Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КЫРГЫЗСТАН СУЛУУСУ-2017» ТААЖЫСЫ САТЫЛДЫБЫ?

№754 14-20-апрель, 2017-ж.

5-апрелде «Кыргызстан сулуусу-2017» сынагына келген көрүүчүлөр залга кире албай ызы-чуу салып ыйлап турган кызды байкашса керек. Ал сынактын финалынан четтетилип калган катышуучу Алтынай Абдымомунова болчу. Алтынай бийкечтин айтымында, сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы аны эмне себептен сынакка катыштырбай койгонун түшүндүргөн эмес. Калыс болгон Айгерим Расул кызы болсо калыстардын упайы эске алынбай, жеңүүчү кыз алдын ала тандалганын айтып чыкты. Бул сынактын уюштуруучусунун кылган мамилесине, сынактын деңгээлине нааразы болгон кыздар Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине арыз жазышканын айтып редакциябызга кайрылышты.

Алтынай Абдымомунова, сынактан четтетилип калган катышуучу: «МЕНИ КИРГИЗБЕШ ҮЧҮН КҮЗӨТЧҮ ЖАЛДАПТЫР»

- Таттыбүбү мага 4-апрелде түн ичинде гана «сынактан четтетилдиң» деп телефон номеримди «кара тизмеге» кошуп салды. 5-апрелде сынак өтчү тойканага саат 3тө барып алып кире албай турдум. Кыздар сахнага чыга баштаганда ыйлап баштадым. Мени киргизбей жаткан күзөтчүлөрдүн боору ооруду окшойт «бизди атайын сени киргизбеш үчүн жалдашты» дешти. Ызы-чуу салып киргенимде Таттыбүбү келип, мени сөгүп салып басып кетти. Азыркыга чейин эмне үчүн сынакка катыштырбай койгонун түшүндүрбөй жатат. Балким, мага берилген билеттерди сата албай калганым үчүндүр? Мүмкүн болушунча сатканга аракет кылдым. 1-апрелде 30 билет берген, аны 500 сомдон сатышыбыз керек болчу. Ал «ата-энеңерден сурайсыңарбы, билеттин акчасын толук төлөшүңөр керек» деп туруп алды. Мен бул сынак үчүн 30 миң сомдой акча сарптадым. Ал мени «орун сатып алам деп аракет кылган» дептир, бул калп. Кыздар чогулуп Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине арыз жаздык.

Сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы менен сынактан четтетилген Алтынай Абдымомунованын WhatsApp`тагы сүйлөшүүсү.


Айпери Мелисбек кызы, сынактын катышуучусу: «БЕГИМАЙГА МАССОВКА БОЛУП БЕРДИК»

- Кыздар 3-4 билет гана сатып, калган сумманы өз чөнтөгүнөн төлөп беришти. 5 мүнөт даярдыкка кечиккен бир кызды 15 сантиметрлик бийик шиш така менен 50 жолу отуруп-тургузуп аябай кыйнаган. Ал ыйлаган боюнча кетип, кийин келбей койгон. Таттыбүбү аны карап шылдыңдап каткырып тим болгон.
Бегимай сынакка бир нече күн калганда даярданууга келбей жоголуп кетти. Дубайда жүргөн сүрөтүн соцтармактагы баракчасына илген. Кетери менен даярдык токтоп, аны 2 жума күттүк. Ошондуктан 21-мартта өтчү сынак 5-апрелге жылган. Себеби Бегимай жалпы бийге даярдана элек болчу. Мындан улам анын жеңери белгилүү болуп калды. Биз болсо келишимге кол коюп берип салгандан кийин кете алган жокпуз. Көрсө, Таттыбүбү бизди Бегимайга массовка болуп беришибиз үчүн чогултуптур.

Даяна Ашырматова, сынактын катышуучусу: «АРЗУУБЕК АТТУУ КАЛЫС ОРУН САТЫЛГАН ДЕГЕН»

- Таттыбүбү «билеттин акчасын алып келбесеңер финалга чыгарбайм» деп даярдануудан кийин түнкү 11 жарымга чейин кетирбей кармап отурду. Андан тышкары сынакка катышуу үчүн 5 миң сомдон төлөгөнбүз. Бегимай катышарын билгенде мени сынактан чыгарып, акчамды кайтарып берүүсүн сурандым. Мени өзүнчө чакырып «сынактан баш тартпа, сенде чоң мүмкүнчүлүк бар» деген. Көрсө, ал эптеп кетирбештин айласын кылып бардык кыздарга ошентип айтчу экен. Бул сынакта калыс болгон Арзуубек аттуу дизайнер Алтынай экөөбүзгө «кыздар, Бегимай Карыбекова орунду сатып алган, катышуудан баш тарткыла» деген. Биз аны «ушак болуш керек» деп ойлодук.
Экинчи орунду алган кыз талантын көрсөтүү тапшырмасында стрип-пластика бийлеп берди. Бул биздин деңгээлби? Интеллектуалдык суроолорду берген алпаруучу кыз Бегимайга акырын туура жообун айтып койду. Ошентсе да ал Сүймөнкүл Чокморовду «кыргыздын алгачкы журналисти, согушка катышкан» деп элди күлдүрдү.

Таттыбүбү Самидин кызы, сынактын уюштуруучусу: «БЕГИМАЙГА ЖАН ТАРТТЫМ»

- Алтынай баш байгени сатып алууну каалаган. Даярдыкка 2 ай ичинде 4 жолу гана келди. Мен аны финалга катыштырмакмын, бирок ал 2 жарым саат кечикти. Кечиккени үчүн ким болсо да сынактан четтетмекмин. Айрымдар «Алтынай Бегимайга атаандаш болгону үчүн алып салды» деп айтып жатышат. Табитте талаш жок, бирок бул жерде кеп табит тууралуу эмес. Маселе, Кыргыз өлкөсүн ким татыктуу көрсөтө алат? Мына ошондо. Ошондуктан Алтынай Бегимайга атаандаш эмес болчу. Мен Бегимайга уюштуруучу катарында эмес, Кыргыз жеринин жараны катары жан тарттым. Себеби «Дүйнө сулуусу-2015» сынагына катышкам. Ал жакка кандай кыз барыш керек экенин жакшы билем. Урматтуу Айгерим Расул кызы, ошол күнү сага көңүл бурулбай, башка калыстар оюң менен эсептешпей койгону үчүн кечирип кой. Айгерим 1-орунга башка кызды сунуштаган, бирок башка калыстар бир добуш менен Бегимайды тандашты.
Кыздарды отуруп-тургузуу – бул шакабага алуу эмес, ал тартип. Башка уюштуруучулардай эле билетти катышуучулар аркылуу саттырдым. Себеби катышуучулардын залда отурган күйөрманы болушу зарыл. 3-4 кыз эле толук сатпаса, калганы 2-3төн эле сатышты. Бирок мен аларды сынактан чыгарып салган жокмун.

Таттыбүбү Самидин кызы, "Кыргызстан сулуусу-2015" сынагынын жеңүүчүсү.


Бегимай Карыбекова, сынактын жеңүүчүсү: «МЕДАЛДЫН ЭКИ БЕТИНЕ ТЕҢ ДАЯР БОЛЧУМУН»

- Эгерде кыздар менин утарымды, сатып алганымды билишсе, эмне үчүн сынактан баш тартышкан жок? Жеңеримди билгендери, даярдык учурунда өзүмдү башкы талапкер катары татыктуу алып жүргөнүмдүн белгиси. Мен деле бардык катышуучулар сыяктуу медалдын эки бетине тең даяр болчумун. Кудайдын буйругу экен, сынактын программасынын алкагында озуп чыгып, алдыңкы байгеге ээ болуп отурам. Мени «суроого жооп бере албай калды» деп видеолорду интернет тармагына таратып жатышат. Мен болгону элдин сүрүнөн коркуп адашып калдым. Катышуучу кыздардын баары эле суроолорго окшош деңгээлде жооп беришкен.

Бегимай Карыбекова, "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү.


Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Чуу жараткан "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(70)
Медиа-портал
17.04.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Женуучу озуно суроо берип корсунчу "Мен дуйнолук сулуулар конкрусунда жене аламбы" деп. Толкунданып кетип дагы бир нерсени алмаштырып алса озу эле эмес бут кыргызды уят кылат. жакшылап текшерип бул конкрусту кайра башынан уюштурса болот. Маданият министрлигине сунуштагыла ушуну.
17.04.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Таттусунун бир жагымы жок кызго. кантип мисс болду экен эле?
24.04.2017. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mentol,Бир жери берген да
17.04.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Мен кыздарды көрө электе оюм башкача болчу,кыздарды көрүп оюм өзгөрдү баарыңардан сулуурак эле Бегимай экен,бой десе бой,моюн десе моюн бар экен.Бегимай барсын дүйнө сулуусуна кплганыңар жарабайсыңар.
17.04.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
sabyr86,
Сиз кимиси болосуз?????
18.04.2017. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
nice.love,эч кимиси болбойм,сен айтчы ушул кыздардын сулуусу ким деп ойлойсуң??.
17.04.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой тообооооо оозум ачылдыго окуп алып кимисине ишенеринди билбейсин
SUPER.KG видео
17.04.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Бегимай татыктуу Эле кыз экен. Кандай адам экенин билбедим бирок келбети жакшына. Уюштуруучу Татты боюнча аябай жаман ойдо калдым. Ал эми сатып Алды деген боюнча :баардык конкурстар сатылат, жада калса дуйнолук сулуулар конкурсу да сатылат. Россия 2каналынын журналисти иликтеп чыккан Коронованые особы деген док.фильмди корсонор ХХХ ХХХ. Дуйнолук сулуулар конкурсунда коробуз да эми Бегимайдын папиги канчалык щедрый экенин.
Модератор admin_media түзөттү 2017-04-18 09:26:26
17.04.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Былтыркы жылы женип быйыл уйуштура калып тим эле кыйраткансып
17.04.2017. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аман эле болсун экоо тен
17.04.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ООзуна ХХХ адашып калган имиш даярдык болуш керек адашпоо учун
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-18 09:58:46
18.04.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ALSUXAN, этика нормаларын сактаңыз.
17.04.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урматтуу Супер-Инфо, менин силерге сунушум, маданият министрлиги менен суйлошуп, ушул дуйно жузуно кыргыз элинин жузун корсотчу Сулууну сынагын дагы бир ирет откорсо болобу??? Но бул жолкусун Маданият министрлиги озу уюштуруп, калыстар тобуна кадыр барктуу адамдарды коюп,(каяктагы эч ким тааныбаган адамдарды койбой) тандашса.. силерде мумкунчулук бар, маданият министрлиги вооьбще бул сынак жонундо кандай ойдо???? Билип бергилечи...
17.04.2017. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Santini,:-D
17.04.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Santini, ошол оозуна талкан салып отурган маданият министрлигин катуу жазалаш керек болуп жатат. Кантип эле болбогон бир кызга уюштуруу иштерин тапшырышты, тушунуп болбойт.

Сулуулар конкурсу же жоюлсун же адепке ылайык откорулсун, жарым жыналач чечинтип подиумга чыгарып стриптиз бийлетпей...

Бул сынакты уюштургандар менен калыстарга кылмыш иши ачылып соттолушсун. Мыйзамсыз билет саттыруу ж.б. жана пара алуу, оз милдетине кыянаттык кылуу ж.б.боюнча...
18.04.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Santini, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
17.04.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Конкурсунар менен кара жерге киргиле,уят эле.
17.04.2017. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
суроого туура жооп бере албагандан кийин,кайдагы Кыргызстандын атын коргойт башка олкого барып Чынгыз Айтматовту сураса согушка барган деп турса эмне болот
SUPER.KG видео
18.04.2017. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Апей булардын кыргызчасы тугонуп калганго кайсы оруска интервью берип жатасынар же кайсы орустар корот силерди
18.04.2017. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таттсыс ххх экен. Эбул кыз германияда жашайт ошого кыргызча акчаны билбейт деп айткан.нак айылдык эле кыз экен го. Кантип айтты таттысы кейпи да бир бале экен. Жакпады ушу таттысы мыйзам бобнча жорп берсин качпай
18.04.2017. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыймандуу,нисаптуу,акылдуу, намыстуу,болгулачы кыргыз кыздары ошондо силер дуйнодогу эн сулуу аял заты болосунар.
18.04.2017. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчан болсо танкасын акчан жок болсо манкасын женуучу кыз акчаны кобуроок берсе керекда!Бегимай прям сулуу деле емес екен обычная Девушка!Сынакта мынданда сулуу жана акылдуу кыздар бар еле деп ойлойм
SUPER.KG видео
18.04.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иии Таттуу деген клиптеги шумшук турбайбы уяты жок десе. Акча козунон отуп эмне кылып атканын да билбей калыптырда ииии.
SUPER.KG видео
18.04.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгеримге пиар кылып не силер сатып алсанар конечно барибир
SUPER.KG видео
18.04.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бегимай,историяны жакшы билем деп мактанып айтып алган жоксунбу,НТСте Берген интервьюнда болсо 100$ Ким экенин айта албай койдун,уят иш,Сен камерага конгонсун да сурдоду Дейли десек,фотосессиялар Бат баттан болуп турат
19.04.2017. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыздар силерге кенешим ак уйго митинкке чыккыла
19.04.2017. 06:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка мамлекеттер мн иштешип жургон адамдын сурдодум дегени окшошпой калыптырда кичине баланы алдагандай болуп
19.04.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Татту сен келбетине эмес характеринди ондоп жылуу мамиле кылышты үйрөн ошондо сен сулуу көрүнөсүн.
farida.kg.1991 түзөттү 2017-04-19 12:28:19
19.04.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бирин кайың,бирин тал,бирин өлүп бириң кал.Ушундай кантип болсун ит эле болупсунар
19.04.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айгерим молодец!Кыжырды кайнаткан сулуулар конкурсу толуп кетти,саны бар сапаты жок.Кыргызстан Сулуусун ушундай денгээлде отуп жатса башкасы олуптур.Ушу ызы-чуудан кийин ойлонуп конкурс откоруп калышат.Ырас кылдын.
19.04.2017. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тойканада откону кызык экен. Ушул сынакты уюштуруучулврга айтарым казактардын "казак аруусу"сынагын бир коруп анан сабак алсанар ошол туугандардан
20.04.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бегимайга жан тарттым деп ачык эле мойнуна алыптыр, демек мурдатан эле ким жеңээри чечилген экен. Конкурстун таза өтпөгөндүгүн эске алып сот башка катышуучуларга моралдык жана материалдык чыгым төлөттүрүп бериш керек. Негизинен бизге мындай конкурстардын кереги жок болчу.
20.04.2017. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ооо кудай ушу Чубак ажы президент болсо экен,кыргыз кыздары кайда баратат эмне болуп баратат мындай уюштыруу кереги жок бизге ХХХ башын коргозуп.Кыргыздар качан эле ушуну кылчу, бул нерсе башынан Европа тараптыкы да
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-20 18:02:49
20.04.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирнчиден кыргызча суйлобогондору эн чон кемчиликтери, экинчиден "рас" болуптур. кыргызча суйлобосонор ушундай болот, учунчудон сулуулар сынагынын таптаза отконун коргон да эмесмин, уккан да эмесмин....
21.04.2017. 06:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyzdardyn suluusun tandasak dagy korupciya bar turbaiby, emmi kyzgyz bolgon son baardyk jagynan top kelgen kyzdy tandasa jakshy bolmok, suluu bolup turup ХХХ bolso, een jonokoi suroolorgo joop bere albagan kyzdy, duino suluusuna jonotup otursanar, al jerde da ХХХ bolup joop bere albai tursa shermende ele bolobuz da.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-21 10:06:20
24.04.2017. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кыздарга караганда мен сулуу экенмин. Неге кыргызча суйлошпойт. Мамлекет эмне учун конул бурбайт тилге. Жада калса кой деле, уй деле озунун тилинде суйлойт. Коп улуттар мн иштешем. Баары оз тилин сатпайт. Биз эле кыйратып салгансып орусча суйлой беребиз. Арыз жаздык деп коюшат. Чала болуптур. Таттысына да, силерге дагы, уят болуп Бегимайына дагы. Биринчи кыргыз тилинерди, дилинерди, дининерди уйронгуло. Женишке эч кимиси татыктуу эмес экен. Бул менин жеке оюм.Кыргызстанга Катардан салам!!!
24.04.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан сулуусу болгон адамдын ички дуйносуда сулуу болуш керек деп ойлойм.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо