№754 14-20-апрель, 2017-ж.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигинин 5 жооптуу кызматкерин иштен алды. Буга жол кызматкерлеринин жумуш эрежелерин сактабай иштеп жатканы тартылган видеотасма себеп болгон. Анда "Сооронбай Жээнбеков келет экен" деп жол кызматкерлери суу толгон көлчүктөрдү чайыр менен толтуруп жатканы көрсөтүлгөн. Көлчүктөрдү кургатпай туруп чайыр менен толтуруу акчаны шамалга сапыруу менен барабар. Аталган видео интернетте талкууга алынып, сындала баштаганынан улам Жээнбеков 10-апрелде жыйын өткөрүп, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго аталган буйрукту ким бергенин иликтеп, жазага тартууну тапшырган.Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |