№753 7-13-апрель, 2017-ж.
42 жаштагы Голливуд актёру Леонардо Ди Каприо орто курактагы кризисти башынан кечирип жаткан кези экен. Чет өлкөлүк басылмалардын маалыматына караганда, актёр жашартуучу процедуралар үчүн акчасын да, убактысын дагы аяган жок. Карылыкка моюн сунгусу келбеген ал процедураларга 25 миң доллар коротуп, бул башталышы гана экенин билдирген. Бетине инъекцияларды колдонуп жаткан актёр, эгер талап кылса, пластикалык хирургдардын кызматын колдонууга даяр. Ди Каприонун эрте картаюусу ичимдикти көп колдонгону менен байланыштуу экени айтылууда. Муну моюнуна алгысы келбеген ал өң-келбетине эксперимент кылууну улантууда.Динара Абдыкадырова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |