Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бегимай Карыбекова, модель: "3 СААТТА 2 МИҢ ЕВРО АЛГАН КҮНДӨРҮМ БОЛГОН"

№753 7-13-апрель, 2017-ж.

Бегимай Карыбекова учурда чет өлкөдө жашап, моделдик дүйнөнү багынтып жаткан кыргыз кызы. Айылдык кыз Европа менен Азиянын подиумдарына кантип жетти? Маектен окуп билиңиз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы, күнү
– 1998-жыл, 3-сентябрь
Туулган жери – Нарын облусу, Ак-Талаа району, Тоголок Молдо айылы
Бою – 176 сантиметр
Салмагы – 48 килограмм
Параметри – 83-59-88
Билими – Кыргызстан эл аралык университетинин дипломатия факультетинде 2-курста окуйт

– Бегимай, мода дүйнөсүнө алгачкы кадамды качан таштадың эле?
– Мен Ак-Талаада чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгом. 9-классты бүткөндөн кийин Бишкекке келип, колледждердин бирине тапшыргам. Модель болуу кичинемден берки кыялым болчу. 14 жашымда Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин сулуулар сынагына катышып, агенттиктердин көзүнө түштүм. Орусиянын "Kate Models" деген агенттигинен чакыруу түшүп, Краснодарда иштөөгө мүмкүндүк алдым. Ошентип карьерам уланып кетти. Өткөн жылы Германияда өткөн "Дүйнөнүн топ модели-2016" сынагында 50 кыздын арасынан суурулуп чыгып алдыңкы жетиликке кирдим. Жолдомо алып, Шри-Ланкада өткөн "Мисс интерконтиненталь" сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алдым. Андан соң Германиянын медициналык аппараттарды чыгаруучу компаниясы менен 2 жылдык келишим түзүп, ал компаниянын жүзү болдум. Алар 3 сааттык фотосессияга 2 миң евро төлөп беришти.
Көптөгөн агенттиктердин директорлору, моделдер менен таанышкандан кийин жолум ачылып, азыр Сингапур, Гонконг, Филиппин, Таиландда келишим түзүп иштеп жатам. Келишимдин негизинде ар бир мамлекетте 2 айдан иштейм.

– Социалдык тармактарга купальникчен түшкөн сүрөттөрүңдү жүктөйсүң, сын-пикирлер көп болобу?
– Ата-энем буга башында каршы болушту. Бирок чет мамлекетке көп чыгып, жашоого болгон көз карашым өзгөрүп кетсе керек. Адамды жүзүнөн эмес, кылган мамилеси, жүрүм-туруму аркылуу сындаш керек. Социалдык баракчамдагы сүрөттөрүм – бул менин моделдик жашоодогу образым, жашоодо башкачамын. Мындай сүрөттөр окурмандарымдын 10 пайызына жакпаса, калганына жагат. Жашоодо 2 тандооң бар. Сени бирөө сындайт же сен бирөөнү сындайсың. Мен сындалган жакшы деп ойлойм.

– Бул чөйрөдө атаандаштык күчтүүбү?
– Башында аябай кыйналгам, коркутуулар да болгон. Азыр кыздар артымдан сүйлөшкөнү менен, бетиме эч нерсе айта алышпайт. Мен алдыда болгонум үчүн сөз кылышат деп ойлойм. Модель кыздар аябай айлакер болушат. Сени бирөөгө жаман көрсөтүүнү каалашат. Кийимдериңди уурдап кеткендер да болот. Бирок Бишкекте аты чыгып калган моделдердин көбү менен досмун.

– Моделдикти азгырыктуу чөйрө деп айтышат. Сулуу кыздарга көз арткандар да көп болот эмеспи?..
– Чындыгында, Кыргызстанда андайды көрө элекмин. Чет өлкөдө көпчүлүк кыздардын "демөөрчүлөрү" бар. Мен андайды туура эмес кабыл алам. Белек-бечкек жөнөтүп, журналисттер аркылуу таанышкысы келгендер көп.

– Ата-энең тууралуу айта кетсең...
– Атам сүрөтчү, музыкага да жакын, бир нече аспапта кол ойното алат. Апам кол өнөрчүлүк менен алектенет. Алар ар бир ийгилигиме кубанып, колдоп турушат. Чоң атамдын көзү өтүп кеткен, чоң апам болсо жылуу сөзүн аябайт.

– Сыр болбосо, канча табасың?
– Биз да кадимкидей айлык алып иштейбиз. Андан тышкары ар бир фотосессияга 50 миң сом төлөнөт. Чет өлкөдө көргөзмөдө подиумга бир чыкканың үчүн 100 доллар аласың. Бишкектеги көргөзмөлөр 1000-1500 сом төлөшкөнү үчүн катышпайм.

