ДҮЙНӨ ЖЫЛДЫЗДАРЫНДА ЭМНЕ КЕП?

№754 14-20-апрель, 2017-ж.

ИРИНА ШЕЙК МЕНЕН БРЭДЛИ КУПЕР КЫЗДУУ БОЛДУ



Кош бойлуу кези талкууга алынган популярдуу орусиялык модель Ирина Шейк кыз төрөдү. Эске салсак, Ирина Шейктин кош бойлуу экени былтыркы мода көргөзмөлөрүнүн биринде белгилүү болгон эле. Жеке жашоосун коомчулуктан жашырып келген моделдин көз жарганы 2 жумадан кийин гана белгилүү болду. Жарыкка келген ымыркай 31 жаштагы модель менен Голливуд актёру 42 жаштагы Брэдли Купердин тун наристеси. Бакытка балкып турган түгөйлөр кызына Леа де Сэйн деген ысым ыйгарышканын чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Кошумчалай кетсек, орусиялык ырчылар Анна Седокова менен Натали да көз жарды. Анна Седокова 2 кыздан кийин уул төрөсө, Натали 2 уулун инилүү кылды.

АНЖЕЛИНА ЖОЛИ ТУРМУШКА ЧЫГАБЫ?



Голливуд жылдызы Анжелина Жоли турмушка чыгууга даярданып жатканын чет элдик басылмалар досунун билдирүүсүнө таянып кабарлап жатышат. Актрисанын болочоктогу жолдошу 40 жаштан өтүп калган британдык ишкер. Айрым булактардын маалыматына таянсак, Жоли ишкер менен Брэд Питт экөө жашап жатканда эле сүйүү романын куруп жүргөн. Анжелина Жоли менен Брэд Питтин балдары келечектеги "атасы" менен тааныша элек. Питт бул мамиледен кабардар болгондуктан таң калган эмес. Ал эми кээ бир маалымат булактары Жолинин эч кандай көңүлдөшү болбогонун жана турмушка чыгуу планы жок экенин айтышууда.

ЖАНЕТ ЖЕКСОН ЖОЛДОШУ МЕНЕН АЖЫРАШТЫ



Америкалык ырчы Жанет Жексон жолдошу менен ажырашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, ырчы менен катардык миллиардер Виссам аль-Мана ортодогу достук мамилени сактап калууну жана 3 айлык уулун чогуу тарбиялоону чечишкен. Наристе апасынын колунда калып, азыр алар убактылуу Лондондо жашап жатышат. Айтылуу поп-музыканын падышасы Майкл Жексондун 50 жаштагы карындашы миллиардерге 2013-жылы турмушка чыгып, тун уулун ушул жылдын 3-январында төрөгөн.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(6)
17.04.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50 жаштагы дейби жексонду, 25.30 жаштай корунот экен
17.04.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
50 жаштагынын 3 айлык баласыыыы??@
18.04.2017. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоли Бред питт мн жакшы пара эле
19.04.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ Ырчы Inna жөнүндө маалымат алып бергилечи суранам.
19.04.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
farida.kg.1991, сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
19.04.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шейк жагат мага ))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо