СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

№755 14-20-апрель, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Башка аргам да жок эле, акыры Саматтын сунушуна макул болдум. Мага, кыздарыма документ жасатып Шанхайга кетмекчи болдук. Документтер даяр болгуча эч кимге көрүнбөй тур дегенинен бир үйдө эч жакка чыкпай жаттым. Учарыбызга 3 күн калганда Самат бир адамды жөнөтүптүр мага, колунда ноутбук. Орусиянын 3-4 көп нускалуу гезиттеринин сайттарына кирип, макалаларды көрсөттү. Биринчи банк тонолгону тууралуу жазылыптыр, бир айдан кийинки санында Иванычтын, Егордун, анын досу Славанын, берки 2 баланын сүрөтү турат. Темасын «Молдовалык каракчылар» деп коюшуптур. Суракта айттырып алган окшойт, кантип уурдаганыбыз ийне-жибине чейин жазылыптыр. «9 миллион рублга жакын акча уурдалган, молдовандарга 300 миңдей эле акча тийиптир, калганын башчысы алып кетиптир. Башчысы жакын арада табылат, азырынча тергөө иштерине байланыштуу күмөн адамдардын аты-жөнү айтылбайт...» деп коюшуптур. Биринчи «темабыз» жөнүндө Иванычтар айтышкан эмес окшойт, ал жөнүндө эч нерсе жазылбаптыр.
Дагы бир макаласын ачты, менин сүрөтүм турат, паспорттогу сүрөтүм экен. Аты-жөнүм, Кыргызстандагы толук дарегим, өмүр баяным жазылыптыр. Кантип уюштуруп, аягында акчанын дээрлик баарын алып, шериктериме 300 миңдей акча карматып, өзүм 8,5 миллиондон ашык акчаны алып качып кеткенимди кенен кылып жазышыптыр.
– Сыналгыдан жаңылыктардан да көрсөтүп жатышат, көрсөтөйүнбү?- дейт.
– Жок!- дедим.
Көргөндө эмне, бекер эле маанайымды түшүрүп. Эмне кылышты билбей калдым, Кыргызстанда эми жашай албайм. Кытайга кантип өтүп кетем эми, жалгыз болсом да бир жөн, кыздарым менен кыйын болот го?.. Түнкү саат 2лерде 2 адамы менен Самат келиптир.
– Өзүң эле кетип, кыздарыңды азырынча калтырып эле турасыңбы, кийинчерээк алып барып беребиз,- дейт, көз алдыма кыздарымдын ыйлаганы элестеп кетти.
– Жок, кандай болгон күндө да кыздарымды алып кетем!- деп, дагы бир нерселерди айтайын десем досум далыман таптап:
– Макул, макул, жолу табылат. Милиция мүмкүн болгон жердин баарын тытып жатат да, ошого эле айттым. Кайнагаңдыкына да барышыптыр, мага да келишти. Максаттын байкелери да сенден шекшип калышкан окшойт, 2 адам менин артымдан калбай аңдып жүрөт, сураштырсам ошонун адамдары. Азыр бекинип жатып үйдөн араң чыктым. Телефонду да тыңшап жатышкан болуш керек. Эми экөөбүз жолукпай эле койгонубуз жакшы,-деп жанындагы бир адамды көрсөтүп: – Таанышып алгыла, аты Нурбек. Сени Шанхайга жеткирет. Досум, башыңды бийик көтөр, баары жакшы болот, көп эле ойлоно бербе. Бизди Кудай жаратканда согуш болуп жаткан талаанын чок ортосуна таштайт. Бул жашоо согуш болуп жаткан талаа, сен да коргонуп, керек жерде кол салып, кыскасы, согуштан жеңип чыгышың керек же душманга колго түшүп, жеңилип беришиң керек, башка жолуң жок. Биз кеттик, Нурбек эртең келет, калганын ушул бүтүрөт.
Нурбек жашы 35терде го, орто бойлуу, толмочунан келген, кара тору адам экен. Эртеси түшкө маал келди, шыпылдаган адам экен тимеле, келип сөздү көбөйтпөй, дароо эле планды түшүндүрдү:
– Самат экөөбүз сүйлөштүк, план мындай, 3 күндөн кийин Үрүмчүгө учабыз, кайнагаңдын жанындагы үйдө эч ким жашабайт экен, ошол үйдө күнү-түнү кайнагаңдын үйүн аңдып, сени баары бир кыздарына келет деп 2 адам күтүп жатат. Билдик, Максаттын байкелеринин адамдары экен.
Эртең кыздарыңды кайнагаң таңга маал терезеден чыгарып, арткы коңшунун үйүнө алып чыгат, коңшусу менен сүйлөшүлгөн, кичине акча бердик, баары тынч эле болуш керек. Ал үйүнөн эртең менен саат 6-7лерде машинасына кыздарыңды салып шаардан сыртка алып чыгып, биздин машинага салып берет. Эртең менен машина чыкса эч ким шекшибейт. Бул жерге алып келип турабыз.
Үрүмчүгө биздин рейс түнкү саат 3тө учат, биз аэропорттун жумушчулары кирүүчү дарбаза менен кирип, учакка отурабыз. Документтерди, билеттерди берип койгом, баарын бүтүрүшөт. Аэропорттун адамдары менен сүйлөшүлгөн, эч кандай коркунуч жок...

(Уландысы кийинки санда)

 

Кайрат Какеев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Башка сандарда:
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 737-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 738-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 739-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 740-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 741-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 742-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 743-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 744-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 745-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 746-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 747-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 748-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 749-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 750-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 751-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 752-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 753-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 754-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 756-сан
Комментарийлер(26)
24.04.2017. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх.... дагы бир жума((((
24.04.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмне болоор болду экен кошо жургондой эле болдум кошо коркуп
24.04.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уууф качан бутот
24.04.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызык жерине келгенде бүтүп калды, дагы бир жума
24.04.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынча аз, ар бир саны аябай кызыктуу
24.04.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы бутот буйруса...
24.04.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул чыгармаларды окуп олтуруп Кыргызстанда да ушундай кызыктуу жашашат турбайбыы дн ой келет да.Мен эле ото скуууучно жашайт экем да корсо:(
24.04.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aylin_kg,ушинтип кызыктуу жашагын келип кеттиби я сенин андан коро тыынч эле балдарын мн уй булон аман жашаган кандай жакшы
24.04.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле фонтазия кылдыго бул киши, 8,5 млн деп жазып акча жонундо соз кылбайтго, которуп журобу бул
Жомок тмм эле,
24.04.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
азго))эмдиги жума эптеп кыздарын алсак.ооуу учуп кетишке дагы 2-3 жума бар окшойт дагы..
24.04.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай кызыктуу жеринен бутуп калды го эми бир жума кутмой
24.04.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менимче "Ботон жердин буудайы"-теманын автору жазган,жазуу стили окшош.Тема боюнча:каарманыбыз Урумчуго качып кетет,да ошол жакта жашап калат.Урумчудон бизге жазып аткан учуру девеле токуп койдум биягын ))
24.04.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эмнеси болсо да кыздары жанында болсун,Шанхайга аялдында тарттырып алсын!
24.04.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эми кытайга шанхайга кетебизби
24.04.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бул адам оюнан токуп эле атса ишенип отурасынарбы, менда ишенип окуп аттымле, анан жанакы ункурдо болгон жеринен ишенбей калдым, кино болуп кеттиго. Ошончо акча уурдаса Россия Федерациясы жон коймок беле, мынаны кармап бергиле деп коюп отурушат беле, алар анча акча урдамак тугул, бир ише арак уурдасан тыгып коетго
26.04.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Djumaev0mur,бул корком чыгарма тууган жон гана окуп коюш керек
26.04.2017. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ernis_07,+ баскам -басылып кетти +++
25.04.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bul chygarmany kino kylyp chygarganda zynk bolmok da
25.04.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыздарын ойлосом эле козумо жаш алам
25.04.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынча аз. Ар жумада бир эки абзацтан жазбай, кобуроок жаза бергилечи, сураныч.
27.04.2017. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандайсынар туугандар ! Жакында башка сериал чыгат бекенби ким билет жоп жазып койгулачы сураныч?
28.04.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aibek89, саламатсызбы? Бул шилтеме менен кирип көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/40321/
27.04.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ менин жазган ырларымды гезит бетине кантип чыгарса болот жардам берип койунузчу
28.04.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aibek89, star@super.kg дарегине жиберип көрүңүз.
28.04.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул окуя кимдир биронун ойунан чыгып жататко дейм
29.04.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ушуга окшогон окуя уккам чындыгында аябай окшош экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо