британиядагы жабык Хайгейт көрүстөнүнө апасынын жанына коюлду. Акыркы сапарга узатуу аземине ырчынын жакын туугандары катышкан.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
03.04.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 ай да кармашабы тооба
04.04.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myskal.abdrazakova,
3 ай го олукту сактай турган жерде кармашсын, боор менен журогун 3 айда аныкташкыдай 45-жыл беле тооба. Техника деген онугуп буткон го азыр.
03.04.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Абдан таланттуу инсан болчу бейишин берсин
04.04.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо