№753 7-13-апрель, 2017-ж.
"Орус поп музыкасынын падышасы" атыккан Филипп Киркоров менен рэп ырчы Тимати мурдагы пикир келишпестикти унутушуп, чогуу жарнамалык роликке тартылышты. Эске салсак, эки ырчынын кастыгы 2012-жылдан бери уланып келген. Бирок 1-апрелде Тимати социалдык тармактагы баракчасына элдин бүйүрүн кызыткан видеоролик жүктөдү. Анда Тимати камерага өзүнүн продукциясын мактап сүйлөп жатканда анын жанына жетекчиси келип, көп сайрабай бургер жасап кардарга жеткирип берүүнү буюрат. Тимати даярдалган бургерди берип жатып ошол кардар Филипп Киркоров экенин көрүп, бургерди ага бергиси келбейт. Киркоров анын колунан бургерди тартып алып "акыры баары өз ордуна келди" деп керсейип столуна басып кетет. Столдо Филипп мырзаны Григорий Лепс күтүп алат. Ал ырчынын бир эле бургер алып келгенине таң калып "магачы?" деп сураганына Киркоров "сен күтүп тур, мен бул учурду 3 жыл күткөм" деп мыйыгынан күлүп жооп кайтарат. Динара Абдыкадырова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |