Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Изат Артыков, оор атлет: "СОТТУН ЧЕЧИМИ КАНДАЙ ЧЫКПАСЫН, МЕН АГА ДАЯРМЫН"

№753 7-13-апрель, 2017-ж.

  • Аты-жөнү – Изат Артыков
  • Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 8-сентябрь
  • Туулган жери – Токтогул шаары
  • Жетишкендиктери – Азия чемпиону (2016-жыл, Ташкент), "Рио-2016" Олимпиадасында 3-орун (кийин допинг колдонду делип, жыйынтыгы жокко чыгарылган). Эл аралык класстагы спорт чебери
  • Үй-бүлөлүү. Бир кыздын атасы

– Изат, ушул жылдын башында Швейцариянын Лозанна шаарында Спорттук арбитраждык сотуна барып келгениңер белгилүү. Анын чечими чыга элекпи?
– Ооба, тыюу салынган каражат колдонгон деген айыптын үстүнөн Спорттук арбитраждык сотко кайрылганбыз. Соттук отурум 11-январда болуп өткөн. Бир нече саатка созулган отурумга Оор атлетика федерациясынын президенти Улан Молдодосов экөөбүз катышып келдик. Бизге Европада жашап келген Айдай Масылканова аттуу эже юрист катары жардам берип жатат. Соттун чечими 2 айда чыгат деп айтылган. Бирок жакында эле билинди, чечим ушул жылдын апрель айында чыгып калат деп айтышты.

– Сотто өз сөзүңдө эмне деп айттың?
– Ал жерде "сен стрихнин колдондуң беле же жокпу?" деп түзмө-түз суроолор берилген жок. "Кандай документтерге кол койдуң, кандай витаминдерди иччү элең, стрихнин деген каражатты билчү белең?" деген сыяктуу суроолор узатылды. Өзүмдүн басып өткөн спорттук карьерам тууралуу айтып бердим, жаштайымдан канчалаган тер агыздым, машыгууларга убакыт короттум. Анан бир кичинекей каражат үчүн 15 жылдан ашык аракеттерим текке кетип жатса, албетте, ыза болосуң. Олимпиадалык принциптердин баарын профессионал спортчу катары сыйлайм. Өз сөзүмдө ушуларды айттым, жашымды тыя алган жокмун.

– Демек, бул иште сен акмын деп билдирдиң да?
– Стрихнин күч берчү каражаттардын катарына кирбейт. Бул тууралуу спортчулардан тарта машыктыруучуларга чейин кабардар. Эгерде допинг колдонгон болсом, мен дароо күчтүүлөрүн колдонуп, алтын медаль үчүн күрөшмөкмүн. Бирок мындай болгон жок да.

– "Рио-2016" Олимпиадасында медаль утуп келгенден кийин жана допинг тууралуу маалымат чыккандан кийин ар кимдин мамилеси, көз караштары өзгөргөнүн сезсең керек?
– Олимпиададан медаль утуп келгенден кийин достор, колдоочулар, күйөрмандар көбөйдү. Телефонум чалуулардан улам тынган жок. Кыргыз элинин сүйүнгөнүн көрдүм. Тыюу салынган каражат тууралуу маалымат тарагандан кийин кээ бирлери "бул баягы допинг колдонгон спортчу" деп айтып жүрүштү. Андайды укканда көңүлүң түшөт экен. Бирок көпчүлүк улуу, жашы өтүп калган адамдар "сен биз үчүн кандай болгон күндө да чемпионсуң" деген сөздөрдү айтып жатышканда кайра чыйралып, мындай сөздөр кадимкидей дем берип турат экен.

– Бул арада машыгууларың эмне болду? Токтотуп койгон жоксуңбу?
– Машыгууларды толугу менен токтотуп койгон жокмун. Спортчу болгондон кийин организмибиз өзү машыгууну талап кылып баштайт. Учурда мыкты спорттук калыптамын деп айтпайм, бирок толук кандуу машыгууларга өтсөм бат эле мыкты калыбыма келип калам.

– Туулган жериңде "Токтогул районунун ардактуу атуулу" деген наам ыйгарганы белгилүү...
– Токтогул эли Олимпиада оюндарын чыдамсыздык менен күтүп, мени көрүшүптүр. Ошондо медаль утканда кары-жашы дебей көздөрүнө жаш алышканын айтып калышат. Жаш кезимде абдан тентек болчумун. "Бул биздин айылдын шок жигити, байгеге илиниптир" деп сыймыктанышкан болушу керек. Бразилиядан келгенде "Токтогул районунун ардактуу атуулу" деген наам ыйгарышкан.

– Үй-бүлөң сени ар дайым колдоп келишет болушу керек?
– Жубайым Айгерим башында спорт дегенди анчейин түшүнчү эмес. Азыркыга чейин "үйлөнгөндөн кийин бир жумага жетпей машыгуу сборуна кетип калгансың" деп айтат. Чындыгында, ошондо жаңы үйлөнгөндөн кийин эле Азия чемпиондугуна даярдануу керек болчу. Өткөн жылы күзүндө Раяна аттуу кыздуу болгом. Келечекте балдарым спортко кызыкса, аларды колдойм.

– Спортто жеңиш менен жеңилүү дайыма эриш-аркак жүрөт. Соттун чечими сен тарапта болбой калса, бул карьераңдагы акыркы жеңилүү болуп калбайбы?
– Соттун чечими кандай чыкпасын, мен ага даярмын. Кыргыз спортунун тарыхында допинг колдонуп, байге утуп алган спортчу деген атка конгум келбейт. Бул чечим менен бир канча убакытка дисквалификация кылып, спорттон четтетип да салышы мүмкүн. Бул да мени сындыра албайт. Мен али жашмын. Келечекте тыюу салынган каражатсыз, таза мээнетим менен ири жеңиштерге жетишем деген ишеним күч. Муну менен өзүмдөн тарта дүйнө жүзүнө чейин далилдеген болом.

– Муну менен оор атлетиканы таштабайт экендигиңди билсе болот экен да?
– Ооба. Оор атлетикага апам өзү машыктыруучу Эсенкан Майназаровго жетелеп келгени эсимде. 2-класстан тарта штангаларды көтөрүп жүрсөм, бул жашоомдун бир бөлүгү болуп калган да. Спорт деп жүрүп окуудан калган күндөр болду. Борборго келгенде машыгуу залдарда жашап да калчубуз. Ошолордун жыйынтыгын эми көрүп жатам. Спорт менен эл көрдүм, жер кездим. Ошондой эле УОКтун президенти тарабынан 2 бөлмөлүү үй берилген. Азырынча ал үйгө кире элекпиз.

"Үй-бүлөм – менин тирегим. Жубайым ар дайым колдоп турат".


Бактылуу көз ирмемдер. Изат Олимпиададан келгенде эл көккө учуруп тосуп алган.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(20)
10.04.2017. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
бут кыргыз эле кубанычтын жашын козго алганбыз. жакшы жакка чечилсин.
10.04.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Биз учун баарибир чемпион...эн мыкты спортчу...Жакшы жагына чечилет деген умуттобуз)))
10.04.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Сиз менен сыймыктанабыз.
10.04.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Туура айтасын,эч качан сынба.
10.04.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Жашсын дагы коп эмгектен. 2020 чы олимпиада оюндарында сени кутобуз. Сага бут кыргыз элибиз ишенет.
10.04.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Молодец братан. Туну менен уктабай коргом. Аябай суйунгонумду айтпа:)
10.04.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Брат сиз менен сыймыктанабыз
10.04.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаш болсон да ушундай денгелге жетипсин азаматсын! Эч качан сынба, сен али коп чнмпион болосун.
10.04.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менда коруп жаман суйунгонмун жакшы жака чечилсин иншаалах
10.04.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эркек!!!
Медалсыз эле чемпионсун.
Красавчик!!
10.04.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээ айта корбогуло менда интернетти тытып отургам,алга эч ойдонбо эл эмне дейт деп,главный Аллаха ак болсон болду,биз сени ар дайым колдойбуз,ушунундан жазба,ал эми семяна тынчтык жана бактылуулук берсин,коп жашагыла,тапканыгарга ырыскы берсин.
10.04.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец
10.04.2017. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баары бир биздин чемпионсун!Алга Изат!Спортту таштаба,дагы бир кучунду сынап кор олимпиадада.Бир аз"раслабуха"кармап алган беймсин олимпиададан кийин.
10.04.2017. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жакта биздин соттордой гумандуу эмес, создоруно караганда чындап эле колдонгон окшойсун.
12.04.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
bond02,ХХХ суйлогонунду токтот, оз колун менен бердин беле. Кыргыздын ушундай сага окшош коро албастары кууратат бизди. 15жыл машыгып журуп анан ушундай ишке бармак беле. Абийрсиз адам экенсин bond02
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-12 12:35:21
13.04.2017. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ali80,озу айтып жатат стрихнин куч кошпойт деп, Кыргызбыз деп Кыргызстанда эле кыйкырабыз сен экообуз, кучун жетсе барып медалын кайрып бер, кайрып берсен мен да сага бир медаль алып берем.
12.04.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ойлолйм коро албастардын кылганы, утушка татыктуу болчу
12.04.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийигилик!
12.04.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
"Стрихнин күч берчү каражаттардын катарына кирбейт"
депсиң. Интернеттен эле карап көрчү срихнин деп, ал көрүү, угуу, даам татуу, кыймыл-аракет, булчуң функцияларын күчтөндүрөт экен. Эми айтчы анын күч берчү каражат эмес деп?
12.04.2017. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ачкычты эмне аялындын мойнуна илип койеун дединби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо