№388 10-15-апрель, 2010-ж.
Мезгил үнү
Жашоо-турмуштун улам оордоп баратканына чыдабаган эл Кыргызстандын жакынкы тарыхында экинчи ирет элдик ыңкылап жасады. Тынч митингге чогулгандар алгач бийликти алмаштырышып, элдик бийлик орнотуп тынышты. Бирок жеңиш курмандыксыз болгон жок. 7-апрель Кыргызстандын тарыхында кандуу шаршемби катары калды.
6-АПРЕЛЬ
11:44 Таласта милиция кызматкерлери “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болот Шерниязовду “мамлекеттик ыңкылап жасоого аракет кылды” деген негизде камакка алышты.
12:11 Таласта 3 миңге жакын адам облустук администрацияга бастырып барып, губернаторду барымтага алып, Болот Шерниязовду камактан чыгарышты.
13:12 Нарында аксакалдар чогулушуп, губернатор Алмазбек Акматалиевди “эл тарапка өт” деп үндөй башташты.
14:03 Талас шаарына чогулган митингчилер облустук администрацияга кирип барышты.
14:58 Таласта чогулган эл облустук Ички иштер башкармалыгына кирүүгө аракет жасашты.
16:13 Таласта митингге чогулган эл Курманбек Бакиевдин сүрөтүн өрттөштү.
16:52 Элдик курултай комитети Таластагы окуялардан улам укук коргоо органдарына кайрылуу жасап, элге каршы курал колдонбоого чакырды.
18:01 Таласка 5 учак менен атайын даярдыктан өткөн аскерлер жеткирилди.
19:58 Премьер-министр Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп, Таласта абал тынч экенин айтты.
20:30 Таласта Болот Шерниязовду Улуттук Коопсуздук кызматынын адамдары кармап кетишти. Облустук администрация күч структурасынын колуна өттү.
21:30 Ош шаарында милиция кызматкерлери оппозициячы Дүйшөн Чотоновду кармап кетишкени маалым болду.
21:53 Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди күч органдары үйүнөн кармап кетишкени тууралуу кабар тарады.
22:09 Бишкекте Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет жасалды.
22:13 Жаалданган эл кайрадан облустук администрациянын имаратын басып алды. Күч органдары Талас ИИБинин имаратына жашынышты.
22:28 Бишкекте Эмил Каптагаев менен Турат Мадылбеков камакка алынды.
23:00 Ошто Анвар Артыков камакка алынды.
7-АПРЕЛЬ
01:15 Бишкекте милиция кызматкерлери Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти.
01:32 Депутат Иса Өмүркулов камакка алынды.
07:05 Орусиядан келген Темир Сариевди милиция кызматкерлери “Манас” аба майданынан кармап кетишти.
09:13 Экс вице-премьер-министр Элмира Ибраимова камакка алынды.
09:44 Нарында райондук акимчиликтин алдына атчандар чогулушту.
09:50 Абдыганы Эркебаев камакка алынды.
09:53 Милиция кызматкерлери Бишкектеги оппозиция өкүлдөрүнүн үйлөрүн тинтүүгө алып жатканы тууралуу кабар тарады.
10:11 Алайда Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөлөрү камакка алынышты.
10:35 Сокулук районунун акимчилигинин алдында “Темир Сариевди бошоткула” деп 1000ге жакын адам чогулду.
11:00 Таласта чогулган эл оппозициячыларды бошотуу талабын коюшту.
11:00 Өкмөт башчысы ДаниярҮсөнов парламентте депутаттарга өлкөдөгү абал боюнча маалымат берди.
11:08 Бишкекте БЭКтин штабы жайгашкан “Форум” ишканасынын имаратынын жанында чогулган митингчилер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болду.
11:10 Таласта облустук администрациянын имаратына эл кирип барды.
12:16 Нарында элдик губернатор шайланды.
12:32 Сокулукта эл Ош-Бишкек жолун бууду.
13:00 6-апрель түнү Таласта көтөрүлгөн элди басмакчы болуп барган ИИМдин башчысы Молдомуса Конгантиевди митингчилер кармап алышты. Сабоолордон соң ал элге кайрылуу жасап, милиция эл менен экенин айтты.
13:10 Бишкекте Ак үйгө атайын даярдыктагы аскерлер киргизилди.
13:30 Токмокто эл Чүй райондук акимчилигине кирип барды.
13:47 Ак үйгө кирүүгө биринчи чабуул жасалды.
14:00 Аксыда элдик аким болуп Кадыркул Өмүрбеков дайындалды.
14:10 Таласта облустук ИИБ элдин колуна өттү.
14:15 Алайда кармалган адамдар бошотулушту. Бийлик элдин колуна өттү.
14:25 Ак үйдүн алдындагы атышуулардан 5 адам жаракат алды.
14:30 Камакка алынган Темир Сариев: “Элге каршы күч колдонбогула”,- деп абактан Курманбек Бакиевге кайрылды.
15:30 Таласта эл биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров менен Молдомуса Конгантиевди катуу сабап салышты.
16:00 Токтогулда элдик бийлик орноду.
16:10 УТРК митингчилердин көзөмөлүнө өттү.
18:32 Бишкектеги №4-ооруканада Ак үйдүн алдынан жаракат алган эки адам каза болду.
18:53 Камактагы оппозиция лидерлери бошотулушту.
19:18 Эл ЖКнын имаратына кирип барды.
19:30 “Молдомуса Конгантиев өлдү” деген кабар тарады.
19:50 Ак үйдүн алдындагы атышуулардан ондогон адамдар каза тапканы белгилүү болду.є
20:00 Бийлик оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөштү.
21:00 Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен “Манас” аба майданы аркылуу Бишкектен чыгып кеткендиги айтылды.
21:30 Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитети Кыргызстандагы абалды көзөмөлдөө жоопкерчилигин алгандыгын жарыялады.
22:00 Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин курамы такталды. Ага 14 оппозициячы мүчө, ал эми төрайымы болуп Роза Отунбаева дайындалды.
23:30 Генерал Исмаил Исаков абактан бошотулду.
23:57 Данияр Үсөнов өкмөт башчылык кызматынан кеткендиги жөнүндө арызын жазып берди.
8-АПРЕЛЬ
00.20 Ак үй тараптан ок атуулар токтоду.
00:32 Чогулган эл Ак үйгө кирип барды.
01:00 Бишкекте талап-тоноолор башталды. Мындай аракеттер таң атканга чейин уланды.
07:30 Курманбек Бакиевдин Ош шаарындагы резиденцияда экендиги маалым болду.
08:00 Орусия менен Казакстан “Курманбек Бакиевди кабыл албайбыз” дешкендиги тууралуу маалымат тарады.
09:00 Курманбек Бакиев Жалал-Абадга баргандыгы айтылды.
10:30 Жалал-Абадда Курманбек Бакиевди колдогондор митинг өткөрүштү.
11:00 Ошто элдик губернатор болуп Кушбак Тезекбаев шайланды.
11:30 Баткенде элдик губернатор шайланды.
12:00 Оппозиция өкүлдөрүнөн турган убактылуу өкмөт түзүлдү.
12:30 Ак үйдүн алдында эл кайра чогулуп, Жаныш Бакиев менен Данияр Үсөновдун чыгышын талап кылышты.
12:40 “Азия Универсал Банкы”, “Ысык-Көл”, “Кыргыз кредит”, “Манас”, “Акыл” банктарынын ишмердүүлүгү Улуттук банктын көзөмөлүнө өттү.
13:52 Саламаттыкты сактоо министрлигинен алынган маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 75ке, ал эми жабыркагандардын эсеби 1000ге жетти.
МЕРТ БОЛГОНДОРДУН ЖАКЫНДАРЫНА
1 МИЛЛИОН СОМДОН БЕРИЛЕТ
Убактылуу өкмөт коогалаңда каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө компенсация иретинде 1 миллион сомдон төлөп берүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчысынын каржы иштери боюнча орун басары Темир Сариев билдирди. Ал: “8-апрелде кечки саат тогузда дагы бир адам каза тапты. Аны менен мерт болгондордун саны 75ке жетти. Бул маркумдардын жакындарына мамлекеттин эсебинен 1 миллион сомдон көмөк берилет. Оор жаракат алып, ооруканада жаткандарга 100 миң сомдон, ал эми жеңил жаракат алгандарга 20-30 миң сомдон берилет”,- деп билдирет.
Айбек Кочкоров
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 | 2 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
14:30 Камакка алынган Темир Сариев: “Элге каршы күч колдонбогула”,- деп абактан Курманбек Бакиевге кайрылды.
18:53 Камактагы оппозиция лидерлери бошотулушту.
00.20 Ак үй тараптан ок атуулар токтоду.
сен чыктынбы митинге?
мен ак уйдун тубундо журдум козумдун алдында канча балдар атылып кетти
ki4inekei MEKENIBIZDI da talkalap buttuk!
Aibanchylygyz yshyndaida korynot da Mankyrttar dese anan taarynavyz, arakka toiyp alyp choon ele kishini jylynachtap sabap.
Ak Yidyn astyna dagy jalan aiyldan jash baldardy alyp kelip arakka toigyzyp kyylontyp tyryp koio berishti azyky biliktegiler, bilikti alabyz dep, a baikysh japjash baldar ozdoryn geroi seizp arakka aldyryp atylyp kete berishti. Kan togyp builikke keldiner emi kuinkisi kandai bolor eken.
senin meen ordunda elebi, den soolugun shakshy elebi? Shogoruuda bolgon okujalardan kijin kantip oosun baryp atat Bakiewdi maktaganga?!!!
Bakiew eki shyldan kijin aktalbasa, shon sherden kasa bolgondordun arbagy ursun!!! Aktalmak tursun, any omur boju kamakka alyp, kundo talaada oor shumush ishtetip, osu aytkanday: otun shagyp, elektr swetinen otko otkulo degendey, elge kanday turmush korgosdu oshondoy turmushtu aga omur boju korgosush kerek. Oshondo dele anyn kyl
АППОЗИЦИЯГА МУРДАКЫ ЭКИ БИЙЛИКтен "НАН" БЕРБЕЙ КЕЛГЕН,
АППОЗИЦИЯ НАНГА ЭМИ ЖЕТТИ ЭМИ БИРОО ЭМЕС 14 АДАМ
кече 24.kg ге куралчан СНБ бастырып кириптир
видиосу журот инетте
Tekege bai baikebiz tekelerin jiberip eldi suzup kynabasa eken.
Atasy bai bolup emi ozu baiyiyn degengo.
Temirden kural jaralat emespi, emi Temir kuralga ailanyp eldi kyrbasa eken Gitlrrdei bolup.
Cher sezip ozun Bolot bolo beret turmushta osebenno kyrgyzda dep bisimilla degende ele Ministr MVD bolup aldy. Beknazardyn neberesi kachan nazary bek boloor eken. Bai bolso da kozu toiboi Kuba keldi kazaktan.