– Өзүңө кантип кам көрөсүң?
– Келбетим үчүн ата-энеме ыраазымын. Чачыма, бетимдин терисине кам көрөм. Фотосессияда ар түрдүү боёнгонго туура келет, өзүм көп боёнбойм. Бирок такыр боёнбой жүргөндө жаш көрүнүп калам. Элдин "сүрөттөгүдөн башкача экенсиң" деген сөзүнөн коркуп кээде көп боёнуп алат окшойм.

– Келечектеги кыялың?
– Буюрса, ушул жылы Германияга окууга тапшырайын деген оюм бар. Эң башкы максатым – "Аалам сулуусу" сынагына катышып, Кыргызстандын атын таанытуу.

– Маегиңе рахмат, тилегиң орундалсын!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Бегимай Карыбекова, модель: "3 саатта 2 миң евро алган күндөрүм болгон"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  32 
Комментарийлер(208)
13.04.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ийгилик жаш туруп ушунча ийгиликтерге жетиптир бирок мактанчактыгы да бар экен эмнеси
13.04.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боёнбосом жаш корунуп калам дейт жаштыка жетери жокко биздин жашты кимдер арзуу кылбайт чон кыз моделдиктин акчасына карабайм кесибимди суйом депсинда Бишкекте толобойт ошон учун чыкпайм депсин кайра кайра Бишкектин кийимине моделдерине асылыпсынго Бишкектиктерден кегин бардайго
13.04.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кой сен бул тусун менен таанытпай эле койчу садагасы Кыргызстанды
13.04.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дуйно сулуусу болобу же жонокой эле Мекенинин сулуусу болобу, ал сулуу баардык жактан сулуу болуш керек. Акылдуу, назик, жонокой, создордун ток этер жерин айткан сулуу болуш керек. Анан сиз эн жонокой суроого жооп бере албагандан кийин, кечирип коюнуз бир эле сулуулугунузга ишенбениз!
SUPER.KG видео
13.04.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ото деле сулуу эмес экен бирок жагымдуу кыз экен кичине мактанчак жагы бар экен обужогурак суйлойт экен кичине жонокой болсо болмок обужок
14.04.2017. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыры замандын эшигин ачкычы 3 нерсе болот делген куранда алардын бири аялдар.
14.04.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жанагы уят болгон кызго .Бетке эле кам коро бербей мээге да кам коруш керек деп видеолору жайылып кетиптир.Суймонкул Чокморовду композитор деген кыз)))))
15.04.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
gulperi.kg,композитор дегенде кичине окшошот эле бул сулуу кыргызтандын белгилуу журналисти деп алды
14.04.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
огоо 180ком. Ийгилик
14.04.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча Бегимай сулуу айтып жаткан Манас "байкебиздин" жубайы Каныкей "эже" сулуу деле болбосо керек, акылдуу, корогоч айым болсо керек)), бирок кудайым берген келбети, бою бар экен Бегимайдын, ойлогон ой максаттарына жетсин
15.04.2017. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ишине ийгилик
15.04.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогоруда бул кыздын тарабын алгандар аны 19 жашында акча таап ата-энесине жардам берет, кыргызды дуйного таанытат ж.б.у.с. Силердин колунардан келбей коро албастык кылып жатасынар. Пол жуугандар асылып жатат ж.б.деп жазыптыр. Ар ким оз "денгээлинде" ойлонот. 1-ден ар бир инсан ыйманы менен болуш керек. Ыймансыз, намыссыз инсан, коомго да, Кудайга да жакпаган инсан. Жогорудагы кыздын жарым жыналач кийинип эл алдына чыгышы, XXX алыс экенинин далили. Динден кабары жо
Модератор admin_media түзөттү 2017-04-15 15:28:00
16.04.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
frunze14,бул кыз ушул жашта коп ийгиликке жетип,Кыргызстанга кичине болсо да салымын кошуптур.а сиз эмне кылдыныз?Эгер сиздин да жумушунуз болсо интернетте отуруп ар кимди сындамак эмессиз.
19.04.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Roza.025, эч кандай салымын кошпойт, элге да пайдасы тийбейт эн оной суроону билбеген адамдан. Буларга бренд кийим, акча, уй, куйоосу-олигарх болсо болду. Ыйманы болсо коомго пайдасы тиет эле.
15.04.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчиден акчаны 2 турдуу тапса болот, адал жол менен тапкан адал акча, анан арам акча (уурдалган, каракталган, суткорлуктан табылган, сойкулуктан ж.б.). XXX XXX Акча табат деп эле ыйманды унуткан дурус эмес. XXXX
Модератор admin_media түзөттү 2017-04-15 15:31:53
15.04.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанды дуйного таанытпай эле койсун деп айтаар элем. Кыргызстан да ар бир адам же башка нерсе сыяктуу жакшы жана жаман жагы менен таанылат. Азырынча олко спорттон чон ийгилик жаратып же экономикабыз дуркуроп осуп жакшы жагыбыздан таанылып жаткан жокпуз. Кыргызстан учурда сойкулары, кылмышкерлери, терреристтери менен дуйного таанылууда. Буга жарым жыналач баатырларды кошуп койгула...

19.04.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
frunze14, туура кошулам
15.04.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол силер тенсинбеген 5-10 сом таап пол жуугандар адал эмгеги менен акча тапкандар. Силерчилеп устундогу кийимин ыргытып женил оокат, коп акчанын артынан тушпогондор. Ошол тентиген мигрант бир ай эшектей иштеп кыйналып акча таап уйуно 5-10 мин сала алса, демек ал жашоого биздин "чондор" жеткируудо, элдин ырыскысын калтырбай жеген... Ошондой болсо да кыйынчылыкка майышпай копчулук адал эмге6и менен нан таап журот. Бар арасында женил оокат, арам тамакка ыктагандар, ыйманы жок...
SUPER.KG видео
15.04.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо кыргыздар, мен, чынында деп мактанып атып бутуптур го интервюсу
15.04.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суймонкул Чокморов журналист дегени учун мис болуп журот окшойт
15.04.2017. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуга окшогон жарым жыланачтар кыргыздын кыздарынын намысына тийип жатышат.Кокурок жамбашын корсотуп тапкан арам акчасына мактанганын айтпа.Ата энеси да кандай кишилер тооваа.Жаканды кармайсын.Буга окшогондор акча учун баарына даяр кулдай туруп беришет.
16.04.2017. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай жылаңач кийими жок баштанган кызды тарбиялап өстүргөн ата энесине ХХХХ айтам кызынын бүт денесин коргозуп таап келген акчасына кантип нан алып жеп отурушат кантип тамагынан өтөт ошол наны атасы ХХХ кой кызым сен деген эртеңки энесин кыргыздын тукумун улоочу аялзатсын деп койбогон ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-04-16 09:15:27
16.04.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башын асманда болсо да бутун жерде экенин унутпа...
16.04.2017. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчан болсо калтанда талтан да гоо талтанда болуп бул кыз талтандап кетиптир
16.04.2017. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде кыргыздарды кемситкендей суйлоптур, Эмнеге анда Кыргызстанда журоот. Аллах ыйман берсин, башка соз жок.
16.04.2017. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мактангыдай кызыбыз экен,бирок озунду озун эмес сени биз мактасак жакшы болоор эле,мейли эми Кыргыздарды дуйного таанытып иштей бер.
Урматтуу окурмандар,силер да жумурткадан кыр издебей жон эле колдоп койсок кантет,элибизди дуйного тааныткан саналуу эле адамдарыбыз бар,жетбесе жетбейт да акчасы,Европадан кийинип атсп эмне бар экен анда?
17.04.2017. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ха ХА ХА мына жердеги комменттин 1-2окуп дальше кулкум келди!!!!! Бегимай эгер сен да окусан жылмайдын болсон керек.
SUPER.KG видео
17.04.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татынашка кыз экен чын,но акыйкат конкурс болсо андан жакшы болмоктур...балким
Медиа-портал
20.04.2017. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммммммммммммммммммммммммммммммм
06.05.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде модель деген тушунук жакшы онуго элек го дейм да, ошон учун аз толоп беришет, а Германияга барып коп акча тапкан кыз Кыргызстандын акчасына алым сынбай калат. Башка олколордо моделдерди жакшы эле кабыл кылышат, ал жакта бикини деген да конкурс бар, а биз баарын эле туурай беребиз го. Кинолорубуз деле, музыкабыз деле, модабыз деле. Анан туурап купальник кийип койсо аябай сындабай эле коелу, озубуз деле колдун жээгинде купалникчен майларыбызды корсотуп журбойбузбу
06.05.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан эле ыймандуу боло калабыз калп эле, озубуздун бир жерибиз корунуп жатканы менен ишибиз жок.
06.05.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок бул кыз коп эле конкурстарга катышыптыр, анан суроого жооп бере албай калганы жаман болуптур, же жалан эле фотосессияга катышып журуп конуп калса керек.
06.05.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз деле 3 саатта 2 мин евро тапсак чон суйлоп калмакпыз. Анча кетпегиле туугандар
21.07.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын атын жарым жыланач болуп чыгарасынбы уят кыргыз кыздарга туура келбейт андай нерселер
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо