БАЛАНЫ КАНТИП ТАРБИЯЛОО КЕРЕК?

№754 14-20-апрель, 2017-ж.

Адамдын бала кездеги кыялы, алган тарбиясы анын инсан катары калыптанышына таасир этет. Ошондуктан элибизде "баланы жашынан карма" деген сөз бар эмеспи. "Баланы кантип туура тарбиялоо керек?" деген суроого психолог Бейшегүл Асаналиева жооп берет.


– Баланы канча жашында өзүнчө бөлмөгө бөлүү туура?
– Бала кичине кезде ата-эне өзү деле бөлө албайт, ачынып үшүп же коркуп калабы деп чочулашат. Негизи болушунча эрте (2-3 жаштан кийин) башка бөлмөдө уктаганга көндүрсө, өз алдынчалыкка үйрөнөт. Алгач жанына шам чырак коюп же коңшу бөлмөнүн жарыгын күйгүзүп, бала уктагандан кийин өчүрүп көндүрүү керек. Же уктагыча эне жанына бир-эки саат жатып, жомок айтып берүү сунушталат. "Мына сенин керебетиң, кандай сонун. Чоңоюп калдың, өзүнчө жатышың керек. Сен чарчадың, атаң да жумуштан чарчап келди, тынч укташыбыз керек. Биз ооруп калсак сага жугат, ошон үчүн өзүнчө жат" деген сыяктуу сөздөр менен көндүрүү туура.


– Адатта кичине балдар "апа, карасаңыз, мен укмуш чуркайм, сүрөт тартам, идиш жууйм, талантым көп" дешет. Мактанчаактыгын калтырса болобу?
– Ашыкча мактана бергендерге ар түрдүү жомокторду бирге окуп, мультфильмдерди чогуу көрүп, анан аларды талкуулап, оң каармандар аркылуу мактанчаактыгын койдурса болот. Өзүнөн да мыктылар бар экенин балага жеткириш керек. Ошондо бала айтылган сөздөргө ынанса, мактанчаактыгын азайтат. Ал эми сүрөт тарттым, чуркадым деген сыяктуу сөздөр мактанууга жатпайт. Бул баланын кызыгуусу, жаңы нерсеге умтулуусу.

– Үйгө киши келсе ата-энелер балдарын "баргыла тиги бөлмөгө" деп конок үстүнө киргизбей коюшат, ушул туурабы?
– Ал туура эмес. Ата-эне баланы коноктор менен тааныштырып, коноктун туугандык жакындыгын айтып, мисалы, "таякең, чоң энең болот" деш керек. Мында балада туугандык сезим пайда болот жана өзүн чоң киши сезип калат. Таанышып, эл менен бир чыны чай ичкен соң "эми тиги бөлмөгө бар, ырың даяр болгондо келип конокторго айтып бер" деп узатып коюу зарыл. Ошондон кийин гана бала эшикти улам шыкаалабай, тынч ойной берет.


– Эртеден кечке мультфильм көргөндөр бар. Телевизорду өчүрүп салсаң ыйлайт, бул учурда кандай мамиле натыйжалуу?
– Бул бүгүнкү күндөгү актуалдуу көйгөй. Телевизор аз келгенсип, колдоруна чөнтөк телефон карматып коюшат. Бул аң-сезиминин активдешүүсүнө тоскоолдук жаратат. Жашына ылайык маалыматты өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши келип чыгат. Телевизор, телефондон көргөн окуялар баланын өнүгүүсүнө себеп боло албайт. "Бүгүн бир эле мультфильм көр, антпесең көзүң ооруп калат" деп бала менен макулдашып алып, бир жумушту жасоого үндөө зарыл. Мисалы, 4 жаштан өткөн балага сүрөт тарттырып, чаң сүрттүрүп, кичирээктерине пирамида тиздирип, анын формасын, түсүн үйрөтүү зарыл. Эгер бала телевизор көрбөй, өзүнүн жашына ылайык китеп окуса китептеги окуяга таң калат, кызыгат, эмнеге андай болду деп ойлонот. Китептеги каармандай болгусу келет. Аң-сезиминде китептеги окуяларды талдап, жыйынтыктап, өздөштүрөт. Китеп окуганды билбесе жомок айтып берүү керек. "Мен жомок айтып бердим, эми сен айтып берчи" деп кайра өзүнө айттырыш керек. Бала толук айтып бере албаса да, 2-3 сүйлөм айтып берет. Бул учурда ойлонуусу өсөт.


– Кээ бир балдар көчөгө чыкканда көзүнө көрүнгөндүн баарын саттырып алышат. Мындайда кандай мамиле кылуу керек?
– Көчөгө чыгарда ата-эне баланы алдын ала даярдап, "биз бүгүн муну алабыз, акчабыз ошого гана жетет. Тигини, муну алып бер дей бербе, сен акылдуусуң да, баарын түшүнөсүң" деп түшүндүрүп чыгуу керек. Бала чоң кишиден да кыйын психолог. Ата-эненин талуу жерин билип алат. "Мен ыйласам же чыргоолонсом эле айтканымды жасашат экен" деп ойлоп калуулары мүмкүн. Эгер жерге жата калып ыйласа ата-эне күнөөнү баладан эмес, өзүнөн издеп, "менин тарбиямдан кандай катачылык кетти, кандайча оңдойм?" деп ойлонушу керек. Балким, ата-эне баланын ар бир каалоосун аткара берип, ушуга өздөрү жеткиришкен. Мындай учурда чаап, чымчып, урбаш керек. Анда ого бетер күчөйт. "Карачы, көчөдө баары сени карап, жаман бала экен деп ойлоп жатышат. Сен айтканды атаңа айтып алдыралы" деген сөздөр менен алдап-соолап алып кетүү оң.

БАШКА УЛУТТАР БАЛДАРЫН КАНТИП ТАРБИЯЛАЙТ?

Англиялыктар
балдарынын ар бир кыймылын макташат. Алардын ою боюнча, бала өзүн дайыма ишенимдүү алып жүрүшү кажет. Кичинесинде өзүнө ишенип чоңойгондор бой жеткенде кандай кырдаалга кабылбасын өзү чечим кабыл алууга жөндөмдүү болот. Бала чыр салган убакта эч кимдин аны урушууга акысы жок. Оюнга алаксытып баланын ыйын токтотушат. Жалаякка оролгон кезден тарта ар бир баланын өзүнүн бөлмөсү болот.

Япондордо 5 жашка чейин каалаганын жасаганга уруксат. Жадакалса фломастер менен эмеректи, дубалды боёп же көлчүккө жатып алса да эч ким эч качан тыйбайт, урушпайт. Бирок бул мамиле 6 жаштан тарта өзгөрүп, 14 жашка чейин ата-эненин мыйзамы менен жашашат. 15 жаштан тарта бой жеткен адам катары өз алдынчалыкка өтүшөт.

Кытай эли балдарын ата-энеге кың дебей баш ийе тургандай тарбиялашат. Тамактануу, ойноо, уктоо өз убагы менен болууга тийиш. Мисалы, бир жарым жашынан тарта сүрөт тартып, тамгаларды үйрөнүүгө багыт алышат. Кытай балдар мактоолорду да аз угушат.

Индиялыктар баласын чыдамкайлыкка жана табият менен гармонияда болууга туулгандан тарта эле тарбиялай башташат. Ошондуктан индиялык балдардын көчөдө жүргөн итти тепкенин же чымчыктын уясын бузганын эч качан көрбөйсүз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(28)
17.04.2017. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Англиялыктардын балдарына берген тарбиясы жакты.
17.04.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Кыргыз эли:баланы эки жашка чейин денесин куйрук май менен майлап чонойтушат.Ыйлаак бала болсо чокудан нары бир уруп олтургузуп коюшат)
17.04.2017. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ekaterinburg, туура айттын действительно чокудан нары.бирди коюп отургузуп коет
17.04.2017. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Анан дагы "тээринди тескери сыйрыйм","мойнунду жулам","унунду бас","олтуром" ж.б.у.с.создор мн урушушат кыргыздар...
Озбек туугандарда андан да жаман создор даже айткын келбейт.
18.04.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жашын откон сайын балага жумшак болуп калат окшойсун. Мурда балдарымды урчу элем. Кийинкилерин урмак турсун урушпай мактап калдым. Япондордуку мага жакты
18.04.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
япондордун бала тарбиялаганы жагат
18.04.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кыргыздарда ата энеси, байкеси, эжеси, тайкеси, чон атасы, чон энеси, тай атасы, тай энеси, баары бирден чокуга коюп чыгат кичине тентек кылса. Анан мектептен агайы, эжейи, чон класстар, завуч, директор баары урушат. Анан бизде кайдагы гений, ученыйлар чыкмак эле. Бизден чыкса тын,акчаны жакшы жеген чиновник депутаттар эле чыгат.
21.04.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
shef,ото туура жаздынг маладес. Ошончо адамдан удар жейберип бышып да калат. Чонойгондо железный болуп чыдамкай болушат да атанесине куюмдуу болуп чоноюшат танг калычтуусу.
18.04.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ото кыйын азыркы балдарды тарбиялаш.
18.04.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
-Бала ыйлаганда сооротуп жанына барбай, ыйлай берсин сооронот да деп таштап атсан бала таш боор болуп чоноюп калат.
Бизде демейде баланы уруп-согуп тарбиялашат,эч качан баланын чечимине конул бурулбайт ошол учун балдар туугандарына эл журтуна мээримсиз жана озумчул болуп калат
18.04.2017. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин балам алам деген нерсесин алмайынча жаны калбайт бир ай болсо да унутпайт 2 жаш эмесе, атам алып берет деп келгендин баарына айта берип алып берип кутулат атасы.
19.04.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айтпагыла... Мен 6 жашар кызымды тарбиялай албайтам. Менин созумду чымын конгончолук да корбойт. Эмпне кылсам болот? Айлам кетип таарынып суйлобой коюп атам.
19.04.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bantik,психологго алып барыныз.
20.04.2017. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bantik,Кыргыздын тарбиясын корсотунуз.Жогоруда айтылгандай)
20.04.2017. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин къзым да аябай чыр болбосо эми уч жашка толот. Атасы экообузду заматта уруштуруп коёт. Азыр да атасы жумуштан келгенден тарта мен жаманмын, атасынын жанында жатат...
20.04.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин балама соз жок оюнун баары машина алып бербесен айланды кетирет бирок сындырбай ойнойт эшиктен согунгонду уйронуп келиптир уруштук алдадык чаптык такыр тыштаталбай жатабыз биро бирдеме десе эле согот
21.04.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
buboli,ал согунгон 5-6жашында токтолуп калат
Андан кам санабай эле койунуз.алдап коюнуз
21.04.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын балдары соонун эле.Ошо тарбиясы шумдук деген Япония,Англиядан чыгып жатпайбы киши жегич,маняк дегендер.Озунорду деле алсанар,уруш жеп эле чонойдук да.Азыр зато ата-эне дегенде жанымды берем.
21.04.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болок элди туурап тарбиялап кереги жок...озундун эле эн жакшы сапаттарын менен тарбияласан.Кичине кезинен баштасан .Бала чонойгондо узурун коросун...казды туурайм деп,карганын буту сынып болбойбу.
21.04.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Европаны туурайм деп тарбиялабагыла. Алар чонойгондо атанесин таштап кетишет, карылар уюно тапшырып кутулушат. Биздин кыргыздар уюно алып барышат же келини менен кошо багат. Келечекти ойлогула. Арканды узун таштайлы.
21.04.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустарды да туурабаш керек. Атанесин балта менен чабышат чонойгондо.
22.04.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеңештер экен.
22.04.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер экен,менин эң кичүү балам өзүм менен койнума ортого жатат.Анан кээде каалаганда башка болмөгө бөлөбүз.Анан кайра эле эртеси келип жата берет күлүп коюп.Эми бала экен да же катуу айта албайсын.Анан тамашалайым баламда,аял алсан да жаныма жата бересиңерби аялын менен деп,анан аялым апам жакка мен сиз тарапка жатам деп коёт.
22.04.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле соз укпаган балага кандай тарбия берсек болот менин баламда ото шок урушуп ура берип ото эле кучотуп алдым окшойт. Кайра соз кайрыйт таарынып кала берет болбогон нерсеге 3жарым жашта азыр кандай мамле кылсак болот психологдордон кенеш алып берсенер жакшы болмок супер.
24.04.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Serenada, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
22.04.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чонток телефонду карматып койгон ата энелер кобойгон
23.01.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баланы эмес озунорду тарбиялагыла. Анткени канча тарбияласак да баары бир озубузго окшоп чоноёт да.
18.04.2018. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде кыргызда чынында тарбия ар тараптуу. Баланы уй булоодо бироосу урушса жарышып уй було мучолору баары урушуп киришет. Негизи ата эненин баскан турганы балдарга тарбия.Агаларын коруп инилери чоноюшат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо