Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

№753 7-13-апрель, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Ыкчам кыймылдаган эки жигит кафенин унаа токтотуучу жайына бет алышты. Арт жагын улам караган Жек Айдарга "эки жакты карап тур, калганын өзүм бүтүрөм" дегендей ишарат кылды. Айдоочу жаңы эле Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унааны от алдырып жаткан экен. Акырын басып келген Жек унаанын арткы жагын тээп койду. Сүзүп алган жокмунбу деген айдоочу унаадан чыкканга шашты. Лексустун артына өткөндө Айдар сокку узатып калды. Эс-учун жоготкон айдоочуну далдоо жакка жаткырып коюшту да, унааны Айдар менен Жек айдап кетишти.
– Акырын эле соктуңбу? Өлтүрүп салган жоксуңбу деги?
– Кабатыр болбо, ал 1-2 сааттан кийин эсине келет,- деп Айдар күлүп койду.
– Шаардын негизги көчөлөрүнө кирбей айда. Түндө жол кайтаргандар жазында чыккан козу карындай жайнайт.
Шаардан чыга берген Лексус жаңы конуштардын таштак жолдору менен кирип барды. Үйлөрдөн алыстап, тоо этектеп калганда гана Айдар унааны токтотту.
– Бас эми, иштин сонун жана соңку бөлүгүн бүтүрөлү.
– Электр зымдарынан баштайлы. Сигнализациясы иштеп кетпесин.
Айдар менен Жек бир сыйра унааны карап турушту да, бита менен маңдайкы терезесин чаап калышты. Бири унаанын үстүнө чыгып, Лексустун таш талканын чыгарып баштады. Терезелерин сындырып, күзгүлөрүн жулуп ыргытышты. Таң атып келе жатканда эки жигит унааны талкалап жаткан сүрөттөлүш кинодогу кадрдай эле болуп жатты...
– Жетиштүү болду окшойт. Таң атып келе жатат.
– Эл ойгонгуча изибизди жашыралы.
Айдар телефонун алып чыгып, жумуш кандай аткарылганын сүрөткө тартып алды. Андан соң эки караан ал жерден кеткенге шашты. Кезектеги тапшырма аткарылды.

ххх

Жек үйүнө келип, кийимдерин чечип ыргытты. Жуунуп келип, уктап эс алайын деп ойлоду. Бирок аны ойлор уктатпайт. Ойлор эмес, уят. Жек бул иштин арты менен чоң ызы-чууга кирип кетпейбизби деп сарсанаа. Мунун артындагы ири суммадагы акчаны элестеткенде гана жаны тынч алгансыйт. Көзүн ачса түштөн ооп калыптыр. Телефонун күйгүзгөнгө шашты. "Биздин жерге келе бер. Саат 15:00", "Бүгүн келесиңби?.. Сагындым..." СМСтер четинен жаай баштады.
Жек алгач Айдар менен кезикти. Белгиленген жерде Айдардын унаасы токтоп туруптур. Жек экөө унчугушкан жок. Экөө бири-бирин жакшы түшүнөт. Айдар колундагы акчаны сунду.
Өз унаасына отурганда гана Жек акчаны санап кирди. 75 миң сом. Кечээки жумуштун акысы. Дароо унаасын от алдырып, университетти көздөй айдады.
– Мени сагынасыңбы деги, кайда жүрөсүң?- деген Медина Жекти кучактап жиберди.
– Жумуштар менен да. Окууларың жакшыбы?
– Менде жаңылыктар көп.
– Шашпай айтып бересиң. Бүгүн мен сенин толук карамагыңдамын.
– Түштө тамактанган эмесмин.
– Түшүндүм.
Медина менен Жек кафеден чыгып, сейилдеп жөнөштү. Киного кирип, бир сыйра сагынычын жазышты. Кантип кеч кирип кеткенин да сезишкен жок.
– Биздин келечегибизди кантип элестетесиң?
– Сен, мен жана биздин кичинекейлер... Окшоштубу?
– Ооба. Бирок сен кээде түнт болуп кетесиң. Жаныңа эч кимди жолотпой каласың. Мен үчүн ошондой убактарда ачылып турсаң жакшы болот. Экөөбүзгө тең.
– Албетте. Мага сенин ата-энең мени кандай кабыл алары кызык. Мендей күйөө баланы?
– Ага кабатыр болбо. Сендей күйөө баланы кучак жайып тосуп алышат.
Жек унаасын өз үйүнө айдап келди. Экөө чогуу 3-кабатка көтөрүлүштү. Эки жаш бири-бирин бүгүн коё бергиси келген жок.
Айга чагылышкан Мединанын денесин көргөндө ушул жашка чейин эмнени көрсө, мынчалык сулуулукту көрө элек экендигин сезди. Бир чети уялды, бир чети суктанды... Тунжураткан ойлор түндө келе берчү эмес беле. А бирок бул түнү Медина кучагында...
– Медина... бул элестер сен үчүн өмүр бою сакталышы мүмкүн.
– Ал сен болосуң. Сени эстегим келет...

ххх

Медина эртеси гана өз жаңылыктары менен бөлүштү.
– Кечээ жаңылыктарым бар деп жатпадым беле.
– Ооба. Эмнени айтайын дедиң эле?
– Мен окуум боюнча Европага сапар алам. Жакында.
– Кандайча?
Медина кетет деп ойлогондо бүт денеси дүркүрөп кетти. "Эми качан келет? Качан көрүшөбүз?" деген ойлор мээнин түпкүрүнө келе баштады. Чемодан, аэропорт, Европа. Кыз башы менен чет өлкөгө кантип жалгыз кетет? Жаныңда сөзүңдү бир айтканда түшүнгөн, шыңгыр күлкүңө кошо күлө билген, бир теманы ачып коюп, ошол жөнүндө таң атканча сүйлөшө билген адамың болсо бир жөн...
– Эсиңе кел, мен бир айдан кийин кайра эле келем,- деди Медина.
– Аа, анда жакшы бар,- деди эми гана өзүнө келе түшкөн Жек...

(Уландысы кийинки санда)

Алибек Алиев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Башка сандарда:
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 747-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 748-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 749-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 750-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 751-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 752-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 754-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 755-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 756-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 757-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 758-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 759-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 760-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 761-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 762-сан
3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ 763-сан
Комментарийлер(9)
10.04.2017. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
биринчи окшойм))))
10.04.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медалды сага берет окшойбуз анда
10.04.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Begim94,Мындан кийин биринчимин дегендерге минус басмай))))))
10.04.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
asdef,Анда туура эмес болуп калат шагы сынатго
10.04.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Anda men ekinchi go
10.04.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
тиги Шерзет байке не кылып журот болдукен?!
10.04.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жакшы тушунбой жатам
10.04.2017. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен акыркы
11.04.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заложница эмеспи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо