№754 14-20-апрель, 2017-ж.
Мен көпчүлүк учурда курбу кыздарымдын кайненелери менен тил табыша албай жатканы тууралуу айтышканын угуп калам. Алар "кайненемден тажадым, кылган ишимден кыйкым таап эле отурат" деп көп айтышат. Мен деле алардай келинмин, турмушка чыкканыма 7 жыл болду, жолдошум экөөбүз 3 кыздын ата-энесибиз. Бирок мен кайненеме ыраазычылыгымды гана айткым келет.
Мындан 7 жыл мурун, 11-класста окуп жаткан кезимде апамдын каалоосу менен жолдошумдун үйүнө келин болуп баргам. Азыр ойлосом, өткөөл курактагы турмушту оюнчук ойлоп жүргөн кезим экен. Ошентип, мектепке кайын журтумдукунан бара баштадым. Оюмдун баары көчөдө, кыздар менен отуруп кээде үйгө кеч барам. Кечкисин бийге баргым келет, кыздар менен көчө кыдыргым келет. Ар нерсени жегим келет, жарашыктуу кийим кийгим келет. Кызыгы, мунун баарын каалап эле тим болбостон аткарганга шашылчу элем. Өз үйүмдө көрсөтпөгөн кылыктарымдын баарын кайненеме көрсөтөм, ыйлайм, кыскасы, корс мүнөзүмдү сыртка чыгарып алчу элем. Азыр ойлосом, кайын журтум, өзгөчө кайненем менин өткөөл курагымдагы кыял-жоругумдун баарына чыдаптыр.
Акыркы коңгуроого башыма бантик байлап кайненем жиберген. Турмушка чыккандан кийин 2 жыл төрөй алган жокмун. Организмим деле жаш болсо керек. Ойлоп көрсөм, төрөгүчө кайын журтумдун кичүү кызындай эле ойноп-күлүп жүрө бериптирмин. Ошондуктан азыр төркүнүм менен өтө сый мамиледемин. Жаш кезде турмуш кургандыктан, кичинемден эле кайненемдин колунда өскөндөй сезим жаралып калган. Өзүмдүн апама көп сырымды айта албайм, көрүшкөндө ортобузда аралык сакталат. Кээ бирлердей болуп эне-баладай элжирешип отурбайбыз. Бирок муну кайненем менен кылам, сырдашабыз, түн бир оокумга чейин сүйлөшүп отурабыз. Ал кеп-кеңештери менен бөлүшүүдөн тажабайт, мен аларды эсиме түйүп калууга аракет кылам. Анын мага жасаган мамилесин көрүп, жолдошумдун энеси ушундай экендигине ыраазы болом. Бир канча күн көрүшпөй калсак, ар дайым телефондон ал-акыбалымды сурап турат. Анан үйгө келгенде жүзүмдөн өөп, эркелетип тосуп алат.
Өзүм 3 кызды төрөгөнүм менен, алар мага бир туугандай, алардын баарын апакем (кайненем) багып чоңойтту.
Ушул күнгө чейин мага карата катуу сүйлөгөн эмес. Бул анын мени сыйлагандыгы деп түшүнөм.
Кээ бир кайненелер келиндери жаман мамиле жасашса таң калышат, мунун негизги себеби – кайненелер өздөрү келиндери жаңы келгенде алардын жүрөгүн оорутуп коюшкандыгы болсо керек. Анткени жашоомдо келинди анчалык сыйлай бербеген кайненелерди көп эле кезиктирдим. Аларды көрүп ошол эне кызына да кайын журту ошондой мамиле жасашын каалайт бекен деп ойлойм. Мындай окуялардан улам көп кыздар турмушка чыккандан заарканышса керек.
Жашоомдун бул бөлүгү менен бөлүшкөнүмдүн себеби – беш кол тең эмес. Дайыма эле келиндерди күнөөлөй берүүнүн кереги жок. Кайненелер дагы жылуу сөзү менен келинди өз кызындай кабыл алышса болот деп айткым келет.
Мени өз кызындай көргөн кайненеме татыктуу карылык тартуулагым келет.
Гүлбарчын
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Ушул созго жооп:Ошол болок кандуу келин келечекте сенин канындан жаралчуу,сенин тукумунду уулочу урпактарынды жарык дуйного келишине себепчи адам!!!О.э.жакшы коргон кызыда башка бироонун уйундо башка кандуу адам
Шейх Чубак ажы
Кайын эне менен келиндин ортосундагы чыр чатак көпчүлүк учурда кызганычтан улам келип чыгат. Мырзалар жубайыңызды эч качан эненин көзүнчө ашыкча мактап, ага болгон өзгөчө мамилеңзди көрсөтпөңүз. Бир гана энелерге эле эмес, элге да ашыкча сүйүүнү көрсөтүүнүн кереги жок. Ортоңордогү мамиле өзүңөрдүн бөлмөңөрдө жабык эшик артында калышы маанилүү. Андан тышкары кайын эне жактырбай атса, демек күйөөңүз дагы кыжаалат боло берет. Ошондукт
Ариза Атабекова©
Кайын энеме жакпай койдум эмне кылам?
Кайын эне менен келиндин ортосунда ынтымак табып, бир очок булатып кетүү оңой олтоң иш эмес. Айрыкча бүгүнкү күнү бул маселе курч алгандай. Көпчүлүк кайын энелердин келиндерине купулу толбойт. Бул көйгөйдүн себептери эмнеде? Баардык эле үйдө бул маселе жарабалы? ХХХХ
алып барам деп ) Азыр болсо, кайненем аман эле болсун... Барган куну эле мунозун корсоткон мага. Аябай конулум калган. 10 жыл болду бири-бирибизди суйбойбуз, бирок бала-бакыра болгондон кийин, куйоон тургандан кийин ушинтип эле жашап келе жатабыз (((