МАРАТ АЛЫШПАЕВ «АКЧА ЖЕДИ» ДЕП ТЕМИРЛАН СМАНБЕКОВДУ АЙЫПТООДО

№754 14-20-апрель, 2017-ж.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын мурунку жетекчиcи Марат Алышпаев театр директорлугунан жаңы эле бошогон Темирлан Сманбековдун үстүнөн тиешелүү органдарга кайрылуу жолдоду. Марат Алышпаев бул боюнча оюн төмөндөгүдөй билдирди: "Темир Сариев премьер-министр болуп турганда театрга 6 миллион сом берген эле. Ал акчага Сманбеков 3 машина сатып алган. Сатып алуу иштерин тендер өткөрбөй эле ишке ашырган. Иш билинип калып, текшерүү жүргөндө 6 миллионго 1 миллион 300 миң сом жетпей калган. "Түрксойдун" тапшырмасы менен "Коркут ата" пьесасы жазылып, аны коюуга 10 миң доллар берилген болчу. Бирок акча театрдын кассасына өткөрүлбөй, директордун колуна берилип, каражат өзүм билемдик менен жумшалган".
Бул боюнча Темирлан Сманбеков менен байланышканыбызда ал: "Марат байке буга чейин да арызданып, бир жарым жыл текшерүү жүргөн. Эч кандай илинчек табышкан эмес. Азыркы заманда мага ошончо акчаны жедирип коюп эч ким карап отурбайт. Артисттер, өкмөт, сот бар дегендей. Марат байке директор болуп турганда артисттер министрликке улам-улам арыз жазып жатып кетиришкен. 10-15 күндөн кийин сынактын жыйынтыгы менен мен жетекчи болдум. Ошондон бери эле байке ордун тартып алгансып мени жаман көрүп жүрөт. Ал 4 жылда жасабаган ишти мен 2 жылда жасадым. Кандай сонун спектаклдер коюлду. Менин үстүмдөн жазылган арыздары жалаа. Эгер чындап күйүп жатса маалымдоо каражаттарына жарыялабай эле, текшертип, акча жеп алсам, ошонун жыйынтыгы менен элге чыгарса болмок",- деген жооп кайтарды.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
17.04.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирин кайын бирин тал
Бирин олуп бирин кал
17.04.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экөө тең көзгө көрүнүктүү агалар , бул жоруктары уят го ? ! Саясат калып , маданиятка өттүбү чукушмай ...... Тообо ...
jypara1415 түзөттү 2017-04-17 14:39:22
18.04.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
койгула жок жерден теректин башы кыймылдабайт. бул жерде чоон мафия жатат
баардык жерде эле ушу жемей
18.04.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маданият тармагындагы адамдар маданияттуулугун абдан мыкты корсотушуптур.
18.04.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы концерт эми болот
18.04.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз маданияты-улутубуздун кузгусу дегенибиз менен,ошол маданияттын алптарынын кылаар иши бул болсо чыгармачылык,изденуу менен алектенип,жаштарга улгу болуп ,колдоонун ордуна.Же биз ушул нерселерден улгу алышыбыз керекпи???Эмне бизди улуу муун ушинтип тарбиялайбы???
20.04.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки артистти тен эл сыйлайт, эл тааныйт.Бирок ушунчалыка барбай эле коюшса болмок.
20.04.2017. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызматтан кеткендер таарынычын ошентип жазышат окшойт да эми Марат Алышпаев атактуу артист арызын ккректуу жерлерге бере бербейби дейм да,ким билсин...
20.04.2017. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообооо...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо