Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"АПАМДАН 2 БИР ТУУГАНЫМ, АНАН ОШОЛ СҮРӨТ ЭСТЕЛИККЕ КАЛДЫ"

№753 7-13-апрель, 2017-ж.

«Супер-Инфо» гезитинин "Издейм сени" рубрикасынын жардамы менен көп жылдар көрүшпөй калган канчалаган туугандар, классташтар, достор бири-бирин таап жатышат. Бүгүнкү каарманыбыз Денис Каримов дагы алардын катарын толуктайт.

– "Супер-Инфо" гезитине терең ыраазычылыгымды билдирем. Анын жардамы менен 28 жылдан кийин өз апама жолуктум. Мен ымыркай кезимден эле Оштогу чоң энемдин колунда өскөм. Көрсө, мен төрөлгөндө ата-энем "борборго барып иштейбиз" деп мени чоң энеме таштап кетишкен экен. Кийин атам менен апам ажырашып кетишиптир. Апам өзү "Ошко бир эле жолу баргам" дейт, кайрадан артымдан издеп келе албаптыр. Ошол бойдон "уулум Ошто калды, кантип издеп таап барам? Жаратканга аманат" деп ичинен сыздап жүрө бериптир.
Мен апамды издеп гезитке кат жазгам, көп өтпөй апам телефон чалды. Андан соң телефон аркылуу бир туугандарым менен сүйлөштүм, 1 иним, 1 карындашым бар экен. 2016-жылдын август айында мен Бишкекке барып, апам экөөбүз жолуктук. Ысык-Көл облусундагы Түп айылында жашайт экен. Алгачкы жолу апамды көргөндө аябай толкундандым, ыйладым, андан "ушунча жыл эмнеге издебедиң?" деп сурадым. Апам дагы ыйлады. "Тагдыр экен, мени кечирип кой" деп жатты. Азыр бир туугандарым менен байланышып турам, тилекке каршы, апам экөөбүз табышкандан 1 ай өтпөй ал дүйнө салып кете берди. Ага топурак салганга жетишип калдым. Табышпаганыбызда апама топурак салбай калат белем, ким билет...
Учурда Орусияда иштеп жатам. Апам менен Бишкекте жолукканда түшкөн сүрөтүм бар эле, бирок аны Оштогу эжемдикине таштап келгем. Апамдан 2 бир тууганым, анан ошол сүрөт эстеликке калды.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(7)
10.04.2017. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Денис досум окуп калсан мага жазып кой 89091189184 сенен кабар жок. Же номерин жок
10.04.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир ай кеч калсан таппай калмак экенсин. Эми бир туугандарына баш коз болот экенсин. Аллах бактынарды берсин!
10.04.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматсын. Бактылуу бол
10.04.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ылайым жоголгондор табылсын,издешкендер жоолуксун,ыйлагандар басылсын,кайгыргандар кулсун,олкобуз онуксун,элибиз тынч болсун!Оомийин!
10.04.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кудайым ушуга жеткиргенин кара
чексиз ыразычылык бир туугандарды табыштырып койуп кеттиптирда жайы жаната болсун
11.04.2017. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Денис ака Сабыр кылыңыз. КЫЗЫЛ-СЕНИРДЕН
14.04.2017. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ото аянычтуу го.эхх канчалаган мотурайган балдар эне мээримин корбой чоноюп жатат.ата энеси бар бирок ошо мээримди бири бирине того алышпай жылуу жумшак бир уйдо чогу жашабай журушот.ал ата энелер кыйналып орус колунда 25 мин алып уй салгыча ал балдар бой жетет.может ошо балдар тарбия жоктон эмнелерге барышпайт.бой жеткени кайра эле россияга келип кандай кана кунду корбойт.качан качан качан качан качан элди ойлогон олко башчы келет айткылачы.качанга чейин тентийбиз!!!!....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо