№753 7-13-апрель, 2017-ж.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди Ош шаардык прокуратурасынын мурунку кызматкери Канжар Кадыралиев "пара алган, сотторго басым жасаган" деп айыптап чыкты. Бул айыптоо Жанар Акаев Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан чыгарылгандан кийин коомчулукка жарыяланды. Аталган билдирүүнү айыпталуучу Кадыралиев 30-мартта өткөн сот отурумунда билдирген. "Менин үй-бүлөмдөн 15 миң доллар алган. Буга далил телефон сүйлөшүү, сүрөт, видеолор бар",- дейт Кадыралиев. Анын адвокаты Икрамидин Айткуловдун билдиришинче, Жанар Акаев президенттин маалымат катчысы болуп турганда Кадыралиевдин үй-бүлөсүнөн, жабырлануучунун туугандарынан ири суммада пара алган жана сотторго басым жасаган. Жактоочу Кадыралиевдин сөздөрүн расмий кайрылуу деп кабыл алып, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгошу керек деди. Башкы прокуратура аталган иш боюнча адвокаттар кайрылса карала тургандыгын билдирди. Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |