Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"СЕН БОЛГОНУ ЭКЗАМЕНДЕН ӨТПӨЙ КАЛДЫҢ..."

№753 7-13-апрель, 2017-ж.

Чынын айтайынбы? Азырынча үйлөнгүм келбейт. Мага бойдокчулук көбүрөөк жагат. Бир келген өмүрдө менин каалагандай жашаганга укугум бар да, туурабы? Коомчулук жабыштыра берген эрежелерге баш ийе бергенде болмок беле? Бирок апамдын көңүлүн кыя албай койдум. "Үйлөн, небере жыттайлы" дей берди.
Анан үйлөнмөкчү болдум. Кыз жок. Башкы маселе ушул болчу. Апам таежемди, таежем абысынын, абысыны сиңдисин бул маселеге аралаштырып отуруп акыры кыз борбор калаадан табылды. Укмуш дешти.
– Барып тааныш. Көңүлүн ал,- апам чөнтөгүмө акча салып жатып сүйлөдү.
– Акча эмнеге?
– Кафеге барасыңар да.
– Мейли,- дедим. Мен 15 жашымдан тартып эле үйдөн акча албайм. Апамдын мага акча бербей калганына көп болгон, анан эле башка бирөөнүн баласынын курсагын тойгузуу үчүн акча бергенине кичине таарынып калдым. Бирок үйдөн чыгып эле "бейтааныш бирөөнүн курсагы тойгончо сенин курсагың тойсун" деп апам берген акчанын баарына унаама бензин куюп алдым. Биз Чүйдөгү шаарга жакын айылда жашайбыз.
Келечектеги жубайым менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Созулат өзүнчө. Эркиндик бульварынан жолукмакчы болдук. Бардым баягы жерге. Чынында, жакшынакай кыз экен. Буга чейинки мен сүйлөшкөн кыздардын арасында сулуулар сынагы болсо, бул кыз жок эле дегенде 4-орунду алмак. Ичимден ушуну ойлодум.
– Саламатсыңбы?
– Салам.
– Мен Марат.
– Сауле.
Мен ага жактым. Жок мен эмес, менин унаам жакты. Бул дароо билинди. Анан ошол замат менин башымда бир кызыктай план бышып жетилсе болобу?! Мен Саулени тамаша катары ала качмакчы болдум. Экөөбүз бир аз сейилдегенче айылдагы досторго коңгуроо кылып "күтүп алгыла" дедим. "Үйүңө жеткирип коёюн" деген шылтоо менен аны унаама салып, айылды көздөй "зуу" койдум.
– Марат, сен кайда?
– Мындай эми, Сауле. Бир көрүп сүйүп калуу бар дегенге ишенчү эмесмин. Мына, эми өз башыма келип отурат. Сен мага жактың. Үйлөнөлү,- дедим олуттуу.
– Сен экөөбүз бири-бирибизди тыңыраак биле элекпиз да... Мындай болбойт, Марат! Токтот!
– Сауле, экөөбүз бир ай сүйлөшсөк да, бир жыл сүйлөшсөк да бири-бирибизге жаман кыялдарыбызды көрсөтпөйбүз да, туурабы? Жакшы жагыбызды гана көрсөтөбүз. Бирок ар бир кишиде терс кыял болот. Ага көнүш керек. Кабыл алып, түшүнүп жашаш керек...
– Жок, Марат, мындай болбойт!- деп талашып-тартышып кетип бараттык. Жолдон досторум унаалары менен коштоп жөнөштү. Сауле ыйлай баштады. Мен болсо окуя эмне менен бүтөрүнө кызыгып келатам. Үйгө келдик. Заңгыраган эки кабат үйдү жаңы эле бүтүргөм. Ал үйдү көргөндө эле Сауле мурункудай ыйлабай калды. Жеңелерим келип колунан тартса, каршылыгы жок эле ээрчип кирип кетти. Апам кудуңдап сүйүнүп алган. Анан сырдашып, тамашалашып жүргөн Перизат жеңемди чакырдым.
– Жеңе, эмне болуп жатат?
– Эмне болмок эле, үйлөнүп жатасың. Отурду кыз. Көңүлү бар экен. Үйүндөгүлөргө чалды.
– Жеңе, мындай кылыңызчы. Азыр кирип, тиги Саулеге "Марат жакшы бала. Биздин оокатыбызды кылып чоңойду. Өзү тоодо биздин малды багат. Койду жакшы карайт. Баарын ушул көбөйттү. Биздин койчубуз болот. Бүгүн биздин машинени сурап айдап кеткен" деп айтыңыз. Эгер ошондо да калса, анда даана үйлөнөм,- деп көндүрдүм. 15 мүнөт өткөн жок. Сауле чарт-чурт этип "отурбайм" деп чыкты.
– Тийбейм мен койчуңарга...
– Кайсы койчуга, ботом?- апам таң калды.
– Мени айтып жатат.
– Ай, бул койчу эмес. Бул бизнесмен! Ким айтты койчу деп?- апамдын сөзүн укканда Сауле тынчып калды.
– Эй, койчумун мен. Булардын малын багам. Алданба!- деп кыйкырдым. Кыскасы, Сауле отурбай кетип калды. А мен дале үйлөнбөй жүрөм. "Койчу болсо эмне экен? Жакшы адам болсо болду" деп тие турган кыз табайын, анан үйлөнөм. Апам да буга макул болду. А баса, Сауле, эгер окуп калсаң, мени кечирип койчу. Сен болгону экзаменден өтпөй калдың...

Марат


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  43 
Комментарийлер(110)
11.04.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жашоодо ар кандай учурлар болот, кээде кыйынчылыктар болот акча жагынан дегендей. Байлыгына, иштеген ишине, машинесине карап уйлонсо ошондой кундордо таштап кетеби анда Кайраттын аялына окшоп Максатка окшогон акчалууларга азгырылып
11.04.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы эле жазылган, окуя негизинен кыскараак берилди да. Сразу эле бара калып ала качкан жок да. "Жене-пене, тууган урук" издеди деп жазып жатат ко. Предварительно экөө бири бири жөнүндө толук маалыматы болгон. Ал жердеги негизги маани- ал кыз жигитке эмес анын байлыгына кызыкканы жазып жатат. Билип билбей эле талаша бербегиле. Чынын айтуу керек азыркы заманда көпчүлүгү бакыт менен байлыкты ажырата албай жатат
12.04.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Akahkokych,туура оюңа кошулам,байлык колдун кири,бул иним кийинкисин ойлоптур,мен үчүн эмес байлыгым үчүн жашай турган болсоң акжол дептир,бул жерде жашоо сүйүү үчүн эмес байлык үчүн болгон болсо келечек туман болуп калышы мүмкүн.
11.04.2017. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коментарийлер ооло копго
11.04.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ozuncho ele kyiyn neme go. Azamat ayabai jakshy ish kylypsyn.
11.04.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жайлапсинда ошондо е
12.04.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байлык бийлик туруксуз. Бактылуулукчу ойлондунарбы коментарий жазгандар. Кийин чын эле койчуман болуп калса анда да кетип калат экенда. Турмуш бул ошондуктан аныго ошентип сынаптыр а жараткандын сыноосу болгондо не кылмак.
12.04.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары эле буттан туруп анан уйлоном дешет экен. А эмне уйлонуп алып алган жарын менен чогу буттан турса болбойбу?!
13.04.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jika.jika,Тема жөнүндө сөз болдубу ошондо..Бирок чындык сөз айттың
12.04.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мен койчубу,уйчубу тоодо жашайбы чатырда жашайбы жакшы болсо тие берет болчумун
12.04.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат жигит экенсиң.
12.04.2017. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура эле кадам. Жакшы экен мен дагы ошентпесем.
13.04.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Красаффчик!
13.04.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Любой кыз отмок эмес экзаменинден себеби 1кун дон да аз убакытка сени тааныса... Башкача сынасан жакшы болмок.
13.04.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Абдан жакшы... мага жакты. Кулуп, боорум эзилди. Бирок бир куну да сен да сынактан отпой калба)))
13.04.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Катуу сынаптырго .Бирок койчу чабанда э бироонун мал койун караган адам болсо эч ким конбойт Жакшы адам болсо да ал адамдардан алыс болуп калган адам суйлогон созу оордунда эмес жапайырак келет.максаттуу аракетчил адам мал карабайт.Сауленин да кыялы тилеги болгонда.бир учурда суйуп мээрим берип калбайт да.Озун опкосу жок бала окшойсунда.Турмушту жакшы ой менен курат .Алып келип сынабай .Озунду шерменде кылыпсын.эки кабатуй кымбат машинанын ичинде сендейлер гана болот.Сауле пешенеге жаз корот
14.04.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
anar8672,ошону айтсан
13.04.2017. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчи корушто эле ала качып сынагын туура эмеско дейм,сенин же адамдык сапатыны билбесе ал кыз,койчумун деп духун тушурсон.Сен байлыгыны билгизбей эрдик корсотуп анан сынасан окшошот беле.
14.04.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Карап корсом коментарийлер укмуш экен жигиттер жзганы озгочо ушу жигиттерге айтарым силерди сынаган Адам жок экенда э озунор кыргыздын Салты мн билбейм шарияттын негизинде сындаса охххоооо кантээр экенсинер деймда моогу жигитке айтаарым сени Ким торогон? сени ак жууп ак тарап Ким остургон? Сен экзаменден жакшы сынасам озун отпогон коруносун чынын айткаела аял алсанда аны кор кылып отчудой коруносун байлыгына ширелип аялын тортту тороп жудогондо жашын издейсин
14.04.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкашымча кыздар кыздын, жигиттер жигиттин таламын талашкандайго. Ачыгын айтсам кыздар байлыкты оло жакшы корушот. Айта беришет калп эле байлыкка кызыкпайбыз деп. Кыйналып жашагысы келишпейт бир четинен. Кээде ойлоп кетем суйуу барбы деп ?
15.04.2017. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздар эрге тиерде биринчи критерий уйу машинеси барбы иши барбы деп сурашат Бирок балдар да акылдуу балдарына татыктуу эне боло турган куйоосун сыйлай турган кыз издешет Пулун болсо кулунмун деген кыздарга айтаарым пулдуулар жашыраагын же сулуурагын корсо эле башкасын алат Ошондуктан стерва болбой тилди кыскартып жакшынакай жар болууга ылайыктуу кыз болгула
15.04.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар чычалап эле жатып калышыптыр.))))

Чын чычалатат деген туура кеп. Учурда ар 4/5 кыз байлыкка кызыгат, жашырып эмне кыласынар. Керек болсо суйлошуп конул койгон жигитинер бироонун колунда жалчы же базарда араба суйроп нан тапса, суйууну жыйыштырып зангыраган уйу, байлыгы бар бир туру суукту ээрчип кетесинер. Чычалагандардын айрымы кор турмуштун кыйынчылыгын тартып Россиялап жургондор, "шор бешене", тузугу байырагы мандайыма жазбаптыр деп тагдырына наалыган. Же калппы?
15.04.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга чейинки мен сүйлөшкөн кыздардын арасында сулуулар сынагы болсо, бул кыз жок эле дегенде 4-орунду алмак
15.04.2017. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Статистикага караганда азыркы убакта балдар байлыкка карап калышкан.
15.04.2017. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы кыздар амалдуу
16.04.2017. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кокууууууй...
25.04.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озундун карындашынды ордуна койуп кордунбу
04.05.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец красава !!менде дагы ушул сыяктуу бир канча варианттар турат алдыда :))) азыр заманга ылайык келечек жубайынды бир канча сыноодон откоруп анан алыш керек ....
09.05.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сенин жакшы адам экенинди билиш учун биринчиден жакшылап таанышып,бири бирин билиш керек.Анан гана ал жан дуйнонду жактырышы мумкун.Ал эми минтип сразу ала качып кетсе ал сенин жакшы-жаманынды кайдан билмек эле?
27.06.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токумун жеп калган желмогуз окшойсун ))))
29.06.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай тооба десен боло. Турмуштун сыноосуна кабылып калба. турмуш оюнчук эмес бироонун кызын уйуно алып барып сынамыш болуп маскара кылып... Аллахтан кечирим сура эртерээк акылынды жыйнап. сен ким элен бироолордун тагдыры менен ойногудай.
19.12.2018. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылкеч неме окшойт бул Марат. Кыялында өзүн бизнесмен деп жүрөтда, жашоодо чыныгы койчуман! Бизнесмен адам маданият деген нерсени үйрөнөтда. А бул Маратта маданияттын "М" тамгасы жокго. Алгач кыздын көңүлүн ал, өзүңө ашык кыл. Андан кийин койчумун деп өзүң айт. Жок тийбейм десе айтасың байлыка кызыгат экен деп. Таанышып эле жапайы адамга окшоп качырып барып койчумун десең "Алтын" кыз дагы кетип калат. Анткени кыздар өзүн эмес, эң биринчи келечектеги балдарын ойлойт.
AsmanNuru түзөттү 2018-12-19 00:49:46
19.12.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отузунда орок орбогон, кыркында кылыч чаба албайт деп илгеркилер бекеринен айткан эмес. 20да болсо макул жаш,окуйт дейбиз. Бирок 24,25 жаштан нары бутка туруп бир туруктуу жумушу, үйү же машинасы болушу керек. Ооба жок дегенде бирөөнө ак эмгеги менен жетиши керек. Ошол адамга келечегиңди тапшыра аласың. Ал балдарды кор кылып, көрүнгөн жерге ата эне мээримине зар кылып таштатпай бага алат. Эмгекчил адам жумуш жок деп жалкоолонуп жатып албай, аракет кылат...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо