№753 7-13-апрель, 2017-ж.
Популярдуу америкалык ырчы Бейонсе Инстаграм баракчасында эң таасирдүү атактуу болду. Ырчынын менеджери Бейонсенин баракчасына өздөрүнүн кызматтарын жарнама кылгысы келген компаниялар 1 миллион доллар төлөшү керектигин жар салганын чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Айта кетсек, Бейонсе 2 ай мурун кош бойлуу экенин жазып, сүрөтүн жүктөгөн соң Инстаграмда эң популярдуу жылдызга айланган. Бул сүрөт 11 миллионго жакын "лайк" топтоп, Селена Гомес жараткан рекорддон ашып өткөн. Мындан улам анын окурмандарынын саны күнүгө 2000ге өсүүдө. "Мурда ал сүрөттөрдү аз жүктөсө, азыр мамилесин өзгөртүп, күйөрмандарына көбүрөөк ачыла баштады",- дейт Бейонсенин өкүлү.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |