ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫ: МАДРИДДЕ МАЙРАМ, БАРСЕЛОНА КАЙГЫДА

№755 14-20-апрель, 2017-ж.

Чемпиондор Лигасында 18-19-апрель күндөрү чейрек финалдардын жооптук беттештери өтүп, бир канча кызыктуу оюндарды тартуулады. Оюндардын жыйынтыгы менен жарым финалга бет алган 4 команда белгилүү болду.

Жарым финалга чыккан командалар: "Атлетико", "Реал", "Ювентус", "Монако"

ЧЫРЛУУ ЖЕҢИШ

"Реал" - "Бавария"- 4:2


Голдор:
Роналду (76, 105, 110-мүнөттөрдө), Асенсио (112-мүнөт), Левандовски (53-мүнөт), Серхио Рамос, автогол (78-мүнөт)

Биринчи оюндун жыйынтыгы – 2:1

Аталган эки клубдун жооптук беттешинин негизги каарманы хет-трик жасаган Роналду эмес, бутунан жаракат алса да аягына чейин ойногон Нойер дагы эмес, венгриялык калыс Виктор Кашшаи болду. Башкы калыстын бир катар чечимдери талаштарды туудуруп, оюндун тагдырын чечип койду. Кызыл айып кагазынын Видалга берилиши жана офсайддан киргизилген Роналдунун голдору "Баварияны" сындырды. Ири командалардын беттешиндеги мындай ызы-чуулар акыркы убакытта көбөйүп, оюн калыстардын чечимине көз каранды болуп калганы күйөрмандарды капалантпай койбойт.

ЖОМОК БҮТТҮ

"Лестер" - "Атлетико" – 1:1


Голдор:
Варди (61-мүнөт), Сауль (26-мүнөт)

Биринчи оюндун жыйынтыгы – 0:1

Англиянын чемпиону "Лестердин" жомогу чейрек финалда аяктады. "Кинг Пауэр" стадионунда үй ээлери канчалык аракет кылбасын тийиштүү жыйынтык чыгара алышкан жок. Тажрыйбанын жетишсиздиги көзгө даана байкалды. Варди жана анын командалаштары 90 мүнөт бою чабуулга өтүүдөн тажаган жок, бирок эсеп 1:1 менен гана аяктады. "Сөзсүз түрдө Чемпиондор Лигасына кайтып келүүгө аракет көрөбүз" деп белгиледи оюндан соң "Лестердин" башкы машыктыруучусу Крейг Шекспир. Ал эми мадриддик "Атлетико" 4 жылда 3-жолу катары менен Чемпиондор Лигасынын жарым финалына жете алды.

КОРГООЧУЛАР МЫКТЫ

"Барселона" - "Ювентус" – 0:0



Биринчи оюндун жыйынтыгы – 0:3

"Барселона" экинчи жыл катары менен Чемпиондор Лигасындагы жүрүшүн чейрек финалда токтотууга аргасыз. "ПСЖны" уткан сыңарындай, эки жолу катары менен шумдуктуу жеңишке жетүү татаал иш. Бирок курамда Месси турганда бардыгына ишенесиң. Болгону атаандаш андан өткөн өжөр болсо, жыйынтыктан эч нерсе чыкпайт. Жооптук беттеш дал ушундай болду. "Ювентус" Месси-Неймар-Суарес үчилтигине бир дагы мүмкүнчүлүк бербей койду. Месси өз карьерасында легендарлуу дарбазачы Буффонго бир да жолу гол киргизип көргөн эмес. Бул оюндан соң аталган статистика уланды.

МБАППЕ АЛГА СҮРӨЙТ

"Монако" - "Боруссия Д" – 3:1


Голдор:
Мбаппе (3-мүнөт), Фалькао (17-мүнөт) , Жермен (81-мүнөт), Ройс (48-мүнөт)

Биринчи оюндун жыйынтыгы – 3:2

Франциялык клуб быйылкы сезондо канчалык күчтүү экендигин далилдөөдө. Жаш жана жеңиштерге суусап турган Жардимдин командасы жолуна кайсы командасы түшпөсүн жеңип келе жатат. "Боруссия" оюндун 17-мүнөтүнө жетпей жеңилгенин моюнуна алууга мажбур болду. Бул аралыкта 18 жаштагы Мбаппе менен колумбиялык бомбардир Фалькао беттештин жеңүүчүсүн аныктап коюшту. Калган мүнөттөрдө дортмунддуктар Ройстун голу менен жооп беришсе, алмашууга чыккан Жермен оюнга чекитти койду. "Монако" жарым финалда.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
24.04.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кечээ Реалдар уктабай чыктыңарбы)))
26.04.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyr86,сенин барсага куйорман экендигин билинип калды,бул жылы эс ал тууган же реалга куйорман болуп тур
24.04.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кече бир жакшына эле уктадык коптон бери жениш корбой журуп женген таттуу болобу экен калган оюнда 2 жолу женилип 2 жолу женсенер 1 жолу тен чыксанар
JemesRodrigues түзөттү 2017-04-24 16:51:18
25.04.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dybala., гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
30.04.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Marselgo bazar jok 3tu jaryp cgyp gol kirgizdigo
Akyrky munoto
30.04.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
REAL MADIRID
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо