Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МИҢ СӨЗДҮ АЛМАШТЫРЧУ КЕРЕМЕТТҮҮ СҮРӨТТӨР

№753 7-13-апрель, 2017-ж.

Бир эле кадр, бир эле сүрөттүн ичине адам чыдагыс азап-тозок же үмүт берген зор кубаныч батып кетет. Бул да болсо фотосүрөтчүнүн таланты. Төмөндө бизди кайдигер калтырбаган фотосүрөттөрдүн өзгөчө тарыхына токтолдук.

"ҮМҮТТҮН КОЛУ"

Америкалык Жулия Армаска 5 айлык кош бойлуу кезинде курсагындагы наристесинин омурткалары туура эмес өсүп жаткандыктан бала кыймылсыз төрөлүшү мүмкүн экендиги айкын болот. Бирок бир жол бар болчу. Ымыркайга курсакта жаткан кезинде операция жасалса, дени сак төрөлүүгө мүмкүнчүлүгү бар эле. Албетте, коркунучтуу. Бирок Жулия Армас хирург Жозеф Брюнерге толугу менен ишенип, операцияга макул болгон. Жозеф Брюнер эненин курсагын бир аз ачып, төрөлө элек ымыркайга ийгиликтүү операция жасайт. Операция аяктап калган мезгилде ымыркай колун энесинин курсагынан чыгарып хирургдун бир манжасын бекем кармап калган. Бул төрөлө элек ымыркайдын анын өмүрүн сактап калган хирургга айткан ыраазычылыгы сыяктанат. Жозеф Брюнер бул анын өмүрүндөгү эң толкунданткан учур болгонун айтып келет. Учурда хирургдун колун курсакта кезинде кыскан ымыркай аман-эсен чоңоюп жатат. Баса, бул сүрөттү Майкл Клэнси аттуу фотосүрөтчү тартып, "Үмүттүн колу" деп атаган.

Энесинин курсагында жатып дарыгердин колун кыскан Александер Армас учурда дени-карды соо жигит.


КИМ КУЗГУН?

Бул сүрөт "Судандагы ачкачылык" деп аталат. Аны 1993-жылы түштүк африкалык Кевин Картер аттуу фотосүрөтчү Судан мамлекетинде тарткан. Бул убакта аталган өлкөдө адамдар ачкачылыктан азап тартып жатышкан. Кевин Картер кичинекей айылдан ачкадан өлүп жаткан адамдарды тарта берип тажайт да, ары жактагы талааны аралай басат. Талаада ачкалыктан алы кетип калган кара терилүү кыз акыркы күчүн жыйнап сойлоп келе жаткан. Кевин фотоаппаратын даярдап тартмакчы болуп туруп калган кезде кыздын жанына анын өлүмүн күтүп турган кузгун келип конот. Чырк... Мына, укмуштуудай сүрөт даяр! Муну белгилүү гезиттер сатып алышы керек. Айтор, ушул сындуу ойлорго жетеленгенби, Кевин Картер кызга көңүл бөлбөстөн басып кетет. Бул сүрөт чынында эле Судандагы адам чыдагыс абалды көрсөткөн сүрөткө айланып, өзгөчө сүрөт үчүн берилүүчү АКШнын абройлуу "Пулитцер" сыйлыгын алат. Бирок "байкуш ач калган кыз эмне болду?" деген суроого Кевин Картердин жообу жок болчу. Ал аны таштап басып кетпеди беле. Болбосо жакын жерде эле ачка калгандарга жардам берип жаткандардын лагери бар болчу. Фотосүрөтчүнүн бул кылыгын көпчүлүк сынга алган. Сүрөткө "Эки кузгундун ортосунда" (бири кадимки кузгун, бири андан айырмасы жок фотосүрөтчү) деп бейрасмий ат койгондор чыккан. Сүрөт тартылгандан бир жылдан соң Кевин Картер өз өмүрүн кыйып, жарыкчылык менен коштошкон.



"ӨМҮР ӨБҮШҮҮСҮ"

Бир караганда бул сүрөт кыжыр келтирген сезим жаратышы мүмкүн. Бирок жаман ойлордон алыс болуп туруңуз. 1967-жылдын июль айынын ысык күнүндө АКШнын Флорида штатында Рэндалл Чемпион жана Жей Томпсон аттуу электромонтёрлор оңдоо иштерин жүргүзүп жатышкан. Капысынан электр тогу өтүп жаткан зымга Рэндаллдын колу тийип кетип, ал эс-учун жоготуп, жүрөгү токтоп калат. Кесиптешинин өмүрүн сактап калуу үчүн Жей Томпсон жасалма дем алдырууга аракет кыла баштайт. Дал ушул учурда фотосүрөтчү Рокко Морабито аларды объективге илген. Бул сүрөт кезинде абдан популярдуу болуп, "Өмүр өбүшүүсү" деген ат менен "Пулитцер" сыйлыгына татыган. Айта кетчү жагдай, Жей Томпсондун аракети менен Рэндалл Чемпион аман калган.



"АТА, МЕНИ КҮТӨ ТУРСАҢ"

Гитлер баштаган Германияга каршы согушка аттанган канадалык аскерлердин поездге түшүп кетүү алдындагы маршы. Сүрөтчү Клод Деттлофф аскерлерди тартып жаткан маалда Жек Бернард аттуу катардагы аскердин уулу Уоррен Бернард апасынын колунан чыгып, атасына "ата, мени күтө турсаң" деп талпынган. Мына дал ушул абалды фотосүрөтчү кармап калган. Согуш учурунда бул сүрөт далай гезит-журналдарга жарыяланганы маалым. А сүрөт "Ата, мени күтө турсаң" деп аталат. Баарынан кызыгы, фотосүрөтчү Клод Деттлофф баягы катардагы аскер Жек Бернард согуштан кайтып келген соң уулу менен жолугушканын да тартып алган. Ал сүрөт "Үй-бүлөнүн биригиши" деген атка конгон.



"КОМБАТ"

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тартылган эң белгилүү бул сүрөт "Комбат" деп аталат. Бул сүрөттү ар бирибиз жок дегенде бир ирет көргөнбүз. Аны советтик фотосүрөтчү Макс Альперт атайын согуш талаасында жүрүп тарткан. Сүрөттөгү адам ким экендиги азыркыга чейин талаш жаратып келет. Ал бул сүрөт тартылгандан бир нече ирмемден кийин окко учуп каза болгон. Айрымдар сүрөттөгү адам украиналык Алексей Ерёменко десе, айрымдар орусиялык Павел Петров деп айтып жүрүшөт. Фотосүрөтчү өз эмгеги тууралуу: "Фашисттер чабуул жасап жатышкан. Бир убакта менин жанымдагы бир офицер өйдө тура калып колун көтөрдү да, "Мекен үчүн алга!" деп кыйкырды. Мен аны тартып калууга жетиштим. Аз өтпөй комбат (батальондун командачысы) өлдү деп айтып калышты. Сүрөттү ошондон "Комбат" деп атагам",- деп айтканы бар.



Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(16)
10.04.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чындыгында ото кереметтуу суроттор болуптур
10.04.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Байкуш кыз коруп алып ыйлагым келди.Чындап кийин эмне болуптур кызга а?
10.04.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ыйлатты го
10.04.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге менин жазгандардым чыкпай жатат
10.04.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чын эле тасирдуу суроттор экен
10.04.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Курсактагы балага операция жасаган мени тан калтырды. Тобоо. Бизде торолгонго убактысы келген наристени аман алып калышпайт.
10.04.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Комбат сонун чыгыптыр
10.04.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Байкуш кыз аай, кантип басып кетти экен а кузгунду көрүп туруп,эң аянычтуу сүрөт
11.04.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кызга боорум ооруп аябай ыйладым, бала периште, бала баарынан таттуу! Оо Аллах, балдарыбыздыншамандыгын бер.
11.04.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш кыз журөгум ооруп кетти
11.04.2017. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындыгында кереметтуу суроттор экен. Дагы бар бекен
12.04.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз кыйналып жатса суротко тартып кетип калган суротчу акмак экен
13.04.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оооох аянычтуу суротторго
16.04.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки кузгундун ортосунда калган кыз өтө аянычтуу сүрөт(((
16.04.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эненин курсагында операция болгон наристенин видеосун коруп ыйлаган элем! одно классникиде журот.
16.04.2017. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эхх эн эле аянычтуусу ачка кыз экен. байкуш капа болуп кеттим абдан. жедида аны бая эле кузгун. акмак суротчу. аталык сезим адамдык касиет жок экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо