«60`К» ТОБУНУН ЫРЧЫСЫ ТАЛАНТ КАДЫРОВ КАНДАЙ ҮЙДӨ ЖАШАЙТ?

№755 14-20-апрель, 2017-ж.

ЧАЙ МАЕК

– Үйлүү болгондо сүйүндүң беле?
– Кыргызда «үңкүр да болсо үйүм» бар деген жакшы сөз бар эмеспи. Ооба, аябай сүйүнгөм. Биз анда Орусияда элек, бизге ушул батирдин сүрөттөрүн жиберишти, дароо эле жактырдык. Андан бери чоң деле оңдоп-түзөө иштерин жасай элекпиз. Орусияда иштеп жүрүп келинчегим экөөбүз тапканыбызды чогултуп Кыргызстанга апама салып турдук. Үй алууга келгенде жетпей калды. Анан бир аз карыз, банктан насыя алып, 2014-жылы сатып алдык. Карыздан кутулганбыз, буюрса, 1-2 жылдын ичинде чоң үй алалы деген пландарыбыз бар.

– Уулуң такыр эле бучкактап сени коё бербейт экен, сага жакынбы?
– Сагынып калыптыр. 16-апрелде Нарындан гастролдон келдик. «60`К» тобу жаңы түзүлгөндө гастролубузду Нарындан, тайларым тараптан баштаганбыз. Кайрадан чыгармачылыкка киришип жатып дагы ошондой кылдык. Азыр менин үйгө, үй-бүлөмө каралашканга убактым болбой жатат. Ыр жаздырам, клип тарттырам, гастролго чыгам, убактымдын 90 пайызын жалаң чыгармачылыкка жумшап жатам.

– Гастроль кандай өттү?
– Чынын айтайын, эл биз биринчи жолу баргандай эмес. Анда уюлдук телефондоруна тартып, кыйкырып, өтө шаңдуу кабыл алышкан. Азыр баары токтоо. Бирок гастролубуз жакшы деңгээлде өттү. Кочкор районунун тургундарынан кечирим сурап кетким келет. Биз концерт койчу күндөрү Кочкор айылында бир нече үйдө жоготуу болуп, аза күтүп жатышыптыр. Композитор Азат Дөөткулов агабыз да ошол айылдан эмеспи. Концерт берүүнү туура көргөн жокпуз. Сатылган билеттердин акчасын кайтардык.

КОРИДОР



КОНОК БӨЛМӨ

– Конокторду ушул бөлмөдөн узатабыз. Күзүндө 1 ок менен 3 коён атып бешик той, сүннөт той, анан үй той берейин деп турам. Уулум Орусияда төрөлдү, бешик той деле бере элек болчубуз.




УКТООЧУ БӨЛМӨ

– Бул бөлмө күндүз уулум экөөбүздүкү, түнкүсүн келинчегим Элмираныкы. Анткени келинчегим кечкисин курбусу экөө буйрутма болгондо кийим тигишет. Менин да сахнага кийчү формаларымды тигип берет.



– Ямаханы Орусияда жүргөндө сатып алгам. Муну менен ыр жаздырардын алдында репетиция кылам, обон чыгарууга аракет кылып, кайрыктарды издейм.



– Балам Раймир 2 жарым жашта. Дүкөнгө кирген сайын өзүнө жаккан оюнчугун алат. Акчам жок болсо, телефонумду күрөөгө коюп болсо да алып берем.



АШКАНА

– Ашкана эмеректери үйдү сатып алганда эле бар болчу. Келинчегим барда ал даярдаган тамакты жемей, ал жокто кыска толкундуу мешке тамак жылытмай, андан ашык иш кылбайм.



БАЛКОН

– Балконубузду чакан бөлмө кылып алганбыз. Бул жерде менин дипломдорум, сүрөттөрүм, сүрөттөрдүн плёнкалары, кичинекей кезде колдонгон буюмдарым сакталып турат. Атамдын (ред.: Алтымыш Кадыров) аккордеону, комузу менде сакталуу. Бала кездеги видеомагнитофонум да бар. Ата-энем гастролго кеткенде балдарга фантикке (конфеттин, сагыздын сырткы кагазы) кино коюп берчүмүн. Иним Самат экөөбүз фантикке жадакалса жапжаңы велосипедибизди, таятамдын кымбат дүрбүсүн сатып ийгенбиз. Аны апам азыркыга чейин айтып калат.

Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(14)
24.04.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ак орго кут болсун.талантыныз ташкындасыз.уй булоонуз бекем болсун
24.04.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Бир болмолуубу же экиби
25.04.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
akil.91,эки экен. Санузел менен унитаз бирге экен.
26.04.2017. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Djal1987,жыргап калдым ушул комменти окуп
24.04.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2 болмолуу го, уйдун долбоору чийилген чертежду карабасызбы
24.04.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кут болсун.
24.04.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таза тыкан ашыкча нерсеси жок мага жакты
24.04.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ашканаңарга береке толсун
Бакыт кушу балконуңарга консун
Чыгармачылык конок бөлмөгө батпай
Уктоочу бөлмөңөр майда тапычкага толсун.
suiuktuujar түзөттү 2017-04-24 23:33:28
25.04.2017. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец! Ийгилик гана каалайм. Бирде жигит жоо журот бирде жигит тоо минет дегендей биринчи жубайы кыйын кезенде таштап кеткен болчу. Кудай буюрса уй жай, ат араба, мал мулк деле болот турбайбы.
25.04.2017. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азама
25.04.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ваннасы кана же жыйнаганга не успели. Хаха тамаша албетте
26.04.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
насип кылсын бала чаканыз кобойуп уйунуз этаж этаж болсун. Теке айткандай жер тар ошон учун этаж салын эмкисин
28.04.2017. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кут болсун!
29.04.2017. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай карапайым пенделер кобойсун,кээ бир жылдыздар оз уйун корсотпой мактанып башка бироонун уйун корсотуп уят болгондор да болгон. Курал Чокоев менен Таланттын жонокойлугу чыныгы адамдык сапат. Омуруно, жашооно береке,туболук эки дуйно бактылуулугун Жаратканым насип этсин.
Nurkyz1977 түзөттү 2017-04-29 08:05:20
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо